СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Оксиддер. Жалпы мүнөздөмөсү. Классификациясы. Физикалык касиети.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Оксиддер  тузду пайда кылуучу жана тузду пайда кылбоочу деп бөлүнөт. Тузду пайда кылуучу оксиддер негиздик, кислоталык жана амфотердик болуп бөлүнүшөт.

Просмотр содержимого документа
«Оксиддер. Жалпы мүнөздөмөсү. Классификациясы. Физикалык касиети.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Оксиддер. Жалпы мүнөздөмөсү. Классификациясы. Физикалык касиети.

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: түшүндүрүп берүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Оксиддер, жалпы мүнөздөмөсү, классификациясы, физикалык касиети, жаратылышта таралышы, колдонулушун окуп үйрөнүшөт.

  • Оксиддердин жалпы формуласынын негизинде айрым оксиддердин формуласын түзүп, аларды атап бере алышса;

  • жалпы мүнөздөмөсү;

  • Классификациясы;

  • физикалык касиети;

  • жаратылышта таралышы;

  • колдонулушун айтып бере алышса

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Зат, жөнөкөй жана татаал зат, кычкылтек, оксиддер, заттын касиеттери, химиялык формула, химиялык теңдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт, химиялык формуланы туура катасыз жазууга, заттардын атын туура атоого , химиялык тилде сүйлөөгө жана бири-бирин сыйлоого тарбияланышат

  • Зат;

  • жөнөкөй жана татаал зат;

  • кычкылтек;

  • оксиддер;

  • заттын касиеттери;

  • химиялык формула;

  • химиялык теңдеме боюнча алган билимине таянуу менен оксиддерди классификациялап, ал оксиддердин алынышын химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Оксиддердин жалпы формуласынын негизинде айрым оксиддердин формуласын түзүп, аларды атап бере алышат;

  • жалпы мүнөздөмөсү;

  • Классификациясы;

  • физикалык касиети;

  • жаратылышта таралышы;

колдонулушун айтып бере алышат;

  • Зат;

  • жөнөкөй жана татаал зат;

  • кычкылтек;

  • оксиддер;

  • заттын касиеттери;

  • химиялык формула;

  • химиялык теңдеме боюнча алган билимине таянуу менен оксиддерди классификациялап, ал оксиддердин алынышын химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Оксиддердин алынышын,касиеттерин жана жалпы формуланын негизинде оксиддердин химиялык формуласын жана теӊдеме түзүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат,жөнөкөй жана татаал зат, заттын касиеттери (физикалык жана химиялык), валенттүүлүк,индекс,химиялык формула,химиялык теңдеме боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Арыз жазуу

Мисалы:

А.Молдокулов атындагы

УКГнын химия мугалими

Мусаева Элизатка

Арыз

Мен арыз жазуумдун себеби “эӊ мыкты окуучу” деп таануӊузду суранам.

Арыз ээси:_______________


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

  1. 1,5 моль HCl канча молекула бар? а) 24,08·1023 б) 60,2·1023 в) 6,02·1023 г) 9,03·1023

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Элементтердин кычкылтектик бирикмелери оксиддер деп аталат:

Li2O, Na2O, K2O, Rb2O, Cs2O, Fr2O, Cu2O, CuO, Ag2O, BeO, CaO, SrO, BaO, ZnO, FeO, Fe2O3, Al2O3, CO, CO2, SO2, SO3, P2O5, N2O, NO, N2O3, N2O4, NO2, Cl2O, ClO, Cl2O3, ClO4, Cl2O5, ClO3, Cl2O7, Br2O, BrO, Br2O3, Br2O5, BrO3 ж.б.

Эки элементтен турган жана бири кычкылтек болгон кошулмалар оксиддер деп аталат.

Оксиддердин алыныштары.

Оксиддер тузду пайда кылуучу жана тузду пайда кылбоочу деп бөлүнөт. Тузду пайда кылуучу оксиддер негиздик, кислоталык жана амфотердик болуп бөлүнүшөт. 1.Оксиддер, элементтердин кычкылтекте күйүшүнөн пайда болот:

4Li + O2 = 2Li2O

2Ca + O2 = 2CaO

4Al+ 3O2 =2Al2O3

C + O2 = CO2

S + O2 = SO2

4P + 5O2 = 2P2O5

2. Оксиддер, кээ бир кычкылтектүү кислоталар жана негиздер, жана кычкылтек кармаган туздар ажыраганда пайда болот:

H2CO3 = H2O + CO2

Cu(OH)2 = CuO + H2O

CaCO3 = CaO + CO2

2. Оксиддер, кээ бир бирикмелер кычкылданганда (күйгөндө) пайда болот:

CH4 +2O2 = 2H2O + CO2

C6 H12O6 (глюкоза) +O2 = 6H2O + 6CO2


Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Оксиддердин жалпы формуласынын негизинде оксиддердин химиялык формуласын түзгүлө.

2.Теңдеме түзгүлө

Na2O + H2O =



Үйгѳ тапшырма:

1.Теңдеме түзгүлө

NaOH + P2O5 =

2.Айланууну аткаргыла:

1) S→SO2→H2SO3→Na2SO3

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!