СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун модели, стратегиясы, техникасы жана методдору

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окутуунун модели, стратегиясы, техникасы жана методдору»



Тема: Окутуунун модели, стратегиясы, техникасы жана методдору

План:

1. Окутуунун модели деген эмне?

2. Окутуунун стратегиясы жана техникасы

3. Окутуунун методдору

1. Окутуу модели: окутуу моделдери окуу процессинин жүрүшүн жалпы философиялык өңүттөн чечмелейт жана окуу иштеринин аткарылыш тартибин аныктайт. Бул моделдер окуу программаларын түзүүдө, окуу материалдарын системалаштыруу, класста жана башка шартта окуу иштерин жөнгө салууда өзгөчө мааниге ээ. Ошентип, окутуу стратегияларын, методдорун жана ыкмаларын тандоого жана ишке ашырууга таасир берген жалпы философиялык көз караштар окутуу модели деп аталат.

Окутуу моделдерин төрт топко болуп кароого болот:

  1. Журум - турум аркылуу окутуу моделдери. Мында окуучулардын көзгө көрүнүп турган кыймыл аракеттеринде болгон өзгөрүштөр жана алардын келип чыгышы байкоого алынат. Бул моделге ылайык окутуу үйрөтүү иши түрткү — реакция - бекемдеме (бышыктоо) үчөөнүн өз ара байланышына барып таянат.

  2. Маалымат иштетүү модели. Үйрөнүү процессинде түшүнүү же акыл-эс аракеттери алдынкы планга чыгарылат да, ой жүгүртүүнүн кантип ишке ашырылышы жетекчиликке алынат.

  3. Коомдук өз ара таасирдешүү модели. Үйрөнүү процессинде аадамдарын ортосундагы коомдук жана жеке мамилелер жана алардын таалимдик — тарбиялык маанисине басым жасалат.

  4. Жекелештирме модели. Үйрөнүү процесси инсандын жекече бөтөнчөлүктөрүнө негизделет. Иш-чаралардын баары ага ылайык уюштурулат.

2. Окутуу стратегиясы: Сабакты максатына жетүүнүн жалпы системасы катары каралып. Өз ичине теманын тандалышы, анын талданышы, окутуу психологиясынын эске алынышы. методдордун ылганышы сыяктуу иш-чараларды камтыйт. Тактап айтканда окуу процессинин бардык компоненттерине максаттуу багыт берет. Сабак учурундагы окуучу менен мугалимдин карым-катышын жөнгө салат. Жогоруда белгиленген моделдер менен бирдикте ар кандай стратегиялар колдонулушу мүмкүн. Алардын өз ара айкалышта колдонулушу окутуу максаттарына жетүү үчүн маанилүү.

Окутуу стратегияларын төмөнкүдөй беш топко бөлүп кароого болот:

  1. Түздөн-түз үйрөтүү стратегиясы:

Борборунда мугалим турган жана эң көп колдонулган стратегия болуп эсептелет. Көп маалымат берүү натыйжалуу окутуу катары каралган. Айтып берүү, көрсөтүү, көнүктүрүү, кайталоо, суроо берүү сыяктуу методдордон турат.

  1. Кыйыр үйрөтүү стратегиясы:

Окуучу үйрөтүүнүн борборунда турган окуучу таламдуу стратегия. Мында мугалим маалымат берген баяндамачыдан окуучунун өнөктөшүнө өтөт да, маалыматтын окуучуга жетишин женилдеткен, окуучуга колдоо көрсөтүп, үйрөнүүгө шарт түзүп, окуучунун активдуүүлүгүн камсыз кылган уюштуруучунун милдетин аткарат. Окуучунун өмүр бою үйрөнүү жөндөмүн активдештирип, үйрөнүүгө болгон изги иш аракетин артырат. Бул стратегия аз аздан изденүү, изилдөө, проблема чечүү, үлгү жолу менен үйрөнүү, өрнөк окуя сыяктуу методдорго негизделген.

  1. Кызматташып үйрөнүү стратегиясы:

Окуучу таламлуу бир стратегия. Көпчүлүк учурда талкуу жана ага катышуучулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жолу менен ишке ашырылат. Мында балдардын ой жүгүртүү, өз оюн ырааттуу туюнтуу, башкаларга жеткире билүү, ар кандай нерсеге сынчыл көз карашта болуу сыяктуу сапаттарын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат. Бул стратегия негизинен класстагы чакан тайпага талкуу, долбоор түзүү жана өз ара таасир көрсөтүү сыяктуу методдордон турат.

  1. Өз алдынча үйрөнүү стратегиясы:

Жетиштүү окуу каражаттары болгон окуучунун мугалимдин көзөмөлүндө жана жетектөөсүндө жекече иштөөсүн алдынкы планга алып чыккан стратегия болуп эсептелет. Окуучунун жеке демилге көтөрүүсүн, өзүнө өзу ишенишин жана өзүн өзү өнүктүрүүсүн камсыз кылат. Мында колдонулган негизги методдор компьютердин жардамы менен билим алуу, модулдук үйрөтүм, изилдөө долбоорлору жана башкалар.

  1. Тажрыйба аркылуу үйрөнүү стратегиясы:

Окуучу таламдуу бир стратегия. Бул стратегияга ылайык үйрөнүү иши реалдуу чөйрөдө же ага жакындаштырылган кырдаалдарда ишке ашырылат. Мында негизинен роль ойноо, тармак боюнча изилдөө, байкоо, тажрыйба жүргүзүү, эксперимент сыяктуу методдор кеңири колдонулат.

Окутуунуун техникасы. Окутуу (ыкмасы) техникасы: Окутуу ыкмалары - бул мугалимдер тарабынан тандалып алынган окутуу методдорун колдонууга байланыштуу ар кандай иш аракеттердин топтому. Маселен, айтып берүү методун колдонгон мугалимдин суйлөө стилин, суроо берүү ыгын, классты башкаруу өзгөчөлүгүн ал мугалимдин өзүнө гана таандык болгон ыкмасы деп кароого болот.

3. Окутуунун методдору. Окутуу методдору сабакта окуу процессин камсыз кылуу учун мугалим менен окууучунун биргелешкен иш- аракеттеринин жолдору. Тактап айтканда, аталган максатка жетүү үчүн мугалим тарабынан окуу материалдарын, теманы, окутуу техникаларын жана алардын ыраттуу түрдө уюштурулушун камтыйт. Мугалим адегенде ишке ашырыла турган стратегияны, андан сон ага шайкеш келген методдорду тандайт.

Окутуунун жалпы методдору. Жалпы окутуу процесси ошондой эле ар бир сабак бири-бирине жуурулушкан үч билим берүү, өнүктүрүүчү, тарбиялоочу максат мүдөөнү ишке ашырууну көзөмөл тутат. Окутуу жалпысынан инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө, аны тарбиялоого, ар тараптуу билимдерге ээ кылууга багытталат. Билимге ээ кылуу аң-сезимдүү жана бекем билимдерге, аны колдонуу боюнча билгичтиктерге ээ болуу катары түшүндүрүлөт. Демек, мугалим ар бир окуучуну таанып билүү, ишине шык дем берүү, жандандыруу аркылуу, алардын окуу материалдарын б.а урунтуу теориялык түшүнүктөрдү фактылык материалдарды мыйзам ченемдүүлүктөрдү, бекем өздөштүрүүсүнө жетишүүсү абзел. Илимий билимдеринин тереңдиги, бекемдиги көп кырдуулугу инсандын билимдүүлүгүнүн эң олуттуу белгиси.

Ал эми көпчүлүк учурда көзгө даана урунуучу окуучунун үзүл-кесил бири бирине байланышсыз билимдери, мектептин - мугалимдин эн обол окуучунун өзүнүн кунарсыз, майнапсыз эмгегинин айкын белгиси. Окутуу процессинде балдар билим менен бирдикте белгилүү бир окуу предмети жана илим тармагына тийиштүү атайын жана жалпы билгичтик жана көндүмдөргө да ээ болушту. М: Физика жана химия боюнча маселелерди чыгаруу, лабараториялык тажрыйбаларды жүргүзүп, демонстрациялоо, изилдөө иштерин аткаруу. География боюнча карта менен иштөө, географиялык өлчөө, компас жана башка приборлорлу колдоно билүү. Ботаника боюнча гербарий, муляж, коллекция, микроскоп менен иштөө. Окутуу процессинде балдар атайын билгичтик, көндүмдөрдөн тышкары бардык окуу предметтерге таандык китеп, справочник, библиографиялык аппараттар менен иштөө, окуу, жазуу, конспектилөө, күндөлүк режимди сактоо, үй тапшырмасын рационалдуу аткара билүү сыяктуу жалпы билгичгик жана көндүмдөргө да ээ болушат. Өнүктүрүү окуучунун өнүгүүсү дегенде анын ички өзгөрүүсүн - б.а. анын өзүн ачып жаратууга өбөлгө болуучу психикалык (кабыл алуу, элестетүү, ой жүгүртүү) рухий касиеттеринин өркүндөшүн түшүнөбүз. Балдардын окуп үйрөнүү, өздөштүрүү процессиндеги көп кырдуу ишмердүүлүгү, анын психологиялык касиеттеринин өнүгүшүнө чоң таасир этет. Бирок психолог- педагог окумуштуулар ортосунда окутуу менен өнүгүүнүн байланышы жөнүндө эки ача пикирлер бар. Айрым окумуштуулар (Ж. Пиаже. З.Фрейд) окутуу жана – өнүгүү бири биринен көз карандысыз эки башка процесс баланын акыл жактан оожалуусу же ой жүгүртүү жөндөмү окуусуз эле ичке себептерден улам өнүгө берет деген пикирди бекем жакташкан. Ал эми Россиялык психологдор окутуу деген өнүгүүнүн өбөлгөсү аны эрчитип олтурат дейт. Фактыларды, кубулуштарды, окуяларды андап иликтеп ой жүгүртүп үйрөнүүдөн аларды талдап тыянак чыгарууга өтөт. Алардын үстүнөн ой чабыттарын өрчүткөн окуучунун чыгармачылык жөндөмү түптөлөт. Андай бала өз аллынча билимин өркүндөтүп, өздөштүргөн билимин турмушта пайлалана билүү эбине ээ болот. Рубишнтейн: «Активдүү кыймылдагы организм гана майнаптуу өнүгө алат. Чоң кишилердин өсүп өнүгүшүндө эмгек кандай мааниге зэ болсо, баланын өнүгүшүнө окуу ошондой вазийпаны аткарат - деп жазган.

Белгилүү психолог Л.С. Выготский баланын акыл-эсинин өнүгүшүнүн эки денгээли жөнүндөгү жобону иштеп чыккан. Биринчи деңгээли: Выготский атагандай актуалдуу өнүгүүнүн денгээли, окуучунун даярдыгынын жетишкен денгээли. Алар ар кандай тапшырмаларды өз алдынча аткара ала тургандыгы менен мүнөздөлөт. Экинчи деңгээли: бир кыйла бийик денгээл, Выготский атагандай өнүгүүнүн жакынкы марасы (зонасы) баланын бир нерсени өз алдынча аткара албагандыгын, бирок сырттан кичине жардам болсо (жетелеген суроолор, жолдомолор жалпы көрсөтмөлөр ж.б) аткара алаарын билдирет. Акыл эсти өнүктүрүү учун окутуунун жетектөөчү ролун баса көрсөтүү менен Л.С. Выготский окутуунун өнүгүүнун жакынкы марасына (зонасына) негизделишин, б.а. окуучулардын учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнөн бир аз озуп турушун зарыл деп эсептеген.

Демек, ар кандай эле билим, маалымат акылдын өнүгүүсүн камсыз кыла албайт. Айталы, окуучу кандайдыр бир тапшырманы өз алдынча аткара алса ал анын белгиси. Ага мазмуну аткаруу кыйынчылыгы дал ошондой эле тапшырманы канчалык көп аткартпайлы, анын таанып билүү дараметин алдыга жылдыра албайбыз. Анткени ал баладан анчалык акыл ой машакатын талап этпей, көнүмүш ишке айланып калат. Ал эми баланы акыл аракетине чегербей тескерисинче жөлөп-таяп карандай боорукерлик кылуу анын акыл жөндөмүнө доо кетирет.














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!