СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Особдордун экологиясы

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Особдордун экологиясы»

Особдордун экологоясы.

Особдордун экологоясы.

Особдорду окуп үйрөтүүнү экологиянын бир бөлүгү бул – АУТОЭКОЛОГИЯ деп аталат. Аутоэкология деп особдордун сырткы айлана чөйрө менен болгон байланышын ошол эле учурда особдордун өз ара болгон мамилесин окутуп үйрөтөт. Жаратылышта особдор айлана чөйрөгө карата ар түрдүүчө адаптацияланышат. Сырткы айлана чөйрөнүн факторлору особдорго түз жана кыйыр түрдө таасирин тийгизишет.
  • Особдорду окуп үйрөтүүнү экологиянын бир бөлүгү бул – АУТОЭКОЛОГИЯ деп аталат.
  • Аутоэкология деп особдордун сырткы айлана чөйрө менен болгон байланышын ошол эле учурда особдордун өз ара болгон мамилесин окутуп үйрөтөт.
  • Жаратылышта особдор айлана чөйрөгө карата ар түрдүүчө адаптацияланышат. Сырткы айлана чөйрөнүн факторлору особдорго түз жана кыйыр түрдө таасирин тийгизишет.

Экологиялык факторлор Организмдин жашоосу үчүн эң зарыл жана буларсыз жашоого мүмкүн эмес болгон чөйрөнүн элементтерин жашоо шарттары деп айтабыз. Ар бир особдун организминин негизги касиети бул алардын айлана-чөйрөгө карата ыңгайлануусу болуп эсептелет. Организмдин ыңгайлануусу клеткадагы биохимиялык процесстерден тартып, организмдеги, популяциядагы жана биоценоздогу системаларды камтыйт. Бирок, организмдердин айлана-чөйрөгө ыңгайлануу принциптери түрдүн эволюциялык өрчүүсүндө пайда болуп жана өзгөрүлүп турат. Эми ушул организмге терс жана оң таасир этип туруучу чөйрөнүн, шарттардын элементтери экологиялык факторлор деп аталат.

Экологиялык факторлор

  • Организмдин жашоосу үчүн эң зарыл жана буларсыз жашоого мүмкүн эмес болгон чөйрөнүн элементтерин жашоо шарттары деп айтабыз.
  • Ар бир особдун организминин негизги касиети бул алардын айлана-чөйрөгө карата ыңгайлануусу болуп эсептелет. Организмдин ыңгайлануусу клеткадагы биохимиялык процесстерден тартып, организмдеги, популяциядагы жана биоценоздогу системаларды камтыйт. Бирок, организмдердин айлана-чөйрөгө ыңгайлануу принциптери түрдүн эволюциялык өрчүүсүндө пайда болуп жана өзгөрүлүп турат.
  • Эми ушул организмге терс жана оң таасир этип туруучу чөйрөнүн, шарттардын элементтери экологиялык факторлор деп аталат.
Экологиялык факторлор Экологиялык факторлор үчкө бөлүнөт: Абиотикалык факторлор-температура, жарык, радиоактивдүү нурлануу, басым, нымдуулук, суунун химиялык, иондук составы, шамал, суунун агымы, жердин рельефи. Булар жансыз табигый факторлор. Тирүү организмдерге алар түз же кыйыр түрүндө ар дайым таасир этип турат. Биотикалык факторлор. Биотикалык факторлор деп, тирүү организмдердин бири-бири менен болгон катнаштарын айтабыз. Антропогендик факторлор. Антропогендик факторлор деп, адам баласынын тиричилик аракетинин натыйжасында келип чыккан факторлорду айтабыз.

Экологиялык факторлор

  • Экологиялык факторлор үчкө бөлүнөт:
  • Абиотикалык факторлор-температура, жарык, радиоактивдүү нурлануу, басым, нымдуулук, суунун химиялык, иондук составы, шамал, суунун агымы, жердин рельефи. Булар жансыз табигый факторлор. Тирүү организмдерге алар түз же кыйыр түрүндө ар дайым таасир этип турат.
  • Биотикалык факторлор. Биотикалык факторлор деп, тирүү организмдердин бири-бири менен болгон катнаштарын айтабыз.
  • Антропогендик факторлор. Антропогендик факторлор деп, адам баласынын тиричилик аракетинин натыйжасында келип чыккан факторлорду айтабыз.

Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын температурага карата ыңгайлануусу.

  • Өсүмдүктөрдү температурага ыңгайлануусу боюнча төмөнкү жана жогорку температурага чыдамдуулар деп эки экологиялык топко бөлүүгө болот.
  • Өсүмдүктөр төмөнкү температурага ыңгайлануусу боюнча 3 топко бөлүнөт:
  • Суукка чыдамсыз өсүмдүктөр. Б ул өсүмдүктөр суу тоңгон температурада өлөт же зат алмашуу тең салмактуулугу бузулат. Буларга нымдуулукту сүйүүчү тропик өсүмдүктөрү, жылуу деңиздердеги жана океандардагы балырлар кирет.
  • Тоңго чыдамсыз өсүмдүктөр. Бул өсүмдүктөр эң төмөнкү температурага чыдай алат. Бирок, ткандарында муз пайда болсо, өсүмдүктөр өлөт. Суук мезгилдерде бул өсүмдүктөрдүн клетка маңызында–цитоплазмада осмостук активдүү заттар топтолуп температуралык тоңуу чекити–5, -7 0 С ге чейин төмөндөйт. Мындай өсүмдүктөр ар дайым жашыл болуп туруучу субтропик өсүмдүктөрүнүн түрлөрү кирет.
  • Суукка чыдамдуу өсүмдүктөр. Бул өсүмдүктөр кар көп түшкөн, суук катуу болуучу аймактарда өсөт. Кыш келип, суук күчөп турган мезгилде өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү бөлүгү тоңот, бирок жашоого жөндөмдүү бойдон калат.
Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын температурага карата ыңгайлануусу. Өсүмдүктөрдү жогорку температурага ыңгайлануусу боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот: Ысыкка чыдамсыз өсүмдүктөр . Бул топко кирген өсүмдүктөр +30, +40 0 С де өлүмгө учурайт. Буларга эукариот балырлары, сууда өсүүчү өсүмдүктөр, кургактыктагы мезофиттерди киргизсе болот. Ысыкка чыдамдуу эукариот өсүмдүктөр. Бул топко талаа, чөл, саванналарда өсүүчү өсүмдүктөр кирет. Булар +50, +60 0 С температурага жарым саатка чейин гана чыдап, туруштук бере алат. Ысыкка туруктуу прокариот өсүмдүктөр. Термофилдик кээ бир көк жашыл балырлардын түрлөрү +85, +90 0 С температурадагы ысык сууларда жашайт.

Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын температурага карата ыңгайлануусу.

  • Өсүмдүктөрдү жогорку температурага ыңгайлануусу боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүүгө болот:
  • Ысыкка чыдамсыз өсүмдүктөр . Бул топко кирген өсүмдүктөр +30, +40 0 С де өлүмгө учурайт. Буларга эукариот балырлары, сууда өсүүчү өсүмдүктөр, кургактыктагы мезофиттерди киргизсе болот.
  • Ысыкка чыдамдуу эукариот өсүмдүктөр. Бул топко талаа, чөл, саванналарда өсүүчү өсүмдүктөр кирет. Булар +50, +60 0 С температурага жарым саатка чейин гана чыдап, туруштук бере алат.
  • Ысыкка туруктуу прокариот өсүмдүктөр. Термофилдик кээ бир көк жашыл балырлардын түрлөрү +85, +90 0 С температурадагы ысык сууларда жашайт.
  • Жаныбарлар өсүмдүктөрдөн өзгөчөлөнүп температурага ыңгайлануусу боюнча бир топ айырмаланып турат. Себеби, жаныбарлар кыймылда болгондуктан температуралык градиентке жараша бир жерден экинчи жерге жылып, ошондой эле организмдеги ички зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон ички жылуулук энергиясы менен денесиндеги температураны жөнгө салып турат.
  • Жаныбарлардын ар түрдүү температурага ыңгайлануусу төмөнкү жолдор менен жүрөт:
  • 1. Химиялык терморегуляция. Жаныбарлардын организминин температурасы кескин төмөндөгөндө эндогендик жылуулук продуктусун иштелип чыгышы жогорулайт.
  • 2. Физикалык терморегуляция учурунда жаныбарлардын организминин белгилүү температурага ээ болушу алардын морфологиялык, анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Мисалы, жаныбарлардын физикалык терморегуляциясы (жылуулукту бөлүп чыгаруу, жылуулукту сактап туруу ж.б.) алардын жүнүнүн жана май катмарларынын калыңдыгына, кан айлануу системасына, тер бөлүп чыгаруу өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.
  • 3. Организмдин кыймыл-аракетине байланыштуулугу. Көпчүлүк организмдер мейкиндикте ыңгайлуу температурага умтулуп же ж.б. кыймыл-аракет өзгөчөлүктөрү аркылуу (күндөн көлөкөгө же тескерисинче) денесинин температурасын жөнгө салат.
Жаныбарлар дүйнөсү жалпысынан денесинин температурасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша пойкилотермдик, гомойотермдик жаныбарлар деп эки топко бөлүнөт. Пойкилотермдик жаныбарларга же муздак кандууларга (грек тилинен которгондо-өзгөргүчтүү, алмашып туруучу) канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдөн башка бардык жаныбарлар кирет . Булардын негизги өзгөчөлүгү, денесинин температурасынын туруксуздугу жана курчап турган айлана-чөйрөдөгү температурага көз карандылыгы. Гомойотермдик жаныбарлар же жылуу кандуулар . Бул топко канаттуулар мене сүт эмүүчүлөр кирет. Гомойотермдик жаныбарлар пойкилотермдик жаныбарлардан жылуулук алмашуусу боюнча кескин айырмаланып турат.
  • Жаныбарлар дүйнөсү жалпысынан денесинин температурасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша пойкилотермдик, гомойотермдик жаныбарлар деп эки топко бөлүнөт.
  • Пойкилотермдик жаныбарларга же муздак кандууларга (грек тилинен которгондо-өзгөргүчтүү, алмашып туруучу) канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдөн башка бардык жаныбарлар кирет . Булардын негизги өзгөчөлүгү, денесинин температурасынын туруксуздугу жана курчап турган айлана-чөйрөдөгү температурага көз карандылыгы.
  • Гомойотермдик жаныбарлар же жылуу кандуулар . Бул топко канаттуулар мене сүт эмүүчүлөр кирет. Гомойотермдик жаныбарлар пойкилотермдик жаныбарлардан жылуулук алмашуусу боюнча кескин айырмаланып турат.

Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сууга карата ыңайлануусу.

  • Суу режимине ыңгайлануусу боюнча өсүмдүктөрдү төмөнкүдөй экологиялык топторго бөлүүгө болот:
  • Гидатофиттер бардык бөлүктөрү же жарым-жартылай бөлүгү сууда өскөн өсүмдүктөр. Буларга элодея, суу котуру, рдест, суу чытыры ж.б. кирет. Эгерде буларды суудан алып таштасак анда солуп, өлүмгө дуушар болот.
  • Гидрофиттер бир эле мезгилде кургакта да сууда да өсүүчү өсүмдүктөр. Булар суулардын, каналдардын жээгинде жана саздарда өсүшөт (кадимки тростник, камыштар ж.б.). Гидрофиттердин үтү менен эпидермиси жакшы өрчүгөндүктөн транспирация күчтүү жүрөт. Ошондуктан, булар суусу мол жерлерде өсөт.
  • Мезофиттер анча кургак эмес, орточо нымдуу, минералдык заттарга бай, жылуу жерлерде өсөт. Мезофиттерге ар дайым жашыл болуп туруучу тропик, саванна, субтропик, мелүүн алкактагы токой өсүмдүктөрү жана талаа эфемерлери, эфереиддер, шалбаа өсүмдүктөрү жана көптөгөн маданий өсүмдүктөр, отоо чөптөр кирет.
  • Гигрофиттер кургактыкта, абанын нымдуулугу жогору жерлерде же нымдуу топуракта өсүүчү өсүмдүктөр. Бул топко кирген өсүмдүктөр көлөкөнү жана жарыкты сүйүүчү өсүмдүктөр деп бөлүнөт.
  • Ксерофиттер суусу, нымдуулугу аз жерлерде өскөн, сууну аз бууланткан, бирок кургакчылыкта сууну запас кылып топтоого жөндөмдүү өсүмдүктөр. Башка экологиялык топторго караганда ксерофиттерде суу алмашуу (транспирация) жакшы жүрүп, кургакчылык мезгилде активдүү зат алмашуусу узакка чейин жүрөт.
Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сууга карата ыңайлануусу Жаныбарлар нымдуулук факторлоруна ыңгайланышуусуна карата төмөндөгүдөй экологиялык топторго бөлүнөт: Гигрофилдер -абадагы нымдуулукту сүйүүчү жаныбарлар. Ксерофилдер - кургак абаны сүйүүчү жаныбарлар. Мезофилдер - кургак абаны да, нымдуулукту да сүйүүчү жаныбарлар (аралык жаныбарлар).

Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сууга карата ыңайлануусу

  • Жаныбарлар нымдуулук факторлоруна ыңгайланышуусуна карата төмөндөгүдөй экологиялык топторго бөлүнөт:
  • Гигрофилдер -абадагы нымдуулукту сүйүүчү жаныбарлар.
  • Ксерофилдер - кургак абаны сүйүүчү жаныбарлар.
  • Мезофилдер - кургак абаны да, нымдуулукту да сүйүүчү жаныбарлар (аралык жаныбарлар).


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!