1. Киришүү
Аккредитациялануучу программалардын тизмеси (программанын аталышын көрсөтүү);
Аккредитациялануучу билим берүү программасы (мындан ары- БП) боюнча кыскача маалымат;
Мектептин миссиясы: “Инсандын мүмкүнчүлүгүн жана изденүү, кызыгуусун эске алуу менен, сапаттуу билим алууга, келечекте, азыркы коомдо өзүнүн ордун табууга, өнүгүүсүнө оптималдуу шарт түзүү”
Аккредитациялануучу БПнын лицензиялары жөнүндө маалымат (лицензиялардын көчүрмөлөрүн тиркегиле);
(аккредитациялоо жөнүндө сертификаттардын, шарттуу аккредитациялоо жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрүн тиркегиле);
БУнун дареги, телефондору, факсы, e-mail, веб-сайты.
2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
| Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер | Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары | Тастыктоочу база |
1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ |
1.1 | Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү | Мектептин окуу планы Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министрлигинин 2020-жылдын 18-июнундагы №475/1 буйругу менен бекитилген 2020-2021 окуу жылы учун окуу планынын негизинде кабыл алынган. Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш жүргүзүлөт. Окуу планы жана программа билим берүү стандартынын жана базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет. | Базистик окуу планы https://clck.ru/Tfxir Тарификация https://clck.ru/Tfxir |
1.2 | Окуу-методикалык камсыздоонун билим брүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүно ылайык келүүсү | Окуу-методикалык камсыздоо билим берүү стандартынын жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет. Мектептин китеп фондунда 1850 китеп бар. Анын ичинен предметтик китептер895. Методикалык китептер 20. Алар тмонкүлөр: 1)Базалык курстун окутуунун методикасы.2 даана 2) Орто мектепте заттардын электромагниттик касиеттерин окутуу методикасы.2 даана. 3) информатика 2 даана 4) дидактикалык материалдар 3 даана. 5) математиканы 5-6-кл окутуу 2даана 6) Физика боюнча стандартуу эмес сабактар 3 даана 7) Алиппе 1 даана. 8) Кыргыз тилин 2-кл . окутуу . 2даана 9)Технология 2 даана 10) Адабий окуу 4-кл. 1даана 5 жылдын ичинде китеп фондунун көрсөткүчү өскөн. (5жылдык китеп фондун диаграмма) | д 10 ДИАГРАММА Китепкана https://clck.ru/TfyKa |
1.3 | Жетишүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу | Мектеп боюнча окуу-методикалык каражаттар менен камсыздалышы 75%. Окуучулар кыргыз тилиндеги китептерден пайдаланышат. 5жылдык окуу жылынын китеп фондунун корсөткүчү. | https://clck.ru/TfySw |
1.4 | Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канаатануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизинин болушу | Маалымат менен камсыздоонун, кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун механизмдери жобосу иштелип чыккан Мектеп жамааты кызыктар тараптардын күтүлөрүн, керектөөлөрүн жана канаатануусун мезгилдүү баалоо максатында бир жылда бир жолу жалпы ата-энелер кеңештеринин чогулуштарын, ар чейректе ар бир класста өзүнчө ата-энелер чогулуштарын өткөрөт. Чогулуштарда ар бир маалымат жалпысынан берилет жана талкууланат. Жеке маалыматтар ата-энелер менен жекече сүйлөшүүлөрдун негнизинде жүргүзүлөт. | маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун механизмдери жобо Ата-энелер жобо https://clck.ru/Tfybe https://clck.ru/Tfybe |
Күчтүү жактар: | Мектептин окуу планы, ББСна жана базистик окуу планына шайкеш келет. Электрондук китептердин базасы бар. Мектеп 75% окуу-методикалык ресурстар менен камсыз кылынган. Кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн, күтүлөрүн жана канааттанууларын мезгили менен баалоо жолго коюлган. | |
Алсыз жактар: | Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо механизми так көрсөтүлгөн эмес. | |
2.КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО |
2.1 | Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу | Окутуунун максаттары билим берүү уюмунун иш планында, окуу бөлүмүнүн башчысынын жана методикалык бирикмелердин пландарында белгиленген. Максаттар мамлекеттик билим берүү стандартына шайкеш келет, мугалимдин жана окуучунун компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. | убб https://clck.ru/TfxJx https://clck.ru/TfxJx |
2.2 | Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу | Мектептин жалпы жамаатынын 76,4 % окуучуларга билим жана тарбия берүүдө инновациялык технологияларды жана методдорду пайдаланышат. Мектеп мугалимдеринин 50,7% ноутбук менен камсыздалган. Мугалимдер инновациялык сабактарды өтүүдө нуотбук, проекторлор, акылдуу доска жана телевизорлордон пайдаланышат. Ар бир мугалим интернеттен кеңири пайдаланат. Whatsapp, Telegram, Zoom, Meet, Google classroom сыяктуу платформалардан пайдаланышат. Окутулган темалар боюнча окуучулардын алган билимин анализдөө үчүн Kahot онлайн тестирлөө программасынан пайдаланышат. Мектеп электрондук күндөлүк мене ниш алып барат. Анда мектеп окуучуларынын алган баалары, сабакты калтырган кундөрү, сабакка катышуусу, жетишүүсү, предметтердин өздөштүрүүсү жана башка маалыматтары электрондук формада жүргүзүлөт жана , ар бир окуучунун ата-энесине өз убагында жетип барат. Окуу бөлүм башчысынын, класс жетекчилердин чейректи отчёттору электрондук күндөлүк программасы аркылуу чыгарылат жана тактыкталып тиркелип, мектептин архивине коюлат. Ар бир баланын ата-энеси баласынын мектепке келгендиги жана мектептеги ишмердүүлүгү, мектептен сабак бүткөн соң чыгып кеткенди тууралуу маалыматтарды электрон күндөлүк программасы аркылуу өз убагында алат. Сабакка даярдануу жана өткөрүү, окуучулардын жетишкендиктерин текшерүү жана баалоо учурунда МКТ колдонуу үчүн шарттар түзүлгөн. | https://clck.ru/Tg28b 14 МКТ дан пайдалануусунун динамикаси |
2.3 | Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу | К.РӨкмөтүнүн 2016-жылдын15-ноябрындагы №590,2017-жылдын 18- августундагы №496 токтомунун негизинде окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин жөнгө салуу Жобосу түзүлгөн. | https://clck.ru/Tg24h Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу жобо |
2.4 | Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу | Окуучулардын компетенттүлүктөрүн, жетишүүсүн, билим сапатын баалоодо текшерүүнүн түрдүү формаларыдан пайдаланылат. Мисалы: диктант, контролдук иш, эссе, тест, Kahot программасы жардамында онлайн тест, күндөлүк программасы жардамында онлайн тест ж.б. Мектептеги ар бир класста окуучулардын жетишкендиктери диаграмма менен чагылдырылат. | https://clck.ru/TfCus Жобо, 5жылдык диограмма билим сапат https://clck.ru/Tg2G3 |
2.5 | Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу | Туруктуу колдонулуучу окуучуларды маалымдоо ыкмалары жана процедуралары көрсөтүлгөн. Аппеляция комиссиясы комиссиясы түзүлгөн. Мектепте окуучулар баалоонун критерийлери боюнча бааланышат. (Диагностикалык, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу) | Жобо https://clck.ru/Tg33H https://clck.ru/Tg33H |
2.6 | Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу | Мектептин билим берүүдө коопсуздук жагы жакшы жолго коюлган. Мектептин айланасы дубал тосмо менен тосулган. Окуучулардын жана мугалидердин, техкызматкерлердин коопсуздугу үчүн мектеп 10 видео байкоо камералары менен камсыздалган. Мектеп администрациясы тарабынан мугалимдердин нөөмөтчүлүк графиги бекитилип, нөөмөтчүлөр дайындалган. Класс кааналар жарык .Азыркы пандемия шартына байланыштуу Кыргыз Республикасынын билим берүү минстрлиги менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен АЛГОРИТМинин негизинде окуу журуп жатат. . | Сурот https://clck.ru/Tg37Z https://clck.ru/Tg37Z |
2.7 | Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы | Ички баалоонун жана тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча мектеп окуучуларынын натыйжалары аныкталат. Окуучулардын натыйжаларынын динамикасына ар чейрек сайын мониторинг жүрзүзүлөт. Акыркы 5 жылдын ичинде жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматтары бар. Натыйжалар оң динамиканы көрсөтүүдө. | Жрт Диаграмма https:/ https://clck.ru/Tg3CY https://clck.ru/Tg3CY |
2.8 | Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнү иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу | Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Ишеним кутучасы уюштурулган . Кутуча жума сайын ачылат Арыздануу . даттануулар жок. | https://clck.ru/Tg3J6 |
| Күчтүү жактар: | Окутуунун максаттары пландаштырылган. Инновациялык технологияларды колдонууда жакшы жетишкендиктер бар. ББСнын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоо ачык-айкын жүргүзүлөт. Коопсуз, психологиялык жактан ыңайлуу билим берүү чөйрөсү бар.окуучулардын жетишүү динамикасы туруктуу өсүүдө. Кызыктар тараптардын сунуш жана арыздары көңүлгө алынат жана каралат. | |
| Алсыз жактар: | Окуучуларга баалоонун кайра кароонун жол жоболору так көрсөтүлгөн эмес | |
КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ |
3.1 | Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү | Мектеп педагогикалык кадрлар менен 100% камсыз болгон. Педагогикалык персоналдардын саны 17. Алардан 16 (94,2%)мугалим жогорку билимдүү, 1 (5,8%) мугалим Бакалавр Мектеп мугалимдеринин эмгек стаждары төмөнкүчө: 5 жылга чейинки: 3(17,6) 5-10 жылга чейинки: 1(5,8) 10-15 жылга чейинки: 6(35,2) 15 жылдан жогору: 7(41,1) Ар бир мугалим өзүнүн адистиги боюнча сабак берет. Педагогикалык курам квалификацияларга жана билимдерге (анын ичинде адистигине шайкеш келүү) карата коюлуучу талаптарга ылайык толугу менен комплектелген. | https://clck.ru/Tg3v8 https://clck.ru/Tg3v8 |
3.2 | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу | Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрө бар. Мектепте окуу процессине өз ара катышуучулардын мамилелерин баалоо жана анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу үчүн этикалык комиссия түзүлгөн жан аиш алып барат. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги 201 Токтому, Билим берүү мыйзамы, мугалимдин жана окуучунун намыс Кодекси, Балдар укуктары конвенциясы, мектептин уставы негиз кылып алынган. | ЖОБО https://clck.ru/Tg44T https://clck.ru/Tg44T |
3.3 | Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу | . Мектепте 1 мугалим Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин төш белгиси менен 1 мугалим. Баткен областык мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамота»сы менен 1 мугалим сыйланган. Педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасы бекитилген жана колдонулат: - мектеп үчүн кесиптик өнүгүү боюнча пландар талдоонун негизинде түзүлөт мектептин стратегиялык планына киргизилген. - Педагогдор кесиптик өнүгүүсүнүн өздүк индивидуалдуу пландарын иштеп чыгышат. - Жыл сайын 20%дан кем эмес педагог (беш жылдын ичинде 100%) өз квалификациясын курстарда/семинарларда/тренинг дерде (анын ичинде дистанттык түрдө) жогорулатат; Акыркы 5 жылдын ичинде 2016-2017-ж. 5мугалим 2017-2018-ж. 5 мугалим. 2018-2019-ж. 4 мугалим. 2019-2020-ж. 7 мугалим. 2020-2021-ж. 12 мугалим Аралыктан курстарга мугалимдер активдүү катышышты. үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу | https://clck.ru/Tg4DC Диаграмма |
| Күчтүү жактар: | Физикалык жана коопсуз билим берүү чөйрөсү бар. Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесибин өнүктүрүүсү жана квалификациясын жогорулатуу жолго коюлган. | |
| Алсыз жактар: | Мугалимдердин жеке компетенсиясын ачык айкын ажырата билүүсү үчүн окуу семинарлардын аздыгы. | |
Материалдык-техникалык база |
4.1 | Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу | Окуу имараттар жана бөлмөлөр канаттандыраарлык абалда, камсыздоо, сандык, сапаттык жана жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү жакшырууда. Компьютердик класс бар. Предметтик стандарттардын талаптарына ылайык жабдылган класстардын саны 80%дан жогору.. Мектепте заманбап мини стадион бар. Лаборатория кааналары жок, ушул күндө атайын шкаф бөлүп берип приборлору орнотулду. | Сурот https://clck.ru/Tg6Aw |
4.2 | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери) | Сэстин корутундугу МЧСтин корутундусу КР.ӨКМнин Баткен облусу боюнча өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы, капитан Р .Айтиев тарабынан №55 “Достук” орто мектебинин имараты авариялык абалда эместигин маалымдады. Кадамжай район аралык О.А.А. жана МСЭКБру №55”Достук” орто мек. “Меню түзүүүн тамактарды даярдоонун технологиялык картанын “ №18 тиркемесинин негизинде 1-4- класстарга чейинки окуучуларга берилүүчү 1 жумалык тамак аштын 7 сомдон түзүлгөн чашке чайдынберилүүсү боюнча калькуляциясын, меню түзүү боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүздү. | https://clck.ru/Tg6Jh https://clck.ru/Tg6Jh |
4.3 | Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу | Камкорчулар кенешинин жобосу Күбөлүк Чогулуштардын протоколу Камкорчулар кенешинин устава. Келишим айыл банк. Айыл банк счет Инвентарларды каттоо журналы ачылган. | https://clck.ru/Tg6Sw https://clck.ru/Tg6Sw |
4.4 | Күчтүү жактар: | Мектепте 5 жыл ичинде материалдык техникалык база жакшырганын көрүүгө болот. Мисалы: окуу кааналарына парта, стул , ашкана үчүн столдор мебелдери менен толук камсыздалган .Компьютердик класс ,принтер ,проекторлор ,телевизор,акылдуу доска.Мугалимдер үчүн мебелдер менен камсыз болушу да жакшырган. Интернет бар. Видео көзөмөл орнотулган. | |
4.5 | Алсыз жактар: | Класс кааналар тар. Китепкана жок. | |