2019-жылдын 28-январы. Математика, физика, информатика сабактары боюнча метод жана пикир алмашуу күндөрү
Даярдаган: А.Мамыров атындагы орто мектебинин математика мугалими Исмаилова Бүбүсанам
10-класстагы
геометрия сабагы
Тема:
Перпендикуляр
жана жантык
Анда эмесе, к өңүлдүү маанай менен
сабагыбызды баштайлы.
Алтын эреже:
Тартипти бекем сактайбыз
Сабакка активдүү катышабыз
Бирөөнүн оюн кунт коюп угабыз
Ойлонуп, маанилүү суйлөөгө аракеттенебиз
Убакытты үнөмдүү пайдаланабыз
Р
САБАКТЫН МАКСАТЫ :
- 1 . Билим берүүчүлүк: Чекиттен тегиздикке чейинки аралык, жантык жана анын проекциясы түшүнүктөрү менен таанышышат; жантыктын касиеттерин билишет, аны маселе чыгарууда колдонушат,
- 2. Өнүктүрүүчүлүк : компетенциянын негизги ачкычтарын калыптандырууга жана чыгармачылык ишмердүүлүктөрүнө багытталышат;
- Тарбиялоочулук: математика предметине болгон кызыгууларын арттырышат, математикалык сүйлөө речин жогорулатышат.
Гарвард университетинин студенттеринин принциптеринен :
Сенин душмандарың азыр дагы жан талашып китеп окуп жатышат .
.
Цыганок Виктория Сергеевна
Топторго бөлүнөбүз
Көңүлдүү суроо:
Фабрикадан айына 28 автомобиль чыгат. Ошондо 14 айда канча автомобиль чыгат? (30 секунда)
Цыганок Виктория Сергеевна
Жооп :
Фабрика автомобиль өндүрбөйт.
Цыганок Виктория Сергеевна
А
КАЙТАЛАЙБЫЗ!
С
В
- АВС үч бурчтугунун гипотенузасын атагыла.
- Тьик бурчтуу үч бурчтуктун катеттерин жана гипотенузасын салыштыргыла. Кайсынысы узун? Эмне үчүн?
- Пифагордун теоремасын айтып бергиле
- Кандай түз сызыктар перпендикулярдуу болушат?
- Бул ырастоо туурабы: «түз сызык тегиздикке перпендикуляр деп аталат, эгерде ал тегиздиктеги кандайдыр бир түз сызыкка перпендикуляр болсо»
- Сүйлөмдү толукта: « Түз сызык тегиздикке перпендикуляр деп аталат, эгер ал …»
Жаңы тема
А
Перпендикуляр жана жантык
АН кесиндиси А чекитинен ушул
тегиздикке түшүрүлгөн перпендикуляр
деп аталат ,
С
Н
Н чекити — бул перпендикулярдын негизи д.а. Кээ бир учурда Н чекитин А чекитинин ортогоналдык проекциясы деп да аташат.
Каалагандай АС кесиндиси , ( мында С чекити Н чекитинен айырмаланган эрктүү чекит) бул тегиздикке түшүрүлгөн жантык деп аталат.
СН кесиндиси – α тегиздигине түшүрүлгөн жантыктын проекциясы
Бир чекиттен түшкөн жантыктын касиеттери
20-теорема. Эгер тегиздиктен тышкары жаткан чекиттен тегиздикке перпендикуляр жана жантык жүргүзүлсө, анда:
1. Перпендикуляр жантыктан кыска (кичине) болот;
2. Проекциялары барабар болгон жантыктар өз ара барабар болушат;
3. Бири-бирине барабар болбогон эки жантыктын кайсынысынын проекциясы чоң болсо, ошол жантык узун болот.
Бир чекиттен түшкөн жантыктын касиеттери
21-теорема (20-теоремага тескери теорема).
Эгерде тегиздиктен тышкары жаткан чекиттен перпендикуляр жана жантык жүргүзүлсө, анда:
1. Барабар жантыктардын проекциялары барабар болот;
2.Чоң жантыктын проекциясы чоң болот.
А чекитинен α тегиздигине чейинки аралык деп А чекитинен α тегиздигине түшүрүлгөн перпендикулярдын узундугу аталат
А
Жантыктарды атагыла.
Е
С
Т
Перпендикулярларды
атагыла .
Р
F
В
М
К
Кезек кызыктуу суроодо
Суроо :
Эмне үчүн көпөс (бай киши) шляпа сатып алат?
(30 секунда)
Цыганок Виктория Сергеевна
Жооп :
Анткени бекер беришпейт
Цыганок Виктория Сергеевна
Жаңы теманы
бышыктоо
Окуу китебинин 29-бетиндеги 3-көнүгүүсүн иштейбиз
№ 3. Тегиздиктен тышкары жаткан чекиттен тегиздикке перпендикуляр жана жантык жүргүзгүлө. Жантыктын тегиздиктеги проекциясын чиймеде көрсөткүлө
Топтордо окуу китебинин 29-бетиндеги 4-көнүгүүнү иштейбиз
- А чекитинен α тегиздигине АА
Кезек кызыктуу суроодо
Суроо :
Эмне Россияда биринчи, Францияда экинчи, Кыргызстанда үчүнчү орунда турат? (30 секунда)
Цыганок Виктория Сергеевна
Жооп :
«Р» тамгасы
Цыганок Виктория Сергеевна
Сабактын жыйынтыгы
- Күчтүү команда
- Интеллектуалдуу окуучу
Үй тапшырмасы
- §6 27-28-беттер
- 6,7-көнүгүүлөр
Катышкандыгыңарга
Рахмат!
Сабактын аягы.