СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План конспект 9-кл

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-класстын план конспектиси

Просмотр содержимого документа
«План конспект 9-кл»

«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Издоонун шарттары жана татаал логикалык туюнтмалар.

Сабактын максаты:

  1. Татаал логикалык туюнтмалар боюнча окуучуларга

терең билим берүү.

2. Информатика сабагына болгон кызыгуусун калыптандыруу.

3. Тынчтыкты сактоо, өз оюн айтууга үйрөтүү, классташтарын урматтоого тарбиялоо.

Сабактын тиби: Аралаш типтеги сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып,

класстын тазалыгына жана катышуусуна

көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.

  1. Кайталоо:

  1. Маалымдар базасы деген эмне?

  2. Электрондук таблица боюнча тушунторун кыскача айт.

  3. Фрагмаенттер боюнча айт.

  4. Жонокой логикалык туюнтмалар жонундо айтып бер.


2. Жаңы тема:

Издоонун шарттары жана татаал логикалык туюнтмалар.

Айтымдардын дагы бир тобун карайлы. Маалымдар базасынын (МБ) жок дегенде айтым чын болгон бир жазуу болсо, анда айтым чындык болуп эсептелет.

Айтым

Мааниси

Факультативдер” МБ


  1. Рустамрв геологияны окуп уйронуудо

Чындык

  1. Заирова факультативдерге катышат.

Чындык

Жетишкендиктер” МБ


  1. Асановдуку физикадан же 4, же 5 болот.

Чындык

  1. Раевдики алгебрадан эки эмес

Чындык

Аба-ыоайы” МБ


  1. 2003-жылдын 23-мартында жаан-чаачын болгон.

Чындык

  1. 2003-жылдын 20-мартында абанын нымдуулугу 70%тен томон болгон.

жалган

Уй – булолук китепкана ” МБ

  1. Китепканада А.Беляевдин 1970-жылдан кийин басылган китеби бар.

Чындык

  1. Китепканада Т . Касымбеков же Ч.Айтматов жазган китептер бар.

Чындык


Бул айтымдардын ар бири бир эле учурда бири бир нече талаадагы мааанилерди бириктирип турат. Ошондуктан алар жонокой логикалык туюнтмалар формасында жазылышы мумкун эмес.

Буларга туура келуучу логикалык туюнтмалар томондогудой жазылышат.:

1. ФАМИЛИЯ=Рустамов жана ГЕОЛОГИЯ.

2. ФАМИЛИЯ= Заирова жана (ГУЛ ОСТУРУУЧУЛУК же ГЕОЛОГИЯ же БИЙ).

3. ОКУУЧУ= Асанов жана (ФИЗИКА=4 же ФИЗИКА=5).

4.жок АЛГЕБРА = 2 жана ОКУУЧУ = Раев.

5. ДАТА = 20.03.02. жана НЫМДУУЛУК

6.ДАТА = 23.03.03 жана (ЖААН-ЧААЧЫН=жамгыр же ЖААН-ЧААЧЫН=кар).

7.АВТОРУ = Беляев А.Р.жана ЖЫЛЫ = 1970.

8. АВТОРУ= Касымбеков Т. Же АВТОРУ = Айтматов Ч.

Бул жерде силерге тааныш катыштардан жана логикалык талаалардан башка дагы маанилерди байланыштыргыч «жана», «же», «эмес» деген создор колдонулду. Булар логикалык операциялардын белгилеринин ролдорун аткаруучу кызматчы создор.

Уч логикалык операция менен таанышабыз:

  • Логикалык кобойтуу операциясы (конъюнкция); операциялык белгиси «жана»;

  • Логикалык кошу операциясы (дизъюнкция); операциялык белгиси «же»;

  • Тану операциясы; операциялык белгиси «жок».


Логикалык операцияларды озундо камтып журуучу туюнтмаларды татаал логикалык туюнтма деп атайбыз.

Логикалык кобойтуу (жана)

Эгер эки операнд тен чын болсо, анда логикалык кобойтуунун натыйжасынан чындык алынат.

Логикалык кошу (же)

Эгер, жок дегенде бир операнддын мааниси чындык болсо, логикалык кошуунун натыйжасында чындык алынат.

Тануу (жок)

Тануу логикалык чондуктун маанисин карама-каршысына озгортот: чындык жок=жалган; калп жок =чындык.


Бышыктоо:

1.Татаал логикалык операцияларда кандай логикалык операциялар колдонулат?

2.Логикалык кошуу.

3.Логикалык кобойтуу.

4. Тануу жонундо айт.

Баалоо: Активдуулугуно карап баалоо.

Уйго: Отулгон теманы окуп , тушунуп келуу.

«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Жазууларды иргоо, кошуу жан очуруу.

Сабактын максаты:

  1. Тема боюнча окуучуларга терең билим берүү.

2. MS Access программасына болгон кызыгуусун калыптандыруу.

3. Тынчтыкты сактоо, өз оюн айтууга үйрөтүү, классташтарын урматтоого тарбиялоо.

Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып,

класстын тазалыгына жана катышуусуна

көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.

  1. Кайталоо:

  1. Таатаал логикалык туюнтмалар деген эмен?

  2. “Жана”, “же”, “жок” булар эмнелер?

  3. Тануу деген эмне?

2. Жаңы тема:

Жазууларды иргоо, кошуу жан очуруу.

Таблицадагы жазууларды тартипке салуу иргоо деп аталат. Иргоо командасында томондогудой маалымат корсотулушу керек:

  1. Кайсы талаанын мааниси боюнча иргоо жургузуу керек.

  2. Жазууларды кандай тартипте иргоо керек (талаанын маанилерин осуу же кемуу тартибинде);

  3. Иргелген таблицаны кайсы файлда сактоо керек.



Иргоо командасынын форматы:

.ирге/ боюнча . Боюнча деген создун алдында маанисине карай иргоо жургузулуучу талаанын аталышын берилет. Мындай учурда бул тала иргоо ачкычы деп аталат.

Нымдуулуктун кемуу тартиби боюнча иргелген «Аба ырайы» МБ

датасы

Жаан-чачын

температурасы

басым

нымдуулугу

22.03.03

Туман

+5

740

95

23.03.03

Жаан

+2

745

90

24.03.03

Ачык

+6

760

80

20.03.03

Кар

-5

745

70

21.03.03

ачык

+1

750

60



Эми алфавиттик тартипте иргейли. Иргоонун натыйжасы «китепкана» деген файлда сакталат. Жыйынтыгында томонку таблицаны алабыз:

Авторлордун фамилияларынын алфавиттик тартипте иргелген «Уй булолук китепкана» МБ

номуру

автору

аталышы

жылы

текчеси

0002

Айтматов Ч.

Жамийля

1987

7

0007

Айтматов Ч.

Тандалмалар

1990

1

0008

Айтматов Ч.

Кассандра тамгасы

1994

7

0003

Баялинов К.

Ажар

1982

1

0001

Беляев А.

Адам-амфибия

1971

5

0006

Касымбеков Т.

Сынган кылыч

1979

1

0004

Сименон Ж.

Трубка Мегре

1987

5

0005

Толстой Л.Н

Новесттер жана ангемелер

1986

5



Таблицадан саптарды очурууго да болот. Анын форматы томондогудой:

.очуруу учун, Мисалы, .очуруу НОМУРУ=0003 учун;

Эгерде таблицадагы бардык жазууларды очуруу керек болсо, анда .очур баарын

Командасы берилет.

Даяр таблицанын мазмунун озгортуучу экинчи команда кошумчалоо командасы болуп эсептелет. Анын берилиши мындай:

.кошумчалоо





Бышыктоо:



  1. Маалымдар базаларын иргоо деген эмне?

  2. Иргоо ачкычы деген эмне?

  3. Даяр таблицадан жазууларды очуруу же кошу кандай жол аркылуу жургузулот?



Баалоо:

Активдуулугуно карап баалоо.



Уйго:

Отулгон теманы окуп келуу жана практика жузундо иштоо.





«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Жасалма интеллект деген эмне?

Сабактын максаты:

  1. Жасалма интеллект боюнча окуучуларга терең билим берүү.

  2. Жасалма интеллект багытынын системаларынын максаты жонундо тушунук беруу.

  3. Турмушта жасалма интеллект системаларын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып,

класстын тазалыгына жана катышуусуна

көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.

  1. Уй тапшырмасын суроо.

  1. Иргоо ачкычы жонундо тушунук айт.

  2. МБ тузуу.

  3. Логикалык татаал туюнтмалар жонундо айт.

3. Жаңы тема:

Жасалма интеллект деген эмне?

XX кылымдын 60-жылдары информтиканын «жасалма интеллект» деген атлышка ээ болгон жаны болугу пайда болду.

Энциклопедиялык создукто «интеллект (латынча intellectus - таанып-билуу, тушунуу, акыл-эс) – ой жугуртуу, рационалдуу таанып-билуу жондомдуулугу» деп жазылган. Мындай жондомдуулук толугу менен адамзатка гана таандык.

«Жасалма интеллект» илиминин таанып –билуу предмети болуп адам баласынын ой –жугуртуусу эсептелет. «Адам баласы кандайча ой жугуртот?» - деген суроо окумуштууларды ар дайым кызыктырып келген. Бул изилдоолордун максаты адам интеллектисинин улгусун (моделин) тузуп, аны компьютерде колдонуу болуп эсептелет.

Кыйла жонокойлотуп айтканда жогорудагы максатты «машинаны ойлонууга уйротуу» деп айтсак болот.

маалыматтар


жыйынтыгы

Программаны аткаруу


программа

маалыматтар

Программаныи тузуу

жыйынтыгы

Программаны аткаруу







Жасалма интеллекттин ар кандай системасы кандайдыр бир аныкталган предметтик тармактын чегинде иштейт (медициналык диагностика, мыйзам чыгаруу, математика, экономика ж.б). Адиске окшоп компьютер дагы ошол чойронун билимине ээ болушу керек.

Белгилуу турдо калыпташтырылган жана ЭЭМдин эсине жайгаштырылган, конкреттуу предметтик чойродогу билимдердин жыйнагы билимдин компьютердик базасы деп аталат.

Жасалма интеллект системалары аларга киргизилген билим базаларынын негизинде иштешет.

Адамдын ой жугуртуусу эки тузуучудо негизделген: билимкоруна (запасына) жана логикалык ой жугуртуу жондомдуулугуно.

Бул тыянактан компьютерде интеллектуалдык системаларды тузуудо эки негизги маселе келип чыгат:

  • Билимди моделдоо

  • Ой жугуртууну моделдоо

Жасалма интеллект системаларыны бир туру эксперттик системалар болуп эсептелет. Адамда “эксперт” деп белгилуу бир тармак боюнча билими жана тажрыйбасы мол адамды аташат.Компьютердик эксперт системаларына ушундай денгээлдеги билим киргизилет.

Эксперттик системалардын милдети – колдонуучуга кенеш беруу, чечим кабыл алууга жардам корсотуу.



Бышыктоо:



  1. «Жасалма интеллект» деп аталган багыт качан пайда болгон?

  2. «Жасалма интеллекттин» негизги максаты.

  3. Билим базасы деген эине?



Баалоо:

Активдуулугуно карап баалоо.



Уйго:

Отулгон теманы окуп келуу жана практика жузундо иштоо.









«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Билим базалары жонундо.

Сабактын максаты:

  1. Билим базалары жонундо окуучуларга терең билим берүү.

  2. Билим базаларынын колдонуу максаты жонундо тушунук беруу.

  3. Турмушта билим базалары системаларын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.

  1. Уй тапшырмасын суроо.

  1. “Жасалма интеллект” деген эмне?

  2. Жасалма интеллект системалары кайсы чойролор учун жаратылат?

  3. Жасалма интелекттин пайдалуу жактары барбы бизге?

  4. Эксперттик системаны кандай тушуносун?

3. Жаңы тема:

Билим базалары жонундо.

Маалымдар базасы” (МБ) – компьютердин эсиндеги кандайдыр бир реалдуу системанын маалыматтык модели. Жогоруда билим базасы (ББ) – бул адамдын белгилуу предметтик тармактагы билимдеринин модели д.а.

Рай

Бир уй булодогу эркектердин туугандык байланышынын мисалын карап чыгалы:

Эрмек

Бакыт

Сатар

Данияр

Баатыр













Бул жерде сызыктар атасы менен баласынын ортосундагы байланышты билдирет.

Эркек

Уулдары

Атасы

Чоң атасы

Бир туугандар

Агалар

Инилер

Неберелер

Рай

Баатыр, Сатар

-

-

-



Бакыт, Данияр, Эрмек

Баатыр

Бакыт, Данияр

Рай

-

Сатар


Эрмек


Сатар

Эрмек

Рай

-

Баатыр


Бакыт, Данияр


Бакыт

-

Баатыр

Рай

Данияр

Сатар

-


Данияр

-

Баатыр

Рай

Бакыт

Сатар

-


Эрмек

-

Сатар

Рай

-

Баатыр

-


Факт – конкреттүү окуя жөнүндөгү, конкреттүү объекттин касиети жөнүндөгү, анын башка объекттер менен болгон байланышы жөнүндөгү билдирүү.Мисал үчүн төмөнкү ырастоолор факт катары каралат:

  • Кыргызстан – тоолу өлкө;

  • Санкт-Петербург 1703-жылы негизделген;

  • Суунун тыгыздыгы 19.3г/см;

  • Семетей – Манастын уулу;

  • Кожомкул – кыргыздын балбаны.



Эреже – фактыгы караганда кыйла жалпылаштырылган ырастоо. Эрежелер бир түшүнүктү экинчиси аркылуу аныктайт, объекттердин ар түрдүү касиетттеринин ортосундагы байланышты белгилейт, жаратылыштын жана коомдун мыйзамдарына аныктама берет.



Билим базасы – белгилүү предметтик тармактагы негизги фактылар менен эрежелердин жыйындысы.



Бышыктоо:

  1. Факт деген эмне?

  2. Эреже деген эмне?

  3. МБ менен ББ сынын ортосунда кандай айырма бар?

  4. Үй бүлөдөгү МБ түзгүлө.



Баалоо: Активдүүлүгүнө карап баалоо.



Үйгө: § 2.





«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Компьютердик тармактын түзүлүшү.

Сабактын максаты:

  1. Компьютердик тармактын түзүлүшү жонундо окуучуларга терең билим берүү.

  2. Компьютердик тармактын колдонуу максаты жонундо тушунук беруу.

  3. Турмушта компьютердик тармакты туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.




  1. Жаңы тема:

Компьютердик тармактын түзүлүшү.



ЭЭМ менен колдонуучунун ортосундагы маалымат берүү – клавиатура, дисплей, принтер ж.б киргизүүчү-чыгаруучу түзүлүштөр менен ишке ашат.

Компьютердик тармак бул - маалымат берүүчү каналдар менен байланышкан компьютерлердин системасы .

Тармак экиге бөлүнөт:

  1. Локалдык тармак – бир мекеменин гана чегинде иштеген анча чоң эмес компьютердик тармак. Адатта ЛТгы компьютерлер бири-биринен 1км ге чейинки аралыкта жайгашат. Ал төмөнкү принципте уюшулат: „файл-сервер “ деген борбордук машинаболот, ага көпьөгөн „жумушчу станциялар“ туташтырылат.

Сервер сөзүнүн аталышы англисче server деген сүздүн алынган жана „тейлөөчү түзүлүш“ деп которулат.

  1. Глобалдык тармак – өзүнө көптөгөн локалдык тармактарды, о.э. ага кирбеген өзүнчө комп.ди бириктирет. ГТ масштабдары чектелген эмес: аймактан баштап бүткүл дүйнөнү камтыйт. ГТ телекоммуникациялык тармак деп, ал эми бул тармак аркылуу маалымат алмашуу процессин „телекоммуникация(грекче „tele“ – алыска , далайга жана латынча „Comunicato“ байланыш)“ д.а.

Тармак бири –бири менен байланышка түйүндөгү компьютерлерден (Т1,Т2,...ж.б) жана аларга туташтырылган колдонуучулардын ПКлеринен – тармактын абоненттеринен (А21,А22...ж.б) турат.

А12

А11

Т1







А41

Т4

Т3

Т2





А22

А21



А31

А42



Т5

Т6







Түйүндөгү компьютерди – „хост-машина“, англис тилинен которгондо host – кожоюн дегенди билдирет, тармак абонентинин копьютерин „терминал“ д.а.

Мамлекеттик кандайдыр бир тармагын тейлеген байланыш тармагы – корпорациялык д.а. Эгер тармак белгилүү бир региондо гана иштесе , анда ал - региондук д.а

Бүгүнкү күндө компьютер тармактарынын дүйнөлүк системасы бар. Алар аркылуу планетанын эң алыскы бурчтары менен байланышса болот.

Бул система INTERNET (Интернет) д.а. (international – эл аралык жана net - тармак).



Бышыктоо:

  1. Компьютердик тармак деген эмне?

  2. Тармактын кандай түрлөрү бар?

  3. Локалдык тармак кандай түзүлөт?

  4. Глобалдык тармакты эмне үчүн телекоммуникациялык тармак дейбиз?

  5. ЛТ менен ГТ айырмасы.

  6. Хост-машина, терминал деген эмне?

  7. Эмне үчүн корпорациялык, региондук д.а?

  8. Интернет деген эмне?

Баалоо:

Активдүүлүгүнө карап баалоо.

Үйгө: § 1

«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Электрондук почта жана тармактардын башка кызматтары.

Сабактын максаты:

  1. Электрондук полчта жана аны ачуу жана колдонуу тууралуу окуучуларга терең билим берүү.

  2. Тармактардын кызматтары тууралуу тушунук беруу.

  3. Турмушта электорндук почта жана анын башка кызматтарын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.


  1. Үй тапшырмасын суроо:

  1. Компьютердик тармак деген эмне?

  2. Компьютердик тармак канчага бөлүнөт?

  3. Локалдык тармак деген эмне?

  4. Глобалдык тармак деген эмне?

  5. Компьютер-сервер деген эмне?

  6. Хост-машина деген эмне?

  7. Терминал деген эмне?

  8. Компьютердик тармактын дүйнөлүк системасы кандай аталат?




  1. Жаңы тема:


Электрондук почта жана тармактардын башка кызматтары.

Компьютердик тармактан – каттар, жарылар, жарнамалар, программалык камсыздоолор, компьютердик оюндар, иш документтери жана башкалар болушу мүмкүн.

Компьютердик тармактардагы кат алмашуу – электрондук почта д.а.

Электрондук почта – компьютердик тармактардын кызматтарынын негизги түрү.

Электрондук кат – кат алуучунун электрондук адресин жана каттын текстин камтыган кадимки тексттик файл.

Катка жалаң эле тексттик маалымат эмес, атайын кодго айландырылган сүрөттөрдү, программаларды, архивдерди ж.б жазууга болот.

Почта үкөгү – почта серверинин абонент үчүн бөлүнгөн тышкы эсинин бөлүгү.

Ар бир почта үкөгүнө башкалардан айырмаланган аталыш берилет.

Эге электрондук тармакты билсе, почта үкөгүнө ар кандай тармактын абоненти кат жөнөтө алат. Почта үкөгүнөн катты үкөктүн ээси гана ала алат. Үкөктөгү маалыматты пароль менен коштолгон, аны үкөктүн ээси гана билет.

Кадимки почта адресине мисал:

өлкө

шаар

П/о

Абонент үкөгүнү №

Оруссия

Москва

49

644

Электрондук почтанын мисалы: [email protected]

Кыргызстан

Шаар

Сервердин аты

Почта үкөгүнүн аты


Kg(Кыргызстан)


Bishkek(Бишкек)


Info(инфо)


Asanov(Асанов)



Чекиттер жана @ символу – ажыратуучу белгилер. Даректин чекиттетр менен бөлүнгөн бөлүктөрүн домендер д.а.

Бишкектен Москвага кеткен электрондук каттын мисалы:

Кайда: [email protected]

Кимден: [email protected]

Эмне жөнүндө: чакыруу

Сизди Кыргыз билим берүү академиясынын 55 жылдык юбилейин майрамдоого катышууга чакырам. Сизди урматтап – Т.Асанов.

Телеконференция – бул дагы адамдар тобунун аларды бириктирген жалпы итема боюнча баарлашуусу. Бирок мындай конференцияга катышуу үчүн бир жерге чогулуунун кажети жок. Андан башка кадимки конференциядагыдай телеконференциянын убагы чектелүү эмес. Ал айларга, жылдарга созулушу мүмкүн.



Бышыктоо:

  1. Электрондук почта деген эмне?

  2. Электрондук кат деген эмне?

  3. Электрондук почта менен кадимки почтанын айырмасы.

  4. Почта үкөгү деген эмне?

  5. Домендер деген эмне?

  6. Телеконференция деген эмне?



Баалоо: Активдүүлүгүнө карап баалоо.



Үйгө: § 2

«__»__________201_-жыл III чейрек


























Сабактын темасы: Тармактын аппараттык жана программалык жабдылышы.

Сабактын максаты:

  1. Тема боюнча окуучуларга терең билим берүү.

  1. Тармактардын аппараттык жабдылышы тууралуу тушунук беруу.

  2. Турмушта тармактын программалык колдонуусу жана анын башка кызматтарын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.


  1. Үй тапшырмасын суроо:


  1. Электрондук почта деген эмне?

  2. Электрондук кат деген эмне?

  3. Электрондук почта менен кадимки почтанын айырмасы.

  4. Почта үкөгү деген эмне?

  5. Домендер деген эмне?

  6. Телеконференция деген эмне?


  1. Жаңы тема:


Тармактын аппараттык жана программалык жабдылышы.

Тармактын аппараттык карадаттары:

Хост-машина- эси чокөлөмдүү катуу джискте жайгашкан жогорку өндүрүмдүү компьютер.Адатта түйүндүү компьютер дайыма иштеп турат, анткени ал маалыматты тармак боюнча кабыл алып, берип турат.

Байланыш линиялары-компьютер тармактарында маалымат байланыштары үчүн көбүнчө телефон линиялары колдонулат. Бул абдан ыңгайлуу жана арзан, анткени телефон байланыш системасы эчак эле уюшулган, жолго коюлган жана бүт дүйнөнү камтыйт.

Абонент терминалы- бул корреспонденцияны алуу жана жөнөтүү үчүн абонент колдонуучу персоналдык ЭЭМ.

Модем – ЭЭМ де маалымат дискреттик экилик формага ээ, телефон байланышынын зымдары аркылуу үзгүлтүксүз электр сигналдарын жиберип турат. ПКди телефон тармагына байланыштыруу үчүн алардын ишин ыргакка салуучу атайын түзүлүш керек. Мындай түзүлүш „модем“ д.а. Модуляция – бул абонент маалыматты тармакка жөнөткөндө аны дискреттик формадан аналогдук формага өткөзөт. Демодуляция – бул маалыматты кабыл алуу учурундагы кайра – өзгөртүү.

Протоколдор – компьютердик тармакта ар бир абонент компьютерлердин ар кандай маркаларын, модемдердин, байланыш линияларын, коммуникациялык программалардын типтерин колдоно алат. Ушул жабдуунун баары бир ыргакта иштеши үчүн тармактардын иши протоколдор деп аталган атайын техникалык макулдашууларга баш ийет.

Тармактын иштөө протоколу – бул кабарларды берүүнүн формаларын жана жөнөтүү жолдорун, аларды чечмелөө процедураларын, ар түрдүү жабдыктардын биргелешип иштөө эрежелерин аныктаган стандарт.



Бышыктоо:

  1. Хост-машина эмне үчүн колдонулат?

  2. Телефон линияларынын кандай кызыкчылыкта колдонушат?

  3. Абоненттин терминалы деген эмне?

  4. Модем кандай түзүлүш?

  5. Модуляция, демодуляция кандай түшүнөсүң?

  6. Протокол деген эмне?





Баалоо: Активдүүлүгүнө карап баалоо.



Үйгө: § 3.











«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Internet жана World Wide Web.

Сабактын максаты:

  1. Тема боюнча окуучуларга терең билим берүү.

  2. Интернет тууралуу тушунук беруу.

  3. Турмушта интернет жана анын башка кызматтарын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.


2.Үй тапшырмасын суроо:


  1. Хост-машина эмне үчүн колдонулат?

  2. Телефон линияларынын кандай кызыкчылыкта колдонушат?

  3. Абоненттин терминалы деген эмне?

  4. Модем кандай түзүлүш?

  5. Модуляция, демодуляция кандай түшүнөсүң?

  6. Протокол деген эмне?


  1. Жаңы тема:


Internet жана World Wide Web.

Internet өзүнө бүткүл дүйнөдөгү миңдеген локалдык, корпорациялык, региондук компьютердик тармактарды бириктирет. Жакындан бери интернет колдонуучуга тартуулаган азыркы учурдагы эң жаңы жана кызыктуу кызмат World Wide Web маалымат системасы менен иштөө мүмкүнчүлүгү болуп калды. Бул сөз айкашын WWW „бүткүл дүйнөлүк желе“ деп которулат.

Web-бети – WWW системасындагы негизги маалымат бирдиги. Ал Web-серверде сакталган өзүнчө документти камтыйт. Беттин өз аты болот, ошол аталышы боюнча ага кайрылууга болот.

Web- беттеги маалымат ар түрдүү болушу мүмкүн: текст, сүрөт, фотография, мультимедиа. Web-бетке рекламаны, маалымдама кабарды, илимий макалаларды, акыркы жаңылыктарды, көркөм чыгармаларды, сүрөт каталогдорун, аба-ырайын ж.б маалыматтарды жайгаштырса болот.

Бир Web-сервер көптөгөн беттерди камтыйт. Ушундай ар бир бир серверде „үйдүн бети“ home page деп аталган негизги бети бар.

Гипертекст – бул тексттик маалыматты уюштуруу жолу, анын ичинде ар түрдүү фрагменттердин ортосундагы ойдук маанилик байланыш – гипербайланыш орнотулат. Гипербайланыштагы сөздөр башка түс менен белгиленип турат. Сөзгө мышты алып барганда колдун сүрөтүнө өзгөрөт.

World Wide Web – бул Internet дүйнөлүк тармагын техникалык базасындагы бүт дүйнөгө таркалган гипербайланыштуу маалымат системасы.

Колдонуучуга „желенин“ тору боюнча жылыш үчүн Web броузер деп аталган атайын программалык камсыздоо жардам берет, англис тилинен которгондо browse –„карап чыгуу“, „үйрөнүү“ дегенди билдирет.

Бышыктоо:

  1. Internet деген эмне?

  2. World Wide Web деген эмне?

  3. World Wide Web системасынан кандай маалымат алса болот?

  4. Web броузер деген эмне?



Баалоо: Активдүүлүгүнө карап баалоо.



Үйгө: § 4.



















«__»__________201_-жыл III чейрек


Сабактын темасы: Мультимедиа түшүнүгү. Мультимедианын стандарттык каражаттары.

Сабактын максаты:

  1. Тема боюнча окуучуларга терең билим берүү.

  2. Мультимедиа тууралуу тушунук беруу.

  3. Турмушта мультимедиа жана анын каражаттарын туура пайдаланууга тарбиялоо.


Сабактын тиби: ______________________ сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгына жана катышуусуна көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.


2.Үй тапшырмасын суроо:


  1. Internet деген эмне?

  2. World Wide Web деген эмне?

  3. World Wide Web системасынан кандай маалымат алса болот?

  4. Web броузер деген эмне?


  1. Жаңы тема:


Мультимедиа түшүнүгү. Мультимедианын стандарттык каражаттары.

Мультимеди түшүнүгү тарыхый түрдө келип чыккан. Анын так аныктамасы жок жана эки мааниде – кеңири жана тар мааниде колдонулат.

Эсептөө техникасынын өнүгүшү менен 80-жылдардын ортосунда текстти, үндү, сөздү, графиканы жана видеону бириктирген комплекстүү документтерди түзүү, сактоо жана көчүрмөлөрүн алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай документтер мультимедиалык документтер деп аталып калган жана аларды түзүү жана көчүрмөлөрүн алуу үчүн программалар мультимедиалык программалар деп, ал эми иштер аткарылуучу жабдуулар мультимедиалык жабдуулар деп аталат.

Мультимедиа – бул бирдиктүү интерактивдүү чөйрөдө маалыматтын ар кандай түрлөрүн бириктирүүчү программалык, аппараттык жана маалыматтык каражаттардын мүнөздөмөсү.

Сөздүн тар маанисинде мультимедиа түшүнүгү үндү кайра угузууга мүмкүндүк берүүчү жана лазердик компакт-дисктер менен иштөөчү аппараттык каражаттарды билгизет.

Мультимедиа каражаттары:

  • Мультимедиалык компьютер – үн картасы жана CD-ROM дискөткөргүчү бар компьютер.

  • Мультимедиалык монитор – үн калонкалары жана үн жөндөгүчү бар монитор.

  • Мультимедиалык комплект – үн картасы жана ага байланыштырылган CD-ROM дискөткөргүчү.

  • Мультимедиалык процессор – команда системасына үн жана графикалык маалыматтарды иргеп иштетүүнү жөнөкөйлөтүүчү инструкциялардын кошулганы менен айырмаланган процессор.

  • Мультимедиалык программалык камсыздоо – курамында мультимедиалык маалыматтар жана алардын көчүрмөлөрүн алуу үчүн программалар бар, CD-ROM дискине жазылган программалык пакет.



Бышыктоо:

  1. Мультимедиа качан пайда болгон?

  2. Кеңири мааниде мультимедиа деген эмне?

  3. Тар мааниде мультимедиа деген эмне?

  4. Мультимедиалык жабдуулар деген эмне?

  5. Мультимедиалык монитор, процессор, комплект, программалык камсыздоо деген эмне?



Баалоо: Активдүүлүгүнө карап баалоо.



Үйгө: § 1.













«__»__________201_-жыл III чейрек



Сабактын темасы: Чейректик тест

Сабактын максаты:

  1. Тест бонча тереңдетип билим берүү.

2. Тест боюнча билимдерин өркүндөтүү.

3. Тынчтыкты сактоо, өз оюн айтууга үйрөтүү, классташтарын урматтоого тарбиялоо.

Сабактын тиби: Кайталоочу сабак.

Сабактын жабдылышы: «Базалык курс» китеби. Тест китеп.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашып,

класстын тазалыгына жана катышуусуна

көңүл буруп, дежурдан отчёт алуу.

2.Үй тапшырмасын суроо.


  1. Эксперт деген ким?

  2. Билим базалары жөнүндө айтып бергиле.

  3. Маалымат базасы деген эмне?

  4. Маалымат базасынын түрлөрүн айтып бергиле.

  5. Иргөө, издөө жана сактоо жөнүндө эмне билесиңер?


Тест.


1.Кандайдыр бир тема боюнча белгилүү тартипте уюштурулган маалыматтын жыйындысы эмне деп аталат?

А)графикалык база Б)маалымдар базасы В)документтик


2. Белгиленген катар эмне деп аталат.









?

А)менюсу Б)системасы В)интерфейси Г)аппараты


3.Программалык камсыздоо канча класска бөлүнөт?

А)2 Б)3 В)4 Г)5


4.Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы программалоо тилине кирбейт?

А)paskal Б)basic В)Delphi Г)Fortran


5.Сүрөттөрдү түзүүдө, чиймелерди чийүүдө кайсы редактор колдонулат?

А)текстик Б)тармактык В)таблицалык Г)графикалык


6.Драйвер деген эмне?

_____________________________________________________

__________________________________________________________________________________________________________


7.Программалары жок персоналдык комьютерди эмнелерге салыштырабыз?

__________________________________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Бышыктоо: Түшүнбөгөн суроолорго жооп берүү.



Баалоо: Туура белгилегенине карап баалоо.


Үйгө: Үйдөн кайталоо.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!