Сабактын темасы: Муун жана ташымал.
| Сабактын максаты: | Компетенттүүлүктөр: |
1 | Билим берүүчүлүк: Окуучулар муун жана анын түрлөрү,ташымал жөнүндө түшүнүктөрүн толук ташат. Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылы гы жөнүндөгү билимдерин кеңейтишет | Маалыматтык-компетенттүүлүк: Муундун түрлөрүн аташат,сөздөрдү туура ташымалдоо эрежелерин билишет.Ч.Айтматов жөнүндө тексттин мазмуну боюнча өз оюн айтып беришет |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: Сөздөрдү муунга туура ажыра- та алышат,муундун түрлөрүн аныктай алышат, муунга карай сөздөрдү туура ташымалдоо көн дүмдөрүн өнүктүрүшөт,текстти окуп изилдей алышат. | Социалдык-коммуникациялык:Тексттеги 4-сүйлөм дөгү сөздөрдү муунга ажыратып түрүн аныктай алышат, ташымалдоого мүмкүн болбогон сөздөрдү айтышат,тексттеги 1-2-сүйлөмдөрдү туура,сулуу жазууга машыгышат |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Улуу адамдардан өрнөк алууга,алардын эмгектерин баалоого тарбияла- нышат | Тарбия берүүчүлүк:Ч.Айтматовдун чыгармаларын атап беришет,анын чыгармачылыгындагы ийгилик терине баа бере алышат |
Сабактын жабдылышы: слайддар,карточкалар,баалоо каражаттары,Ах4 барактары,маркерлер
| Сабактын этаптары | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучулардын ишмердүүлүгү | Баалоо |
1 | Уюштуруу | Жагымдуу маанай түзүү. -Букеттин ичинен тандап алган кагазда жазылган жакшы каалоо-тилек сөздөрдү кимге айтат элең? | Бири-бирине каалоо-тилек айтышат | Ыраазычылык билдирүү |
2 | Өтүлгөн материалды кайталоо | Доскада жазылган сөздөрдүн үстүндө коюлган сан боюнча муундарды кураштырсаңар катылган сөздү табасыңар. Слайд№1 Жаратылыш1, казуу2,обончу3 | Катылган сөздү табышат: жазуучу | Мактоо |
3 | Мээ чабуулу | -Жазуучу деген ким? Ал эмне иш кылат?Жазуучулардан кимдерди билесиңер? Быйыл кайсы жазуучу нун 90 жылдыгы белгиленет? Ал жөнүндө эмне билесиңер? | Суроолорго ой жүгүртүп жооп беришет | Жылдызча берүү |
4 | Сабактын темасын аныктоо,максатын түзүү | -Сабакта эмне жөнүндө сөз болот деп ойлойсуңар? Сабакка кандай максаткоёлу?Слайд№2,№3”Сабактын темасы”,”Сабактын максаты” | Сабактын темасын айтып, максатын чогуу түзүүгө катышат | Ыраазычылык билдирүү |
5 | Жаңы теманы түшүндүрүү | 1)Эреже менен тааныштыруу. Слайд№4 “Сөздө канча үндүү болсо,ошончо муун болот” Слайд№5 “Муундун түрлөрү” 2)Текстти изилдөө Слайд №6 Ч.Айтматовдун сүрөтү Слайд №7 “Чыңгыз Айтматов” деген текстти абзац боюнча окуп суроо берүү менен мазмунун түшүндүрүү 3)Ч.Айтматов жөнүндөгү сүрөттөр менен иштөө:Слайд №8 “Шекер айылы” Слайд №9“Ч.Айтматовдун атасы,апасы” Слайд №10 “Чыгармалары” | Эрежени угуп түшүнөт, кайра айтып беришет Слайд боюнча текстти угуп мазмунун түшүнөт, суроолорго жооп бере алышат Слайддагы сүрөт боюнча өз ойлорун баяндап беришет | |
6 | Практикалык иштер | 1)Дептерге жазуу.1-көнүгүү Акыркы сүйлөмүн муунга бөлүп жазгыла 2)Карточкадагы суроолорго жооп бергиле. -Ч.Айтматов качан жана кайсы жерде төрөлгөн? -Анын ата-энеси кимдер болгон? -Ч.Айтматов согуш учурунда ким болуп иштеген? -Анын эң алгачкы чыгармасы кайсы? | Сүйлөмдү муунга бөлүп жазышат 4 топ 1ден суроого ой жүгүртүп жооп берет | Жылдызча берүү |
7 | Эс алуу | “Мектепте” ыры | Ырды айтып кыймыл жасашат | |
8 | Практикалык иштер(улантуу) | 3)Дептерге жазуу. 3-көнүгүү Тексттин 1-3-сүйлөмдөрүн көчүрүп жазгыла.Ташымалдоого болбой турган муун барбы?Байкагыла. 4)Оозеки иш. 4-көнүгүү.Тексттин 4-сүйлөмүндөгү сөздөрдү муунга ажыраткыла.Муундун түрүн аныктагыла. Слайд№11 5) 5-көнүгүү.Ч.Айтматовдун кандай чыгармаларын билесиңер?Аларды үлгүгө карап муунга бөлүп жазгыла. | Тексттеги 1-3- сүйлөмдү жазып байкагандары боюнча айтып берет Сөздөрдү муунга ажыратып, кайсы түрдө экенин айтып беришет | Мактоо, Жылдызча берүү |
9 | Бышыктоо | Сүйлөмдөгү туура эмес муунга ажыратылган сөздөрдү тапкыла: “Мек-ен де-ген а-лп сөз-дүн кут түш-көн о-чо-гу сы-як-туу, а-ла-кан-дай бор-бо-ру бо-лот э-мес-пи. Ме-нин ме-ке-ним-Ше-кер а-йы-лы”Слайд№12 Суроо: Бул фраза кимге таандык? | Тапшырманы топ менен аткарышат,презентациялашат | Мактоо, Жылдызча берүү |
10 | Жыйынтыктоо | -Сабакта эмне жөнүндө билди- ңер? Эмне түшүнүксүз болду? Сабак сага жактыбы? | Сабак жөнүндө өз ойлорун билдиришет | |
11 | Үйгө тапшырма | 6-көнүгүү.Ч.Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу китепче жасагыла | Үй тапшырмасын белгилешет | |
12 | Баалоо | -Бүгүнкү сабакта кимдерди кантип баалайбыз? Топтогон жылдызча- ңарды санагыла. | Топтогон жылдызчаларын санашат,топто бири-бирин баалашат | |