Уюштуруу | 3 мин. | Топторго бөлүү,сабакта активдүү катышкан топко жана оккуучуларды баалоо системасы менен тааныштыруу. -Бүгункү сабагыбызда Кыргызстандын балык чарбасы жана тоок фермасы менен алектенген ишкерлеибиз менен тажрыйба алмашабыз. | Окуучулар топторго бөлүнүшөт жана баалоо системасы менен таанышышат. | | | |
2.Өтүлгөн теманы кайталоо | 3-5 Мин | Мугалим окуучуларга өтулгөн темалар боюнча кыскача аңгеме жургүзөт. 1. Популяциянын динамикасы деген эмне? 2.Популяциянын жыштыгынын азайышына эмнелер таасир этет? 3.Популяциянын санын тейлениши үчүн зарыл болгон факторлор? 4.Биотикалык потенциал мааниси эмнеде? 5.Популяциянын санынын тейленишине жана жыштыгына чектөөчү факторлорду атагыла? 6.Биотикалык потенциал менен чөйрөнун каршылыгы барабар болсо анда? | Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен популяциянын санынын өзгөрүшү жана тейлениши жөнүндө өз ойлорун ортого салышат. | | | |
3.Жаңы теманы өтүү | 5-7 мин | Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында ген,генотип жөнүндө талкуу жүргүзүп сурап алат. Окуучулардын оюн угуп,тема боюнча түшүндүрмө берет. Тустүү сүрөттөр колдонулат. Мугалим төмөнкүлөр боюнча кыскача айтып берет. П опуляциянын өздүк генетикалык структурага ээ болушу – генофонд деп аталат. Генофонд- популяциянын жандыктарынын генотиптеринин жыйындысы.Ар кандай таасирлердин таасиринде популяциянын генофонду дайыма өзгөрүп турат: -генотиптердин өзгөрүшү - тандалуу процесси менен байланышкан. Ч.Дарвин: айрым жандыктарга таандык болгон касиеттери аларга ыңгайсыз шартта жашап кеткенге жана тукум бергенге мүмкунчулүк берет.Мисалы: суук жерде жашаган организмдерде жылуулукту сактап калуучу касиетин аныктаган гендери бар генотиптер көбүрөөк жолугат.Башка учурларда алардын жашап кетишине жандыктардын түсүн аныктоочу гендер көмөктөшөт. Мунун себеби башкаларга жем болгон жаныбарлардын жашоосунда айлана-чөйрөгө шайкеш келген жашыруун түс чоң мааниге ээ. П опуляциянын саны өзгөргөндө ар кандай генотиптердин жыштыгы өзгөрөт, айрым генотиптер көбөйүп,башкалары жок болуп кетиши ыктымал.Мында жандыктардын миграциясы алардын гендеринин мутациясына,гендердин жаңы комбинациясына алып келет. Организмдер генотиби боюнча бирдей болгону менен генотиби боюнча айырмаланат.Себеби мутацияга дуушар болгон гендердин көбү рецессивдик мүнөздө болгон соң, фенотиптин өзгөрүшүнө алып келбейт.Ошондой эле адамдын кан топтору да ар кандай гендер менен аныкталат.Мутациялар өзү ыңгайлашуу мүнөзгө ээ эмес,алардын көбү өрчүү процесстерин бузгандыктан зыяндуу келишет.Айрым пайдалуу мутациялар жана алардын комбинациясы турдүн, жаныбарлардын пародаларынын жана өсүмдүктөрдүн сортторунун өзгөрүшүнө алып келет. Эволюциянын эң жөнөкөй кубулушу. Айлана-чөйрөнүн шарттарынын салыштырмалуу туруктуулугунда же кандайдыр бир чоң таасирдин чоң басымы болбогондо, популяциянын генетикалык түзүлүшү анча өзгөрбөйт. Эгерде сырткы бир нече факторлордун басымы анча күчтүү эмес, бирок туруктуу болсо,анда популяциянын генофонду багыттуу өзгөрөт.Мисалы: дрозофилланын санын өзгөртүү боюнча тажрыйбасы. Мында түтүкчөлөрү көбүрөөк жандыктарды алып,көбөйтүп 20 муундун жашоо убактысынын ичинде мындай тандоо жакшы жыйынтыкка алып келет.Кийинки муундун дрозофиллаларынын түкчөлөрүнун саны салыштырмалуу көбүрөөк болгон.Андан кийин бул жандыктардын көбөйүшү кескин түрдө азайып кетет.Аларды жок болуп кетүүдөн сактоо үчүн тандоону токтотушат.Тандоодо дрозофиллалардын популяциясы түкчөлөрдүн саны боюнча белгилүү тең салмактуулукка келип,аны узак убакыт сактайт.Ушул популяциядагы жандыктардын арасында кайра тандоо жүргүзүлүп, түкчөлөрдүн саны дагы көбөйтүлөт. Бара-бара 24-муунда дрозофиллалардын жаңы тобу топтолот.Тандоону токтоткондон кийин да дрозофиллалардын түкчөлөрүнүн саны азайган жок.Популяциянын генотиптик курамынын өзгөрүшү эң жөнөкөй эволюциялык кубулуш.Популяциянын генофондунун багытуу өзгөрушү эволюциянын сөзсүз керектүү өбөлгөсү. | Ген жана генотип жөнүндө айтып беришет. Эволюциянын эң жөнөкөй материалы генофонд жана генефонддун багыттуу өзгөрүү кубулушу жөнүндө түшүнүктөрдү алышат. Теманын үстүнөн талкууларга активдүү катышышат. Түшунбөгөн жерлерин мугалимден сурашат. Мугалимге суроо берүүнү,өз оюн кенен айтууга үйрөнушөт. Эволюциянын эң жөнөкөй материалы жана кубулушу. маалыматтарга ээ болушат. | | | |
4.Жаңы теманы бышыктоо | 15 мин. | Жаңы теманы бышыктоо үчүн топторго тапшырмалар берилет. 1.Популяциянын генофондун сактап калуу үчүн силердеги иш-аракеттер? 2.Жаныбарларда пайдалуу мутация пайда болуусу үчун кандай аракеттерди көрсо болот? | Окуучулар берилген тапшырманы топтордо аткарышат. | | | |