Уюштуруу моменти Шыктандыруу а ) Саламдашуу б ) Жагымдуу маанай түзүү в ) Уюштуруу | 2мин | Саламатсыңарбы окуучулар? Мугалим окуучулар менен айлана турушат. Бүгүнкү сабактан эмнелерди күтөсүң? деген суроого жооп алат. -Маанайынар жакшыбы? -Бири-бирибизге жылмаюу тартуулайбыз. Мугалим окуучуларга тамгаларды берет. - Өңдөрү боюнча бири-бириңерди тапкыла. Топторго бөлүнүшөт. | Сабакка даярданышат, бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат. Шыктанышат. Окуучулар тамгаларды алып, топторго бөлүнүшөт. 1-топ кыска үндүүлөр 2-топ созулма үндүүлөр 3-топ каткалаң үнсүздөр 4-топ жумшак үнсүздөр 5-топ еттошкон тамгалар | Кубат-тоо | |
Тема: Максат: | 3мин | Кайталоо сабагы Сабактын темасы: Кайталоо сабагы | Угушат, суроолор болсо беришет. Тема, максат менен таанышат. Баалоо критейийлери менен таанышат. Алтын эреже Сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Көрө-көрө көсөм болот. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Өзүн сыйлабаган, өзгөнү сыйлабайт. Ырыс алды- ынтымак. Убакыт алтындан кымбат. | | |
Окуучулардын билимин актуалдаш-тыруу | 5мин | Биз буга чейин балдар тыбыштар менен тааныштык. Кыргыз тилиндеги бардык тыбыштарды өтүп бүттүк. Бүгүнкү сабакка силердин досторуңар Актан, Акылай келиптир. Силер тыбыштардын баарын билдиңерби,билгиси келип жатат. Билип ал! Сөздөгү айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбышты тамга менен жазабыз. Тыбыштарды-угабыз, айтабыз. Тамгаларды- көрөбүз, жазабыз. Билип ал! Жалаң гана үн катышып айтылган тыбыштар үндүү тыбыштар деп аталат. | 1-топ кыска үндүүлөр (8) Кыска үндүүлөр: а, о, у, ы, ө, э, и, Ү 2-топ созулма үндүүлөр (6) Созулма үндүүлөр эки тамга менен жазылып, бир тыбышты берет. 3-топ каткалаң үнсүздөр (10) Айтылганда тоскоолдукка учурап, көбүнчө шыбыш менен айтылса, үнсүз тыбыштар деп аталат. 4-топ жумшак үнсүздөр (12) Жумшак үнсүздөр 12. Алар б,в,г,д,ж,з,й,л,м,н,ң,р . Бул тыбыштардын ининен б,д,ж,з,г,в нын түгөйлөрү бар. 5-топ еттошкон тамгалар (4) Еттошкон тамгалар 2 тыбыштан турат. йа-я, йо-е, йе-е, йу-ю | | |
Өтүлгөндөрдү кайталоо | 5мин | 1-сөздөрдү окушат. Сүйлөм курашат. 3-Суйлөмдөрдү бириктирип, текст курашат. Суроолорго жооп беришет. Тапшырмаларды аткарышат. Мугалим окуп берет. | 1-сөздөрдү окушат. Сүйлөм курашат. 3-Суйлөмдөрдү бириктирип, текст курашат. Кыштын белеги 1-топ. Кыш кел-генде кар жаап, суу-лар-дын бети муз болот. 2-топ. Кыштын эң суук мез-ги-лин кыр-гыз-дар чилде дешет. Чилде кырк күнгө созулат. 3-топ. Кы-шын-да те-ре-зе-ге ар кандай сонун сү-рөт-төр чий-ме-ле-нип калат. Аны кыроо дейбиз. 4-топ. Кыштын бизге берген белеги көп. Ал аппак кар алып келет. 5-топ. Кыш Жаңы-Жылды алып келет. Жаңы-Жыл менен кошо Аяз ата ар бир үйгө кирет. Ал бизге көп-тө-гөн бе-лек-тер-ди тар-туу-лайт. | | |
Рефлекция (кайтарым байланыш) | 7мин | Мугалим окуучуларга бүгүнкү сабакта Актан, Акылай силерге ыраазы болушту. Ким эмнени каалап жатат, бул жерден келип тандап алгыла. (коньки, моюн орогуч, пальто, чана ж.б) -Ким бүгүн сабакта мен бардык тапшырмаларга активдүү катыштым, бардыгын түшүндүм дегендер- жашыл өңгө, менде суроо бар дегендер-сары түскө, бүгүн сабак мага жаккан жок, түшүнгөн жокмун дегендер-кызыл түскө боегула. Суроо берилет. | -Канча тыбыш бар? -Үнсүз тыбыштар кайсылар? Сүрөттөрдү боешот. | Өзүн-өзү баалоо, топтор дун баалоосу | |