СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабатка үйрөтүүдөгү методдордун тарыхый мүнөздөмөсү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабатка үйрөтүүдөгү методдордун тарыхый мүнөздөмөсү»

Тема: Сабатка үйрөтүүдөгү методдордун тарыхый мүнөздөмөсү


Сабатка үйрөтүүнүн методикасы-бул эне тилин окутуу методикасындагы тарыхый негиздердин катарына кирет. Сабатка үйрөтүүнүн методдорун изилдөө тарыхында орустун педагогдору К.Д.Ушинский, Л.Н.Толстой, В.П.Вахтеров ж.б. салым кошкон. Илимдин калыптанышында жана өнүгүшүндө анын тарыхый методдорунун басып өткөн жолу өзгөчө орунду ээлейт. Ал эми бул илим менен бирге кыргыз тилинин өнүгүү этаптары дагы белгилөөгө болот. Академик Б.М.Юнусалиев жалпы элдик кыргыз тилинин калыптанышын үч доорго бөлөт.

А) Байыркы б.а.9-10 кылымдарга чейинки кыргыз тили.

Б) Орто кылымдын б.а.15-16 кылымдарга чейинки кыргыз тили.

В) Жаңы кыргыз тили доору,б.а.16-кылымдан баштап азыркы мезгилге чейинки кыргыз тили.

Тилдин өнүгүү жана калыптануу этабындагы өзгөрүүлөр сабатка үйрөтүүнүн өнүгүү стадиясында өз салымын кошо алган. Ал эми окутуу процессинде баланы окууга жана жазууга үйрөтүүдөгү методдордун топтому кылымдар бою изилденип, жаңы баскычка көтөрүлүүдө. Улам доордун алмашуусу менен кыргыз эли өзүнүн узак кылымдык тарыхында башка түрк элдери менен бирдикте Орхон Эне-Сай, уйгур, араб, латын, орус жазуу системаларын колдонуп келген. Улуу Октябрь революциясынан кийин 1924-жылы кыргыз элинин өз элине ылайыкталып реформаланган араб алфавити кабыл алынгандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин бир нече методдор колдонулуп келди.

Алар төмөнкүлөр;

  1. Тамга методу.

  2. Муун методу.

  3. Тыбыш методу.

  4. Бүтүн сөз методу.

  5. Анализ-синтез методу.

Тамга методу.

Тамга методу кыргыз элине тилден тике өтпөстөн, уйгур (кашкардан), өзбек, татар элинен келген молдолор араб тамгасын кыргыздарга тараткан. Негизи бул метод байыркы методдордун катарына кирет. Эң абал Грецияда, Римде колдонулат да, андан кийин Европа, Азиядагы элдерге тарайт. Бул методду араб тамгасынан кандай алынса, кыргыздарга ошол тартипте үйрөтүшкөн. Ар бир тамганын өзүнчө катары болгон. Мисалы; А-алиф, Б-бээ ж.б. Алиппе деген сөз ушул эки тамга аркылуу келип чыгып, азыркы ''Алиппе'' окуу китептеринин аталышынын негизи да ушундан келип чыккан.

Бул методду колдонуу төмөнкүдөй жүргүзүлгөн. Балдар тамгаларды алфавит тартиби боюнча жатташкан. Андан кийин сөздөрдөн муун курашкан, ошол муундан кураалган сөздөрдү жатташып окушкан. Ар бир балага жекече сабак берүү менен иш алып барылган.

Ушул метод менен окуганды үйрөтүү үч этапка бөлүнгөн;

1. Ар бир тамганын атын үйрөтүү.

2. Тамгалардан муун түзүп окуу.

3. Тамгалардан сө түзүп окуу. https://goo.gl/forms/46kSND9iML32Hjs82

Муун методу.

Муун методу эң алгач Римдиктерде колдонулган, андан кийин Азия элдерине таркаган. Муун методу сөздөгү муунду окууга, ошол аркылуу окууну, жазууну үйрөнүүгө мүмкүн болгон. Биринчи эле тамгаларды окушкан (жатка үйрөнгөн). Андан кийин муундарды окушкан, эң мурда эки тамгалуу, андан кийин үч тамгалуу муундарды окушкан (ба,би,бе,бел). Кээ бир учурда үндүү тамгаларды, андан кийин үнсүз тамгаларды үйрөтүү менен муунду окутуу иштери жүргүзүлгөн. Тамга методуна салыштырганда муун методун үйрөтүү бир топ жеңил болгон.

Тамга методуна салыштырганда муун методунун өзгөчөлүктөрү.

1. Эжелеп окутуунун ордуна муун боюнча окуткан.

2. Тамга методунда жазуу жумуштары жетишээрлик түрдө жүргүзүлбөгөн. Ал эми муун методунда окуу, жазуу жумуштары бирдей жүргүзүлгөн.

3. Муун методунда дидактикалык принциптер сакталбаган. Балдар муундарды курулай жаттоо менен гана окушчу. Муундарды тыбыштарга ажыратуу, аларды анализдөө болгон эмес.

Тыбыш методу.

Тыбыш методу Россияда 19-ккылымдын 40-жылдарында таралып, мектептеринде окутулган. Буга чейин тыбыш методу ушул эле кылымдын 30-жылдарында франциялык педагог Ж.Жакото, андан кийин педагогдор В.А.Золотов, Ф.Д.Судитский тарабынан колдонулган.

Тыбыш методун үйрөтүү:

  1. Бир нече үндүү тыбыштарды (а,у,о,ы,и), андан кийин бир нече үнсүз (р, с, м, ш) тыбыштарды үйрөтүү, ал тыбыштарды бири-бирине кошуп алуу иштери жүргүзүлгөн.

  2. Алгач үндүү, үнсүз тыбыштарды, андан кийин ошол тыбыштардан куралган муундарды окуткан.

Мында ичке, жоон үндүүлөр катышкан муундарды окутуу иштери коюлган. Бирок, бул методдун кемчилдиги-окуучу окуп жаткан сөздөрүндөгү муундарды кандай тыбыштан куралгандыгын билишкен эмес, куру эле жатташкан.

Тыбыш методунун эккинчи түрү синтез методу болгон, анын жактоочулары немец элинин педагогу Г.Стефани (19-кылымдын башталышында) тыбыш, тамга, тамгалардын аталышы, үндүү, үнсүз тыбыштардын биригүүчү түшүнүктөрүн жактаган. Ал эми орустун улуу педагогу Н.А.Корф ''Сабаттуулукка үйрөтүүнүн колдонмосу'' деген эмгегинде бир нече үндүү, үнсүз тыбышты алып, аларды бири бирине кошуп, ошол тыбыштан куралган муундарды окуткан (ма, му, ым, ум). Андан кийин жаңы тыбыштарды алып, муун, муундан сөз түзүлгөн(на,ма,ша,ка). Мында бала курулай жаттоо менен гана чектелген. Тыбыш методу кыргыз башталгыч класстарында Улуу Октябрь революциясынан кийин, т.а.1921-жылдан колдонула баштаган. Ушул жылы тыбыш методу менен түзүлгөн казактын алиппеси окутулган.

Кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган тамгалар 1924-жылда кабыл алынган. Ошонун негизинде биринчи алиппе китеби түзүлгөн. Эң биринчи кыргыз алиппеси И.Арабаев тарабынан түзүлүп, 1924-жылы Ташкентте жарык көргөн.

Бүтүн сөз методу.

Бүтүн сөз методу 19-кылымдын 20-жылдарында Америкада колдонулган. Американын мектептеринде эки же үч ай бою бир нече сандаган сөздөрдү жаттаткан. Жаттап алган сөздөрүн балдардын өздөрүнө окуткан.

Бүтүн сөз методу орус мектептеринде 1917-1931-жылдары колдонулган. Анда окутууда мугалим эң мурда сөздү доскага жазат. Аны бир нече жолу окуучуларга окуп берет. Окуучулар мугалимди ээрчип окушат. Ал сөздү талдап муунга, тыбышка ажыратылбайт. Бала сөздү муунга, муунду тыбышка ажыратып талданбаган, ошонун натыйжасында сөздү туура окуй албаган, курулай жаттоо менен гана чектелген. Жазуу иштери дагы ушундай абалда болгон. Ошондуктан, бул метод окуу ишин толук канаттандыра алган эмес.

Кыргыз мектептеринде бүтүн сөз методун 1928-жылдан баштап колдонула баштаган. Мында негизги максат-сүрөттү карап, алдыдагы сөздү үйрөнүү менен бирге тыбышты да билсин деген ой берилген. Бирок, бүтүн сөз методу боюнча окутуу натыйжа берген эмес. Бул метод 1930-жылга чейин окутулуп келинген. 1931-32-окуу жылына карата ''Кичинекей колхозчу алиппеси'' аттуу окуу китебин окутуунун жолун көрсөткөн методикалык пособия сүйлөм методунун негизинде түзүлгөн. С.Наматовдун ''Биздин методикабыздын'' деген китепчесинде; ''Кичинекей колхозчуну түзүү иши, айрым сунуштар боюнча сүйлөм методу менен түзүлдү'' делинген. Сүйлөм методунда сүрөт, сүрөттүн астында сүйлөм берилген. Бул методду үйрөтүү татаал болгондугуна байланыштуу, кийинки окуу жылында алынып салынган. Ушул окуу жылынан баштап, тактап айтканда, 1933-жылдан баштап кайра бүтүн сөз методуна өткөрүлүп, С.Наматовдун ''Биздин алиппеси'' түзүлүп, алиппени окутуунун методикалык каты жарык көрөт. Бүтүн сөз методу 1934-35-окуу жылына чейин колдонулган. Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтен улам, жакшы натыйжа бере алган эмес. Ошондуктан, бул метод азыр колдонулбайт. 1936-жылдан баштап анализ-синтез методуна өткорүлгөн.

Анализ-синтез методу

Батыш Европага анализ-синтез методун 19-кылымда А.Грезер, А.Дистерверг, К.Фоген, Россияда К.Д.Ушинский, анын шакирттери Д.Тихомиров, В.П.Вахтеров, В.А.Флеров, В.И.Водовозов, Н.Ф.Бунаков ж.б. ишке ашыруучулардан болушкан. К.Д.Ушинскийдин ''Эне тили'', ''Азбука'', «Эне тилин окутуунун методикасына көрсөтмө» (1864) аттуу эмгектери анализ-синтез методун окутууга арналган.

К.Д.Ушинский өзүнүн методикасында анализ-синтез методун бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген. Анын методикасынын баалулугу сабатка үйрөтүүдөгү кеп өстүрүү менен байланыштыргандыгында.

Сабатка үйрөтүүнүн биринчи күнүнөн тартып бала элдик оозеки чыгармалардын мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруунун системасын бөлүп көрсөткөн. Анализ-синтез методу чындыгында, баланын кебин өстүрүүгө, аңгемелешүүгө, окуу жана жазуунун байланышы-бул баланын ойлоо жөндөмдүүлүгүн өөстүрүүгө бир топ шарттарды түзө алган.

К.Д.Ушинский тыбыштык талдоого карата бир нече ыкмаларды сунуш кылган. Алар ушу күнгө чейин колдонулуп келүү менен педагогикалык-психологиялык негиздери иштелип чыгылды. К.Д.Ушинский ''Эне тилинде'' тамгаларды жана тыбыштарды алфавиттик катары боюнча үйрөтүүдөн баш тарткан, эң алгач үндүүлөрдү, йоттошкон тамгаларды, жумшак жана каткалаң үнсүздөрдү катары менен үйрөтүүнү көрсөткөн. Бул методдун ушул кезге чейин колдонулушу окутуу процессинде, т.а. баланын кат сабатын ачууда баалуу салым кошо алгандыгында.

Анализ-синтез методунун түзүлүшү.

  1. Анализдөө: КЕПТИ СҮЙЛӨМГӨ, СҮЙЛӨМДҮ СӨЗГӨ, СӨЗДҮ МУУНГА,МУУНДУ ТЫБЫШКА АЖЫТТЫРУУ, ОШОЛ ТЫБЫШТЫН ТАМГАСЫН ТААНЫТУУ.

  2. Синтездөө: Ошол ТЫБЫШТАН МУУН, МУУНДАН СӨЗ, СӨЗДӨН СҮЙЛӨМ ТҮЗДҮРҮҮ

  3. Жазуу иштерин жүргүзүү. Мында тамганын элементине окшош заттардын сүрөтүн тарттыруу, тамганын элементин,андан кийин өзүн жаздыруу.

  4. Тыбыштарга сөз түзүү жана анын тамгасын жазуу, жаздыруу, окутуу.

Анализ-синтез методунун башка методдордон өзгөчөлүгү;

  1. Окууга көндүрүүгө карата болгон даярдыктар.

  2. Көрсөтмөлүүлүгү.

  3. Тыбышка машыктыруу жумуштарынын туура айтылышы.

  4. Окуу менен жазуунун бирдей алынып берилиши,байланыштуулугу.

  5. Жазуу жумуштарына каратаболгон даярдыктар,көнүгүүлөр.

  6. Окуучулардын кебинин өсүшүнө айрыкча багытталышы.

  7. Туура, сезимдүү окуу ишине айрыкча көңүл буруу ж.б.

Анализ-синтез методу кыргыз мектептеринде 1936-жылдан баштап колдонулду. Анализ-синтез методу боюнча окуучуларды окуу жазууга үйрөтүү ииши алиппеге чейинки, алиппе мезгили, алиппеден кийинки мезгил болуп үчкө бөлүнөт. Алиппе окуу китептери ушул система боюнча түзүлүп келүүдө.. Анализ-синтез методу боюнча 1936-40-жылдары К.Каримов, Т.Актановдун, 1940-52-жылдары Т.Актанов, Н.Абрамовдун, 1952-60-жылдары Н.Кангельдиев, М.Жаңыбаевдин, 1962-90-жылдары С.Турусбеков, Б..Рысбекованын, 1992-98-жылдары З.Маразыкова, А.Абдразакованын. 1998-жылдан С.Рысбаевдин авторлугу менен түзүлгөн алиппе китептери колдонулуп келүүдө.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!