СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбия саат 4-класс

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбия саат 4-класс»












28...Тазалык - өмүрдүн мүлкү.

29...Сабак окуунун жана даярдануунун эффективдүү жолдору

30... Жардам берүү – коомдук милдетибиз






















29. Тазалык - өмүрдүн мүлкү.

А: Окуучуларга суроолор.

  1. Коомубузду таза деп ойлойсуңарбы?

  2. Тишиңерди күндө тазалайсыңарбы?

  3. Өзүңөрдүн тазалыгыңарга кантип көңүл бурасыңар?

Б: Теманы түшүндүрүү.

Тазалыкты, таза болууну бир канча категорияга бөлсөк. Дененин тазалыгы, чөйрөнүн тазалыгы, ички дүйнөнүн тазалыгы, ж.б.у.с. Бул темада көптөгөн китептер жазылып келген, себеби, тазалык бул биздин жашообуздун кепилдиги. Денебиздин, чөйрөбүздүн, коомубуздун тазалыгы – бул дүйнөдө узак жашоого себеп болсо, ички дүйнөбүздүн, рухубуздун тазалыгы – наркы дүйнөдө аман болушубузга түрткү болот. Бул жерде да бүт ушул тема боюнча сөз кылсак, узакка созулат, ошондуктан денебиздин тазалыгы боюнча сөз кылганга аракет кылалы.

Тазалык – түрдүү кирлерден, зыян, ашыкча нерселерден арылуу дегенди билдирет.

Жаратылыштын, табияттын өзгөчөлүгү - өзүн тазалоо механизминин иштеши. Микро-организмдерден кара тешиктерге чейин баарында тазалоо функциясы бар. Мисалы, өлгөн карганы башка карганын көмүшү, көздү тазалап турган карек, чаңды жок кылган жамгыр, микропторду өлтүргөн кар. Адамда да тазалыкка карата көңүл буруу, кир карата жийиркенүү сезимдери жайгашкан. Бир адам өзүнүн тазалыгына маани берсе да, бербесе да, мамиле кылган адамдардан тазалыкка көңүл буруусун каалайт. Коомдо да өзүн таза алып жүргөндөрдүн кадыр-баркы болот. Демек, ар бирибиз тазалыкка көңүл бурсак, жеке да, коом катары да, кадыр-баркка ээ болобуз. Ал үчүн эмне кылыш керек. Денебизди жана кийимибизди кантип таза алып жүрүүгө болот?

Денебиздин тазалыгы: Дене таза болуш үчүн самындын жардамы менен 37-38 градустагы сууну колдонуш керек. Күндө болбосо да, эки күндө бир, же жок дегенде жумада бир жуунуп туруш керек. Денеге суунун тийиши денедеги энергияны теңдештирет. Түрдүү оорууларга пайдасы тийгени, териге, психикага, кандын айланышына жардам бергени анык. Кээде муздак душтун да ушундай пайдалары бар. Муздак душ ала албагандар душтан кийин кол, бет жана буттурды муздак суу менен жууса да сергип, кандын айланганын сезишет. Өтө ысык суу менен жуунуп, катуу мочалка менен ышкоо териге зыян бериши мүмкүн. Көпчүлүк түшкөн, суу айланбаган бассейиндерге мүмкүн болушунча түшпөш керек.

Колдорубуздун тазалыгы: Башкалар менен учурашканда, бир нерсе бергенде, кармаганда, тамак жегенде колдорубузду колдонгондуктан колдорубуздун тазалыгына көңүл бурушубуз керек. Тамактан мурун жана кийин, уйкудан турганда, тамак-аш азыктарын кармарда, тамак даярдарда, жаныбарларды кармагандан кийин колдорубузду жуушубуз керек. Колду жууганда тырнактардын түбүндө топтолгон микроптордун жуулушу кыйыныраак болгондуктан, тырнактардын бир жумада бир алынып турганы жакшы болот. Туалет сыяктуу жерлерден чыкканда колду самын менен жуу керек.

Жүзүбүздүн тазалыгы: Жүзүбүз мойнубуз менен бирге жууганда, баш ооруп жатса ооруганы басаңдайт, баштагы кандын айланышы жакшырып, сергек боло түшөбүз. Көчөдө жүргөндө көчөдөгү ар түрдүү чаң, машиналардын түтүнү, чаң менен көтөрүлгөн микроптор бетибизге жармашат. Ошондуктан бат-бат жууп турганда пайда бар.

Буттардын тазалыгы: Адам тердегенде, өзүн ыңгайсыз сезип душ алат. Нары-бери басканда бут да тердейт. Тер менен кошо денедеги кээбир заттар бөлүнүп чыгат. Ошондуктан күндө өзгөчө бармактардын арасын кошуп жууп, анан жакшылап кургатып алыш керек. Себеби, нымдуу жерде грибоктордун көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Ошондой эле, байпактардын жана бут кийимдин тазалыгана көңүл буруш керек. Байпактарды бат-бат алмаштырып, бут кийимдин да ыңгайлуусун жана кыспаганын тандаш керек. Кыскан бут кийим теринин өйкөлүшүнө жана буттун бат тердешине себеп болот. Бут кийимди да кез-кезде жууп туруш керек. Бутту жууганда тырнактардын түбүндө топтолгон микроптордун жуулушу кыйыныраак болгондуктан, тырнактардын бат-бат алынып турганы жакшы болот. Тырнакты түз алганда пайда бар, себеби, буттун этине батышы мүмкүн. Ал эми колдукун айлантып алса болот.

Ооздун жана тиштердин тазалыгы: Тилекке каршы өлкөбүздө адамдардын жаш кезинен эле тиштери курттап, ооруп, түшүп жатат. Бул, тиштерибизге керектүү мамиле жасабай жатканыбызда. Тиштерибизди коргоонун бир жолу шетка менен жууп туруу. Тамактануудан 1.5 сааттан кийин аз паста менен жууш керек. Шетканы үч айда бир алмаштырып туруш керек. Тазалаганда шетканы эттен тишке карай сүртүш керек. Шекер жана карбонгидрат кошулган нерселерди жегенден кийин оозду суу менен жууп же бираз суу ичип алыш керек. Оорубаса деле тиштерди алты айда бир стоматологго көрсөтүп, консултация алып туруш керек.

Чачтын тазалыгы: Чачтын тазалыгы да ден-соолукка таасирин тийгизет. Чачыбыз паразиттердин уюгу. Жогоруда айтылгандай көчөдөгү чаңдын баары чачыбызга конот. Чачты бат-бат жууп туруу менен чачтардын майлашып, микропторун көбөйүшүнүн алдын алыш керек. Ар дайым тарап, көрүнүшүнө да маани беришибиз керек. Чачтын боелушу кээде зыянын тийгизип коюшу да ыктымал. Өтө суук же өтө ысык эмес болбосо баш кийимди чечип, чачты таза абада да алып жүрүш керек.

Көз, мурун жана кулактын да тазалыгына көңүл бурушубуз керек. Дененин кээбир жерлериндеги жагымсыз кылдарды да алып туруу зарыл. Туалетке да чоң жумуш менен барган болсок, кагаз колдонгондон кийин суу менен жууп койгондун көп пайдасы бар.

Булардын баарын силер ансыз деле билсеңер керек, бирок билген нерсени эскертүүдө пайда бар. Мисалы сөзүндө турбагандын жаман экенин баарыбыз билебиз бирок жаман экени дагы бир жолу айтылып эскертилгенде, аяр мамиле кыла баштайбыз жана берип кийин унутуп койгон сөздөрүбүздү эстейбиз. Ошол сыяктуу, бул деле, тазалыктын биринчиден өзүбүздүн гана ден-соолугубузга пайда алып келгенин эскертүү иретинде айтылды.

Бир көгүчкөн өзүнүн жашаган жерине аябай көңүл буруп тазалыгына маани берчү экен. Бирок кайсы жерге уя жасабасын, уясы бат эле жагымсыз жыт менен толуп, көгүчкөн ал жыттын кайдан келгенин түшүнбөй эле, кайра башка жакка уя куруп көчүп кетчү экен. Бир күнү, жаңы жасаган уясы да жыттанып кетип, анын кайдан келгенин түшүнбөй отурса, жанына жашы улгайып калган бир көгүчкөн учуп келип конот. Жаш көгүчкөндүн ойлуу түрүн көрүп, эмне сар-санаасы бар экенин сураса, ал болгонун айтып берет. Баарын угуп, баам салып, байкап, акырында мындай дейт: «Сен бул проблеманы үй алмаштырып чече албайсың. Проблема өзүңдө. Сенин тынчыңды алган жыт өзүңдөн келип жатат. Өзүңдү таза алып жүрсөң, сенден жагымсыз жыт да чыкпайт, үйүңү да каптабайт. Жуунгун.», - деген экен.

Бул аңгемени түз мааниде түшүнсөк да болот. Жогоруда айтылгандай тазалыкка көңүл буруш керек. Башка чыгара турган маани болсо: бир адам чөйрөдөн келген жагымсыз көрүнүштөргө себеп болгон нерселерди биринчиден өзүбүздөн издешибиз керек. Айланадагы адамдар бизге жакпагандай өздөрүн таза алып жүрбөсө, мен жетишинче үлгү боло албадымбы, менден эмне кетти, же болбосо, мен эмне кыла алам деп кайра өзүбүздү суракка алышыбыз керек.

Демек, биринчиден өзүбүз таза болушубуз керек, анан чөйрөбүздө болуп жаткан тазалыкка тиешелүү жагымсыз нерселерди менин өзүмдүн чечкенге салымым кандай болушу мүмкүн деп ойлонуш керек, керек болсо башты оорутуш керек. Коомдо биз да жашайбыз. Биз жашаган коомдо эмне үчүн бизге жакпаган нерселер орун тапсын. Жагымсыз нерселерге орун бербешибиз керек. Аларды жоюшубуз керек.














30. Сабак окуунун жана даярдануунун эффективдүү жолдору.

А: Окуучуларга суроолор.

  1. Силерге эң оңой жана эң кыйын сезилген сабактар кайсылар?

  2. Өзүңөрдүн сабакты үйрөнүү методуңар барбы?


Б: Теманы түшүндүрүү.

Ийгиликке жетүү үчүн иштөө, үйрөнүү, даярдануу керек. Үйрөнүү жана даярдануу дагы эффективдүү болуш керек, тасири калыш керек. Тасири жок эле аракет кыла берүүнүн жыйынтыгы да азыраак болот. Адам бир иш жасаарда кантип, кайсы жолдор менен жасаарын аныктап алса, иши жеңилиреек жана батыраак бүтөт. Сабакты эффективдүү үйрөнүүнүн методдору жана принциптери эмне? Анда эмесе ошолорго токтололу:

Сабактан мурун көңүл буруучу нерселер:

  1. Бир окуучу сабак даярдоонун планын, регламентин чыгарып алышы керек.

  2. Сабакка жараша кайсы ыкмаларды колдоноорун чечиши керек. Мисалы, керектүү жерлердин түбүн чийүү, окуганды дептерге жазуу сыяктуу.

  3. Сабакка даярданган жери тынч жана желдетилген болуш керек. Столго отуруш керек.

  4. Тиешелүү сабактын темаларын маанилүү жана маанисиз деп бөлбөш керек.Баарын калтырбастан окуу керек.

  5. Даярданууга эмне керек болсо мурунтан камдап алуу зарыл. Кийин туруп издегенде концентрация да убакыт да жоголот.

  6. Сабакка даярданганы отурган адам башындагы түрдүү ой жана проблемалардан арылып анан башташы керек.

  7. Сабак окуунун жанында азгына эс алганды да унутпаш керек. Эс алуу азгына музыка угуу, кичине басып келүү, бирөө менен маектешүү менен да болот.

  8. Даярданып жаткан тема уландысы болсо, мурунку бөлүгүн да кайталоодо пайда бар.

  9. Түрдүү калемдерди да камдап алуу керек. Маанилүү сүйлөмдөрдүн түбүн же формулалардын түбүн чийгенге жарайт.

  10. Эртеңки күндүн темасына көз жүгүртүү да пайдалуу. Оор сезилген жерлерин сабак учурунда агай-эжекеге кунт койуп өзгөчө көңүл буруп түшүнүп алууга пайдасы тийет.

  11. Даярданганы отурганда сабакка гана консентрация болуу керек. Ага тоскол боло турган нерселерден алыс болуу керек. Мисалы, телевизорду өчүрүп, диванда жатып алып эмес, столго отуруп сабак окуу керек.

  12. Жаттап алуунун ордуна, түшүнүп маңызына жетүүнү көдөш керек.

  13. Мүмкүн болсо математика, физика сыяктуу сабактарды адабият, тил сыяктуу сабактардан кийинкиге коюш керек.

  14. Сабакка тамактанып барыш керек. Болбосо сабакка болгон консентрация төмөндөп кетет.

Сабак учурунда эмнелерге көңүл буруш керек:

  1. Сабакты көңүл коюп угуп башка нерселер менен алек болбош керек. Түшүнбөй калган жерлерди дароо мугалимден сурай билүү керек.

  2. Сабак учурунда мугалим басым жасап токтогон жерлерди жана берген суроолорун белгилеп коюу керек. Демек, ал жерлер маанилүү.

  3. Доскага жазылган маалыматтарды дептерге туура көчүрүү керек.

  4. Сабактарды калтырбаш керек. Маанилүү себеп менен барылбай калса, анда сөзсүз ошол сабактын түшүндүрмөсүн досубуздан алып көчүрүп, түшүнбөгөн жерлерди сурап алыш керек. Эгерде андай кылынбаса кийинки темалардын түшүнүксүз болуп калышы ыктымал.


Сабактан кийин эмнеге көңүл буруш керек:

  1. Сабак болгондон кийин ошол күнү эле кечинде кайталап коюш керек.

  2. Сабакты үйдө кайталап жатып бир нерсеге түшүнбөй калса, жазып алып кийинки сабакта мугалимден сураш керек.

  3. Мүмкүн болсо сабакта көрсөтүлгөн эсепти чыгаруу жолдорунан дагы башка жол бар бекен деп изилдеген да жакшы.

  4. Оор темаларга баштын сергек болгон убакыттарды бөлүш керек.


Эффективдүү сабак даярдоого тоскол болгон нерселер:

  1. Аткара албагандар менен алек болуу.

  2. Музыканы ачып койуу.

  3. Кыйналган сабактарды четке түртүп койуу.

  4. Өзүнө ишенбөө.

  5. Жатып алып сабак аткаруу.

  6. Кыялдарга батып кетүү.

  7. Телефондогу сүйлөшүүлөргө берилип кетүү.

  8. Даярдык бүтпөстөн туруп кетүү.

  9. Достор жүр десе «жок» дей албоо.

  10. Телевизорду жагып койуу.

  11. Тема тууралуу жеткиликтүү маалыматка ээ болбоо.

  12. Утуру кайталабай туруу.

  13. Плансыз даярдануу.

  14. Өзүн башкалар менен салыштыруу.

  15. Убакытты туура пайдаланбоо.

  16. Түшүнбөгөн жерлерди өз убагында сурап билип албоо.

  17. Максатыбыздын жоктугу.



Эмнелерди бат эле унутуп калабыз:

  1. Толук түшүнбөгөн жерлерди.

  2. Цифраларды, аттарды.

  3. Туш келди үйрөнгөндөрүбүз.

  4. Кайталабагандарыбыз.

  5. Көңүлсүз үйрөнгөндөрүбүз.

  6. Маани бербей жаттагандарыбыз.

  7. Жатташ керек болгон үчүн жаттагандарыбыз.

  8. Бизге жакпай жаттагандарыбыз.

  9. Чарчап, уйкубуз келип турганда үйрөнгөндөрүбүз.

  10. Кызыкпаган нерселер

  11. Консентрация болбой эле окугандарыбыз.

  12. Керексиз деп ойлогон нерселер.


Эсибизде оңой калган нерселер:

  1. Толук түшүнгөн нерселер.

  2. Жагымдуу атмосферада, жагдайда үйрөнгөн нерселер.

  3. Маанилүүлүгүн түшүнүп үйрөнгөндөрүбүз.

  4. 45 мүнөт оку, 5 мүнөт кайтала, 10 мүнөт тынык ыкмасы менен үйрөнгөндөр.

  5. Көп кайталаган нерселер.

  6. Маанайыбыз жакшы учурда үйрөнгөндөр.

  7. Ичибизден келип, изилдеп үйрөнгөндөр.

  8. Токтоп, ойлонуп үйрөнгөндөрүбүз.

  9. Туруктуу убакыт жана жерде окугандарыбыз.

  10. Кызыккан нерселер.

  11. Бир нерселерге байланыштырып үйрөнгөндөрүбүз.

  12. Уйкудан мурун жана кийин үйрөнгөндөр.

  13. Каерде кантип колдонорубузду билген маалыматтар.

  14. Активдүү угуучу катары үйрөнгөндөрүбүз.



31.Жардам берүү – коомдук милдетибиз.


А. Окуучуларга суроолор.

  1. Башкаларга жардам берүү маанилүүбү?

  2. Кандай учурда адам баласы жардамга муктаж болот?

  3. Бирөө жардамга муктаж болгондо жардам бердиңер беле?


Б. Теманы түшүндүрүү

Жашоодо адамдар ар кандай окуяларга учурашат. Бир күнү жаадырап жайнап, жыргал жашасак, экинчи күнү ар түрдүү кырсыктарга дуушар болушубуз мүмкүн. Адамдар бири бирине көз каранды болушат. Жалгыз эч ким бул дүйнөдө жашоого туруштук бере албайт. Кез-кези менен баарыбыз жардамга муктаж болуп турабыз.

Жардам берүү - бул адамгерчиликтин, акылмандыктын, кыраакылыктын белгиси. Бүгүн жардам берүү менен биз эртеңки күнүбүздүн проблемаларын чечкен болобуз. “Жардамы тийбеген - жардам күтпөсүн” деген макалдын терең мааниси бар. Жашоодо баардык нерсе адилеттүүлүктүн негизинде болот. Адамдар “адилеттүүлүк болбой атат” деп нааразычылык билдириштери мүмкүн, бирок биз байкабасак да, баардык нерсе калыс болот бул жашоодо. Берген алат, барганга келет, сүйгөндү сүйүшөт, урганды урушат ж.у.с. нерселер болуп дүйнөдө баланс кармалып турат. Ошондой эле жардам берүү адаты болгон адамдарга, жардамга муктаж болгон учурларында эч качан жардамсыз калышпайт.

Канткенде башкаларга менин жардамым тиет деп, жардам берүү сезими ойгонуп турган адамдар төмөндөгүлөрдү эсинде сакташ керек:

Адамдарга, элге чын жүрөктөн кызмат кылуу. Мага да жардамы тийип калат деп ойлоп, кээ-бир таасири чоң адамдарга гана жардам берип, көмөк көрсөтпөстөн, жардамга муктаж болгонго жардам берип, салым кошуу - бийик даражадагы иш. Адамдардын кебете келбетине, жашына, жынсына, өңү-түсүнө, мандатына, байлыгына карабастан жардам берип, баарына кызмат кылы билишибиз керек. Ар кандай кырсыктарга учураган, жашоодон жадап, үмүтсүз калгандарга туура жолду көрсөтүп, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу – бул ар бир атуулдун, ар бир адамдын милдети.

Материалдык жардам көп адамдын муктаждыгы. Акча, мал, оокат менен адамдарга жардам берүү мүмкүн. Бир адам башка адамдын жыргалчылыгы, жакшы жашоосу үчүн канча көп мал-мүлкүн коротсо, ал адамга Кудай да ошончолук деңгээлде берет. Тапкан акчасын басып жатпастан, бирөөнүн муктаждыгын канааттандырган болсо, ал адам өзүн бактылуу деп эсептесе болот. Анткени, адам башка адамды кубандырып, берген жардамы менен үмүтү үзүлгөн адамдын балким жашоого кайрадан карманганга себеп болуп жатат.

Моралдык жардамга болсо андан да көп адамдын муктаждыгы бар. “Жакшы сөз - жан эритет, жаман сөз жанды кейитет” дегендей адамга кээде жөн эле жылуу сөз, жумшак мамиле керек болот. Ушундай учурларда адамдын проблемасын угуп, түшүнгөнгө аракет кылуу, жана жакшы сөз менен колдоо көрсөтүү да чоң жардам. Моралдык жардамга бардык адам муктаж. Бардык нерсеси жетиштүү адамдардын да жакшы насаатка, чыныгы достукка, ишенимге, дартташууга, сырдашууга муктаждыгы бар.

Азыркы күндө, жардамга муктаж болбогон адам жок. Бирөөгө нан керек болсо, бирөөгө жан керек. Дүйнө ар дайым кризис абалында болуп келген. Бир күнү материалдык жардам керек болсо, башка күнү моралдык жардам керек болот. Заманабызда, адамдар жакшы сөзгө, билимге, илимге, маданиятка муктаж болуп турган убак. Мындай жардамды адамдарга берүү ар бир колунан келген адамдын милдети.

Демек, баарыбыздын колубуздан бир нерсе кылуу келек экен. Жардам берүү ар-дайым материалдык эмес, моралдык жардам да күнүбүздө маанилүү экенин унутпайлы. Балким, заманыбыздын эң керектүүсү да ушул болуп чыгаар. Себеби, жогоруда айтылгандай, азыркы жаштарыбыздын илимге, билимге, жакшы тарбияга, туура багытка муктаждыгы бар. Кимдин колунан эмне келсе, келгиле анда, жардамыбызды аябайлы. Тил билген тил үйрөтсүн, бир нерсени бышырганды билген анысын үйрөтсүн, келечекте пайдасы тие турган жакшы маалыматка ээ болгон анысы менен бөлүшсүн.

В. Аңгеме.

Жакшылык сөзсүз түрдө кайтып келет

Күндөрдүн биринде үйлөрдү кыдырып майда-чүйдө оокат-кече саткан бир кедей баланын курсагы ачат. Акыркы 5 сомун колдонуп кийинки бара турчу үйдөн тамак суроону чечет. Жанындагы эң биринчи үйгө барганда аны жагымдуу бир жаш айым тосуп алат. Бала аны көрүп өзүн бираз жоготуп коёт дагы тамактын ордуна суу сурайт. Айым анын курсагынын ачканын байкап суунун ордуна бир чыныга толтура сүт алып келип берет. Жаш жигит аны шашпай ичип туруп:

  • Сизге канча сом карызмын? - деп сурайт.

  • Сен мага эч нерсе карыз эмессиң. Биздин апабыз “жакшылык үчүн эч кандай акы алынбайт” деп үйрөтөөр эле, - деп жооп берет.

  • Анда мен чын жүрөктөн сизге ыраазычылыгымды билдирем, - дейт жаш жигит.

Андан жылдар өтөт, баягы жаш айымдын жашы улгайып өтө олуттуу бир ооруга дуушар болот. Ал айым жашаган жердеги дарыгерлердин эч кимиси эч кандай айла таппайт. Акыры айымды шаарга жөнөтүшөт. Шаардан аны кыйын бир дарыгерге алып келип көрсөтүшөт. Ал дарыгер көптөгөн аракети менен аны дартынан айыктырат. Бирок анын жумушунун абдан кымбат болгону баарына белгилүү болот. Эмнеси болсо да, дарыгерге анын өзүнүн жумушу үчүн ала турган акысы жазылган кагазды кол койдурууга көтөрүп келишет. Анда, дарыгер кагазды алып чекесине бир нерселерди жазып коёт.

Баягы айым дарыгердин акысынын абдан кымбат болгонун билип, акчасы жазылган кагазды алганда ичин ачкандан коркот. Бирок, акыры ал кагазды ачат дагы, чекесиндеги жазууну көрөт. Кагазда: “Баардыгы бир чыны сүт менен төлөндү” деген жазууну көрөт. Айымдын көздөрүнөн жаш агып көкүрөгү кубанычка толот.

Г. Накыл сөздөр.

Жардамы тийбеген – жардам күтпөсүн.

Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!