СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат. Алдыга койгон максатыңыз чоң болсун!

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат. Алдыга койгон максатыңыз чоң болсун!»

Тема: Алдыга койгон максатыңыз чоң болсун!

Сабактын максаты:

-окуучулар келечекке максат коюуну үйрөнүшөт;

-максаттын туура коюлушу ийгиликке жетүүнүн өбөлгөсү экендигин

билишет;

-окуяларды окуп талдай алышат;

Сабактын жабдылышы:

Тексттер ,слайддар , проектр ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим окуучуларга текст таратып, окууга көрсөтмө берет.

Бир окуя

Менин эки көзү азиз окуучум бар эле. Байкашымча ал жашоодон абдан кыйналчу. Бирок анын жашоого болгон позитивдүү көз карашын , чечкиндүүлүгүн көрүп өзүм да таң калчумун.

Бир күнү үйүмө конокко келгенде ага:

-Аябай көп окуйсуң, өзүңү анчалык кыйнаба, орто окусаң да өзүңүн милдетиңди аткарган болосуң ,- деген сунушумду айттым.

-Мен андай ойлобойм агай. Алдыма чоң максат койгонмун, ал максатым мени дагы да көп окуганга мажбур кылат. Максатыма жетиш үчүн көзү көргөн окуучулардан да көп окушум керек,-деди.

-Ал кандай максат болду экен ?-деп сурадым.

-Өз укугумду өзүм коргоо үчүн , өзүмдү өзүм колдоо үчүн, укукчу болгум келет. Менин бул максатым, жашоомду жаңыдан баштоомо себепчи болду. Максатыма жетүү үчүн, пландуу, туруктуу, чыдамдуулук менен окушум керек.

2-кадам: Мугалим тексти жыйынтыктайт. Максатты кантип коюу керек экендиги жөнүндө слайд аркылуу түшүндүрөт.

1-слайд.

Ар бир окуучу алгач өзүнө: “Алдыма кандай максат койдум? Максатыма жетүү үчүн эмнелерди кылып жатам?” деген суроолорду бериши керек.

Максат коюу үчүн эмне кылуу керек?

-Жөндөмдүүлүктөрүңүздү тааныңыз;

-Кызыккан багытынызды белгилеңиз;

-Жакшы көргөн кесибинизди руханий жана материалдык жактан сизди канааттандыра ала тургандыгына ишениңиз;

-Кесибиңизге байланышкан иш таба алууңузду, же таба албай тургандыгыңызды аныктаңыз.

Эгер максат туура коюлган болсо, көйгөйдүн бир бөлүгү чечилди десек болот, андан кийин пландуу иш алып барышыңызга туура келет.

2-слайд.

Кээ бир окуучулар алдын максат коюп, чыдамсыздыктын жана жалкоолуктун айынан ага жете албай калышат.

Алар:

-“Окушум керек экенин билем, бирок окуй албай жатам”;

-“Окуйм деп китепти ачам бирок, эч каалоом болбойт”;

-“Китепти ачып сабак аткаруу, мен үчүн өлүм”;

-“Ата-энем оку деп мажбурлабаса, эч окубайм”-дешет.

3-слайд.

Албетте бул шылтоолордун бир канча себептери бар.Алар:

-Ден соолуктун начардыгы;

-Психикалык бузуулар;

-Болгон бир окуянын таасири;

-Курбу досторунун начардыгы, алардын таасири;

-Мектебин, классын же мугалимин сүйбөгөндүктөн;

-Туруктуу окууга үйрөнгөн эмес;

-Ийгиликке жетпей калуу коркунучу бар;

-Жол көрсөткөн адамдын болбогондугунан.

Ушул сыяктуу себептерден улам өзүн-өзү максатсыз, жөндөмсүз сезген окуучулар, тез арада бул кемчиликтерди жоюп, алдыга чоң максат коюш керек.

Бирок, тилекке каршы жалкоолонуп окубаган көпчүлүк окуучулар кандайдыр бир орчундуу себептери болбогондор.

Окууда кыйналган же болбосо жалкоолугунун айынан окугусу келбеген окуучулар, бир же эки досу менен сабактарга даярдануу үчүн бир күндүк же болбосо бир жумалык окуу планын түзүп алып, ошонун негизинде сабактарга даярданса болот. Анткени биргеликте окуу ийгиликке алып келет.

Бүгүнкү күндө ийгиликке жетишүүдөн башка жол жок! Ийгиликке жетишпей калсаң сага эч ким көңүл айтпай турган доордо жашап жаткандыгыбызды түшүнүшүбүз керек. Башка бирөөнүн ийгилиги менен сыймыктанып, ага жашырынуу пайдасыз.

3-кадам. Окуучуларга төмөндөгүдөй текст таркатылып, окууга көрсөтмө берилет.

Бир окуя

Эне бала үй жоктугуна байланыштуу,үй курууну максат кылышат.

Эне.

-Уулум, үйүбүздү бир бөлмөлүү кылып, топурактан куралы. Бир бөлмөлү үйдүн түйшүгү аз болот, акча да аз сарпталат,-дейт.

Уулу буга макул болбой:

-Апа, бир жылга гана жете турган, бир бөлмөлүү үйдү курууну ойлонбой, бир аз түйшүктүү болсо да таштан эки бөлмөлүү үй куралы. Анткени, түйшүгү көп болгон иштин мөмөсү (пайдасы) да көп болот,-дейт.

Жыйынтыктоо: Оор түйшүк менен таштан үй курушат, бирок бир өмүргө чыдай турган үй курушат.

Сөз аягы: адам , жашоодо эркин туруп кул болбош үчүн, өз укугун коргой билиш үчүн, жашоонун кыйынчылыгын көрбөш үчүн жана кор болбош үчүн алдына чоң максат коюп, эмгек кылуудан башка ийгиликке жетишүүнүн мүмкүн эмес экенин түшүнүш керек.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!