СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат "Бактылуу үй бүлө"

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат "Бактылуу үй бүлө"

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат "Бактылуу үй бүлө"»

Жоопкерчиликтүү үй бүлө- бактылуу коом

Сабактын темасы:

Сабактын максаты:

1. Окуучулар «Жоопкерчилик» деген сөздүн маңызын, маанисин түшүнүшөт,үй бүлөдө жоопкерчиликтүү болуу керек экенин билет. Жоопкерчиликтүүлүктөн күчтүү ,бактылуу коом жаралаарын билет.

2. Ой жүгүртүүсү, аң сезими, башкаларга жасаган мамилеси калыптанат, өсөт

3. Өз мүнөзүн таанууга жана өзүн жакшы сапаттарга ээ болуусуна , «жоопкерчиликтүү» болууга тарбияланат.

Сабактын методу : Акыл чабуул, класстер

Сабактын жабдылышы : таркатма материалдар, түстүү сүрөттөр

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу. Жагымдуу маанай тартуулоо

Жагымдуу маанай:

Кел досторун ар убакта ынтымакта бололу,

Таарынышып калсак кокус, кечиришип коёлу.

Көздөр-көзгө тике карап, бир жылмайып коёлу.

Сабактын темасы, максаты жөнүндө түшүндүрмө берүү.

Суроолордун тегерегинде маектешүү уюштуруу:

Акыл чабуул ыкмасы

- Өз мүнөзүңөр жөнүндө эмне айта аласыңар?

- Жоопкерчилик деген эмне?

- Сен өзүндү жоопкерчиликтүүмүн деп айта аласыңбы?

(Окуучулардын өз ойлорун тартынбай айтуусуна мүмкүнчүлүк берүү жана колдоо менен маектешүү)

Мугалимдин сөзү:

-Жоопкерчилик -ал өзүнүн милдеттенмелерин же убадаларын аткарып, иш-аракеттеринин кесепеттерин өз мойнуна алган адамдын сапаты, аларды билип туруп жана атайылап жасаганда.

Бул адатта, адамдык эң маанилүү принциптердин бири деп эсептелген жакшы сапат, аны үй-бүлөлүк, саясий, укуктук жана башка бардык тармактарда иш жүзүндө табууга болот.

"Жоопкерчилик" термини бир же бир нече адамга милдеттүү болгон учурларда колдонулат кырдаалга жооп берүү же аны өз колуна алуу .

Акыл чабуул . Балдарга суроо.

Жоопкерчиликтин баалуулугу деген эмне?

Жоопкерчилик адам баласынын баалуулугу деп эсептелет. Ал аркылуу жеке адамдар чечимдерди аң-сезимдүү кабыл алышат жана алардан келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерге жооп беришет.

Бул баалуулук ошондой эле макулдашууларды, убадаларды жана милдеттенмелерди аткарууга болгон умтулууну билдирет. Жоопкерчиликтүү адам - убадасын аткарып, милдеттенмелерин так аткарган адам.

Жоопкерчилик көптөгөн тармактарда чагылдырылат. Мисалы: Студент экзамендерди тапшырууда, ата-эне баласына кам көрүүдө жооп берет.

Көбүнчө инсандык касиетке ээ болсо дагы, жоопкерчиликтин үстүнөн иштеп, адат катары киргизсе болот. Ал чынчылдык, адилеттүүлүк, берилгендик жана эркиндик сыяктуу башка баалуулуктарга жана сапаттарга байланыштуу. Бул баалуулук берилген жарандардын жана адилеттүү жана тартиптүү коомдордун консолидациясына мүмкүндүк берет .

Мугалим: - Келгиле, класстер толтуралы

-Кандай иштерди аткарганда жоопкерчиликтүү иш жасайбыз?

Окуучулар оюн жазат

Мугалим:

-Балдар демек жоопкерчиликтүү үй булөдө да бекем болуш керек. Ата-энеге,башка үй бүлө мүчөлөрүнө да жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керек. Ошондон күчтүү коом пайда болот.

Ата- энелер үй-бүлөдө балдарынын тарбиясына астейдил көңүл буруп, убакыт ажыратып киришсе, ошондо балдары жаш кезинен ар тараптан төп келишкен адам болуп чоңоет.

Ал үчүн эрте жаштан бала тарбиясында төмөнкү багыттарга көңүл

буруу зарыл:

Демек, үй бүлөдө ар бир мучө өз ишине, сөзүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасаса, ошондон кучтүү коом жаралат.

Жоопкерчиликтүү үй бүлө-ынтымактуу, бактылуу, бири-бирине ишенген, КҮЧТҮҮ бүлө. Мындай бүлө көп болсо, коом да күчтүү ,бактылуу болот.

Мугалим:

Эми акылмандардын сөзүнө көңүл бурсак «Жоопкерчиликсиз эркиндикке жетүүгө болбойт» деп айтышат. Жоопкерчилик деген эмне экендиги жонүндө бир топ оюнарды айттынар. «Жоопкерчилик - адамга күч берүүчү жук» деген таамай айтылган афоризмдин маанисин чечмелеп көрөлү.

Жоопкерчиликтүү болуу бир жагынан оордук келтирчү жук болсо, экинчи жагынан адам өз эрки менен которчу жук сыяктуу экен. Адам канча бийиктикке которулгон сайын ошончолук жоопкерчилиги жогорулайт. Эн биринчи адам озунун сүйлөгөн сөзүнө, жүрүм-турумуна, аткарган ишинин тууралыгына, чыгарган чечимине жоопкерчиликтүү болот. Ошондой эле өзүнүн ден соолугуна , өмүрүнө да өзү жоопкер болот. Үйүңөрдө азыр да силер жоопкерчиликтүү болгон нерселер бар. Мисалы, өзүңөрдүн кичүүлөргө көз салуу, аларды ойнотуу ж.б. ал эми чоңойгон

сайын жоопкерчилигиңер да чоноёт. Кээде жоопкерчиликти такыр сезбеген балдар да болот. Өзү ойноп кетип калып, инисин карабай же ата-энеси дайындаган и ш ти аткарбай койгон учурлар да болот. Мындай балдарды «жоопкерчиликсиз» дешет жана аларга ишенбей коюшат. Азыр силер ошондой эле сабакка өз убагында келип, тапшырмаларды аткарууга, жакшы жүрүм-турумга милдеттүүсүңөр. Өз милдетин аткарбаган окуучу да «жоопкерчиликсиз» болуп эсептелет.

Сабакты бышыктоо.

Көнүгүү иштөө: жаш өзгөчөлүгүнө жараша оюн ойносо болот.

Ар бир адам өз жоопкерчилигин сезүүсү керек. Ошондуктан балдар,

«Ким эмнеге жоопкерчиликтуу?» деген оюн ойнойбуз. Класс эки топко болунуп, бири бирине кайсы бир кесиптеги же категориядагы адамды айтышат, экинчиси ал эмнеге жоопкер экенин табышат.

Мисалы, шофер - озунун автосундагы жургунчулордун омуруно, алдынан чыккан жоо журуучулордун, жолдогу башка автомобилдердин коопсуздугуна. ж.б.

Жетекчи кадр - оз кол алдында иштеген эмгекчилердин коопсуздугуна, алардын эмгек акысынын убагында толонушуно, эмгек шартына ж.б.

Окуучу -Мугалим -Врач -

Президент - ж.б.

Келечек үчүн баарыбыз жоопкерчиликтүү бололу!

Сабакты жыйынтыктоо:

Элибиз байыртан эле жоопкерчиликтүүлүктү баалаган. Анда элдик адеп-ахлак нормаларынан жоопкерчилик эмне экендигин дагы теренирээк түшүнөлү.

Жоопкерчилик. Бул - пендечиликтеги жогорку сапат. Адамдардын өзүнө-өзү талап коюусу. Жашоо-тиричиликте ар кими өзүнүн жекече жолун тандап, ага карата мамиле кылуусу. Турмуш куруусу, бала-чака күтүүсү. Мындай касиеттер: Биринчиден, бөбөктөргө, жаш муундарга, үйдөн тарбия-таалим берүүнүн туура багытта болушунан;

Экинчиден, ата-эненин ич-ара ынтымагынан, балдарына өзүлөрүнүнүн жүрүш-туруш үлгүлөрүнөн;

Үчүнчүдөн, үй-бүлөдө атанын алган ордунан, ал ээлик катары табышкеринен, үй-бүлөсүн ойдогудай багуусунан;

Төртүнчүдөн, анын айыл арасындагы, эл ичиндеги кадыр-бар-кынан, башкалар

баамдоочу таасиринен, ишмердүүлүгүнөн ж.б. са-паттарынан; Бешинчиден, эненин үй ичин тирдентүүсүнөн, зайыптарга таандык күч-аракеттерин талаптагыдай жүргүзүүдөн, үзүлгөндү улап, жоктон бар кылууларынан жоопкерчиликтери артылып келет. Ырды көркөм окуп , жыйынтыктоо. Үй-бүлө каухар сымал ыйык нерсе Бак-дөөлөт төгүп берсин ата-энеге Жаркылдап жанып турган кабагы ачык Ырыскы Ыйман берсин келинине Ай жамалдуу кызына адеп берсе Уулдары жанып турса, намыс десе Чоң ата-чоң эненин ак чачындай Бактылуу карылык берсин небереге. Ата-энем аман бол деп тилек кылган, Чоң атам, таятамдан дуба алгам, Чоң апам, таянем бактым менин Мээримин күн нурундай мага чачкан. Байкем, тайкем колумдан жетелеген, Эжекем, жууп- тараган, чайы белен, Иничегим, секелек карындашым Бүлөм менин, эң жакын адамдарым. «Баркына жет»-деп жараткан мага берген. Атаныкы уй-було тактысы, Эне деген уй-було бактысы. Чогултат ынтымак менен ырыскы, Бирдикте болсо баарысы. Мен өз үй-бүлөмдү сүйөм!

баамдоочу таасиринен, ишмердүүлүгүнөн ж.б. са-паттарынан;

Бешинчиден, эненин үй ичин тирдентүүсүнөн, зайыптарга таандык күч-аракеттерин талаптагыдай жүргүзүүдөн, үзүлгөндү улап, жоктон бар кылууларынан жоопкерчиликтери артылып келет.

Ырды көркөм окуп , жыйынтыктоо.

Үй-бүлө каухар сымал ыйык нерсе Бак-дөөлөт төгүп берсин ата-энеге Жаркылдап жанып турган кабагы ачык Ырыскы Ыйман берсин келинине Ай жамалдуу кызына адеп берсе Уулдары жанып турса, намыс десе Чоң ата-чоң эненин ак чачындай Бактылуу карылык берсин небереге.

Ата-энем аман бол деп тилек кылган, Чоң атам, таятамдан дуба алгам,

Чоң апам, таянем бактым менин Мээримин күн нурундай мага чачкан. Байкем, тайкем колумдан жетелеген, Эжекем, жууп- тараган, чайы белен, Иничегим, секелек карындашым Бүлөм менин, эң жакын адамдарым. «Баркына жет»-деп жараткан мага берген.

Атаныкы уй-було тактысы,

Эне деген уй-було бактысы.

Чогултат ынтымак менен ырыскы, Бирдикте болсо баарысы.

Мен өз үй-бүлөмдү сүйөм!

Жоопкерчиликтүү  үй  булө-бактылуу, күчтүү коом

Жоопкерчиликтүү үй

булө-бактылуу, күчтүү

коом


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!