СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат боюнча иштелме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат боюнча иштелме»

 Тема:«Зордук-зомбулук жана анын баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири»

 Сабактын максаты:  1. Зордук зомбулуктуу алдын алуу  2.Бала менен ата-энелердин ортосундагы маамилени жакшыртуу

Сабактын максаты:

1. Зордук зомбулуктуу алдын алуу

2.Бала менен ата-энелердин ортосундагы маамилени жакшыртуу

Урматтуу ата-энелер, сиздер кандай сөздөр менен балдарды эркелетесиздер?   Айтып көрөлүчү. Жан жыргаткан эң жакшы сөздөр айтылды. Эң көп айтылган 4 сөздү тандап алалы:  Жаным Алтыным Берекем Акылдуум Ар бирибиз кезек менен ушул сөздөрдү айтып чыгабыз!

Урматтуу ата-энелер, сиздер кандай сөздөр менен балдарды эркелетесиздер? Айтып көрөлүчү.

Жан жыргаткан

эң жакшы сөздөр айтылды.

Эң көп айтылган 4 сөздү тандап алалы:

  • Жаным
  • Алтыным
  • Берекем
  • Акылдуум

Ар бирибиз кезек менен ушул сөздөрдү айтып чыгабыз!

                   А нда эмесе,  аталган жакшы сөздөр менен  4 топко бөлүнүп отурабыз!   Урматтуу ата-энелер, алгач зордук-зомбулук деген сөздүн маанисин чечмелеп алсак   Зордук-зомбулук деген сөздү ким кандай түшүнөт?

 Зомбулук - бул адамдын эркин чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар.  Бүгүн биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу сүйлөшөбүз жана бир чечимге келебиз.  Үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрү:  1. физикалык  3. психологиялык  4. камкордуктун жоктугу

  Анда эмесе, бөлүнгөн чакан топтордо кырдаалдарды аныктап иштеп көрөлүү  Бул кырдаалдар зомбулуктун кайсы түрүнө кирерин аныктайбыз   « ЖАНЫМ» тобуна кырдаал   Эркин ар дайым атасына чуркап келип, өзүнүн мектептеги көргөн-билгени менен бөлүшүү. Бүгүн да мектептен келип:  -Ата, Марат бүгүн күрөштөн биринчи орунду алды - деп сүйүнчүлөдү.  - Сенчи? -деп сурады атасы  - Мен экинчини алдым-деди Эркин.  - Акмак! Мараттан эмне ң кем? Сенден эч нерсе чыкпаарын билгем! Бар апаңа жардамдаш!-деп кыйкырды. Ошондон бери Эркин күрөшкө барбай турган болду. Үйдөн күрөшкө деп чыгат да, башка жакта жүрүп келет. Атасынын ачуусу андан да күчөдү. Эркин үйдөн кача турган адат тапты.

 «АЛТЫНЫМ» тобуна кырдаал    Канымжан өзү мүнөзү түнт кыз. Жүрүш-турушу үлгүлүү, үйдөн эч чыкпайт. Сабакты орто окуса да эч калтырбайт. Быйыл 8-класска келип, чоңоюп калды. Анын мүнөзүндө өзгөрүү болду. Чоң энесинин тарбиясынанбы, айтоор такыр эле эч кимдин жүзүнө карабайт. Айрыкча, Асан таекеси кирип келгенде, андан аябай сүрдөгөндөй, турарга жер таппай калат. Чоң энеси небересин нысаптуу деп коёт.

«БЕРЕКЕМ» тобуна кырдаал  Айнура менен Марат Бишкек шаарынын Дордой конушунда батирде турушат. Өздөрү керели –кечке базарда соода кылышат. 3 эркек баласы бар. Улуусу 15 жашта, ортончусу Эсен 12 жашта, кичүүсү 5 жашар. Эмнегедир Эсен кийинки учурда бөйрөк тушу ооругандай болуп ыңкыйып басат. Улуу агасынын айткан сөзүн мыйзамдай көрүп, так аткарат. Айнура менен Марат улуу баласынын алардын жогун билдирбей инилерин карап жаткандыгына ыраазы болушат. Бирок Эсендин азып баратканын көп деле капарына алышпайт.

«БЕРЕКЕМ» тобуна кырдаал

Айнура менен Марат Бишкек шаарынын Дордой конушунда батирде турушат. Өздөрү керели –кечке базарда соода кылышат. 3 эркек баласы бар. Улуусу 15 жашта, ортончусу Эсен 12 жашта, кичүүсү 5 жашар. Эмнегедир Эсен кийинки учурда бөйрөк тушу ооругандай болуп ыңкыйып басат. Улуу агасынын айткан сөзүн мыйзамдай көрүп, так аткарат. Айнура менен Марат улуу баласынын алардын жогун билдирбей инилерин карап жаткандыгына ыраазы болушат. Бирок Эсендин азып баратканын көп деле капарына алышпайт.

«АКЫЛДУУМ» тобуна кырдаал  Жоодар акылы тетик эле бала. Бирок сабакты көп калтырат. 4-класска келип калганына карабай шар окуй албайт, үй тапшырмаларын аткарбай келет. Кийимдери кир, бети-башы шакмар болгондуктан аны балдар да бөлүп, кошушпайт. Кичинерек кезинде жактырбаганды билбей эле аралаша берчү, анын үстүнө балдар да бөлгөндү анча билчү эмес. Эми өзү аябай тартына турган болду. Ата-энесине мугалимдин кайрылуусунан эч натыйжа чыккан жок .

«АКЫЛДУУМ» тобуна кырдаал

Жоодар акылы тетик эле бала. Бирок сабакты көп калтырат. 4-класска келип калганына карабай шар окуй албайт, үй тапшырмаларын аткарбай келет. Кийимдери кир, бети-башы шакмар болгондуктан аны балдар да бөлүп, кошушпайт. Кичинерек кезинде жактырбаганды билбей эле аралаша берчү, анын үстүнө балдар да бөлгөндү анча билчү эмес. Эми өзү аябай тартына турган болду. Ата-энесине мугалимдин кайрылуусунан эч натыйжа чыккан жок .

Физикалык зомбулукка : сабоо, денесине залака келтирүү, көгөртүү, тытуу, сындыруу, күйгүзүү, чачын жулуу ж.б .

Психологиялык зомбулук – кыйкыруу, коркутуу, катаал мамиле, карабай коюуу, сындоо, тилдөө, шылдыңдоо, күлүү, жемелөө ж.б.

Камкордуктун жоктугу - баланын негизги муктаждыктарына көңүл бурбоо ((тамак-аш, кийим-кече, турак-жай, медициналык тейлөө ж.б)

                   Урматтуу ата-энелер, эми ушундай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган балдар кандай жаракат алышат деп ойлойсуздар?  Демек, кайсы гана зомбулуктун түрү болбосун,  эң негизи, балдар түбөлүккө жан дүйнөсүнө оор жаракат алышат экен.  Ушуну ар бир ата-эне билиши керек!  Кийинки тапшырма:  ушул айтылган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издеп көрөлү, алар кайсылар?  - Бул көйгөйлөрдү кантип чечсек болот?  - Жолдорун көрсөтүп бериңиздер?  - Канткенде зомбулук азаят?   (Оозеки жооп берсеңиздер!)

 Чечүү жолдору:  Зомбулукту жоюу үчүн эң алгач ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатыш керек!   Үй-бүлөдөгү кош көңүлдүк, аша чабуу, тарбиянын баалуулугун жана зарылдыгын түшүнбөө, тарбиялоону билбегендик, жөндөмсүздүктөн, кайдыгерликтен ж.б. зомбулук келип чыгат.   Үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климатты, атмосфераны, тарбияга болгон мамилени өзгөртүүгө чакыруу жана жардам берүү зарыл.

Эмнеге зомбулук күч алды?     - ата-энелер балдарына жакшы сөз айтпай калгандыктан;  -ата-энелер тарбиянын баалуулугун билбегендиктен;  - ата-энелер балдарга мээрим төкпөй калгандыктан;  - Ата-энелер балдарга убакыт таппай, материалдык байлыкка умтулуп кетишкендиктен;  - Ата-энелер китеп окубай калышкандыктан ;  - Ата-энелер мектеп менен байланышты үзгөндүктөн;  - ата-энелер өздөрүн биринчи тарбиялабагандыктан.

Эмнеге зомбулук күч алды?

- ата-энелер балдарына жакшы сөз айтпай калгандыктан; -ата-энелер тарбиянын баалуулугун билбегендиктен; - ата-энелер балдарга мээрим төкпөй калгандыктан; - Ата-энелер балдарга убакыт таппай, материалдык байлыкка умтулуп кетишкендиктен; - Ата-энелер китеп окубай калышкандыктан ; - Ата-энелер мектеп менен байланышты үзгөндүктөн; - ата-энелер өздөрүн биринчи тарбиялабагандыктан.

Үйгө тапшырма:  1. Канча балаңыз болсо, ошончо балаңызга жолугушуу уюштуруңуз, 1-2 минута катуу кучактап бооруңузга кысыңыз!  2. Эң сонун мактоо сөздөрдү балдарыңызга айтыңыз, сүйүүңүздү билдириңиз!  3. эгер буга чейин балаңызды таарынткан, урушкан болсоңуз, кечиришүүгө барыңыз,!

Сабакты даярдаган:   Майлыбекова Адина

Сабакты даярдаган: Майлыбекова Адина

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!