СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат "Кылмыштуулуктан алыс болуу"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат "Кылмыштуулуктан алыс болуу"»

Таласбай Жаналиев атындагы жалпы орто

билим берүүчү мектеби” мекемеси.





















Класстык

тарбиялык саат.



















Тема: Кылмыштуулуктан

алыс болуу.







Аткарган : Турсунбаева Айгуль







2024-2025-окуу жыл.

Өтүлгөн күн:

Сабактын темасы: Кылмыштуулуктан алыс болуу.

Сабактын максаты:

1.Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.

2.Кылмыштуулуктун акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.

3.окуучулар бири – бирин сыйлоого, адептүү болууга аракет жасашат.



Сабктын тиби: интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: Экран,проектор,ватман,маркер, слайдтар,сүрөттөр.

Колдонулган булактар: интернет булактарынан алынган окуялар,сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү.

А) Уюштуруу.

Саламатсыңарбы окуучулар жана бүгүнкү тегерек столдун катышуучулары.Бугунку тегерек столубузду мен улуу жазуучу Ч.Т.Айтматовдун

“Адам баласына эң кыйыны- күн сайын адам болуу”

деген сөзү менен баштагым келип турат.

Эмне себептен мен сабакты Ч.Т.Айтматовдун сөзу менен баштаганымды сабактын аягында айтабыз.

Адам социалдык тирүү жандык,баарыбыз коомдо жашайбыз,бири – бирибиз менен баарлашабыз,бирок көп учурда адамдардын баарлашуусунда,мамилелеринде оорчулуктар келип чыгат,алар кылмыштуулука алып келиши мүмкун.

Демек балдар биз бүгүнкү тегерек столубузда XXI –кылымдын эң көйгөйлүү маселеси болгон кылмыштуулук боюнча сүйлөшөт экенбиз.

-Дептерлериңерди ачып бүгунку тегерек столдун темасын жазгыла.

Т: Кылмыштуулуктан алыс болуу.

Чоң кылмыш кичинеден башталат.

Сабактын максаты:

1.Окуучулар кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.

2.Кылмыштуулуктун акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.

3.Окуучулар бири – бирин сыйлоого, адептүү болууга аракет жасашат.



Слайд № 1

-Балдар жашоо – бул бизге берилген байлык болуп эсептелинет.Жашоодо адам баласы үчүн 2 жол бар экен. Биринчи жол – түз жол, экинчи жол – ийри жол десек жаңылышпайбыз. Жашоодо жол тандоо кыйын.Эки жолдун бирөөсүн адам өзү тандайт да, өзү тандаган жол менен келечекке карай жөнөйт.

-Бул кайсыл жолдор балдар.

Слайд № 2

Жакшы жол – спорт,окуу,китепкана,дос күтүү ж. б.



Слайд № 3

Жаман жол – наркотик,жаман чөйрө, ар түрдүү ичмдиктер,уурулук,зордук- зомбулук ж. б.

-Силер кайсыл жолду тандамаксыңар?

- Албетте жакшы жолду.



-Себеби биз силер менен кылмыштуулук жөнундө кун сайын сын алгыдан,интернеттен корүп,угуп жүрөбүз.Кылмыштуулукка барган адамдын келечеги коркунучта болот. Кылмыштуулук боюнча ар бир адамдын өзунун түшунүгү,көз карашы болот. Келгиле балдар азыр кылмыштуулук деген эмне экендиги боюнча слайдка көңүлүбуздү бөлөбүз.

Слайд № 4

Кылмыштуулук.

-Мына балдар биз кыскача кылмыштуулук боюнча түшүнук алдык.Эми айткылачы балдар кылмыштуулук кантип пайда болот,кылмыштуулуктун келип чыгуу жолдору, эмне түрткү берет деп ойлойсуңар?

Начар тарбиялануудан.

Чөйронун таасиринен.







Кылмыштуулук.

Кылмышкерлердин азгыруусунан.



Убакытты туура пайдалана албагандыктан





Келечекке ишенбөөчүлүкөн.













-Андыктан балдар жакшыга жанашып,жамандан адашып жакшы жолдо жүргулө демекчимин.

-Бизди жашоо эмес,адамдар өзгөртөт

-Жашоодо жаман адам жаралбайт,жаман ой гана жаралат.

-Адам өз кемчилигин оңдобосо,турмуш аны кайра-кайра жазалайт

Андыктан балдар,өзүңөрдүн кемчилигиңерди сезип,моюнга алып,аны кайра кайталабаганга аракет кылгыла.Дайыма жакшы адамдардын тегерегинде гана жакшы ойлор менен жүргүлө.

-Балдар кылмыш жасаган адам эмне болот?



Келечекке балта чабылат













































Күнөөнү мойнуна алат



олроороооооооооооооо

Далил

Жазаланат

Изилдөө











Соттолуу

Кылмыш









Кайгы

Жоопкерчиликти өз мойнуна алат

















Кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары.

1. Кылмыштуулуктун алдын алуу программасынын болуусу.

2. Эс алуу иш аракеттерин уюштуруу.

3. Үй бүлөдөгү жагымдуу ауранын болуусу.

4. Психологиялык жактан колдоо.

5. Тобокелдикке барган балдар менен жекече сүйлөшүү тобунун болуусу.

6. Оор кырдаалада үй-бүлөнүн же класс жетекчинин колдоосу.



- Балдар биз силер менен кылмыштуулук жөнундө түшүнүк алдык.

Эми тегерек столубуздун экинчи бөлүгүнө өтөбүз.

-Балдар төмөнку видео-роликке көңүл бурабыз жана талкуу кылганга даярданабыз.

№1. Видео-ролик

Талкуу .

№ 2 Видео-ролик.

Талкуу .

№ 3.

Талкуу.

Жыйынтыктоо.

Мына балдар биз силер менен бүгүн кылмыштуулук жана анын келип чыгуусу жөнүндө маектештик.Ар дайым ар бириңердин кылмыштуулуктан алыс болууңар эсиңерде болсун.

Эмесе келгиле тегерек столубузду “Адамга адам керек” деген ыры менен аяктайлы.

Жашоонун татаалдыгы ылдый карай тарткан күнд да,сен өйдөнү кара деген сөздөр менен бүгунку тегерк столду жыйынтыктаймын.

Саламатта калгыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!