СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест пробный кыргыз тили

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тест пробный кыргыз тили»

Жалпы Мамлекеттик Тестирлөөгө Даярдоо Сынагы 1 КЫРГЫ З ТИЛИ

I Бөлүм: О к ш о ш т у к т а р.

Туура жоопту табыңыз (1-15 суроолор)


1.Китеп-китепкана

А) Сүрөт-музей Б) Өсүмдүк-көчө

В) Күрөк-бак Г) Помидор-жөөк.


2. От-өрт

А) Нөшөр-бороон Б) Самын-кир

В) карандаш-өчүргүч Г) суу-сел


3. Ийне-жип

А) уйку-түш Б) китеп-роман

В) меш-түтүн Г) күйөө-аял


4. Пол-шып

А) Эшик-терезе Б) күзгү-дубал

В) подвал-чатыр Г) дарбаза-короо


5. Буу-булут

А) Кар-лыжа Б) Тамчы-жаан

В) жарык-таң Г) күн-шамал


6. мышык-ит

А) сүлөөсүн-илбирс Б) коён-жылан

В) чычкан-арсчычкан Г) эчки-кой


7. материк-континент

А) Африка-Австралия

Б) бегемот-гиппотатам

В) карандаш-ручка

Г) барак-бет


8. Туу-мамлекет

А) бак-үй Б) бала-ата

В) күн-жыл Г) ак кептер-тынчтык


9. Польша-Варшава

А) Вильнюс-Литва Б) Москва-Россия

В) Албания-Тирана Г) Мехико-Мексика


10. Кызгылт-агыш

А) көгүш-кара Б) Бозомтук-көгүлтүр

В) саргыч-аппак Г) өтө чоң-жапжакшы.


11. Фундамент-там

А) бак-алма Б) булак-суу

В) капчыгай-тоо Г) бал-аары


12. чай-пай

А) ыз-быз Б) эже-синди

В) таш-маш Г) ага-ини



13. парламент-депутат

А) мектеп-мугалим Б) мамлекет-президент В) айыл чарбасы-дыйкан Г) оорукана-врач



14. Ийгилик-кубаныч

А) жакшылык-өкүнүч Б) окуу-билим

В) сүйүнүч-жетишкендик

Г) кайгыруу-капалануу



15. Өйдө-төмөн

А) ата-эне Б) жашоо-тиричилик

В) өмүр-өлүм Г) жогору-илгери



II Бөлүм: С ү й л ө м д ү т о л у к т о о .

Бош жерлерди толтуруңуз (16-30 суроолор)


16. Адамдар бул жагынан да айырмаланат:

бирөөлөрү адегенде ойлонуп, андан кийин иш кылат, экинчилери адегенде ....туруп,

андан кийин.... .

А) ойлонуп, ишин бүтүрөт.

Б) ишенип, бүтүрөт.

В) ишин бүтүрүп, ойлонот.

Г) ойлонбой, ишин бүтүрөт.



17. Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, балдарыңдан ....... күтө бер. (Питтак)

А) жакшылыкты

Б) жамандыкты

В) баарын

Г) ошону



18. Узак өмүр сүрүүнү бардыгы каалашат, бирок.... кааалаган бирөө жок. (Д. Свифт)

А) көп жашоону

Б) картаюуну

В) жашарууну

Г) жакшы жашоону



19. Адамдын өмүрү темирге тете: Көп иштетсе, тез эле ..... кетет, иштетпей койсо, .... кетет. ( Катон)

А) эскирип, жаңырып

Б) дат басып, жешилип

В) жешилип, дат басып.

Г) жаңырып, жешилип.



20. майда адам чокуга чыгып алса да, ..... бойдон кала берет, алпты болсо аңгекке салып койсоң да..... бойдон кала берет.

( М. В. Ломоносов)

А) алп, майда

Б) майда, алп

В) жакшы, жаман

Г) чоң, кичине


21.Үйүңдөн чыкканда, эмне иш ...... деп ойлон, үйүңө кайтканда, эмне иш ... деп ойлон. ( Клеобул )

А) жакшы, жаман.

Б) бүтүрдүм, бүтүрүү керек.

В) жаман, жакшы.

Г) бүтүрүү керек, бүтүрдүм.



22. Окутуунун азыркы колдонуп жүргөн жолдору боюнча, география көбүнчө эстин гана жумушуна сүйөнөт. Ошондуктан эгерде шакирттер окуп өткөндөрүн кыска убакыттын ичинде унутуп кала турган болсо, ал .... нерсе .... .

А) жөнөкөй, болот

Б) татаал, эмес

В) таңкаларлык, эле

Г) таңкаларлык, эмес.



23. мык менен кадалган тактанын алга умтулуучу кыймылга келиши мүмкүн эмес, бирок такта үчүн бурулуу (айлануу) огу болуп эсептелген мыктын айланасында... (физика, 9-класс.)

А) бурула алат

Б) бурула албайт

В) алга умтулат

Г) алга умтулбайт



24. Жаратылыштын кайра өндүрүп туруучу күчү өтө зор, бирок ага биологиялык мыйзам ченемдүүлүк илимине ээ болгон адам гана акыл-эстүүлүк менен .... зарыл. Мына ушул шарттарда гана жаратылыш байлыктары ..... бермекчи, (биология 9-10кл)

А) жардамдашпоосу, көбөйө

Б) жардамдашуусу, азая

В) көбөйтүүсү, жардамдашуусу

Г) жардамдашуусу, көбөйө


25. Мындай «теория» эч нерсеге негизделбей, караманча кыял чабытынан жаралганы түшүнүктүү болуп турат. Ошондуктан аны атайы ..... кажети да ..... . ( К. Асаналиев)

А) төгүндөөнүн, бардай

Б) ырастоонун, бардай

В) төгүндөөнүн, жоктой

Г) мактоонун, жоктой.



26. Албетте, мындан К. Бобуловдун,

С. Жигитовдун эмгектери кемчиликтерден тышкары деген терс жыйынтык чыкпоого тийиш. Бирок, бир нерсе мен үчүн талашсыз: бул эки автор тең .... сынчылардан. ( К. Асаналиев)

А) изденбеген

Б) изденүүчү

В) изденбес

Г) ийменээк


27. Түрк каганы Мочжо кыргыз каганы Барс-бектин күчүн сезип, ага Ильтерес кагандын кызын берет, бирок кийинки уруштардын биринде аны .... (кыргыздар) А) мактайт Б) өлтүрбөйт

В) өлтүрөт Г) өзүнө кошуп алат.


28. Оор жумуштан кийин ошол эле замат булчуңдун аракети да токтойт, ал эми акыл эмгегинин уланышы көпкө чейин токтобойт, себеби мээнин иштеши чукулунан эле.... Ошондуктан акыл эмгегинде иштегендер үчүн жыл маалындагы эс алуу мезгилинин ..... болушу максатка ылайыктуу.

( Нанаев К. Кыргыз тили)

А) токтоп калат, узагыраак

Б) токтоп калбайт, кыскараак

В) токтоп калат, кыскараак

Г) токтоп калбайт, узагыраак.


29. Муздак суу сергектикти берет, жылуу жана ысык суу уктоо абалын пайда кылат.

Ошондуктан эртең менен .... суу, кечинде уктоонун алдында .... суу менен жууну максатка ылайыктуу.

А) ысык, муздак

Б) жылуу, муздак

В) муздак, жылуу

Г) муздак, таза



30. Мунун ичинен эң баалуу болуп, таза аба, андан соң күндү жана сууну пайдалануу кирет. Бул ..... тең биздин жашообузда .... мааниге ..... .

А) экөө, чоң, ээ эмес.

Б) үчөө, чоң, ээ

В) төртөө, чоң, ээ

Г) бешөө, анча, ээ эмес


III Бөлүм : К ы р г ы з т и л и н и н

п р а к т и к а л ы к г р а м м а т и к а с ы б о ю н ч а т е с т тин с у р о о л о р у .

Туура жоопту табыңыз (31-59 суроолор)


31. Графика деген эмне?

А)Сүрөт түрүндөгү байыркы жазуу

Б) Тамгалардын тыбыш менен белгилениши.

В) Тыбыштардын тамга менен белгилениши.

Г) Морфологиянын бир бөлүмү.


32. Кууш үндүүлөр кайсылар?

А) Ы, И, Э, О Б) А, Ы, У, Ү

В) О, Ө, У, Ү Г) У, Ү, Ы, И


33. Мурунчул үнсүздөр кайсылар?

А) Б, М, П, В Б) М, Н, ң

В) В, Ф Г) Х, К, Г, ң


34. Кайсы жоопто сөздөр туура ташымалданган?

А) Мек-теп, а-та, та-ка

Б) ба-ка, ка-ра-гат, Чын-гыз

В) Та-рак, са-бак, под-ьезд

Г) Ч. Айт-ма-тов, 10-км, э-же


35. Кайсы сөздөрдө тыбыштар эринге карай окшошуп айтылууда?

А) Сөссүз, туссуз, чашчан.

Б) түңкү, агуй, аттар

В) Сагымбай, түмбү, көрүнбөйт.

Г)Чыңгыз, атка, алдыңкы


36. Сөздөр кайсы жоопто туура жазылган?

I. барар, келер, болор

II. бараар, келээр, болоор

III.жөнөр, санар, издер.

IV. жөнөөр, санаар, издээр

А) II гана Б) II, IV

В) I, III Г) I, IV




37. Этиштин адат өткөн чагы кайсы жоопто туура жазылган?

А) Мен мектепте окучумун.

Б) Мен мектепте окуучумун.

В) Мен мектепте окучуумун.

Г) Мен мектепте окуучуумун.


38. Татаал энчилүү аттар кайсы жоопто туура жазылган?

А) Кыргыз Республикасынын Президенти,

« Эркин- Тоо» газетасы, Кыргыз Улуттук Университети

Б) Кыргыз республикасынын Президенти, «Эркин-Тоо» гезити, Кыргыз улуттук университеси.

В) Кыргыз Республикасынын Президенти, «Эркин-Тоо» газетасы, Кыргыз Улуттук университети.

Г) Кыргыз Республикасынын Президенти, «Эркин-Тоо» газети, Кыргыз

улуттук университети.


39. Көп маанилүү сөздөр кайсылар?

А) Баш, көз, бут, тумшук.

Б) кат, көк, ат, жаз.

В) Түлкү, арстан, эшек

Г) бак, тамыр, жаздык, беш


40. Синекдоха кайсы сүйлөмдө?

А) « Жакшы кыз – жакадагы кундуз» дегендей элең го, алтыным!

Б) Мурутуна муз тоңуп араң келди.

В) А-аа, баягы «мурут» келе жаткан тура!

Г) Берчи мага, берчи мага,

Жарым кашык музыка!


41. Грамматикалык диалектизмдер кайсы жоопто?

А) Бадывот, тукум, эгиз, сыйыр.

Б) баратыр, атасыны, кызыга

В) Асал, гөш, калла, ака

Г) Жыргал саман, даары, пычак



42. Фразеологизмдердин түрлөрү?

А) Туруктуу сөз айкашы жана эркин сөз айкашы

Б) Фонетикалык, лексикалык, грамматикалык

В) Фразеологиялык айкаш, бирдик, ширешме

Г) Фразеологиялык туунду, даража, айкаш





43. « Ак төөнүн карды жарылган заман» деген фразеологизмдин синоним сөзүн тап.

А) Кыйынчылык заман.

Б) Кырсыктуу окуя болгон доор.

В) Жыргал заман.

Г) Ак төө өлгөн жыл, окуя.


44. Кайсы жоопто сөздөр уңгу, мүчөгө туура ажыратылган?

А) жаз-ы-нда, китеб-и, ма-га, эк-өө-бүз

Б) жаз-ын-да, ки-те-би, маг-а, эк-өө-бүз

В) жаз-ы-н-да, ки-те-би, ма-га, экө-өбүз

Г) жаз-ын-да, китеб-и, ма-га, эк-өө-бүз


45. Форма өзгөртүүчү мүчө уланган сөздөр кайсы?

А) балдар, сага, койчу, ишкана

Б) атаке, балажан, коёнек, китепче

В) балалуу, токчулук, малчы, камчыла

Г) тоого, эжем, студентмин, сабактан


46. Морфологиялык жол менен жасалган сөздөр кайсы?

А) малдар, койчу, балалуу

Б) малчы, койго, баласыз

В) малчы, койлуу, баласыз

Г) малкана, кой сарай, бала-чака


47. Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр кайсы?

А) китепкана, темир жол, ташбака

Б) тоолорго, китептин, үйүм

В) баатырмын, балачак, алтын саат

Г) көз айнек, көк ала, алп кара куш


48. Зат атоочтун жөндөлүшүнүн канча тиби бар?

А) 3 Б) 4 В)5 Г) 6


49. Зат атоочтун жак мүчөлөрү кайсылар?

А) –ым, -ың, -ы, -сы

Б) –мын, -ыңар, -га

В) –нын, -са, -лар

Г) –мын, -сыңар, -сыздар


50. Кошмок сын атоочторду тап.

А) кызыл-тазыл, чоң-чоң, капкара

Б) сары ала, тору ат, өтө кызыл

В) бүркүт, кабак, мала кызыл, кара каш

Г) көк көз, көк ала, көпкөк





51. Кайсыл ат атоочторду жөндөгөндө уңгусу өзгөрүп кетет?

А) мен, сен, ал, бул

Б) сен, ушул, эч ким, качан

В) баары, өзү, ар ким, ошол

Г) тигил, бул, ушул, эмне


52. Этиштин аркылуу мамилесин кайсы мүчөлөр уюштурат?

А) –ыш, -дыр, -т, -ын

Б) –ын, -гыз, -ды, -ган

В) –ыптыр, -макчы, -гай эле

Г) –дыр, -гыз, -т


53. Жалпылама жактуу сүйлөм кайсы?

А) Чакырсаң – барам.

Б) Эмнени эксең, ошону оросуң.

В) бир жылда бүтүрүүгө тийиш.

Г) Коркконго кош көрүнөт.


54. Баш сүйлөмгө кандай сүйлөм айкалышууда? Күн жылуу болсо, алма - өрүк жакшы байлайт.

А) татаал сүйлөм

Б) себеп багынычсыз сүйлөм

В) шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Г) сын – сыпат багыныңкы сүйлөм


55. Бул сүйлөм канча жөнөкөй сүйлөмдөн турат?

Апей, чакырса баралы.

А) 1 Б) 2 В) 3 Г) 4


56. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?

Келиндердин бири Күн чыгыш айылаткомунун төрагасы Бүбүш.

А) төрагасы, Бүбүш

Б) Келиндердин, төрагасы

Г) Күн чыгыш, Бүбүш

Д) бири, Бүбүш


57. Жаңы орфография качантан баштап колдонууга киргизилген?

А) 2005-жылдын 1-январынан

Б) 2004-жылдын 28-июнунан

В) 2003-жылдын 1-январынан

Г) 2006-жылдын 1-январынан








58. Тыныш белгилер кайсы жоопто туура коюлган?

А) Элдик макалда: «Иштесең», -дейт-тиштейсиң».

Б) Элдик макалда: « Иштесең-тиштейсиң»-дейт.

В) «Иштесең тиштейсиң»-дейт элдик макалда.

Г) Элдик макалда: « Иштесең, - дейт, - тиштейсиң»


59. Бир өңчөй мүчөдөгү жалпылагыч сөзгө кайсы жана кандай тыныш белги коюлат?

Алар Бүбүш, Бермет, эжеси үчөө болуп мага келишти.

А) эжеси; өзүнө кийин үтүр

Б) үчөө; өзүнө мурун сызыкча

В) үчөө; өзүнөн мурун үтүр

Г) Алар; өзүнүн кийин кош чекит


IV Бөлүм Тексти окуу жана түшүнүү

Берилген текстти окуңуз жана суроолорго жооп бериңиз. (60 -89 суроолор)


«Кыргыздар» менен «киргиздердин» айырмасы эмнеде? же Зайнидин Курмановго каяша

- Байас Турал


1. Кыргыздар негизинен айылдан чыккандар, ал эми «киргиздер» шаардык кыргыздардын балдары. А чынында, түбү кыргыздын баары эле айылдан келген.

2.Ошондуктан «шаардык кыргыздар» деген сөздүн өзү да салыштырмалуу түшүнүк.

3. Бирок ага карабай, жылдан жылга бул эки түшүнүктүн ортосу ажырап, таптакыр эки башка нерсени түшүндүрчү убакыт жакындап келе жатат?

4. Аралык ажыраган сайын, алар бири–бирине карама-каршы эки катмарга айланууда. Бирок, биз үстүртөн билгендей, «киргиздердин» баары билимдүү, же кыргыздардын баары эле чала сабат эмес.

5. Анан шаардык кыргыздардын баарын «киргиз», айылдык кыргыздардын баарын эле «кыргыз» деп айтууда туура болбойт.

6. Ошондуктан, биз шаардык кыргыздардын эки тобу тууралуу сөз кылабыз. Башкача айтканда, «шаардык



кыргыздар» менен «шаардык киргиздердин» айырмасы эмнеде? Сөз ушулар тууралуу болсун.

7. Шаардык кыргыздардын бүгүнкү улуу өкүлдөрү – Чынгыз Айтматов, Аскар Акаев ж.б.д.у.с. Экөө тең айылдан чыккан. Ырасын айтканда, кыргыз улутунун чыныгы жүзүн «шаардык киргиздер» эмес, дал ушул Чынгыз Айтматов сыяктуу шаардык кыргыздар аныктайт.

8. Анткени, алар кыргыз тилин таза, так сүйлөшөт. Өзүнү тилин башка элдин тили менен аралаштырбайт.

9. Кыргыз уулу экени менен сыймыктанышат жана өздөрүн ошол өз элинин татыктуу, мыкты уулдары катары көрсөтүүгө аракет кылышат.

10. Ошону менен бирге кыргыздын улуттук каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын бүгүнкү күнгө ылайыкташкан таза үлгүлөрүн алып жүрүшөт.

11. Бирок жакшы нерсе аз болгондой эле, аларда аз. Алар миллиондогон тонна топурактын ичинде жаткан бир ууч алтын сыяктуу.

12. Анан белгилеп кете турган нерсе, Чынгыз Айтматовго окшоп, кыргыз элинин атын көтөрүп, атагын чыгарган улуу уул-кыздардын баары дээрлик «киргиздер» теңсинбеген кыргыздар.

13. Ал эми өзүн өзгөчө билимдүү катмар катары сезген «шаардык киргиздер» өзүнүн эне тилин билбейт, же аралаштырып чала моңол тилде сүйлөйт.

14. Улутчулдук сезими өтө начар өнүккөн. Тескерисинче улутсуздук сезими өтө күчтүү. Андан улам, эртең кыргыз улуту жашайбы, же жашабайбы – аларга баары бир.

15. Мажар тууганыбыз айткандай: «Көп тилди, маданиятты билген адамдын көзү ачылат, бирок тууган тили жана маданияты өзүнө эң жакын болушу керек.

16.Улуттун намысы жок болсо, адамдын өз элине да камкордугу болбойт, өз калкы үчүн жаны ачыбайт, ким экенин да билбей, өз элине жат болот. Демек, тамырсыз адам».

17. Анын сыңары «киргиздер» ар дайым бир гана өздөрүнүн керт башынын амандыгын ойлошот. Көбү кулдук сезимден



кутула элек. Ошондуктан улуттук намысы жок.

18. Эркин мамлекет катары жашап жатканыбызга 12 жыл болгонуна карабай, дагы деле алардын көбү өздөрүн «Орусиянын бир бөлүгү» катары кабылдашат.

19. Чынын айтканда, Чынгыз Айтматов «Ак кемесиндеги» Орозкулдун образы, « Кылым карытаар бир күн» романындагы Дөнөнбайдын балдары ушулар. Ошондуктан мындай адамдардын элдин башына келип калышы өтө коркунучтуу.

20. Нары латын макалы айткандай: «Жаман ооруу бат жугуп», «жаман чөп бат өсөт» эмеспи.

21. Шаардык « киргиздер» канчалык билимдүү болушпасын, кыргыздар эч качан алар менен сыймыктанган эмес. Тескерисинче, алар тууралуу тынчсызданып, аларга «туура эмес тарбияланган муун» катары боор ооруу менен мамиле кылып келишет.

22. Чынында шаардык «киргиздер» улуттук жүзү жок интернационалисттик тарбия берген советтик бала бакчалардын балдары болуп саналат.

23. Ар бир элдин мыкты уул-кыздары өз элинин жакшы сапаттарын жана улуу касиеттерин алып жүргөнү менен айырмаланат.

24. Мисалы, оозеки адабияттын өкүлүСаякбай Карала уулу, же жазма адабияттын өкүлүЧынгыз Айтматов. Бири кечеги, бири бүгүнкү кыргыздын уулу. Экөөндө тең кыргыз элинин улуу сапаттары бар.

25. Ушунчалык улуу экендигине карабай Чынгыз Айтматов бир жолу да, өзүнүн укугун улут укугунан жогору коюп, айткан сөзүн уккан жокпуз.

26. Анткени, чыныгы уулдар, кыргыз элинин илгертен: «Эрден ашмак бар, бирок элден ашмак жок» деген улуу сөзүн жакшы билишет.

27. Эл деген көл, улуу дайра. Ал эми адам анын бир бөлүгү. Анан кантип көп адамдын биримдигинен турган элден бир адамдын укугу өйдө чыгып кетет?

28. Кыргызда: «Кыз боозуп энесин коркутат» деген сөз айтылат. Анан дагы: «Уялбаган кыз, уялган кыздын бетин тырмайт» дейт кыргыздар.

29. Бул сөздөрдүн сүйлөнүп келатышы – кээ бир «киргиздерге» окшоп, улут менен


укук талашкан уятсыз адамдардын мурда да болгонун көрсөтөт.

30. М.Шаханов жазгандай, азыркы учурда «курсагы менен ойлонгон» адамдар көбөйдү. Сыягы адам укугун кээ бирөөлөрдүн жан талашып, коргоп атышы да ошондон.

31. Анткени, адам укугунда жеке адамдын кызыкчылыгы жатат. Ал эми улут укугунда мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Демек, улут укугу дегенибиз, чынын айтканда, ал – мамлекеттик деген сөз.

32. Ошондуктан, биз адам укугун коргошубуз керек, бирок ал улуттунже мамлекеттин укугуна карама-каршы чечилиши керек дегенди билдирбейт.

33. Ал эми Зайнидин Курманов сыяктуу кээ бир депутаттар, ачык эле маселени мындай коюлушуна каршы чыгып: “Биз адам укугун бузуп жатабыздеген ойду айтышты. Башкача айтканда, улут укугуна каршы коюп, аны өзүнүп пайдасына чечкиси келет.

34. Бул улуттук сезими эми калыптанып келаткан эл үчүн өтө опурталдуу кырдаал. Бул керек болсо, улутту жок кылууга багытталган ачык согуш.

35. Биз Кыргызстанда жашашкан башка улуттардын өкүлдөрүн да кыргызча сүйлөгүлө десек, адам укугу бузулат эле. Ошол эле убакта алар орусча сүйлөсө, адам укугу бузулбайт.

36. Кыскартып айтканда, Кыргызстанда, кыргыз тилинде сүйлөгөн 3 млн. адамдын укугунан, кыргыз эмес 2 млн. адамдын укугу өйдө турууда. Бул ачык эле Кыргыз ма млекетинин өзөк улуту болгон кыргыздарды кемсинтүү жана кордоо эмеспи!?

37.Эмне үчүн дүйнөнүн башка мамлекеттеринде жашашкан элдер негизги улуттун тилинде сүйлөш керек да, биздин мамлекетте Кыргыз мамлекети орусча сүйлөш керек?

38. Ырасын айтканда, биздин мамлекетте орус тилинин официалдуу статуска ээ болушу, өлкөдө кайрадан кош тилдүүлүктү пайда кылып, Кыргыз мамлекетинде мурункудай эле орус духу үстөмдүк кылган атмосфера түзүлдү.

39. Ушул иштердин баары азыркы эл бийлигинин өкүлдөрү тарабынан, алар кабыл алган мыйзамдар аркылуу ишке ашып келатат.


40. Кыргыз эли эч качан адам укугун кор туткан эмес. Адам өзүнүн ким экендигин көрсөтүүгө дайым мүмкүнчүлүк беришкен. А чынында, адам укугу эркин элде кордолбойт, эркин эмес, көз каранды элде кор тутулат.

41. Анткени, көз каранды элдин ичинен когжоюп элге кошоматчылык кылып, жан баккан адамдар чыгат, алар өзүнүн гана аманчылыгын жана жакшы жашашын ойлоп, элдин кызыкчылыгын сатат.

*** *** *** *** ***

60. Автор «киргиздер» деп кимди айтып жатат?

А) орустарды

Б) айылдык кыргыздарды

В) шаардык кыргыздарды

Г) эне тилин билбеген кыргыздарды


61. Шаардык кыргыздардын түпкү теги кайдан келгендер?

А) айылдан Б) шаардан

В) Россиядан Г) Бишкектен


62. «Киргиз» менен кыргыздардын айырмасы кандай?

А) «Киргиздер» билимдүү, кыргыздар чала сабат

Б) Кыргыздар билимдүү, «киргиздер» чала сабат

В) «Киргиздердин» баары эле билимдүү, кыргыздар чала сабат эмес

Г) Экөөнүн айырмасы жок.


63. Шаардыктардын баарын «киргиз», айылдыктардын баарын «кыргыз» дешке болобу?

А) Ооба, болот

Б) Жок, болот

В) Экөө бирдей эле

Г) Экөө бирдей эмес


64. Ч.Айтматов, А. Акаевдер кайдан чыккандар?

А) шаардан

Б) Москва, Ленинградтан окуп келгендер

В) айылдан

Г) чет өлкөгө кеңири таанымал болгондор








65. Кыргыз улутунун чыныгы жүзүн кимдер аныктайт?

А) шаардык «киргиздер»

Б) шаардык кыргыздар

В) атактуу адамдар

Г) Ч. Айтматов, А. Акаев


66. «... топурактын ичинде жаткан бир ууч алтын сыяктуу» дегенди кандай түшүнөсүң?

А) Кыргыздарда билимдүүлөр аз.

Б) Эне тилин билбегендер аз.

в) Кыргыздын улуттук каада-салтын алып жүргөндөр аз.

г) Эне тилин кастарлагандар аз.


67. Ч.Айтматов сыяктуу шаардык кыргыздар кандай?

А) Эне тилинде так сүйлөй алышпайт, бирок кыргыз уулу экендиги менен сыймыктанышат.

Б) Эне тилинде так сүйлөшөт, бирок кыргыз уулу экендигине сыймыктанышпайт.

В) Эне тилинде так сүйлөп, кыргыз уулу экендиги менен сыймыктанышат.

Г) Эне тилинде так сүйлөшпөйт, кыргыз уулу болгонуна сыймыктанышпайт.


68. Кыргыздын атын чыгаргандар кимдер?

А) Шаардык «киргиздер» теңсинбеген кыргыздар

Б) Айылдык кыргыздар теңсинбеген «киргиздер»

В) Кыргыз жана орус тилинде таза сүйлөгөндөр.

Г) Шаардык кыргыздар


69. Шаардык «киргиздердин» улуттук сезими кандай?

А) Өтө жакшы өнүккөн

Б) Өтө начар өнүккөн

В) Өнүккөн эмес

Г) Өнүгүү үстүндө


70. Мажар тууганыбыздын оюу кандай?

А) Көп тилди билген жакшы, ошон үчүн кыргыз тилин билбесе деле болот

Б) Көп тилди билген зарыл эмес, кыргыз тилин билсе жетиштүү

В) Көп тилди билген жакшы, бирок эне тили жакын болуш керек

Г) Көп тилди билген жакшы, ошондуктан көп окуш керек.


71. Улуттук намысы жок адам кандай болот?

А) Бардык улуттар үчүн бирдей калыс болот

Б) Уяты жок, өзүмчүл болот

В) Билимдүү маданияттуу болот

Г) Өз элине жат болот



72. 16-саптагы тамырсыз адам дегенди кандай түшүнөсүң?

А) Туулуп-өскөн айылынан ажырап калган

Б) Өз элинин каада-салт, маданиятын түшүнбөй, жат болуп калган

В) Урук-туугандары жок адам

Г) Бак-дарагы жок адам


73. Алардын көпчүлүгү эмне үчүн кулдук сезиминен кутула элек?

А) Себеби, эгемендүү болгонубуздан аз эле убакыт өттү.

Б) Анткени, мурунку заман улуттук сезимди мокотуп, ойгоно элек.

В) Анткени, көп кылымдардан бери кыргыздар кул болуп келишкен.

Г) Себеби, экономикалык жактан башка өлкөлөргө көз карандыбыз.


74. Билимдүү шаардык «киргиздерге» кыргыздар кандай карашат?

А) Туура эмес тарбия алган муун катары, боор оору менен карашат

Б) Билимдүү адам катары сыймыктануу менен карашат.

В) Жек көрүү менен карашат

Г) Көрө албастык менен


75. Шаардык «киргиздер» кимдин балдары?

А) Атактуу жазуучу-акындардын

Б) Көбүнчө жетекчи кызматкерлердин

В) Советтик бала бакчалардын

Г) Советтик мектеп, окуу жайларынын

76. Ар бир элдин мыкты уул-кыздары эмнеси менен айырмаланат?

А) Билимдүүлүгү менен

Б) Көп тил билгендиги менен

В) Эне тилинде таза сүйлөгөндүгү менен

Г) Өз элинин улуу касиеттерин, жакшы сапаттарын алып жүргөндүгү менен






77. «Эрден ашмак бар, бирок элден ашмак жок» деген макалдын мааниси кандай?

А) Адам канчалык улуу болбосун, элден жогору турбайт.

Б) Улуу адамдар элинин атагын алыска таратат.

В) Атактуу адамдар элинен жогору турат.

Г) Эр менен эл бир деңгээлде турат.



78. Жеке адамдын укугу жогору турабы же элдикиби?

А) Жеке адамдын укугу

Б) Элдики

В) Экөө бирдей

Г) Укуктары жок


79. «Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт» деген макал кимге карата айтылган?

А) Ч. Айтматовго

Б) М.Шахановго

В) З.Курмановго

Г) Элге


80. М.Шахановдун «курсагы менен ойлонгон адамдар көбөйдү» деп жазганын кандайча түшүнсөк болот?

А) Тамакты гана ойлогон адам

Б) Улут кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыкты жогору коюу; жеке пайдасын гана ойлоо.

В) Азык-түлүк, тамак-ашты арбын өндүрүүнү ойлогон адамдар көбөйдү.

Г) Эне тилин билбеген адамдар өсүүдө.


81. Адам укугун коргоо менен мамлекет, улуттун укугун коргоонун карым катышы кандай?

А) Бири-бирине карама каршы

Б) Бири-бирине карама каршы эмес

В) Экөөнүн тең укугу бирдей

Г) Адам укугу жогору турат


82. Улут укугуна адам укугун каршы коюу кандай натыйжага алып келиши мүмкүн?

А) Улуттар ортосундагы чыр-чатакка

Б) Улутту өнүктүрүүгө

В) Улутту жок кылууга

Г) Эч нерсеге.




83. Кимдердин укугу бузулууда?

А) Кыргызча сүйлөгөндөрдүн

Б) Орусча сүйлөгөндөрдүн

В) Кыргызча сүйлөгөн 3 млн. адамдын

Г) Кыргыз эмес 2 млн.адамдын


84. Автор кайсы көрүнүш туура деп эсептейт?

А) Башка мамлекетте жашаган элдердин негизги улуттун тилинде сүйлөшү

Б) Кыргыз мамлекетинин орусча сүйлөшү

В) Мамлекеттик жана расмий тилдин бирдей колдонулушу

Г) Кыргызстанда кыргыз тилинин гана колдонуп жатышы


85. Орус тилинин официалдуу статуска ээ болушу кандай натыйжа берди?

А) Кыргызстандын эл аралык кадыр – баркы өстү.

Б) Россия менен мамиле гүлдөп өстү.

В) Кыргыз тилинин өнүгүшүнө шарт түзүлдү.

Г) Кош тилдүүлүк кайра өркүндөп, орус духу үстөмдүк кыла баштады.


86. Автор айтайын деген негизги оюу эмнеде?

А) Орус тилин үйрөнбөө керек

Б) Кыргыз тилин өнүктүрүү керек

В) Эне тилин билген жана билбеген кыргыздар, улут жана жеке адамдын укугу.

Г) З.Курмановду жамандоо


87. Адам укугу кандай элде кор болот?

А) Эркин элде

Б) Кошоматчы, эркин эмес элде

В) Экономикасы начар өнүккөн өлкөдө

Г) Конституция сакталбаган элде


88. Көз каранды өлкөдөн кандай элдер чыгат?

А) Коркок, жалкоо өз элин сүйбөгөн

Б) Өз элинин тилин, маданиятын билбеген

В) Жан бакма, өзүмчүл, элин саткан

Г) Баатыр, эр жүрөк, эли-жерин сүйгөн



89. Кыргыз эли адам укугуна кандай мамиле кылган?

А) Көңүл бурган эмес

Б) Кор туткан

В) Кор туткан эмес

Г) Жакшы мамиле кылган


90. Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү асты сызылган сөздүн кайсынысы бала деген сөзгө маанилеш?

А) Болор бала он бешинде баш.

Б) Ал баш бербей калды.

В) Аш бергенче баш берсин.

Г) Мени баш кылып жөнөттү.
































32



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!