СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түрк элдеринин тарыхы Кытай булактарында

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кытай булактарында берилген түрк элдеринин тарыхы жөнүндөгү презентация  

Просмотр содержимого документа
«Түрк элдеринин тарыхы Кытай булактарында»

Түрк элдеринин тарыхы Кытай булактарында Аткарган:Ишенбек уулу Бакберген Текшерген: Курумбаева Г. Д.

Түрк элдеринин тарыхы Кытай булактарында

Аткарган:Ишенбек уулу Бакберген

Текшерген: Курумбаева Г. Д.

Кытай булактары Эрте орто кылымдардагы Борбордук жана Орто Азиянын элдеринин тарыхын окуп үйрөнүүдө кытай даректери маанилүү булак болуп саналат. Кытайдын бардык тарыхый жылнаамалары императордун сарай кызматкерлери тарабынан түзүлүп, мазмууну боюнча бир кылка кытайжактоочулук (китаецентризм) багытта жазылган.

Кытай булактары

  • Эрте орто кылымдардагы Борбордук жана Орто Азиянын элдеринин тарыхын окуп үйрөнүүдө кытай даректери маанилүү булак болуп саналат. Кытайдын бардык тарыхый жылнаамалары императордун сарай кызматкерлери тарабынан түзүлүп, мазмууну боюнча бир кылка кытайжактоочулук (китаецентризм) багытта жазылган.

Кытайдын тышкы саясий кызыкчылыктарынан улам, даректерде коңшу жашаган калктардын саясий институттары, адеп-ахлагы, каада-салты, турмуш-тиричилиги, маданияты жөнүндөгү маалыматтарга кеңири орун берилген.
  • Кытайдын тышкы саясий кызыкчылыктарынан улам, даректерде коңшу жашаган калктардын саясий институттары, адеп-ахлагы, каада-салты, турмуш-тиричилиги, маданияты жөнүндөгү маалыматтарга кеңири орун берилген.

Бул мезгилдеги окуяларды чагылдырган маанилүү булактарга: Тан династиясынын эски хроникасы‖, Тан династиясынын жаңы хроникасы‖, Улуу Тан династиясынын мезгилиндеги Сюань Цзяндын Батыш өлкөлөрү жөнүндөгү жазмалары кирет.  Бул мезгилдердеги тарыхый булактар бир беткей мүнөздө жазылгандыгы менен айрымаланат. Кытайдын гүлдөп өнүккөн мезгили Суй (581-618-жж.) жана Тан (618-907-жж.) династияларынын (сулалелеринин) дооруна туш келип, тескерисинче бул мезгилде Түрк каганатындагы  ички чыр-чатактар ырбап, натыйжада мамлекет Чыгыш жана Батыш болуп экиге бөлүнгөн учур болгон.
  • Бул мезгилдеги окуяларды чагылдырган маанилүү булактарга:
  • Тан династиясынын эски хроникасы‖,
  • Тан династиясынын жаңы хроникасы‖,
  • Улуу Тан династиясынын мезгилиндеги Сюань Цзяндын Батыш өлкөлөрү жөнүндөгү жазмалары кирет.
  • Бул мезгилдердеги тарыхый булактар бир беткей мүнөздө жазылгандыгы менен айрымаланат.
  • Кытайдын гүлдөп өнүккөн мезгили Суй (581-618-жж.) жана Тан (618-907-жж.) династияларынын (сулалелеринин) дооруна туш келип, тескерисинче бул мезгилде Түрк каганатындагы ички чыр-чатактар ырбап, натыйжада мамлекет Чыгыш жана Батыш болуп экиге бөлүнгөн учур болгон.

Тан династиясынын эски хроникасы Цзю Тан шу эмгеги Лю Сюн (941-945 жж.) баштаган сарай тарыхнаамачылары тарабынан түзүлгөн. Эмгектин Географиялык трактаттар деген экинчи бөлүмүндө, Тан империясынын Чыгыш Түркстанды жана Теңир-Тоону басып алууга жасаган аракеттери жөнүндө маалыматтар камтылган.
  • Тан династиясынын эски хроникасы Цзю Тан шу эмгеги Лю Сюн (941-945 жж.) баштаган сарай тарыхнаамачылары тарабынан түзүлгөн. Эмгектин Географиялык трактаттар деген экинчи бөлүмүндө, Тан империясынын Чыгыш Түркстанды жана Теңир-Тоону басып алууга жасаган аракеттери жөнүндө маалыматтар камтылган.

Батыш түрктөргө арналган бөлүмүндө Батыш Түрк каганатынын жана түргөштөрдүн саясий тарыхы чагылдырылып, аны менен катар маанилүү тарыхый этнографиялык маалыматтар берилген. Анда мамлекеттин экономикасы, ― он ок түрктөрүнүн калкынын курамы жана саны, алардын жайгашуусу, көчүп-конуу процесстери баяндалган.
  • Батыш түрктөргө арналган бөлүмүндө Батыш Түрк каганатынын жана түргөштөрдүн саясий тарыхы чагылдырылып, аны менен катар маанилүү тарыхый этнографиялык маалыматтар берилген. Анда мамлекеттин экономикасы, ― он ок түрктөрүнүн калкынын курамы жана саны, алардын жайгашуусу, көчүп-конуу процесстери баяндалган.

 Синь Таш Шу (Тан династиясынын жаңы хроникасы) XI к. биринчи жарымында атайын комиссия тарабынан түзүлгөн. Хрониканын географияга арналган бөлүмүндө Цзя Дандын (730-805-жж.) элчилик байланыштарынын жол-каттамдары жөнүндө маалыматтар берилген. Бул жолдун бешинчи каттамы Турпандан чыгып Бедел ашуусу аркылуу Орто Азияга, Борбордук Теңир-Тоого, Ысык-Көлгө, Чүй, Талас өрөөндөрүнө чейин жеткен.
  • Синь Таш Шу (Тан династиясынын жаңы хроникасы) XI к. биринчи жарымында атайын комиссия тарабынан түзүлгөн. Хрониканын географияга арналган бөлүмүндө Цзя Дандын (730-805-жж.) элчилик байланыштарынын жол-каттамдары жөнүндө маалыматтар берилген. Бул жолдун бешинчи каттамы Турпандан чыгып Бедел ашуусу аркылуу Орто Азияга, Борбордук Теңир-Тоого, Ысык-Көлгө, Чүй, Талас өрөөндөрүнө чейин жеткен.

Улуу Тан династиясынын мезгилиндеги Батыш өлкөлөрү жөнүндөгү жазылмаларда‖ (― Да Тан Сиюй цзи‖), будда зыяратчысы Сюань Цзандын Индияга жасаган саякатына арналып, 646-жылы жазылган. Мында 34 өлкө тууралуу маалыматтар менен бирге Түндүк Теңир-Тоонун шаарлары да эскерилген. Сюань Цзан Суяб, Невакет, Талас шаарлары аркылуу өтүп Теңир-Тоонун калкынын жашоо тиричилиги, үрп-адаты, каада-салты тууралуу баалуу маалыматтарды жазган.
  • Улуу Тан династиясынын мезгилиндеги Батыш өлкөлөрү жөнүндөгү жазылмаларда‖ (― Да Тан Сиюй цзи‖), будда зыяратчысы Сюань Цзандын Индияга жасаган саякатына арналып, 646-жылы жазылган. Мында 34 өлкө тууралуу маалыматтар менен бирге Түндүк Теңир-Тоонун шаарлары да эскерилген. Сюань Цзан Суяб, Невакет, Талас шаарлары аркылуу өтүп Теңир-Тоонун калкынын жашоо тиричилиги, үрп-адаты, каада-салты тууралуу баалуу маалыматтарды жазган.

Кытайдын Борбордук жана Ички Азия этностору (анын ичинде кыргыздар, уйгурлар ж.б.) жөнүндөгү географиялык, этнографиялык ж.б. маалыматтары моңгол дооруна чейинки мезгилде андан ары кеңейген. XI к. биринчи жарымында Кытайдын түндүк жерлери кидандар, ал эми XII к. чжурчжэндер тарабынан басылып алынган. Орто кылымдардагы Кытай тарыхчылары Теңир-Тоонун жана ага аймакташ жашаган элдердин тарыхын, өсүп-өнүгүү деңгээлин так жана кылдат чагылдырганга аракет жасашкан.
  • Кытайдын Борбордук жана Ички Азия этностору (анын ичинде кыргыздар, уйгурлар ж.б.) жөнүндөгү географиялык, этнографиялык ж.б. маалыматтары моңгол дооруна чейинки мезгилде андан ары кеңейген. XI к. биринчи жарымында Кытайдын түндүк жерлери кидандар, ал эми XII к. чжурчжэндер тарабынан басылып алынган. Орто кылымдардагы Кытай тарыхчылары Теңир-Тоонун жана ага аймакташ жашаган элдердин тарыхын, өсүп-өнүгүү деңгээлин так жана кылдат чагылдырганга аракет жасашкан.

Тан сулалеси өкүм сүргөндөн (618-907-жж.) баштап, Сун сулалесинин (960-1279-жж.) тушуна чейинки булактарда, Борбордук Азиядагы ар кайсы түрк-моңгол элдеринин тарыхы боюнча маалыматтар арбын кездеше баштаган. Кытайдын империялык идеологиясынын таасиринен улам, коңшу жашаган элдерге карата саясий кызыкчылыктардын кыйла жогорулашы да, буга түрткү берген.
  • Тан сулалеси өкүм сүргөндөн (618-907-жж.) баштап, Сун сулалесинин (960-1279-жж.) тушуна чейинки булактарда, Борбордук Азиядагы ар кайсы түрк-моңгол элдеринин тарыхы боюнча маалыматтар арбын кездеше баштаган. Кытайдын империялык идеологиясынын таасиринен улам, коңшу жашаган элдерге карата саясий кызыкчылыктардын кыйла жогорулашы да, буга түрткү берген.

Көңүл бурганыңызга  чоң рахмат !!!

Көңүл бурганыңызга чоң рахмат !!!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!