СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түшүндүрүү жана баалоо методдору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Түшүндүрүү жана баалоо методдору»

Түшүндүрүү жана баалоо методдору

Акыл даярдыгы – жаңы теманы өтүүдөн мурда окуучуларга күнүмдүк жашоодо кездешкен, темага багыт алдырууга даярдоочу,

өзүнө тааныш чөйрө боюнча текстке байланыштуу кызыктыруучу суроолорду берүү аркылуу жаңы маалыматтарды түшүнүүгө даярдоо.

Акыл чабуулу - бул кеңири колдонулган интерактивдик ыкмалардын бири. Мында темага байланыштуу ойго келген идеялардын бардыгын, сындалбастан иштелип чыгат. Акыл чабуулунда окуучулар эркин, ишкер абалда чыгармачылык менен жаңы идеяларды жарата алышат, интеллектуалдык жактан өнүгүшөт.

 Баа - бул окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин санарип, тамга же башка түрдөгү шарттуу- формалдуу сан түрүндө

билдирүүчү, символу(белгиси).

 Баалоо - бул окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын

жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

 Баа берүү - бул баалоо процесси, иш-аракети же ишмердиги кайтарым байланыштын сапаттык маалыматы.

Баа койбостон баалоо – бул 5 баллдык баалоо системасына салууга мүмкүн болбогон шарттуу белгилер менен белгиленген шкалалар, ар кандай параметрлер боюнча окуучунун окуу-үйрөнүү деңгээлин көрсөткөн «жекече жетишкендиктер баракчалары», конкреттүү критерийлер менен баалоодон келип чыккан иштеринин жыйынтыктары (процент менен, бөлчөктөр аркылуу, диаграмма, схема, чиймелер ж.б.) . Баалоонун бул формасы мугалим, окуучу жана ата-эне үчүн андан аркы өнүгүүнү пландаштырууга кызмат кылышы керек.

Баа койбостон окутуу – окуучунун өз иш-аракетин өз алдынча баалоого үйрөнүүсүн, өздүк жетишкендиктерин жалпыга белгилүү көрсөткүчтөр менен өлчөө, жалпысынан айтканда окуучунун баалоо өз алдынчалыгын өстүрүүнү айтабыз.

 Билим берүүнүн сапаты – билим берүүнүн натыйжаларынын ар түрдүү билим берүү субъектилеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, жалпы эле коомдун) күтүүлөрүнө же алар тарабынан коюлган билим берүүнүн максаттарына жана милдеттерине шайкештигинин даражасы. Билим берүүнүн сапаты анын билим берүүнүн стандарттарына жана керектөөчүлөрдүн суроо талаптарына шайкештигин көрсөтөт. Бул түшүнүктүн маанилүү өзгөчөлүгү динамикалуулукта, вариативдүү жана иштиктүү мүнөзүндө турат.

 Билим берүүнүн стандарты – негизги билим берүү программаларындагы билимдин мазмунунун минимумун, окуучунун даярдыгынын сапатына коюлуучу базалык талаптарды, билим алуучулардын мүмкүн болгон окуу жүгүнүн чегин аныктоочу нормалар менен эрежелердин топтому.

 Диагноздоочу баалоо – бул окуучунун билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана  иш билгилигинин (компетенттүүлүгүн) алгачкы калыптануу деңгээлин аныктоо.

Долбоор методу - кандайдыр бир маселенин жеке адам же жамаат тарабынан колго алынып, жашоо турмушка  өзгөчө зарыл болгон натыйжаларга жетүү максатын көздөгөн метод.

Жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук куррикулуму - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү документ.

Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо – белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү,билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо.

 Инновация (анг. «жаңылануу, өзгөрүү» деген сөз) педагогикалык системада илимдин, техниканын жаңы жетишкендиктерин, жаңы технологияны колдонуу менен окуу-тарбия процессинин жаңылануусуна жетишүү, б.а. натыйжалуу, эффективдүү кайра жаралуу процессин түзүү дегенди билдирет.

Индикатор – бул бир нерсенин абалын чагылдыруучу же көрсөтүүчү чен, «өлчөгүч прибор».Окуп үйрөнүүнүн натыйжаларынын көрсөткүчү (индикатору) – окуучунун жүрүм-турумунан байкалуучу, болжолдонгон натыйжага

жетишилгендигин далилдөөчү конкреттүү белгилер.

Окутуунун максаты – окуучулар когнитивдик (таанып -билүүчүлүк), аффективдик (эмоциялык- баалуулук) жана психомотордук жактарда жетишүүчү окутуп- үйрөтүүнүн утурумдук жана акыркы натыйжалары. Окутуунун түшүндүрүп-иллюстрациялоо түрү окутуунун башка түрлөрүнө караганда бир катар артыкчылыкка ээ. Эң башкысы өтүлгөн тема боюнча негизги материалды эстеп калуу  жагын жакшы чечкен. Окутуунун мындай түрү мектептерде узактан бери колдонулуп, аны дагы өркүндөтүү менен  ар кандай көрсөтмөлүүлүктөр көп пайдаланылып, жаңыдан өтүлө турган теманы түшүндүрүүдө  убакытты үнөмдөөгө жетишет. Өтүлүүчү материалды  кыска мөөнөттө түшүндүрүүгө болот. «Кемчилиги» көбүнчө окуучуларды  «даяр» далилдерди  гана айтып берүүгө үйрөтүп, өз бетинче иштөөгө, анын тегерегинде ойлонууга, изденүүгө түртө албайт.

20-кылымдын 80-жылдары педагогикалык лексикондо «инновация» деген түшүнүктү ( адегенде журналисттер, андан кийин ар кандай кесип ээлери) колдоно баштады. Ал өлкөдө пайда боло баштаган кайра жаралуу мезгилине таандык.Окшоштуруу методу бир окуяны же маселени ар кандай өңүттөн талкуулоо, бир документти  талдоо үчүн кандайдыр бир эрежелердин негизинде окшоштук белгилерди табууга, андай белгилердин моделин түзүүгө багытталган метод.Өрнөк окуя методу болуп өткөн же боло турган бир окуяны  же кубулушту окуучуларга айтып берүү жана  ал окуяда баяндалган маселени  суроо-жооп формасында талкуулоо аркылуу өткөрүлөт.

Кайтарым байланыш - иш – аракеттер, кырдаалдар, талаш маселелер жана максатка эң жакшы жол менен жетишүүгө өбөлгө түзүүчү конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө түшүндүрмөлөрдү (сын пикирлерди) кабарлоо жана

алуу процесси.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо - бул окуучунун окуусуна үзгүлтүксүз, максаттуу багытталган байкоо жүргүзүү процесси.

Компетенттүүлүк – адамдын ар түрдүү билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш - аракеттин ыкмаларын белгилүү

бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) өз алдынча колдонууга болгон интегративдик жөндөмдүүлүгү.

Компетенция - (лат. competere – ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү)- окуучунун белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык,кесиптик) натыйжалуу, майнаптуу иштөөсү үчүн зарыл болгон билим даярдыгына карата алдын ала коюлуучу социалдык талаптар (нормалар, стандарттардын тизмеси).

Критерий – бул баа берүүгө, бир нерсени аныктоого жана класификациялоого негиз болуучу белги, баанын ченеми.

Метод - педагогикалык категория катары  өтүлө турган материалды  кандай ыкма менен натыйжалуу берүүнүн жолдорун көрсөтөт. 20-кылымдын 60-жылдары окутуу методдорун бир системага келтирип классификациялаган окумуштуу Е.Я. Галант болгон, кийинчирээк дидактар М.Н.Скаткин, И.Я.Лернер, М.А.Даниловдор бул маселеге кайрылышкан. Ал эми академик Ю.К.Бабанский түзгөн  окутуунун методдорунун классификациясындагы:

Айтып берүү методдору  (аңгеме, түшүндүрүү, лекция, аңгемелешүү, окуу китеби менен иштөө ж.б.);

Көрсөтмөлүүлүк (таблица, схема, сүрөттөрдү иллюстрациялоо, диафильм, кино демонстрациялоо, музейге, өндүрүшкө, жаратылышка экскурсия  ж.б.);

Практикалык (көнүгүү, көнүктүрүү, үй жана аудиторияда өз алдынча иштөөнү уюштуруу, эксперимент, эмгек жана коомдук иштерге тартуу

Мотивация - талдоо негизинде тынымсыз жүрүп туруучу тандоо менен чечим кабыл алуу процесси. Натыйжалар (билим берүүдөгү) – билим алуучулардын инсандык, жарандык жана кесиптик жактан өзүн өзү аныктоосун ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон жекече компетенттүүлүктөрүнүн топтому.

 Маселе чечүү методу маселе чечүүнүн  илимий негиздерин жетекчиликке алуу аркылуу окуучуларга практикалык мүнөздөгү маселелерди  чечүүнүн жол-жоболорун  үйрөтүү максатын аркалайт. Көрсөтүп  жасатуу методу кандайдыр бир иш-аракетти  адегенде көрсөтүп, андан соң окуучулардын өздөрүнө  жасатууну көзөмөлдөп турат.

Негизги компетенттүүлүктөр – бардык предметтер үчүн жалпы метапредметтик мазмунда ишке ашырылуучу билим берүүнүн натыйжалары.

Предметтик компетенттүүлүктөр – негизги компетенттүүлүктөргө карата алганда жекече болуп саналат. Алкактык Улуттук куррикулум негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмегин аныктайт, ал эми предметтик куррикулумдар айрым алынган предметтердин материалында аларды предметтик компетенттүүлүктөр түрүндө конкреттештирет.

Роль ойноо методу  роль аткаруу аркылуу окуучулардын туюм-сезимдерин жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталат.

Суроо-жооп методу сабакта окуучулардын активдүүлүгүн жандандыруу максатында  карым-катыш  түзүүдө көп колдонулган метод болуп эсептелет. Суроолор максатына, жооптун түрүнө, үйрөтүү методуна, берилиш формасына жана кимге багытталганына карай  бири-биринен айырмаланат. Алар киришүү, сабакка  багыттоо тести, сабакка даярдануу, сабак ичи, баалама жана кер байланыш суроолору болуп түркүмдөлөт. Бардык учурда мугалимдин таасирлүү суроо бере билүүсү, б.а. бул ыкманы натыйжалуу колдоно билүүсү  талап кылынат.

Талдоо («анализ», байыркы грек тилинен, «ажыратуу») – бул ой жүзүндө же иш жүзүндө бүтүн нерсени (буюмду, касиетти,

процессти, предметтер аралык катышты) курамдык бөлүктөргө ажыратуу, бөлүү иши. Ал адамдын таанып билүүчүлүк же предметтик практикалык ишмердигинин жүрүшүндө аткарылат.

Талкуу методу - окуучулар өз ойлорун  эркин ортого сала билүү, башкалардын көз карашын сыйлай билүү, өз ара карым-катышта болуу сыяктуу жөндөмдөрүн өстүрүүгө багытталат. Бул методдун негизги ыкмаларынын бири - чоң тайпаларда  талкуу жүргүзүү. Ал эми чакан топтордогу талкуу чоң топту чакан топторго бөлүү аркылуу ишке ашырылат.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!