СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү»

Кыргыз тили 7-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

7-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Мектеп деген бул эмне?  Мектеп деген чон сандык.  Тарбия, билим, тажрыйба,  Мунун баары ал жакта. МЕКТЕП

Мектеп деген бул эмне? Мектеп деген чон сандык. Тарбия, билим, тажрыйба, Мунун баары ал жакта.

МЕКТЕП

Алтын эреже: Сабакка даяр болуу;  Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо;  Эч нерсеге алагды болбоо;  Сабакка көңүл бөлүү;  Өтүлгөн теманы эске тутуу

Алтын эреже:

  • Сабакка даяр болуу; Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо; Эч нерсеге алагды болбоо; Сабакка көңүл бөлүү; Өтүлгөн теманы эске тутуу
Бүгүн сабакта: Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Бүгүн сабакта:

Тууранды

сөздөрдүн

түзүлүшүнө

карай

бөлүнүшү

Сабактын максаты: Тууранды сөздөрдүн түзүлүшү боюнча билимдерин тереңдете алышат;

Сабактын максаты:

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшү боюнча билимдерин тереңдете алышат;

Өтүлгөн тема: 73-бет 111-көнүгүү   Көнүгүүнү окуп чыгып, элестүү сөздөрдү көчүрүп жазгыла. Тууранды сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшү

Өтүлгөн тема:

73-бет

111-көнүгүү

Көнүгүүнү окуп чыгып, элестүү сөздөрдү көчүрүп жазгыла.

Тууранды сөздөрдүн

маанисине карай

бөлүнүшү

Жаңы тема:  Табыш тууранды сөздөр да, элес тууранды сөздөр да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болот.  Жөнөкөй тууранды сөздөр бир эле сөздөн (уңгудан десек да болот) турат. Алар көбүнчө табыштын жана элестин бир гана көрүнүшүн же кыска мөөнөттүүлүгүн билдирет. Мисалы: Үн чыккан тарапка «жалт» тиктей, көздөрүнөн от чагыла түштү.  Татаал тууранды сөздөр эки же андан көп түгөйлөрдөн турат. Алар тууралып айтылып жаткан үндүн же элестин үзгүлтүксүздүгүн, кайталанып жаткандыгын же бир аз созулуңку абалда болгонун билдирет. Мисалы: Эл арасы дуу-дуу , каргап шилеген үндөр.

Жаңы тема:

Табыш тууранды сөздөр да, элес тууранды сөздөр да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болот.

Жөнөкөй тууранды сөздөр бир эле сөздөн (уңгудан десек да болот) турат. Алар көбүнчө табыштын жана элестин бир гана көрүнүшүн же кыска мөөнөттүүлүгүн билдирет. Мисалы: Үн чыккан тарапка «жалт» тиктей, көздөрүнөн от чагыла түштү.

Татаал тууранды сөздөр эки же андан көп түгөйлөрдөн турат. Алар тууралып айтылып жаткан үндүн же элестин үзгүлтүксүздүгүн, кайталанып жаткандыгын же бир аз созулуңку абалда болгонун билдирет. Мисалы: Эл арасы дуу-дуу , каргап шилеген үндөр.

 Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша өз ара үч топтон турат.   1. Кайталанма тууранды сөздөр: дардаң-дардаң, койкоң-койкоң, калч-калч, кыбыр-кыбыр, зыр-зыр, карс-карс ж.б. Мисалы: «Зуу-зуу» учкан жебелер үстүнөн өттү.   2. Уйкашма (уйкаш айтылма) тууранды сөздөр: така-так, шака-шак, кобур-собур, калдыр-салдыр ж.б. Мисалы: Эл арасы «кобур-собур», ар кандай ушактар айтылып жүрөт.   3. Каршылаш тууранды сөздөр: дабыр-дүбүр, карс-күрс, шалдыр-шулдур, уу-дуу, тик-так, күңк-мыңк ж.б. Мисалы: Не чегирткеби, не бир «ырчы» жандыкпы? «Чыр-чур», «ыз-быз» тынбайт.   Тууранды сөздөрдүн каршылаш маанилери алардын айтылышындагы тыбыштардын башка-башка топтогуларынын келгендигине негизделип, ошонун өзү грамматикалык антонимдик касиетке ээ болот.

Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша өз ара үч топтон турат. 1. Кайталанма тууранды сөздөр: дардаң-дардаң, койкоң-койкоң, калч-калч, кыбыр-кыбыр, зыр-зыр, карс-карс ж.б. Мисалы: «Зуу-зуу» учкан жебелер үстүнөн өттү. 2. Уйкашма (уйкаш айтылма) тууранды сөздөр: така-так, шака-шак, кобур-собур, калдыр-салдыр ж.б. Мисалы: Эл арасы «кобур-собур», ар кандай ушактар айтылып жүрөт. 3. Каршылаш тууранды сөздөр: дабыр-дүбүр, карс-күрс, шалдыр-шулдур, уу-дуу, тик-так, күңк-мыңк ж.б. Мисалы: Не чегирткеби, не бир «ырчы» жандыкпы? «Чыр-чур», «ыз-быз» тынбайт. Тууранды сөздөрдүн каршылаш маанилери алардын айтылышындагы тыбыштардын башка-башка топтогуларынын келгендигине негизделип, ошонун өзү грамматикалык антонимдик касиетке ээ болот.

Бышыктоо: 69-бет 103-көнүгүү Көнүгүүдө берилген жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө. Үлгү: Кемеге жактан идиштердин «калдыр-кулдур» деген дабышы чыгып, табактардын ылдый кулаганы угулду.

Бышыктоо:

69-бет

103-көнүгүү

Көнүгүүдө берилген жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзгүлө.

Үлгү: Кемеге жактан идиштердин «калдыр-кулдур» деген дабышы чыгып, табактардын ылдый кулаганы угулду.

Жыйынтыктоо: Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт? Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша канча топко бөлүнөт?

Жыйынтыктоо:

Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт?

Татаал тууранды сөздөр тутумундагы түгөйлөрүнүн мүнөзүнө жараша канча топко бөлүнөт?

Үй тапшырма: Тууранды сөздөрдү катыштырып, чакан аңгеме түзгүлө.

Үй тапшырма:

Тууранды сөздөрдү катыштырып, чакан аңгеме түзгүлө.

Кийинки сабакта жолугушканса саламатта болгула!

Кийинки сабакта

жолугушканса

саламатта болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!