СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Учим астрономию

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Учим астрономию»

Астрономия (астро... ж-а гр. nomos - закон) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, космогония, космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. Космостогу эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 ж-а 2005-ж. Жердинорбитасына чыгарылып, Күн системасындагытелолорду ж-а планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. Кытайдагыастрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда ж-а Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия б-ча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а Галилейдиништерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде - планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддердиизилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!