СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык тажрыйбалары

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык тажрыйбалары»

В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык тажрыйбалары.
Василий Александрович Сухомлинский 1918-жылы Херсон облусунун Васильевка айылында кедей дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1933-жылы ал жети жылдык мектепти бүтүргөн. Ошол жылдары өлкөдө мугалимдерге болгон муктаждык чоң болчу. 1934-жылы Сухомлинский Кременчуг педагогикалык институтунда даярдоо курсун аяктаган. 1935-жылы В.А.Сухомлинскийдин узак педагогикалык жолу башталды.

Сухомлинский 30га жакын китептин жана 500дөн ашык макалалардын автору. Анын "Мен жүрөгүмдү балдарга берем" деген китеби Украина ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыган (1974-ж., өлгөндөн кийин). Анын жашоосу балдарда кадыр-барк сезимин көтөрүп, ар намыстуу жаранды тарбиялоо менен өттү.

В.А.Сухомлинский баланын инсандыгын тарбиялоону билим берүү процесстериндеги эң жогорку баалуулук катары тааныган, ошондой эле пикирлеш мугалимдер менен окуучулардын ынтымактуу коллективинин чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, гуманизмдин принциптерине негизделген оригиналдуу педагогикалык системаны түзө алды., . В.А.Сухомлинский коммунисттик тарбияны партиялык топтордун тил алчаак аткаруучулары эмес, "ой жүгүртүүчү инсандардын" калыптанышы деп түшүнгөн. В.А.Сухомлинский окуу процессин кубанычтуу ишмердүүлүк катары уюштурду; окуучулардын дүйнө таанымын калыптандырууга чоң көңүл бурган; билим берүүдөгү мугалимдин кебине, көркөм стилине, балдар менен жомокторду, көркөм чыгармаларды колдонуусуна ж.б. чоң маани берген ("Жүрөгүмдү балдарга берем", 1969). "Сулуулукка тарбиялоо" деген комплекстүү эстетикалык программасын иштелип чыккан. Сухомлинскийдин системасы авторитардык тарбияга каршы чыгып, расмий педагогикалык чөйрөлөр тарабынан "абстрактуу гуманизм" деп сынга алынган. Сухомлинскийдин көз караштары жалпыланган түрдө "Коммунисттик тарбиялоо тууралуу этюддар" (1967) деген жана башка эмгектеринде берилген.

В.А.Сухомлинский баланын турмушундагы мугалимдин ролу жана мааниси жөнүндө өз көз карашын билдирген. Мугалимдин балдарга болгон сүйүүсү болушу керек. Адамга, аны тарбиялоонун күчүнө чексиз ишеними болгон.

В.А.Сухомлинский “Мугалимге жүз насаат” деген эмгегинде балдарды тарбиялоодогу мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракетине чоң баа берген. Ал “Инсанды тарбиялоого көп күч катышат, анын ичинде, бнринчиден, үй-бүлө бар, ал эми үй-бүлөдөгү эң чебер жана акылман скульптор – бул эне; экинчнден, рухий асылдыгы жана байлыгы, акылы, билими, иш билгилиги, дилгирлиги, турмуштук тажрыйбасы, интеллектуалдык, эстетикалык жана чыгармачылык керектөөсү, кызыгуусу, умтулуусу бар педагогдун инсаны; үчүнчүдөн, ар бир инсанга тарбиялык таасир көрсөтүүчү кубаттуу күчү бар коллектив (балдар, өспүрүмдөр); төртүнчүдөн, тарбиялануучунун өз инсаны (өзүн-өзү тарбиялоо); бешинчиден, интеллектуалдык, эстетикалык жана моралдык байлыктар дүйнөсүндө (бул жерде баарынан мурда – китеп) тарбиялануучунун өз инсаны; алтынчыдан, таптакыр күтүлбөгөн скульпторлор (сиздин тарбиялануучуңуз). Эгерде бул скульптор-тарбиячылардын баары ар дайым тегиз ойногон снмфониялык оркестрдей аракет кылса, педагогикалык кылычтар жана найзалар чабышып, көп проблемалар женил чечилер эле” – деп жазат.

“Бул класс жетекчилер эч убакта лекция менен аңгемесин тарбия ишинде ката жана жаңылыштык кетирген ата-энени «чымчып коюу» максатында түзүшпөйт. Сага да антпөөгө кеңеш берем, жаш досум. Айрым үй-бүлөлөрдүн турмушунда терс көрүнүштөр али да бар, эгерде сиз бирөөнүн «жан дүйнөсүн матап» алардагы өкүттү (тарбиялоону билбегендик – бул баарынан мурда өкүт) жалпы элге ашкерелесеңиз, сизге ата-энелер улам аз келише баштайт, сиз аларды мектептен алыстатасыз, анан да өтө коркунучтуусу, алар: мен канчалык аракеттенсем да жакшы ата боло албайм, башка ата-энелердин балдары жакшы, меники жаман болуп калышы таалайдан, - деп баарына кол шилтешет. Ата-энелер менен алардын балдары жөнүндө сүйлөшүп баштап, аларды сиз күзгүгө кароого аргасыздандыр. Кандай болоруңузду эч убакта унутпаңыз.

В.А.Сухомлинский “Бир үй-бүлөнүн жаңылыштыгы жана катасы жөнүндө терең ой жүгүртүү, айкын шарттарда тарбия жөнүндө ачык сүйлөшүү үчүн иштин башка формасы – ата-энелер менен жскече аңгемелешүү, өзгөчө аял мугалимдердин эне менен, эркек мугалимдин ата менен аңгеме жүргүзүү формасы бар. Ата-энелердин жалпы рухий жана педагогикалык маданиятын аныктоочу шарттары жана өбөлгөлөрү таптакыр бирдей болгон эки башка үй-бүлө жок. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнө гана таандык бнр нерселери бар. Мына ошондуктан эне жана ата менен, балдарды катыштырбай жекече аңгемелешүү биздин педагогикалык мектептин ишине органикалык бөлүк болуп кирет. Балдарсыз аңгемелешүү деген сөздү мен атайын баса айттым. Тарбия ишиндеги кыйынчылыкты жана өкүнүчтү, ийгиликти жана жаңылыштыкты балдардын көзүнчө эч убакта айтууга болбойт – бул зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Жакшы үй-бүлөлөрдө ак ниеттик жана ынтымактык, өз ара кадырлашуу, ата-энелердин сүйүү жана эпке келишүүсү – тарбиялык таасирдин башкы күчү болуп эсептелет, бирок үй-бүлөдө баары жакшы болуштун өзү аларды тарбиялап жаткандыгын балдар байкашпайт” – деп жазат.

“Педагогикалык бир катар идеяны биз мектептин ата-энелер менен жүргүзгөн бардык жумуштарында ишке ашырабыз” – деп жазуу менен В.А.Сухомлинский мындай деп сөзүн улантат: “Үй-бүлөнүн рухий турмушу менен баланы мектепте окутуу биримдигине биз өзгөчө маани беребиз. Педагогикалык коллектив үй-бүлөдө илимди, маданиятты, китепти кадырлоо өкүм сүрүүгө тийиш экендигине эне-аталарды ишендирүүгө умтулат. Биз үй-бүлө менен бирдикте китеп майрамын өткөрөбүз. Анын максаты – ата жана энеге өздүк китепканасы үчүн көркөм адабиятты алдыруу. Үй-бүлөдө жана үй-бүлө коллективинин рухий турмушунда китептин ролу жөнүндө биз ата-энелер үчүн педагогикалык мектептин бардык бөлүмдөрүндө лекция окуйбуз, жекече аңгеме өткөрөбүз. Балада көп кырдуу рухий кызыгуунун
жана керектөөнүн пайда болушуна умтулабыз, алардын арасында биринчи орунда китепке болгон керектөө туруу керек. Көп үй-бүлө кечкурун китеп окушуна жетише алдык: балдар жана өспүрүмдөр үйлөрүндөгү же мектептеги китепканадан китеп алып окушат”.

В.А.Сухомлинский үй-бүлө менен бирдикте балдардын эмгегине кантип жетекчнлик кылуу керектиги тууралуу тажрыйбасын мындай деп бөлүшөт: “Баланын, өспүрүмдүн, улан-кыздын эмгеги үй-бүлөнүн экономикалык, материалдык турмушуна кошулуп, жуурулушуп турушун ата-энеси аны балдардын ыйык милдети катары карашынын өтө маанилүү экенин дагы бир ирет белгилейм. Эгерде мындай болбосо, мектептин педагогикалык ар кандай амал-айласы эч кандай натыйжа бербейт. Эгерде баланын эмгеги үй-бүлөгө керек болбосо, эгерде ата-эне өздөрү балдарын иштен бошотуп, алардын турмушун жеңилдетүүгө жанталашса (мындай да болот), мектеп уюштурган эч кандай жумалык, эки жумалык, айлык практикумдар балдар үчүн иш болбойт да, алар оюн болгондо да тезирээк эле кутулгусу келген тажатма жана кыйын оюн болуп калат. Качан эмгек экономикалык зарылчылык болуп калганда гана ал тарбиялык күчкө ээ болот. Эгерде ушундай болсо, айда калган бардыгы өзүнөн өзү келет: окуу да эмгек болуп калат, атасы ооруп иштей албай калса, өспүрүм накта чоң адамдай ой жүгүртө баштайт. Эмгек педагогикалык абстракттуу көнүгүү эмес, ансыз эч нерсе жей албай, кийинүүгө да болбой турган иш болуп калганда гана нагыз мээнеткеч, деги эле адам болуп туулган чыныгы адам болушу мүмкүн. Биз ата-энелер менен бирдикте балдарга алы жете турган жана ошол убакта өндүрүмдүүлүгү боюнча маанилүү жумушту табууга кам көрөбүз -деп айтат Сухомлинский.

В.А.Сухомлинский балдарды тарбиялоодогу коллективдин таасирин да абдан жогору баалаган. Бул багыттагы тажрыйбаларын төмөнкүдөй бөлүшкөн. “Балдар, өснүрүмдөр, жаштар коллективи – өтө татаал


биримдик. Бул мицдеген булактан кошулган өзөн. Коллектив акырындап түзүлөт. Отуз эки жылдан бери мен бириичи класстардын турмушун байкап келе жатам, биринчиден 1-класска чейинки кичинекей балдардын көп
муунун өзүм окуттум – балдар мектеп босогосун аттагандан кийинки кандайдыр бир мезгилге чейин коллектив деген түшүнүк класста болбойт е мүмкүн эмес деп айтууга менде укук бар деп ойлойм. Коллектив бара-бара жаралат. Коллективди түзгөн башкы нерсе – бул
уюштуруучулук көз карандылыктардын талабы жана системасы деп ырастоо мага мажүрөөдөй көрүнөт. Талаптуулук, жоопкерчилик, баш ийүү жана жетекчилик – коллектив таянган эң маанилүү шарттар ушулар. Эгерде окуучулардан жетекчи шайлап, милдеттерди бөлүштүрүп, талап койсо эле коллектив түзүлүп калат деп ойлошкон кээ бир тарбиячылардын үмүтү иш жүзүндө натыйжасыз болуп калат”.

“Мектеп коллективи сыяктуу татаал рухий жамаатта кандайдыр бир элементти абсолютташтырып жиберүү жарабайт. Мындай кылуу – жакшы, ал эми тигиндейи – жаман деп универсалдаштыруу жана так кесе айтуу да олокосуз. Коллектив – бул кандайдыр белгисиз жактан пайда боло калуучу нерсе эмес, коллектив – бул педагогдун чыгармачылык туундусу. Коллективде педагогдун тарбиялык идеясы, анын көз карашы суунун тамчысындай чагылышып турат.

Коллективдин негиздеринин бири – интеллектуалдык жалпылык. Бул таанып-билүү жаатындагы бу же тиги конкреттүү кызыкчылыктар алардын бардыгын өзүнө тартууга тийиш дегендикке жатпайт. Тескерисинче, ийгиликтин сыры коллектив мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы жана ышкысы ар


түрдүү болушунда, алардын ар түрдүү китеп окушунда жатат. Интеллектуалдык биримдик – бул билимге жапырт умтулуу, илимий ойлорду, китепти, акылдуу, билимдүү адамдарды кадырлоо духу болуп эсептелет. 

Коллектив билимди дайыма байытууга умтулушу менен жашайт – бул өтө маанилүү. Бул умтулуш бүгүндөн тарых, география, математика, физика, биология, адабият мугалимдеринин канчалык деңгээлде тарбиячы боло алганына, өзүнүн илиминин интеллектуалдык байлыгы менен тарбиялануучулардын акыл-эсин жана жүрөгүн канчалык багындыра алганына байланыштуу. Коллективдин мындай тарбиясы баарынан мурда тарбиялануучулардын жан дүйнөсү үчүн педагогдордун акылдуу, сыпайы күрөшүн билдирет. Бул иш жүзүндө, мектепте ар биринин башында акылдуу, өз илимине берилген педагог турган интеллектуалдык турмуштун бир нече очогун, борборун түзүү деген кеп. Бул борборлордун ар биринин өзүнүн уюмдашкан формасы бар – биздин мектепте, мисалы бул илимий-предметтик ийримдер эле, бирок уюштуруунун мындан башка да формасы болушу мүмкүн-деп Сухомлинский озунун педагогикалык тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Булак:

https://melimde.com/1-v-a-suhomlinskijdin-pedagogikalik-ishmerdlg-jana-tajrijbalar.html.

©melimde.com


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!