СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаңыбай Кожек уулу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаңыбай Кожек уулу»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


Тарбиялык саат


Тема: Жаңыбай Кожек уулу



Мугалим:____________________

Сабактын темасы:Жаңыбай Кожек уулу

Сабактын максаты:Окуучуларга манас эпосу жөнүндө түшүнүк алуу менен Жаңыбай Кожек уулунун өмүрү баскан жолун билишет

3.Талыкпастан изденип, окуучуларга билим тарбия берип патиреттука тарбияланышат.

Сабактын усулу: Интерактивдуу усул топто иштөө.

Сабактын жабдылышы: тустуу суроттор, А 4 барактар, маркерлер, алма бак, алмалар шаблон.

Сабактын журушу:

Уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзөт. Алтын эреже кабыл алышат.

Үй тапшырма суроо.

Кожек уулу Жаңыбай - (1869–1942) манасчылыкты атадан-балага мурас катары алып келаткан манасчылардын бири. Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек (Көжөк) болуп, жети атасынан бери “Манас” айтып келаткан Жаңыбай Жумгал өрөөнүндө 1869-жылы туулган.

Жаңыбайдын түшүнө үч киши үч жолу кирип, түш көргөн сайын алар Баатырларды айтуу керектигин эскертишет. Андан кийинчерээк Баатырлар өздөрү да түшкө кире баштайт. Ошондон тартып, анын жомокчулугу арбыйт.

Жаңыбайдын “Семетейи” башка варианттардан кескин өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондуктан, 1936-жылы Фрунзеде өткөн эл чыгармачылыгынын олимпиадасында калыстар тобу анын айткан эпосун жокко чыгарышат. Буга семетейчи катуу таарынып:

“Секетпай жаккан чоңдорго,

Семетей жакпай калдыбы?

Күңөтай жаккан чоңдорго,

Гүлчоро жакпай калдыбы?

Тулпарды тулпар кордосо,

Мараага жетпей жолдо өлөт.

Тууганды тууган кордосо,

Тутулуп кетип колдо өлөт” - деп, күңкүлдөп жолго салат.

Аны жакшы түшүнгөн белгилүү фольклор изилдөөчүсү К.Мифтаков өз чөнтөгүнөн айлык төлөп берип, Жаңыбайдын “Семетейин” толук жана “Манастын” айрым эпизоддорун жазып калган. Андан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19 445 сап ыр.

Жаңыбай Кожек уулу (1869, Жумгал — 1942, Токтогул району, Өзгөрүш айылы) — манасчы. Жылдындын эскерүүсүндө анын жети атасы тең (Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай Сары, Жаманкары, Кожек) “Манас” айтып, манасчылык атадан балага өтүп, мурас катары сакталып жана айтылып келген. Ж-дын атасы Кожек эл арасында көбүнчө үчилтиктин экинчи бөлүмү “Семетейди” айтып жүргөндүктөн аны эл семетейчи деп билишчү. Ж. “Манасты” атасы Кожектен үйрөнүп, 16 жашынан айта баштаган. “Манастан” “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” эпизодун жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторун толук айткан. Ж-дан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19445 сап ыр. Ал “Эр Төштүк”, “Эр Табылды” эпосторун, элдик поэма “Ак Мөөрдү” жана салт ырларын да билген. К. Мифтаковдун жазып калтырган маалыматына караганда Кожектин баласы Матай да атасынан “Семетейди” үйрөнгөн жана айрым эпизоддорун атасынан жакшы билген. Анын айтып берүүсүндө К. Мифтаков 1941-ж. “Семетей менен Чынкожонун жоолашкан себеби” деген эпизодду жазып алган да, окуяны үзбөс үчүн бул үзүндүнү атасы жаздырган эпизодго кошуп 34-номерлүү дептерге киргизген. Бирок, Матай өзү билген эпизодду ыр формасында эмес, кара сөз түрүндө жаздырган. Анткени, айтуучулук өнөрдү өнүктүрүп жүрбөгөндүктөн, эпизоддун мазмунун гана эстеп калып, аны кара сөзгө айлантып айтып калган. Демек, бул көрүнүштүн өзү башка элдердегидей эле эпикалык чыгармаларды мурас катары бир бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы айтып калышын эскертип жатат.

Сабакты бышыктоо:

Бул кесипчиликтин тукум куучулук салты. Кыргыздарда жомокчулукту түпкү тегинен бери сактап келген манасчы ларды сейрек учуратабыз. Ошондуктан, Жаңыбай Кожек уулунун жети атасынан бери “Манас” айтуу салты — сейрек көрүнүштөрдөн болуу менен кыргыздардын өз эпосун кастарлагандыгынын далили.

Сабакты баалоо:Окуучулардын жооп бергенине карап баалоо

Үй тапшырма:Манас жаттоо
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!