СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылыш кубулуштары.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Жаратылыш кубулуштары.

Максаты:        а) Балдардын  жартылыш кубулуштары жонундо

                                    билимдерин  бышыктоо,жонокой ыкмаларын уйротуу.

                              Б) Жыл мезгилдеринин алмашуусундагы жаратылышта

                              (жамгыр,кар,кун,ай,булут,мөндур,шамал,чагылган) болгон

                              озгоруулорду талкуулоо. “Кара булут кантип ак булутка

                              айланды”-деген  жомокту окуп,тушундуруп

                              беруу.Балдар менен биргеликте драмалаштырып аткаруу.

                             В) Жаратылышка аяр мамиле кылууга,жамгыр,кар жааган               

                                  мезгилде суукта   сыртта коп журбоого тарбиялоо.

Колдонулган ресурстар:

Суу,губка,суроттор,маш,ловыя,жугору,

карандаш,кайчы, тустуу кагаздар,топ.

Журушу:

Саламатсынарбы?

Балдар биз азыр маанайыбызды которуу учун бири-бирибизге  массаж жасап алабыз.

1.Булуттар асманда калкыйт.(2 жолу)

2.Жамгыр жааганы жатат.(2 жолу)

3.Кун куркуроду.(2 жолу)

4.Чагылган (2 жолу)

5.Жарк-жарк-жарк.

-Балдар биз эмнелер жонундо айтып оттук?

-Ооба балдар жамгыр,булут,чагылган,жонундо айттык,бул кубулуштарды  

   жаратылыш кубулуштары деп атайбыз.

Жаратылыш кубулушу-адамдардын жардамысыз,оз алдынча пайда болгон кубулуштар.Алар жыл мезгилдеринин алмашуусу менен озгорулуп турат.

Бугун биз жаратылыш кубулуштары жонундо талкуу жургузуп,билбеген нерселерди билууго аракет кылабыз.

-Балдар менин колумда губка бар.Аны тазиктеги сууга салып,кайра алып,акырын кыса баштаймын.Кулак тургулочу кандай дабыш чыгып жатат?

-Эмнеге салыштырсак болот?

-Жамгырды жаратылыш кубулушу деп атасак болобу?

-Жамгыр кантип пайда болот?

Жамгыр-булуттардан куюлат.Булуттар  оор жана кара болуп калганда жаайт.Булуттарга жамгыр кайдан пайда болот? Кол,дарыя,дениздерде кун аябай ысыганда  суулар бууга айланып асманга которулот.Алар биригип кайра жерге жамгыр кылып тамчылатат.Жамгырдын кандай пайдасы бар?

Жааган жамгырдын дабышын туурагылачы манжалар менен?

Жамгыр жонундо ырларды,макалдарды билесинерби?

                  Макалдар:

                        Сабина:Жамгыр менен жер когорот                        

                                        Бата менен эл когорот.

                                                 Денис:-Баатыр туулса –эл ырысы.

                                                 Жамгыр жааса жер ырысы.

Адина:-Жамгыр озун сел ойлойт.

Кудук озун кол ойлойт.

                             Ырлар:Зарина:  Жамгыр,жамгыр тунук суу.

                                             Жердин бетин таза жуу.

                                            Чыксын пахта жайкалып.

                                            Кулсун дыйкан чайпалып.

                                                                Сен коп жаасан дан болот.

                                                                Дандан аппак нан болот.

                                                                Айран-жуурат кобойуп.

                                                                Малга тоют кен болот.

Азаматсынар балдар жамгыр токтогондо чайыттай ачылып эмне чыгат?

Балдар кун кантип жылмайып чыгат?

Кундун кандай пайдасы бар?

Кундун кандай зыяны бар?

Кун-жарык жылдыз.Ал ар куну эрте менен пайда болуп,кеч киргенде жок болот.Кышында кун жылуу болбойт,жайында ,анын нурларынан жылуу болот.Жайында башына баш кийим кийип журуу керек?

Азыр мен силерге табышмак айтам тапкылачы?

               Табышмак:     Дуйнодо бир чырак бар дайым куйгон,

                                         Майы жок,билиги жок илгертеден.(кун).

  Ырлар:Назима:-Бардыгына кун себеп,

                                  Бардыгына кун себеп.

                                  Бардыгына кун керек.

                                  Кунсуз дуйно жанырбайт.

                                  Чыгыш жактан батышка.

                                  Журуп турган-чыккан кун.

                                   Жарык нурун дуйного.

                                 Чачып турган-чыккан кун.

Ооба балдар кун жаратылыш кубулушу болуп эсептелет.Ага эч ким жардам бербейт озу чыгып,озу батат.

Келгиле балдар кундун нурларын тартып кыркып даяр тегерекке чаптайбыз.(Балдар сары кагазга колдорун бастырышып,кыркып, даяр тегерек кунго чапташат.)

Жамгырдан кийин кун чыгып,кун желелери пайда болот.Кун желесинин тустору кандай?

1-кызыл,2-мала кызыл,3-сары,4-жашыл,5-ач кок,6-ток кок,7-сыя кок

Табышмак:    Буту жок колу жок,

                          Эшик ачканга шок.(шамал).

Шамал –биз дем алып жаткан абанын бири-бирине карама каршы кыймылда болушу.Шамалдар акырын да катуу да болот.Катуу болгондо уйлорду,электр зымдарына жана башкаларга зыян алып келиши мумкун ошондуктан шамал катуулаганда сыртка чыкпай терезе,эшиктерди жаап,уйдо отуруу керек.Эгерде уйун алыста болсо,доңсоолорго жашынуу керек.

Кана биз шамал жонундо ырыбызды эске салалы.

       Ойдо котор колунду.

       Бирок бутту жылдырба.

       Шамал откон дарактай.

       Эки жака кыймылда.

                                                   Бороон-чапкын башталды.

                                                   Уйпалады чачтарды.

                                                   Тук эсинден чыгарба.

                                                   Терезе-эшик жапканды.

-балдар шамал жонундо эмнелерди билдик?

-Анын пайдасы барбы?

-Шамал бизге эмнени айдап келиши мумкун?

Булуттар кандай тусто болот?

Кандай формада?

Алар кантип пайда болот?

Булуттар бизге эмнелерди тогот?

Булут-булут ар кандай тусто болот.ак жана кара.Алар суунун бууларынан пайда болот.Булуттарды карап туруп формасын ар нерсеге окшоштурсак болот.Мен азыр силерге булут жонундо “Кара булут кантип ак булутка айланды?” деген жомокту окуп беремин.

         Илгери,илгери асманда ак жана кара булут жашаган экен.Ак булут ар дайым кубанып кулуп журчу.Ал эми ага кара булуттун ага ичи куйо берет эле.Бир куну кара булут ак булутту жок кылууну  чечет.Ачууланган бойдон чагылганын жарк-журк эткизип ак булутту туш тараптан басып кирмекчи болот.Кыжырдаганынан коз жашы тып-тып этип жерге тамчылайт.

-Эмнеге мен сага окшоп ак эмесмин?Сени жок кылып,сенин ордуна ак булут болуп алам.Бирок ак булут коркуп да койгон жок.калыбынан жазбай шашыга куло берди.

-Мындан кийин эмне болушу мумкун?Чын эле ак булут кара булутту жок кылышы мумкунбу? Эмне учун андай деп ойлойсун?

Кара булут тандана:

-Эмнеге кулуп жатасын?Акыл эсин жайындабы?!-деп алынын келишинче асманды тарсылдатып кирди.

-Менин акылым жайында эле,-ак булут жадырап кулгон калыпта,-жердегилерди коруп кулкум келип жатат.

-Жерде кулкулуу эмне болуп жатыптыр?

Кара булут жерге коз салды.

-Карачы,жердеги чон адамдар колуна туркун тустуу козу карындай болгон нерселерди которуп алышыптыр.Маанайлары да чогунку баары ар жакка шашып чуркап журушот.Ал эми кичинекей адамдар сенин коз жашындан тушкон тамчыларды  кечип кубалашып ойноп журушот.Эгер кичинекейлер  кубанышса,анда баарыбыз кубанышыбыз керек да .Карачы,сен кичинекейлерге майрам тартууладын.Мен сенин кылганына кубанып,сыймыктанып жатам.

Кара булут ойлонуп калат.Жерди караса чын эле кичинекейлер  бактылуу.Балакайлардын кулкусуно журогу жибип,бат эле батып алган кунду карамагынан коё берет.Эркиндикке чыккан кун суйунгонунон жерге суйуу,достук белгиси болгон кун желесин жонотот.Мындай жагымдуу кубулуш бат эле  кара булуттун да конулун которуп,кулкуго  болоп жиберди.Кубанычка баткан  кара булут кулуп жатып,караса эле ак булутка айланып калыптыр.Ошентип ичи тардыкты ак ниеттик менен женген экен.

-Ушуну менен жомок аягына чыкты?

Жомок силерге жактыбы?

-Эмне жонундо экен?

-Бул жомокто жаратылыш кубулуштарынан эмнелер бар?

-Ак булут,кара булут,чагылган,жамгыр,кун желеси,

-Келгиле ушул жомокту драмалаштырып аткарабыз?

-Ак булут-Нурия,Кара булут,Орозбек,Чагылган Орозбек,Жамгыр Сабина,Кун желеси-Исхак.(Балдар аткарышат).

Азаматсынар балдар.

Чагылган-Эки кара булуттун кагышуусунан келип чыгат.Кара булут каптап катуу жаан жааганда коп байкалат.Анын куркурогон катуу дабышы ото узакка жетет.Биринчи жарыгы жетип,андан дабышы жетет.

Мен силерге табышмак айтам тапкылачы:

Тоодон топ тушту.

Колу-буту жок тушту.(мондур)

Ооба балдар мондур дегенде эмнени тушуносунор?Ал качан жаайт?Кандай тусто,кандай формада болот?

Мондур-Чагылган болуп,асманды кара булут каптап жамгыр жааганда кошо жаайт.Бул муздун кичинекей болукчолору.Кун аябай суук болгондо жамгырдын тамчылары эрибей калат.Ошолор мондур болуп тушот.

Балдар кыш мезгилинде аба-ырайында кандай озгоруулор болот?

Кар жонундо эмне билесинер?

Кар-ак тусто бири-бирине окшобойт.Ал да кун суук мезгилиндн жамгырдын тамчылары  муз болуп калат.ошолор кар болуп тушот.

Кун баткандан кийин ай,жылдыздар чыгат.

Табышмак:

Асманда койлоржайнайт.

Артынан койчусу айдайт.(ай,кун.)

Ай-Жердин огу.Ал деле кундой тоголок бирок кичирээк болот.жылдыз да планета.Алардын оз-озунчо аталыштары бар.

Азаматсынар балдар мына жаратылыш кубулуштарынын негизгилери жонундо маалымат алдык.Жыл мезгилдеринин алмашуусу менен булар да алмашып турат.

Жазда-кун жылуу болуп,чоптор чыгып,дарактар уйкудан ойгонуп,бучур салып,жалбырак чыгара баштайт.Жамгыр жаап турат.

Жайында-дарактар гулдойт.Кун ото ысык болот.

Кузундо-Момо-жемиштер бышып,жалбырактар саргайып тушо баштайт.Кун суук тартып,жамгыр коп жаайт.

Кышында-Кун суук болуп,дарактар уйкуга кирет.кар жаап,муз каптап аяз болот.

Ушул озгоруулорду да жаратылыш кубулушу деп атайбыз.

Кун нурун чачат.

Шамал шуулдайт.

Жамгыр дыбыр-дыбыр куят.

Жамгырдан кийин асманда

Кун желеси чыга баштайт.

Ушул озгоруулорду.

Жаратылыш кубулушу белек кылат.

Кана балдар ордубуздан туруп оюн ойнойбуз.

Мен силерге жаратылыш кубулуштарынын жекелик турун айтамын,силер коптук турун айтасынар.М:Булут-булуттар,ж,б

Баарыбыз биргеликте жаратылыш кубулуштары жонундо баяндама коробуз.

(дискке чыгарылган слайдды корушот)

Даяр чийилген кубулуштардын суротторун маш,ловыя,жугору,гречка менен чийимдеринин устуно тизишет.(Ар бир балага жекече суроолор берилет. )

Жыйынтыктоо.

-Бугунку сабак силерге жактыбы?

-Эмнелерди билдинер?

-Жаратылыш кубулуштары дегенде эмнени тушуносунор?

-Аларды кимдер пайда кылат?

-Жамгыр кантип пайда болот?

-Жыл мезгилинин озгоруусу менен аба-ырайында кандай озгоруулор болуп турат?

Азаматсынар балдар бугунку сабакта баарынар мыкты катыштынар.Башыбызды сылап озубузго кол чабабыз.

Просмотр содержимого документа
"Жаратылыш кубулуштары."


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!