Тарбиятык саат
Тема: Чоочун адамдан сак бол!
Тема: Чоочун адамдан сак бол!
Сабактын максаты: Чоочун адамдардан этият болуу керектигин тушунушот.
Ой жугуртуусу, осот. Кооптуу нерселерден алыс болууга конугушот.
Бардык жаман корунуштордон алыс болууга, оз коопсуздугун сактай
билууго чакыруу, адептуулукко тарбиялоо.
Сабактын журушу: Уюштуруу
Жаны тема
Жыйынтыктоо
Уюштуруу. Жагымдуу маанай тузуу. Алтын эрежени эске салуу.
Жаны тема.
Мугалим жалпы окуучуларга суроо коёт: Кандай адамдар бизге чоочун?
Окуучулар ойлорун айтышат.
Чоочун адамдардан кантип сак болушубуз керек?
Окуучулардын ойлору айтылып, талкууланып,эреже жазып чыгаруу:
Чоочун адамга чакырса барбайбыз
Чоочун адам менен суйлошпойбуз
Чоочун адамдардан эч нерсе албайбыз
Чоочун адамдарга жол корсотуп, машинесине тушпойбуз
Чоочун адамдарга эшик ачпайбыз.
Чоочун адам кандай коркунуч алып келет?
Чоочун адам машинеге же ээн жерлерге суйроп тартса эмне кылуу керек?
Маектешуу.Окуучулар ойлорун айтып , өз ара талкуулашат.
Синквейн тузуу:
1. Ким? Чоочун адам
2.Чоочун адам кандай? 2 соз менен. Кооптуу, коркунучтуу
3. Чоочун адам эмне кылат? 3 соз менен. Уурдайт, сатат, коркутат
4. 4 создон турган суйлом туз. Мен чоочун адамга барбайм.
5.Синоними бейтаанш адам
Кимдер чоочун адамдар эмес? Маектешуу.
Бышыктоо
1. Кандай адамдарчы чоочун адам дейбиз?
2. Кошунабыз чоочун адам болобу?
3. чоочун адамдын машинасына тушууго болобу?
4. Чоочун адам апанарды же атанарды сурап келип ,алар келгенче уйго кирип куто турайын десе ,уйго киргизууго болобу?
5. Чоочун адам жол коргозуп кой десе, аны ээрчип жол коргозуу керекпи же жокпу?
Суроолорго жооп беришет.
Кластер тузушот:
Кооптуу
суйлошпо
Чоочун адам уурдайт
Алыс бол ээрчибе
Азаматсынар балдар, жана беш эреже таап кабыл алганбыз эми ошол эрежеге алтынчы, жетинчи эрежени кошобуз.
Чоочун адам алып кетууго аракет жасаса унундун болушунча жарадам сурап жардамга чакыр. Жерге отура кал, кучундун болушунча бошонууга аракет кыл.
Эн негизгиси чоочун адамдан алыс жана сак бол!
Жыйынтыктоо: Уй тапшырма: Чоочун адамдан алыс болуу эрежелери.
Кийинки сабакка даярдык. Организимге жашылча- жемиштердин пайдасы.