СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жер планетасындагы суу кабыгы

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жер планетасындагы суу кабыгы»

Жер планетасында суу кабыгы.

Жер планетасында суу кабыгы.

План: 1.Суунун физикалык химиялык касиети жана түзүлүшү. 2.Суунун жаратылыштагы ролу 3.Сууларды тазалоонун методдору 4.Кыргызстандын суу ресурстары жана алардын өзгөчөлүктөрү.

План:

  • 1.Суунун физикалык химиялык касиети жана түзүлүшү.
  • 2.Суунун жаратылыштагы ролу
  • 3.Сууларды тазалоонун методдору
  • 4.Кыргызстандын суу ресурстары жана алардын өзгөчөлүктөрү.
Суунун физикалык касиеттери. Суунун физикалык касиеттери материяны кароодо өлчөнө турган же аныктала турган мүнөздөмөлөргө же чоңдуктарга байланыштуу, мисалы, анын массасы, энергиясы жана башкалар. Суунун физикалык чоңдуктарынын арасында анын түсү, жыты, формалары жана реакция пайда кылбай, химиялык курамын өзгөртпөстөн аныктай алабыз.

Суунун физикалык касиеттери.

  • Суунун физикалык касиеттери материяны кароодо өлчөнө турган же аныктала турган мүнөздөмөлөргө же чоңдуктарга байланыштуу, мисалы, анын массасы, энергиясы жана башкалар.
  • Суунун физикалык чоңдуктарынын арасында анын түсү, жыты, формалары жана реакция пайда кылбай, химиялык курамын өзгөртпөстөн аныктай алабыз.
Суунун химиялык касиеттери. Химиялык касиеттер же мүнөздөмөлөр деп суунун химиялык структурасында өзгөрүүлөр болгондо пайда болот. Анын молекулярдык түзүлүшүнө кыскача көз чаптыруу маанилүү. Суу органикалык эмес молекула, анткени анда С (көмүртек) жок, ал эми анын химиялык формуласы Н2O. Алардын атомдору электрондорду бөлүшүп, коваленттик байланыштарды, күчтүү жана өтө туруктуу байланыштарды түзүшөт. Анын молярдык массасы 18 г / моль, башкача айтканда, бир моль суунун массасы 18 грамм.

Суунун химиялык касиеттери.

  • Химиялык касиеттер же мүнөздөмөлөр деп суунун химиялык структурасында өзгөрүүлөр болгондо пайда болот. Анын молекулярдык түзүлүшүнө кыскача көз чаптыруу маанилүү.
  • Суу органикалык эмес молекула, анткени анда С (көмүртек) жок, ал эми анын химиялык формуласы Н2O. Алардын атомдору электрондорду бөлүшүп, коваленттик байланыштарды, күчтүү жана өтө туруктуу байланыштарды түзүшөт. Анын молярдык массасы 18 г / моль, башкача айтканда, бир моль суунун массасы 18 грамм.
Суунун түзүлүшү. Суу — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Ал  метеорологиялык  шартка жараша түрдүү абалда ( туман ,  булут , жаан,  кар ,  мөңгү ,  муз ) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен, табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ.

Суунун түзүлүшү.

  • Суу — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Ал  метеорологиялык  шартка жараша түрдүү абалда ( туман булут , жаан,  кар мөңгү муз ) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен, табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ.

Суунун жаратылыштагы ролу.

  • Жер шарынын 3⁄4 бөлүгү суу менен капталып, дайыма жаратылышта айланып жүрөт. Жер бетинин 60%га жакыны тузсуз сууга муктаж. 500 млндой киши суунун жетишсиздигинен же сапатсыз болушунан түрдүү оорулар менен жабыркашат. Суу ресурсунун көбүн ичүүгө жана өнөр жайга жараксыз туздуу деңиз жана океан суулары түзөт. Суунун азыктык касиети болбогону менен тирүү организмдин ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдө 90%га, чоң кишинин денесинде 65%га жакын суу болот. Организмде суунун белгилүү санда туруктуу болушу — тиричиликтеги зарыл шарттардын бири. Организм керектөөчү суунун саны жана андагы туздун курамы өзгөрсө, тамак сиңирүү, кандын пайда болушу жана башка процесстер бузулат. Суусуз организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жылуулук алмашуу, дененин туруктуу температурасын сактоо мүмкүн эмес. Адам суусуз бир нече күн жашай алат. Эгер ал 1—1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6—8%га жакын суусун жоготсо, жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе, галлюцинация болуп, жута албай калат, ал эми 12%дан ашык жетпесе, өлөт. Кишилер иштеген ишине, чөйрө шартына жана тамак-аштагы туздун санына жараша орто эсеп менен күндө 2ден 4 лге чейин суу ичет. Суткалык орточо керектөө — 2,5 л. Сууну ашыкча ичүү жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирип, көп тердетет, тер менен кошо туздар чыгат жана организм алсызданат.

Суунун жаратылыштагы ролу.

  • Ичүүчү 1 л сууда 0,02ден 2 гга чейин минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт. Мисалы, сууда фтор жетишпесе тиш чирийт, ашык болсо ал карарып, тактар пайда болот. Сууда кальций, магний, темир туздары көп болсо шордуу суу деп аталат. Анда жашылча, эт жакшы бышпайт, чай жакшы чыкпай, даамы да болбойт, кир жууганда самын жакшы көбүрбөйт. Үй шартында шордуу сууну жумшартуу үчүн кайнатуу керек. Эгерде сууда темир көп болсо суунун түсү өзгөрүп, темир даамданат, аны кайнатканда идиште кызыл күрөң кебер пайда болот. Сууга жугуштуу оорунун козгогучу түшсө (мисалы, ич келтенин таякчасы агын сууда 183 күнгө чейин, дизентериянын таякчасы 92 күнгө чейин жашайт), алардын таралышына шарт түзөт. Суунун сапатын баалоодо адам сезүү органдары аркылуу сезген анын температурасы, тунуктугу, жыты, даамы, шордуулугу кыйла маанилүү. Биздин өлкөдө ичүүчү суунун сапатын санитария-эпидемиологиялык станция көзөмөлдөйт. Суу жалаң гана ичүү, чарбалык-тиричилик жана өндүрүш үчүн эмес, анын ден соолук, эстетикалык жана спорт үчүн да мааниси чоң. Суунун жетишсиздиги экономикалык, техникалык процесске терс таасир этет. Анын айыл чарба жана өнөр жай үчүн мааниси баа жеткис. Мисалы, 1 талаа эгин өстүрүү үчүн 1000 м3, 1 табак күрүч үчүн 4000 м суу талап кылынат.

Сууларды тазалоонун методдору.

  • Булганыч сууларды тазалоо  – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканаларынан чыккан сууларды зыянсыздандыруу. Булганыч суулар адам ден соолугуна коркунучтуу; алар аркылуу ичеги-карын жугуштуу оорулары таралат. Булганган суу кайра зыянсыз абалга келтирилип, аккан сууга, көлмөлөргө кошуу же айдоолорго пайдалануу үчүн тазаланат. Суунун булганычтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Булганыч сууларды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиол. жактан коргоо, суу менен камсыз кылуу булагы катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Булганыч сууларды тазалоодо табигый жана жасалма жолдор пайдаланылат. Табигый ыкмага тундуруу же биологиялык көлмөлөр, коммуналык чыпкалоо, сугат талаалары кирет. Жасалма ыкмада түрдүү сантехникалык каражаттар (торчолор, кум тоскучтар), тундурма бассейндер, биочыпкалар, аэрочыпкалар, ошондой эле хлор, озон, ультра-кызгылт көк нурларды таасир этүү менен тазаланат. Практикада сууну хлорлоо жолу кеңири таралган. Хлордун өлчөмү суунун сапатына жана суу өткөргүчтүн өзгөчөлүгүнө жараша болот.

Кыргызстандын суу ресурстары.

  • Кыргызстан – Борбордук Азиядагы суу ресурстары ɵзүнүн аймагында толугу менен калыптанган, гидрологиялык ɵзгɵчɵлүгү жана артыкчылыгы менен жападан жалгыз ɵлкɵ болуп саналат. Республика  суу жана гидроэнергетика ресурстарына бай жана ал – анын негизги ресурстарынын бири.
  • Дарыялардын гидроэнегетикалык мүмкүнчүлүгү - 174 млрд.кВт.саат, ал эми кубаты - 19,8 млн.кВт түзɵт. 760 млрд. куб.м запасты түзгɵн  6580 мɵнгүнүн эсебинен Суу ресурстарынын кɵлɵмдɵрү топтолгон.
  • Кыргызстандын аймагында гидрологиялык аспектте эки облустка бɵлүнɵт – агымдын пайда болуу аймагы жана синип кетүү аймагы. Биринчи аймака 2000 метрден  бийик жайгашкан тоолуу аймак, ал эми агымдын синип кетүү аймагы агымдын пайда болуу аймагынан тɵмɵн жайгашкан.
  • Суу балансында КРнын аймагындагы суу ресурстарынын пайда болуу кɵлɵмү пайдалануу кɵлɵмүнɵн ашууда, ошондуктан алар эл аралык мааниге ээ. Республикадагы суу пайдалануу түзүлүшү тɵмɵндɵгүдɵй: суу пайдалануунун 90% кɵлɵмү жер сугарууга, 6% кɵлɵмү ɵнɵр жайга, 3% кɵлɵмү калкты суу менен камсыз кылууга. Токой чарба, Балык ɵнɵр жайы жана башка чɵйрɵлɵргɵ суу пайдалануунун жалпы суммасынын 1%ин түзɵт.
Кыргызстандын суу ресурстары. Суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга бааланат. Суу жеткирүүдɵгү (каналдар, сугат курулуштар аркылуу) жоготуулар 1.7-2.3 млрд. метр кубга чейин жетет. Республикадагы жаратылыштын шарттарына байланыштуу сугат жерлерди суу менен камсыз кылууда кɵбүнчɵсүн 800 мин га чейин же 76 % ин сугарган майда дарыялар камсыздайт. Тоолуу аймактардын агымдары жɵнгɵ салынган эмес, 80 мин га (11%) жер гана жɵнгɵ салынган булактар аркылуу, калгандары 720 мин га жер жɵнгɵ салынбаган агымдар аркылуу сугарылат. Кыргыз Республикасында узундугу 10 кмди түзгɵн, ал эми жалпы узундугу  35 мин кмди түзгɵн 2000 дей  дарыя саналат. Суу балансындагы кɵлдɵр, суу сактагычтар жана кɵлмɵлɵр суу-энергетикалык потенциалды жогорулатууда, айлана-чɵйрɵнү коргоодо, натыйжалуу суу балансын түзүүдɵ чон мааниге ээ. Суунун кɵлɵмүнүн кɵбү кɵлдɵрдɵ, кɵлмɵлɵрдɵ жана  суу сактагычтарда топтолгон. Алардын жалпы кɵлɵмү 6836 кв. кмди түзɵт. Негизги кɵлдɵр дениз денгээлинен 3-4 мин метр бийиктикте жайгашкан.

Кыргызстандын суу ресурстары.

  • Суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. метр кубга бааланат. Суу жеткирүүдɵгү (каналдар, сугат курулуштар аркылуу) жоготуулар 1.7-2.3 млрд. метр кубга чейин жетет. Республикадагы жаратылыштын шарттарына байланыштуу сугат жерлерди суу менен камсыз кылууда кɵбүнчɵсүн 800 мин га чейин же 76 % ин сугарган майда дарыялар камсыздайт. Тоолуу аймактардын агымдары жɵнгɵ салынган эмес, 80 мин га (11%) жер гана жɵнгɵ салынган булактар аркылуу, калгандары 720 мин га жер жɵнгɵ салынбаган агымдар аркылуу сугарылат.
  • Кыргыз Республикасында узундугу 10 кмди түзгɵн, ал эми жалпы узундугу  35 мин кмди түзгɵн 2000 дей  дарыя саналат. Суу балансындагы кɵлдɵр, суу сактагычтар жана кɵлмɵлɵр суу-энергетикалык потенциалды жогорулатууда, айлана-чɵйрɵнү коргоодо, натыйжалуу суу балансын түзүүдɵ чон мааниге ээ. Суунун кɵлɵмүнүн кɵбү кɵлдɵрдɵ, кɵлмɵлɵрдɵ жана  суу сактагычтарда топтолгон. Алардын жалпы кɵлɵмү 6836 кв. кмди түзɵт. Негизги кɵлдɵр дениз денгээлинен 3-4 мин метр бийиктикте жайгашкан.
Көңүл бурганыңыз үчүн чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыз үчүн чоң рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!