СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖРТга даярдануу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ЖРТга даярдануу»

Сабактын темасы: Жалпы республикалык тестирлөө сынак мөөнөтүндө жогорку класстын окуучуларына жардам көрсөтүү.

“Жалпы республикалык тестирлɵɵгɵ аз эле калды” бʏтʏрʏʏчʏлɵр бул сɵздʏ кʏнʏнɵ он ирет ɵзʏнɵ ɵзʏ кайталап, калганын сырттагылардан угуп жатканы жана алар ʏчʏн стресстик абалды жаратары талашсыз. Сынак учурундагы, сынактан кийинки мезгилди тынбай кɵз алдыңыздан ɵткɵрɵ бербеңиз. Андан кɵрɵ адистердин айрым кеңештерин угуп кɵрɵлʏ. Окуучулар менен ата-энелерге пайдасы тиерине ишенебиз.



Кээ бир окуучулардын ɵзʏнɵ болгон ишенимин калтырган эмес”

Ата-эне,мугалимдер ишениши керек!!!!!

Базасы нɵл балага талап коюу, психологиясын туруксуздукка кептейт”-Кɵпчʏлʏк учурда окуу борборлорго келген окуучулар 110 баллдан жогору алышат. Анткени алар билим менен гана чектеп койбой окуучуларга моралдык жактан жардам берип, жекече сʏйлɵшʏп, ийгиликтʏʏ инсандар менен психологдор менен жолуктуруп, суроо-жоопторду уюштуруп, эс алдырып, кинолорго алып барып жакшы чɵйрɵ тʏзгɵнгɵ аракет кылшат. Мындан сырткары ЖРТсыз кабыл алган кесиптер, окуу жайлар менен тааныштырат. Кɵбʏнчɵ ЖРТдан ɵтпɵй калган балдардын психологиялык абалы туруктуу болуш ʏчʏн мектеп, ушул тармакка тиешелʏʏ адистер онлайн же офлайн жадакалса гезит-журналдар, телевидения, радио керектʏʏ маалыматтарды, видеороликтерди чыгарып туруусу керек. Анан эң негизигиси ата-энелер баласынын 11 жылдык билими менен эсептешпей, бир жыл калганда окуу борборлорго акчаны тɵлɵп, сени окутуп жатам, медфакка тапшырасың деп базасы нɵл балдарга талап коюп, психологиясынын туруксуздугуна алып келет. Анткени билим бир айда эле тʏшʏнʏп алчу тармак болуп эсептелбейт. Мисалы, салаттын рецебин билген менен аны практикада жасап кɵрʏʏ эки бɵлɵк нерсе. Бирок рецепти билʏʏ маанилʏʏ болгондой эле, ЖРТ анализдɵɵ ыкмасында тʏзʏлгɵндʏктɵн, окуучуда биринчи теориялык билим маанилʏʏ. Кɵпчʏлʏк окуучулар окуу борборлордо бир аз окуп эле кетип калышат, ал деген салаттын рецебин билип эле кетип калды деген сɵз. Адис катары ар бир окуучу окуу борборлордо болбоду дегенде 3 ай окуса, ɵздɵштʏрʏп кетет деген ойдомун! Биринчи айда теорияны гана ʏйрɵнɵт, экинчи айда практикалап кɵрɵт, ʏчʏнчʏ айда ɵздɵштʏрɵ албаган жактары менен иштейт. Андан кийин окуучу илимий изилдɵɵлɵр жʏргʏзʏлгɵн кино, котормо китептерди, видеороликтерди карап, биринчи айда окугандарын практикалап турганы жетиштʏʏ десем жаңылбайм.

Сынактан ɵтпɵй калсаң, Россияга барасың же айылда мал карайсың деп коркутуу туура эмес”

-Урматтуу ата-энелер! Кадимки пияздын кайсынысы ачуу болуп кɵздʏ ачыштыра турганын билесиздер да, албетте кɵп суугарылбаганы. Биз да башкалардын балдары Америкага окууга кетип жатса, алтын сертификат алып жатса кɵзʏбʏз кызарат, кээде эмнеге менин балам мындай эмес деп кɵрʏнбɵй ыйлап да алабыз. Пиязды мисал келтиргенимин себеби да ошол. Балдарга ɵз убагында билим булагынын кɵзʏн ачууга жардам берели. ЖРТдан ɵтпɵй калсаң Россияга кетесиң, айылга барып мал карайсың! — деп коркутпай, балам ЖРТ бул жɵн гана билимиңди аныктоочу тест, ЖРТсыз кабыл алган окуу жайларды, факултеттерди да караштырып коёлу деп балаңызга жардам бериңиздер. Анткени, балаңыз ансыз да аз балл алып калсам эмне болот деген коркунуч менен жашап жʏрɵт.



Билим менен бирге ой жʏгʏртʏʏ деңгээли эң маанилʏʏ”

-Жалпы республикалык тестирлɵɵ баарыбызга белгилʏʏ болгондой окуучулардын билим деңгээли менен кошо ой жʏгʏртʏʏ деңгээлин да текшерип алат. Ошондуктан окуучуларды даярдоодо ушул нерсеге кɵңʏл бурам. Албетте, эң биринчи кезекте ой жʏгʏртʏʏсʏ, логикасы кʏчтʏʏ болуу керек. Эгер бала туура эмес ой жʏгʏртсɵ жалпы республикалык тестирлɵɵнʏ ɵз нугунда аткарып бере албайт. Мектепте окуган кезде кɵпчʏлʏк окуучулардын ой жʏгʏртʏʏ деңгээли калыптанып бʏтɵт. Бизге келгенде айрым окуучулардын ой жʏгʏртʏʏ деңгээли толук калыптана элек болсо, аябай мʏшкʏлгɵ салат. Кыргыз мектептериндеги окуучулардын кɵпчʏлʏгʏ 11-класска же акыркы чейректерге келгенде шашкалактап даярданууга ашыгышат. Окуу борборлоруна же репетиторлорго кайрылып, кыска убакытта ой жʏгʏртʏʏ деңгээлдерин жетээрлик калыптандыра албай кеткен учурлары болот. Мындай учурда санаркап, боор ооруп кала беребиз. Бизден сабак алгандан кийин ой жʏгʏртʏʏсʏ калыптандырып, ɵстʏрʏʏгɵ жетишкен окуучулар да кɵп. Алардан диагностикалык тесттерди алып, машыктыруучу кɵнʏгʏʏлɵрдʏн жардамы менен логикасын ɵстʏргɵнгɵ аракет кылабыз.



Балага чоң талап коёрдон мурда анын дараметин да байкоо керек”

-“Сен баары бир сынактан ɵтɵсʏң” деп ишендирʏʏ деле жакшы. Анткен менен ал натыйжа бербейт. Себеби ары жагында, кɵɵрɵңгɵсʏндɵ умтулуусу бар баланы ишендирсек болот. Окуучуларга сɵзсʏз мотивация беришибиз керек. Шыктандыруунун негизинде да бир топ ɵсʏп, жакшы калыпка тʏшʏп алган окуучулар арбын. Баса белгилеп кетʏʏчʏ жагдай окуучуну сынакка даярдоодо сɵзсʏз психологиялык жактан да даярдайбыз. Анткении окуучулар “жыйынтык кандай болор экен, канча балл алар экенмин” деп ойлонушат. Репетиторлук тренерлик катары кɵпчʏлʏк балдарга моралдык жактан жардам берʏʏгɵ акылуубуз. Анткени балдардын кɵбʏ балалыгына салып, тынчсызданууга алдырып катуу ойлонуп калган учурлары кɵп кездешет. Ошондой болбош ʏчʏн “силер кʏн мурунтан даярдандыңар, анчалык кабатыр болууга кажет жок” деп ишендиребиз. Бирок, баары бир ичинен тынчсызданып тура беришет. Мындай учурда биз эле эмес ата-энелер да колдоого алуу керек. Кɵпчʏлʏк ата-энелерди байкайм, балдарын окуу борборлоруна же жеке репетиторлорго алып келип тапшырып кетет. Бала мектептен келип, тандап алган предметтери боюнча даярданып чынында тʏйшɵлʏп калат. Кээ бир балдарга бооруң ооруйт. Ата-энеси сен медициналык факультетке сɵзсʏз тапшырышың керек, же тиги окууга тапшыр, паландын баласын кɵрдʏңбʏ, ошондой болуп окушуң керек деп мажбурлашат. Бала ɵтɵ кɵп предметтерден даярданып, тʏйшɵлгɵндɵ чарчаңкы болот, уйкусу келет, кабыл алуусу начарлайт. Айрым ата-энелерге кеңешим балага ɵтɵ чоң талаптарды койбой, дараметин байкап, ɵзʏнʏн кʏчʏ жете турган деңгээлде даярдай турган окуу курсатарына бериңиздер.

Сынакка эрте киришʏʏнʏн пайдасы Биздин практикада тынбай кездешет, айрым ата-энелер балдарын 10-класстан эле алып келип, репетиторлукка же окуу борборлоруна тапшырып кетишет. Ошол окуучулардан бир топ жакшы майнаптар чыгып жатат. Ɵздɵрʏ кɵздɵгɵн кесипти тандап, эңсеген университеттерге барууга чоң тʏрткʏ болот. Жогоруда айтканымдай сынакка аз калганда келип даярданганда деле жыйынтык болот, бирок, кыска убакытта чоң жʏктʏ алууга туура келип жатпайбы. Эгер 10-класстан тарта келсе алгачкы жылы кыргыз тили жана математикадан негизги тестке даярданат. Кийинки жылдан кошумча тестке кенен даярданууга мʏмкʏнчʏлʏк болот.







Сʏйлɵшʏʏ жолу менен окууга кирет деген тʏшʏнʏктɵн арылыш керек”

-Сынактын жыйынтыгы чыкты дегенде белгиленген баллга жетпей калган балдардын ата-энелери тʏшʏнʏʏ менен эле мамиле кылышат. Ал эми университеттерге келгенде конкурстук негизде сертификаттарын алып келишет. Кɵпчʏлʏк ата-энелер ɵздɵрʏнʏн учурундагыдай элестетип, сʏйлɵшʏʏ жолу менен балдарды окууга киргизʏʏ керек деген тʏшʏнʏктʏ калыптандырып алышкан. Андай тʏшʏнʏктɵрдɵн арылуу керек. Анткени, конкурс деген нерсе бар. Конкурска бɵлʏнгɵн квота, орундардын санына жараша жана окууга тапшырып жаткан балдардын упайларына жараша конкурска катышуу зарыл.



Үйдөн даярданууга шарт керек

Учурда балдар карантинге байланыштуу тестке үйдөн даярданууга мажбур. Атайын борборлорго же мектепке барып окуй алышпайт. Андыктан аларга ата-энесинин түшүнүү менен мамиле жасашы, шарт түзүп, убакыт бөлүп берүүсү жана ар тараптан колдоосу маанилүү.

Онлайн камынуу

Окуучулар oku.edu.gov.kg, www.testing.kg жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун YouTube каналы аркылуу даярданса болот. Ошондой "Мега 24" тиркемесинде да тестке тиешелүү маалыматтар бар. Мындан сырткары, интернеттен даярдануунун көптөгөн ыкмаларын караштырууга болот.

Негизги тест менен предметтикке даярдануунун өзгөчөлүгү

Жалпы республикалык тест негизги жана предметтик бөлүктөрдөн турары маалым. Негизги тестти ЖОЖго тапшырам дегендердин бардыгы тапшырууга милдеттүү. Ал эми предметтик тест болочок кесипке жараша тандалат. Ошол себептен башынан эле кайсы адистикке тапшыра турганыңызды аныктап алып, ошого жараша предметтик тестке даярдануу керек. Маселен тарыхчы боло турган болсоңуз, тарых сабагын көбүрөөк оку деген эле кеп. Буга чейин абитуриенттер химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тилинен кошумча предметтик тест тапшырып келишсе, быйыл кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты кошумча предмет катары киргизилди. Негизги тест окуу жана түшүнүү, математика, сөздүк логикалык тест жана кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бөлүмдөрдөн турат. Демек ушул сабактарга көңүл коюу керек. Мектепте адабий тексттерге талдоо жакшы жүргүзүлөт. Балдар ошондуктан маалыматтык текстке келгенде кыйналышы мүмкүн, себеби көндүм жок. Маалыматтык тексттер биология, химия, география деген сабактарда кездешет. Ошол себептен негизги дагы, предметтик дагы тестке келгенде ой жүгүртүүнү, талдоону курчутуу керек. Ал үчүн окуп жаткан нерсени түшүнүү зарыл.

ЖРТдан жогорку балл алуунун сыры эмнеде?

Биринчи кезекте окуучунун жөндөмүнө жараша болот. Мектепте алган билимди тапшырманы чечерде аткара алабы, кеп ошондо. Окуган нерсени түшүнүп, анан колдонгонго аракет кылуу керек. Тагыраагы, теманы жаттап, аны эртеси унутуп калбаш керек. Маселен, математикада формуланы жаттап айтып бергендин кажети жок, аны пайдаланып эсепти чыгаруу керек. Ошондой эле кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү шатырата жаттап эмес, сүйлөм түзгөндө аны пайдалана билүү зарыл.Сынамык тесттер, атайын колдонмолор канчалык эффективдүү?

ЖРТ тапшырмалары мектеп программасына жана мамлекеттик стандартка ылайык даярдалат. Кадимки окуу китептерине салыштырмалуу сынамык тесттер натыйжалуу деп айтууга болот. Бул психологиялык жактан даярданууга жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондой эле сынамык тесттен өткөндөн кийин жыйынтыкты көрүп, туура эмес жооптор болсо аларды кайрадан тууралаганга болот.

Психологиялык абал дагы упай топтоодо таасирин тийгизеби?

Өтө чоң эмес. Башында тестке киргенде окуучу сарсанаа болушу мүмкүн, андан кийин өзүн колго алганга аракет кылат. Бирок бул адатта мектептеги экзамендегидей төрт беш кишинин алдына туруп жооп бергенден көрө жеңилирээк. Тестке үч сааттай убакыт берилип, шашпай ой топтоп иштегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аз калганда тестке даярдануу натыйжасын береби?

Албетте аз калганда тестке даярдануу туура эмес. Башынан жакшы окуганга тырышып, базаны күчтөө керек. Анан ошону практикада пайдалана билүү зарыл. Бирок тестке аз убакыт калды деп такыр даярданбай койгон туура эмес. Кандай гана аракет болбосун, сөзсүз натыйжасын берет.Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү боюнча адис Мээрим Кадырова - Sputnik Кыргызстан

Интернетке максатсыз баш бага бербеңиз

Балдарга азыр социалдык тармакка кирүү, ар кандай видеолорду көрүү кызык. Бул канчалык бир деңгээлде убакытты алары маалым. Максат коюп, жакшы жыйынтыкка жетем десеңиз, өзүңүзгө приоритеттерди аныктап алышыңыз керек. Маселен, өзүңүзгө азыр соцтармактар аркылуу досторум менен курулай баарлашуу канчалык маанилүү, бул видео, сүрөттөрдүн эмнеси пайдалуу деген суроолорду бериңиз. Балдарга ата-энелер дагы көз салышы керек.

"Упай топтоо бактыдан" болобу?

Болжолдоп тоголоктоп койсо деле тесттин жыйынтыгы жакшы чыгат деген түшүнүк туура эмес. Негизги тестте 150, предметтик тестте 40-50 тапшырма болот. Экзаменде болжолдоп тапшырма аткаруу менен жакшы жыйынтыкка жетем деген ыктымалдуу теория болушу мүмкүн. Себеби ал жакта толтура суроонун ичинен төртөө келет, айрымдары оңой болушу мүмкүн. ЖРТда тапшырмалар жана тесттин варианттары көп болгондуктан, абдан жакшы ойлонууга туура келет. Эгерде окуучу төрт варианттын бирин туура деп калчап, ою жакын болгону үчүн тоголоктосо, муну ой жүгүртүү, болжолдоп койду деп айтканга болбойт. Ал эми жөн гана көз жумуп тоголоктой бергендерди болжолдоо десе болот.

























Балдардын кесип тандоосуна ата-энелер кандай таасир этишет?

Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 70% адамдар окуган кесиби боюнча иштешпейт. Адистер мунун себеби кесипти туура эмес тандаганынан деп эсептешет. Кесип тандоодо бир катар факторлор таасирин тийгизет алардын эң негизгиси ата-энелер. Алар баланын келечектеги кесибине кандай таасир этишет үй-бүлөлүк консультант, психолог Сумая Асанова жана психологдор Асель Суюмбаева, Индира Кабылбекова, айтып беришет.

1. Балдар багытсыз калбаш керек

Балаңыздын келечектеги кесибин адашпай туура тандоосун кааласаңыз кичинекей кезинде кызыгуусуна жараша багыт берүү маанилүү. Бир окумуштуунун айтканына караганда баланын келечегине балта чапчу адамдар -ата-энелер экен. Албетте ар бир ата-эне баласынын мыкты болуусун каалайт эмеспи. Келечекте жакшы кесиптин ээси болуп, эч кимден көз каранды болбой бактылуу жашаса деген жакшы ой-тилек менен чоңойтот. Ошол эле окумуштуу баланы сырткы факторлордон коргоодон дагы үй ичиндеги туура эмес көрүнүш, алардын келечегине кедергисин тийгизчи адаттардан коргоо маанилүү деген. Андыктан алар ар кандай бир күнү комузга баргысы келсе эртеси ал мага жакпай калды деши мүмкүн. Башка күнү дагы башка каалолорун айтат. Бул учурда ата-эне сабырдуулук менен баласынын кызыгуулары аркылуу туура тандоо жасоосуна жардамдашуусу керек. Көп ата-энелер менен иштешкен адис катары айтсам. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү балабызды эң жакшы мектепте окутуп жатабыз, кийиндирип-ичиндирип, каалаган нерсесин орундатып беребиз эч нерсеге муктаж эмес баары жетиштүү деп жаңылыш ойлонушат. Ошол эле ата-энелерди бала кезине кайтуусун суранып эмнеге муктаждык болгонун сурасак көңүл буруу, мээрим жетишпегенин айтышат. Ошондой эле балага ата-эне тартуулаш керек болгон нерсе көңүл буруу, баланын оюн угуп аны менен эсептешүү керек.

2. Баланын 3 багытта өнүгүүсү маанилүү

1. Интеллектуалдык

Учурдун балдары ансыз деле интеллектуалдык жактан жетишкен акылдуу болуп төрөлүп жатышат. Моюнга алыш керек билим жагынан алар ата-энелерден астыда. Мындан улам аларга руханий жана физикалык жактан жетиштирүү маанилүү.

2. Руханий

Жогоруда айтып өткөндөй эле 21-кылымдын балдары билимдүү болсо эми аларга руханий жактан өстүрүү зарыл. Алар руханий жактан жетиштүү өнүкпөгөн болсо бир өлкөнү кыйратып койгонго дагы акылы жетет. Андыктан аларды сезимтал, боорукер кылып тарбиялап. Руханий баалуулуктар туурасында жетиштирүү эң керектүү.

3. Физикалык

Ошондой эле учурдун балдары көчөгө чыгып чуркап, топ оюндарын ойнобогондуктан техниканын алдында көп убактысын өткөрүп жатышканынан улам ашыкча салмак сыяктуу зыянга туш болушууда. Албетте бул абдан өкүнүчтүү. Алардын физикалык жактан кыймылда болуусун көзөмөлдөө зарыл.

Жогоруда айтылган 3 багытта тең баланы жетиштирүү мезгил талабы.





3. Ата-эне баласынын кесип тандоосуна кандай таасир берет?

Ата-энелер баланын кесип тандоосуна өзүнүн кызыкчылыгы бала кезинде жетпей калган максаттары боюнча балдарга таңуулаган учурлар көп кездешет. Мисалы үчүн алар кичинекей кезинде англис тилин окуган эмес болсо азыр бул тил өнүккөн учурда жашап жатабыз да. Анан баласына сен бул тилди үйрөнүшүң керек, абдан керектүү мурда мен окуй албай калгам эми сенин окуушуңа шарт түзүп берип жатам деп таңуулап алардан талап кылып баштайбыз. Бирок ошол эле учурда баладан бир нерсени талап кылуудан мурда ал эмнеге жөндөмдүү экенин ар бир ата-эне кызыгып изилдеп көрүшү керек. Салыштырып карасак жаныбарлардын кандай түрү болбосун барын бир даракка тырмышып чык деген болбогондой эле ар бир баланын уникалдуулугун изилдөө зарыл. Ата-эне бала кезден жетпей калган нерсесин баласына таңуулагын таптакыр туура эмес.



4. Балананын келечектеги кесиби туурасында качан ойлонуп баштоо керек?

Көпчүлүк ата-энелер баласы качан мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырарда балама кандай багыт берсем деп ойлонуп калышат. Анын ордуна бала кичинекей кезинен тарта эмнеге кызыгат, кайсыга жөндөмдүү экенин изилдеп ошого жараша кам көргөн жакшы. Кызыгып жаткан ошол кездеги каалолорунун ишке ашырып көрүүсүнө жолтоо болбоңуз. Мисалы балаңыз сүрөтчү болом же кол өнөрчү десе эле кантип менин балам бул кесипти аркалайт? Мен эмне ушул кесиптин ээси болсун деп чоңойтуп жатыптырмын деп ызаланган ата-энелер дагы бар. Балаңыз али чоңоюп чыныгы кесибин тандай элек болгондуктан ошол кездеги каалоолорун орундатып бериңиз. Балким жөн гана кызыгып жаткандыр бир аз аралашып көргөндөн кийин ал туура келберин сезсе кайра келет. Эң негизгиси бала аны кылып көргөнү жакшы. Бирок, ошол эле учурда баланы ойноок кылып албоо дагы маанилүү. Эгер катышып жаткан бир ийрим бат эле жакпай калып башкага барам деп жаткан болсо, эмне себептен жакпай калганын изилдеп көрүү керек. Балким жөн гана ал жердеги балдар менен тил табыша албай койгондур же мугалими менен тил табыша албай калышы мүмкүн.



5. Кесип тандоодо балаңыздын адашпоосун кааласаңыз...

Кесип тандоо адам жашоосундагы маанилүү чечимдердин бири. Учурда кесипттер туруктуу болбой калды. Миңдеген кесиптер жоголуп, ошондой эле жаңы кесиптер пайда болуп жатат. Кесип деген бул өзүн багуу гана эмес. Өзү каалаган, эңсеген жумушка баруу. Өзү сүйгөн иш менен алектенүү, жакшы кесиптештер менен иштөө дагы бактылуу болуунун бир бөлүктөрүнө кирет.

Ата-эне баласына жардам бергиси келсе кесиптерди жакындан тааныштырып тереңирээк изилдегенге шарт түзүп бериш керек. Эң негизгиси балага көңүл бурулбай калбаганы туура. Айрым учурда ата-энелер келечекте кесип тандоосуна таасир тийгизип албайлы деп “өзүң бил!” “бул жумушта сен иштейсиң” деп тандоонун балага коюшат. Албетте балаңыздын өзү каалаган, өзү тандаган кесиптин ээси болуусу маанилүү. Ошол эле учурда сиз кайдыгер болуп жаткан жоксузбу эске алыңыз. Бул суроодо ата-эне менен бала отуруп алып сүйлөшкөнү, талкуулаганы натыйжалуу.

Бүтүрүүчүлөр үчүн тест: Мага кандай кесип туура келет?

Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

ЖРТ тапшырууда предметтик тесттерди тандоо маанилүү

Өспүрүмдөр үчүн тест: Мен канчалык өз алдымча жана көз карандысызмын?

Чыныгы эркек кандай болушу керек? Чыныгы эркек ар дайым эмнеге умтулгандыгын билет. Анын өзүнүн максаты жана ага жетүү планы бар. Ал приоритет эмне экендигин жакшы билет жана ага ылайык убактысын туура бөлүштүрөт. Ал каржылык туруктуулуктун, үй-бүлөнүн жана сүйүктүү жумуштун зарылдыгын терең түшүнөт. Бүгүн Чыныгы эркек кандай болуш керек экен.

Чыныгы эркек физикалык жактан гана эмес, акыл-эс жагынан да күчтүү.

Ал эч качан арызданбайт, нааразы болбойт же шектүү болбойт. Чечим кабыл алса, аны аткарат, кырдаалга жараша ар кандай кырдаалга ыңгайлаша алат. Ал туура эмес болгон учурда мойнуна алуудан коркпойт, тескерисинче, кетирген каталарын тез арада оңдогонго шашат. Ал айтканы үчүн жооп берет. Ал ашыкча сүйлөбөйт, токтоо жана токтоо. Ал үй-бүлөсү үчүн жооп берет.

Үй бүлөнүн жана жакындарынын кызыкчылыктарын коргойт.

Анын үй-бүлөсүнө жубайы жана балдары гана эмес, ата-энеси, бир туугандары дагы кирет. Алар бул адамдын ишенимдүү коргоосунда болушат.

Мындай адам эч качан ушак айтпайт, мактанбайт, куру сөз сүйлөбөйт.

Ал маанисиз сүйлөшүүлөргө аралашпайт жана чоочун адамдарга баа берүүдөн алыс болот.

Ал убадасын аткарат.

Тилине жабышып калбашы үчүн ал ашыкча болбойт. Эгер ал бир нерсе жасай алаарын көрбөсө, анда ал убада бербейт. Ал өз намысын акча менен убакыттан жогору коёт.

Ал билбей туруп, баарына үлгү боло алат.

Жаш балдар аны туурашат, анын жумуш ордунда өзүнүн кадыр-баркы жана кадыр-баркы бар. Ал өзүн көрсөтүү менен кургап калбайт, бирок өзүнүн иш-аракеттери менен баарына үлгү боло алат.

Капиталды көбөйтүү үчүн экономиканы башкарат.

Ал эч качан насыя сурабайт, аны өзү гана табат.

Ал өзүнө кам көрөт, бирок аял катары эмес.

Тыкан жана олуттуу, бирок текебер эмес. Тескерисинче, ал чын ыкластуу жана ачык-айрым. Анын ишенимдүү жана чечкиндүү келбети адамдарды достук маанайда өзүнө тартып, токтоолуктун негизи болуп саналат.







Кыз адеби кымбат.

Кыргыздар “Кыздын кырк чачы улуу» деп кыздарды сыйлап өзгөчө мамиле жасашкан, үйгө көрк берген гүлдөй тутуп аны назик асырап алышкан. Кыз өзүнүн үйүндө мейман деп саналгандыктан, бир эле өзүнүн үй-бүлөсүнө эмес, туугандарына, кошуналарына, бир көчөдө жашагандарга тегиз, түз, калыс, жылуу мамиле жасап, аларды сыйлап, ыйбаа кылып, улууларга адептүүлүгүн көрсөтүп, кичүүлөрүнө үлгү болуп өскөн. Кыздарды тарбиялоодо эненин ролу жана жоопкерчилиги чоң. Бүгүн биз гезит аркылуу жаш энелерге, чоң апаларга, эже-жеңелерге кайрылып, кыз тарбиясы тууралуу сөз кылууну туура таптык. Кыз бала тиричиликке аралашсын Эркек балдарга караганда кыздар эрте жетилип, сезимтал, чыйрак жана ар нерсеге дилгир болуп турмушка болгон көз карашы эрте артылат эмеспи. Ошондуктан аларды кичине кезинен тарта алына жараша жасай ала турган үй-тиричилигине тиешелүү иштерди карматып, казан-аякка, сайма сайyуга, үйдү жыйнап-тазалаганга үйрөтүү керек. Кээ бир сезимтал кыздар кичине чагынан эле чоң кишилердин жумушуна аралашып, жардам бергиси келген учурлар болот. Ошондо, “Сен отуруп турчу тоскоол болбой” дебестен, аларды иштерге аралаштырып көндүрө бериш керек. Кыз балага тамак жасаганды, кир жууганды, уз-чеберчилик иштерин, мисалы кийим тигүү, сайма сайуу, курак куроо, дагы башка жумуштарды жасаганга акырындап үйрөтө берсе, ал кыз кийинки турмушуна даяр болот да, учуру келгенде көп кыйналбайт. “Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деп кыргыздар айткандай, айрыкча кыз балдарды тазалыкка көндүрүү, тазалыкта жүрүп, өзүнүн гигиенасына көңүл бөлүүнү калыпка салып көндүрүш керек. Мунун баарысын үйрөтүүчү биринчи энеси, анан эжеси, жеңеси, жакын адамдары болот.

Жарашыктуу кийгиз Кыздар кичине кезинен эле чоң айымдарды туурап, ошолордукундай кийимди каалап, бийик такалуу бут кийимге кызыгышат. Ар бир нерсенин өз учуру болот дейбиз. Бирок азыркы мезгилде башталгыч класстагы кыздардан бери модага берилип жатышат. Айрыкча, кээ бир кыздар өзүнө жарашса да, жарашпаса да, жаш курагына туура келбеген, эптеп эле мода аты бар кийимдерди кийип алышат. Ооба, алар өздөрү гана тандап, каалап алган буюмду колдонгусу келет. Ошентсе да, кыз балага сатып берээрде өзүнүн жашына ылайыктуу кийимдерди алып беришибиз керек. Кийимдин кымбатына качырбай, өзүнүн бойуна, өңүнө, жашына карап жарашыктуу кийгизүү керек. “Деги өзүңдүн каалаганыңды алчы» деп кайдыгер мамиле кылган болбойт. Эне кошо барып, тандашып, мээрим менен кеңеш бергенде иш натыйжалуу болот. Ошентип чогуу барганда энелер кыздын денесин кыскан тар кийимдерди же бели, курсагы ачык кыска кофтаны алдыртпайт да. Андай кийимдер ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, өнөкөт ооруларга чалдыктырышы толук мүмкүн. Мына акыркы жылдары жалаң ошондой бели ачык кийимдерди кийип жүрүшүп, Кыргызстан боюнча азыр дээрлик ошол кыздардын жарымынан көбү бөйрөгүн, табарсыгын суукка урунтуп алышкан. «Бул өзү билет, мени укпайт, өзүнө жакканын гана кийет» деп өзүбүздүн алсыздыгыбызды көрсөткөн таптакыр туура эмес. Сөз укпагандык өнөкөткө айланып кетсе, ар кандай жаман көйгөйлөргө алып келет. Кичинесинен энесинин тилин албаган кыз, чоңойгондо кайненесинин тилин алабы, же күйөөсүнүн тилин алабы? Өспүрүм кезинде киндигин көрсөткөн уят экенин сезбесе, үйүндө атасынан уялбаган кыз, башка үйгө бүлө болуп барганда кайнатасынан уялабы?

Бойокту эрте колдонбосун Өспүрүм кыздар косметикага эрте кызыгып калышты. Кээ бир кыздар мектепке да бойонуп барышат. Кээде ашкере бойонгон жап-жаш эле кыздарды көрүүгө болот.Биринчиден, эрте бойонгон – зыян, себеби эрте бойонгондо бетке эрте бырыш түшөт.Экинчиден, өспүрүм кыздарда табигат тартуулаган жакшынакай жаштыктын сулуулугу бар эмеспи. Бойонгон кызды сырттан көргөн киши адеби жок, жүрүш-турушу жаман кыз катары кабыл алат. Бойонбогон кыз кичипейил, акыл-эстүү, назик, элпек, таза, уяң, жароокер болсо, айлана-чөйрөдөгүлөргө жагымдуу маанай тартуулайт. Сулуулук деген сырткы келбетте эмес. Сулуу кыз ийкемдүүлүгү менен, жайдары мүнөзү менен, ыймандуулугу менен, боорукерлиги менен, чынчылдыгы менен, уяңдуулугу менен, эмгекчилдиги менен, тазалыгы менен сулуу. Мындай ички сулуулукка жетиш үчүн чыдамкай болуп акыл угуп, акыл топтош керек.

Акылга сугар Акылды жаш энелер көп айтпайт, алардын чыдамы да, тажырыйбасы да аз. Акылды чоң энелер айтса жакшы, алардын тажырыйбасы кең, акылы терең, сөзү нускалуу, жугумдуу. Ар бир үйдө чоң ата, чоң эне болсо кандай жакшы болмок. Алар балдарды тарбиялаганга чоң жардамын беришмек. Элибизде сөз бар эмеспи, «Карысы бардын – ырысы бар», “Карынын кебин капка сал» деген. «Сууну сиңген жерге куй, акылды уккан кишиге айт» дегендей, жаштайынан сезимдүү болуп, акыл угуп чоңойгон адам келечекте бактылуу, ырыстуу болот. Эгерде кыз бала акыл албаса, жаштайынан көп басып, жүрүш-турушу бузулуп, чылым чегип, улууларды көзгө илбей, жигиттерге өзү тийишип, алкагол ичип, ата-энесин уят кылса, анда ал жаш кезинен абийиринен ажырап, өзүнүн келечегине, тагдырына балта чаап, бактысыз өмүр сүрөт. Ар бир кыз өзүнүн келечектеги үй-бүлөсүнүн бактысы үчүн жаралган, ошондуктан өзүнүн ден-соолугу чың болушуна өзү кам көрүшү керек. Кыздарга ырыскыны таанып аны сактаганды, сарамжалдуу болгонду, жоктукка, оордукка чыдамдуу болгонду, эркекти сыйлап, ага баш ийгенди, улууларга ийкемдүү болгонду, кечиримдүүлүктү, намыскөйлүктү башынан эле үйрөтүү сөзсүз керек. Бактылуу адам башканы да бактылуу кыла алат.



Турмуш курууга даярда “Чыккан кыз чийден тышкары”, “Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө” дегендей, кыз бойго жеткенде турмуш курат, башка үй-бүлөгө келин болуп барат. Ал кандай үй-бүлө? Ал жаңы үй-бүлө, башка чөйрө.Бул өтө орчундуу маселе. Ушунча көп түшүнбөгөн суроолор, ушунча көп кыйынчылыктар болот. Бирок ушул убакта адамга токтоолук керек, ойлонуп жооп берип, акырындан жаңы үй-бүлөң менен таанышып, көнүп, аралашып кеткенге аракет кылыш керек. “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” дегендей, энеси кызына кандай тарбия берсе, кызы ошондой болот. Кыздын ички мүнөзү, көз карашы, адамкерчилиги, эмгекчилдиги, чыдамдуулугу, адептүүлүгү, намыскөйлүгү – баары энесине тартат, же чоң энесин тартат. Демек, кыздын бактылуу болушуна, кийинки турмушка ыймандуу, эмгекчил, акыл-эстүү бүлө даярдап берүүгө – эне милдеттүү. Туура тарбия, туура кеңешти кыз балага аба-суудай бериш керек.



Барган жери кызын мактап турса, энеге бул чоң сыймык.Кыз барган жерине батпай, тил табыша албай же оокат кылууга чыдабай ажырашып төркүнүнө келсе, бул ата-энесине кайгы тартуулаганы. Ошондуктан акылдуу энелер, кызы качып келсе, кайра өзү жеткирип берген учурлар болгон. “ Бардыңбы, эми чыда, бизди уят кылба. Күйөөңдү сыйла, кайын-журтуңду сыйла. Бизге арыз-муңуңду айтпа. Күйөөңдү жактырып бардыңбы, демек, ата-энесин сыйла” деп, кызына акыл айтуу эненин мойнундагы парз. Эгерде энеси кызын начар тарбиялап, анан дагы болушуп, куда-сөөгү менен жакшы-жаман айтышып, тирешип, ортодогу мамиле бузулса – анда ал эне кызын бактысыз кылчу эне.Башка үй-бүлөгө барганда, ал үйдүн ээлерин сыйлап, барган үйүмө батайын, ошол үйдүн мүчөсү болоюн деп жакшы ниет менен ыйбаа кылып, токтоо, сабырдуу болушу керек. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, чыдамдуу болгон киши жеңет.
































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!