СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Адамдын өткөн тарыхын материалдык булактардан изилдеген тарых илими
Биринчи жолу ал адамдар жана алардын маданияты аяктаган, бүткөн формада пайда болбой, акырындык менен өнүгүп, өнүгүүнүн үч этабын – таш доорун, коло доорун жана темир доорун басып өткөндүгүн далилдеди.
Дөбөдөн 400 м түштүк тарапта карапа жасалуучу керкана, анын жанынан металл иштетүүчү керкананын калдыктары табылган. Эки жерде дөбөнү карай түтүктөр төшөлгөн. Бул шаар суу менен камсыз кылынгандыгын айгинелейт. Рельефтин ыңгайлуулугуна байланыштуу, шаардын чыңдоолору болгон эмес. Шаардан 4 км түштүк-батыш тарапта гана дубал тургузулган. Азыр шаар калдыгынын аймагын бүт жаңы курулуштар ээлейт. Курулуш иштеринин учурунда табылган материалдарга жана жазма даректерге караганда шаар 5 га аянтты ээлеп, … шаары деп божомолдонот
Демек “…” деп аталган бул тарыхый жараян азыркы дүйнө тарыхнаамасындагы бирден-бир олуттуу тарыхый маселе болуп саналат жана анын натыйжасында Евразия континентинин саясий картасы түп тамырынан бери өзгөрүлүп, геосаясаттык кайра түзүүлөр калыптанган. Мунун өзү түрк элдери бүткүл евразия континентинин азыркы геосаясаттык картасынын түзүлүшүнүн башатында турган дегенди түшүндүрөт.
Нарын менен Кара-Дарыянын ортосунда жайгашкан. Археологиялык казуудан табылган керамика комплекси … шаар калдыгынын атынан «… маданияты» деп аталган.
... тобундагы үстүнө таш корумдалган жана шакекче түрүндөгү бейиттерде өлүк бүктөлгөн абалда, башы чыгышка же батышка, бети, эреже катарында, суу тарапка каратылып коюлган. Таш корумдалгандары эркектердин, шакекче түрүндөгүлөрү аялдар менен балдардын бейиттери болуп чыкты. Бейиттин чуңкуру тик бурчтуу, терең эмес (1 мге чейин, көп учурда 08 мге чейин), ал топурагы кумдакшагылдуу жерде казылып, үстү туурасынан жука, жалпак арча тактай менен жабылган.
Эреже катарында, бул бейит-коргондор таланып-тонолгон эмес, ошондуктан алар … байыркы тарыхынын айрым проблемаларын алдын ала белгилөө үчүн бир кыйла маанилүү материал берди
Таштан жасалган эң байыркы буюмдар Кыргызстанда … табылган.
Ош шаарына 3000-жыл болгондугун кайсы табылган нерсе аркылуу билишкен.
Кушан падышалыгынын доорун (б.з.ч. I кылым – биздин замандын VI-V кылымдары) аныктоого мүмкүндүк берет. Муну ХХ кылымдын 30-жылдарында кайсы археолог тарабынан ачылган.
Баарыбызга белгилүү болгон « Ош кыштагынын» ачылышына себеп болгон нерсе
С.И.Вайнштейндин пикири боюнча кѳчмѳн малчылар үчүн төмөндөгүдөй чарбалык маданий типтерди бөлүп көрсөтүүгө болот: С.И.Вайнштейндин пикири боюнча кѳчмѳн малчылар үчүн төмөндөгүдөй чарбалык маданий типтерди бөлүп көрсөтүүгө болот:
Көчмөнчүлүктө бир нече чарбалык-маданий тип мүнөздүү. Н.Н.Чебоксаров жана башка изилдөөчүлөр канча ЧМТ (чарбалык-маданий типтерди) көрсөтүшөт:
Кызыл-Рават өзөнүндөгү Ак-Суу суусунун оң жээгиндеги Ак-Бейит көрүстөнүнөн … бейит-коргон катталып, алардын тогузу казылды.
Асбаникат шаар калдыгын 1958-65-жылдары … казып, изилдеген.
1964-жылы Кара-Булак кыштагынын түштүк-батышындагы чакан капканы казууда 6-8-кылымдарда калк жашагандыгы аныкталды. Кыштактын борборунан казылган сүйрү формадагы чоң дөбө … -кылымдарга таандык.
… биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын 2-жарымы – биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык мүрзөлөр Аламүдүн жана Аларча сууларынын аралыгында (Бишкектин түштүк чет-жакасы) жайгашкан. Көчмөн сак жана усун уруу аксакалдарынын сөөгү коюлган дөбө мүрзөлөрдүн тобу түндүктөн түштүккө карай тизилип жатат. Бул мүрзөлөрдүн бийиктиги 3–12 метр, диаметри 40–80 метр. Чоң дөбөлүү мүрзөлөрдүн айланасында кедейлердин чакан дөбө мүрзөлөрү жайгашкан. Бишкек шаарынын аймагындагы мүрзөлөрдүн көпчүлүгү курулуштардын астында калган.
Памирдин ар кайсы жериндеги бейиттердин биринчи жана экинчи типтеринин үстүнкү үймөктөрүнүн абдан эле окшоштугуна карабастан, Тамды жана Харгуш көрүстөндөрү өлүк көмүүнүн ырасымы жана буюм-тайымдарынын комплекси боюнча … көрүстөнүнөн олуттуу түрдө айырмаланат.
Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарынын эң белгилүү архитектуралык эстеликтеринин бири – Сулайман-Тоонун чыгыш боорунун этегинде жайгашкан белгилүү эстелик.
Кыргызстандагы эң биринчи таш куралдары кайсы жерде табылган.
.Мезолит дооруна таандык Кыргызстандагы көрүнүктүү эстелик
Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдардын салыктары (клады) жана Казакстандын түштүгүндөгү табылгалар коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмаларынын болгондугу далилденген. Бул ыкмага ылайык евразиялык археологиялык адабиятта кандай түшүнүк киргизилген.
… табылышы металлургиялык өндүрүштү жана жалпы эле коомдун өндүргүч күчтөрүн бир кыйла өркүндөткөн.
1976-ж. жазында Ош шаарынын край таануу музейинин илимий кызматкери Сулайман тоосун ашып өтүүчү жолго байкоо жүргүзүп жүрүп, бир жерден коло доорунун керамикасы бар маданий катмардын чыгып калгандыгын байкаган. Мындай керамика археологиялык адабияттарда биринчи жолу табылган ушундай эстеликтин аты боюнча чуст керамикасы деп аталып калган эле. Сөз кайсыл эстелик жөнүндө болуп жатат.
Чуст маданиятынан калган байыркы шаар калдыгы окумуштууларды тарыхтын агымынын көптөгөн сырларын ачкандыгы үчүн бул жер таң калтырат. Сөз кайсыл шаар жөнүндө болуп жатат.
© 2020, Советбек кызы Бүниса .. 220