СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын аймагындагы таш жана коло доору

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Коло доору.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Байыркы мезгилде  адамдар жапайы жаныбарлардан  коргонуу жана аларга  анчылык кылуу максатында үйүр-үйүр болуп жашашкан жана кырдуу таштар  жана жер казуучу  союлдар менен куралданышкан. Байыркы адамдардын алгачкы  кесиби жыйноочулук жана аңчылык болгон.  Суроо: Мындан 2, 5 млн жыл мурда  адамдар айбандар  дүйнѳсүнѳн бөлүнүп чыккандан кийин  кандай коомдо жашаган? 

Варианты ответов
  • алгачкы жамааттык коомдо
  • матриархат доорунда
  • кул ээлѳѳчүүлүк түзүлүштѳ
  • капиталисттик коомдо
  • феодалдык-патриархалдык коомдо
Вопрос 2

Адамзат тарыхында б.з.ч 1-мин жылдыкта  темир доору  Алдынкы Азияда  башталган.  Ал эми дыйкандардын эн байыркы  мезгилде отурукташкан  жерлери кайсылар? 

Варианты ответов
  • 15 мин жыл мурда Түндүк Кытайда
  • 10 мин жыл мурун Алдынкы Азияда
  • 6 мин жыл мурун Батыш Африкада
  • 5 мин жыл мурун Түштүк Азияда
Вопрос 3

Алгачкы жамааттык коомдун  эн узакка  созулган мезгили  таш доору болуп саналат. Таш доору үчкɵ бɵлүнɵт.  Жана ар биринин ɵзүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү бар.1. Байыркы таш доору( палеолит) 2.Ортонку таш доору ( мезолит) .3. Жаны таш доору ( неолит) Суроо: Кыргызстандын аймагында табылган  алгачкы адамдардын  издери  кайсы таш дооруна тиешелүү болуп саналат?

Варианты ответов
  • А) палеолит
  • Б) мезолит
  • В) неолит
  • Г) энеолит
Вопрос 4

Кыргызстандын аймагынан табылган эн жɵнɵкɵй таш куралдары  б.з.ч 800-10 мин  жылдыктарга таандык.  Таштан жасалган эн байыркы буюмдар  Кыргызстандын кайсыл аймактарынан табылган?

 

Варианты ответов
  • А) Нарын облусундагы Он Арча суусунун боюнда, Лейлек районундагы Кожо-Бакырган Сайда
  • Б) Нарын аймагындагы Кочкор, Атбашы, Чаткал, жана Ысыккɵл ɵрɵɵндɵрүндɵ
  • В) Ошто Сулайман тоосунун жанында , Баткенде Айдаркен кыштагынын жанынан
  • Г) Кыргызстанда Ош, Бишкек, Балыкчы, Баткен, Исфана жана Өзгɵн шаарларынан табылган
Вопрос 5

Кыргызстандын түндүк аймагында  алгачкы таш куралдары  Нарындагы Он Арча суусунун боюнан табылган.Ал эми  Кыргызстандын түштүгүндɵ  таш доорунун эстеликтери кайсы жерден табылган?

Варианты ответов
  • А) Кожо- Бакырган -Сайдан
  • Б) Сел-Yнкүрдɵн
  • В) Саламат-Булактан
  • Г) Сасык-Yнкүрдɵн
Вопрос 6

Окумуштуулардын айтуусу боюнча  ɵздɵштүрүү чарбадан ɵндүрүштүк  чарбага ɵтүү  неолиттик революция деп аталат.  Неолит доорунун негизги айырмачылыгы эмнеде?


 

Варианты ответов
  • А) Өндүрүштүк чарба пайда болду( жер иштетүүчүлүк жана малчылык)
  • Б) кол ɵнɵрчүлүк жана соода келип чыккан
  • В) адамдар темир кендерин иштете баштаган
  • Г) биринчи жолу жаа менен жебе пайда болду
Вопрос 7

Тɵмɵн жакта келтирилген окуялардын  кайсынысынан неолит  доорундагы алгачкы  жамааттык түзүлүштүн ыдырашы башталган?

Варианты ответов
  • А) Байлардын пайда болушу жана согуштардын башталышы
  • Б) Металлдан жасалган согуш куралдарынын пайда болушу
  • В) Социалдык тенсиздиктин пайда болушу
  • Г) Эмгек ɵндүрүмдүүлүгүнүн кɵбɵйүшү жана ɵсүшү
Вопрос 8

Палеолит доорунда  адамдар анчылыкка үйүр-үйүр болуп чыгышкан.Ал эми мезолит  доорунда эмненин пайда болушу  менен адамдар жалгыз анчылык кыла башташкан?

 

Варианты ответов
  • А) найзанын
  • Б) Жаа менен жебенин
  • В) кылычтын
  • Г) канжар менен балтанын
Вопрос 9

Палеолит доорунда  адамдар анчылыкка үйүр-үйүр болуп чыгышкан.Ал эми мезолит  доорунда эмненин пайда болушу  менен адамдар жалгыз анчылык кыла башташкан?

 

Варианты ответов
  • А) найзанын
  • Б) Жаа менен жебенин
  • В) кылычтын
  • Г) канжар менен балтанын
Вопрос 10

Ок атычуу куралдар кайсыл доордо пайда болгон?

Варианты ответов
  • А) Палеолит
  • Б) Мезолит
  • В) Неолит
  • Г) Эниолит
Вопрос 11

.  Тɵмɵндɵгү сүрɵттүн аталышы кандай?

 


                                                                                                                                                                        

Варианты ответов
  • А) Ак-Чункур таштары
  • Б) Таш-Балбалдар
  • В) Түрк петроглифтери
  • Г) Чолпон-Ата петроглифтери
  • Д) Саймалуу-Таш
Вопрос 12


. Б.з.ч 2-мин жылдыкта  Кыргызстанды мекендеген уруулар  табият күчтɵрүнɵ жана касиеттүү жаныбарларга сыйынышып,  бул үчүн ташка чегилген сүрɵттɵрдү  петроглифтери бар атайын  сыйынуучу жайларды жасашкан.  Суроо:  Кыргызстандын Жалал-Абад аймагында  кайсы атактуу петроглиф жайгашкан?

Варианты ответов
  • А) Таластагы балбалдар
  • Б) Култегинге арналган таш
  • В) Барсбектин эпитафиясы
  • Г) Чолпон_Ата петроглифтери
  • Д)Саймалуу-Таш
Вопрос 13

Саймалуу-таш аска бетиндеги  галерея коло дооруна таандык. Дал ушул коло доорунда  Кыргызстандын аймагында эки маданият ɵнүккɵн.  Кыргызстандын түндүк аймактарында  Андрон маданияты,  түштүк аймактарында Чуст маданияты  ɵкүм сүргɵн.  Андрон урууларынын негизги кесиби  мал чарбачылык болуп кой,  уй жылкы багышкан.  Ал эми Чуст маданиятындагы уруулардын  негизги кесиби дыйканчылык болгон.Суроо: Тɵмɵндɵгү табылгалардын кайсынысы  Андронов маданиятындагы элдерге таандык эмес?

Варианты ответов
  • А) Чүйдɵн табылган эмгек шаймандары
  • Б) Александровка айылынан табылган отуз орок
  • В) Караколго жакын жерден табылган беш канжар
  • Г) Фергана ɵрɵɵнүнɵн табылган эмгек шаймандары
Вопрос 14

. Кыргызстандын аймагында коло дооруна тиешелүү кайсы турак жай  байыркы Фергананын маданий  идеологиялык борбору болуп эсептелген?

Варианты ответов
  • А) Ош тургун жайы
  • Б) Чуст кыштагындагы табылга
  • В) Өзгɵн мунарасы
  • Г) Таш-Рабат кербен сарайы
Вопрос 15

Неолит доорунда адамдар ɵздɵштүрүүдɵн ɵндүрүштүк  чарбага ɵтүшкɵн. Суроо: Өндүрүүчү чарбада кандай кесиптер пайда болду?

 

Варианты ответов
  • А) Анчылык жана жыйноочулук
  • Б) Малчылык жана дыйканчылык
  • В) Кол ɵнɵрчүлүк жана зергерчилик
  • Г) машина куру жана айдоочу
Вопрос 16

. Кочкор айылынын тургуну  үй куруп жатып коло буюмдарды таап алган.  Окумуштуулар ошол табылгаларды  5 мин жыл мурун кɵмүлгɵнүн аныкташкан.  Табылган буюмдар Кыргызстандын аймагындагы  кайсы археологиялык маданиятка   таандык жана качан колдонулган?

Варианты ответов
  • А) Чуст маданиятына таандык б.з.ч 2 мин жылдык
  • Б) Андрон маданиятына таандык б.з.ч 3 мин жылдык
  • В) Даван маданиятына таандык б.з.ч 1 мин жылдык
  • Г) Усун маданиятына таандык б.з.ч II кылым
Вопрос 17

Дал келтиргиле:

 

 

Варианты ответов
  • А) Негизги чарбасы дыйканчылык болгон маданият                                    1) коло доору Б) адамдар дɵнгɵлɵк жасоону үйрɵнгɵн мезгил                                          2) чуст В)  ɵндүрүштүк чарба пайда болгон доор                                                        3) неолит Г) ок атуучу куралдар ойлонуп табылган мезгил                                          4) палеолит Д) адамдар от жакканды үйрɵнүшкɵн                                                            5) мезолит
  • А) А-1, Б-2, В-3, Г-4, Д-5
  • Б) А-2, Б-1, В-3, Г-5, Д-4
  • В) А-1, Б-2, В-5, Г-4, Д-3
  • Г) А-2, Б-4, В-3, Г-5, Д-1
Вопрос 18

. Сүйлɵмдү толуктагыла:

Ош тургун жайынын «жашы»  ороодо сакталып калган кɵмүрдү ……………………………..атайын лабараториядагы …………………….анализден ɵткɵрүүнүн натыйжасында    аныкталган.

 

Варианты ответов
  • Ленинграддагы !радиоуглеводдук
  • Москвадагы! Институттук
  • В)Бишкектеги! антропологиялык
  • Г) Оштогу!Шахтадагы
Вопрос 19

Кыргызстандын аймагынан  Чуст маданиятына тиешелүү эн чон табылга кайсы жерден табылган?

 

Варианты ответов
  • А) Ош шаарындагы Сулайман Тоонун жанынан « Ош тургун жайы»
  • Б) Баткен облусундагы Кожо-Бакырган сайдан
  • В) Нарын облусундагы Он Арча суусунун боюнан
  • Г) Талас облусундагы Манастын күмбɵзүнүн жанынан
Вопрос 20

. Андронов жана Чуст уруулук  маданий бирикмелеринин ɵкүлдɵрүнүн тышкы кебетеси кайсы рассага таандык?

Варианты ответов
  • А) Монголоид
  • Б) Негроиддин
  • В) Австролоид
  • Г) Индо-европалык
Вопрос 21

Дал келтиргиле:

Варианты ответов
  • А) Андронов маданиятындагылардын негизги кесиби 1)малчылык Б) Алгачкы адамдардын кесиби 2) анчылык В) Чуст маданиятындагылардын кесиби 3) дыйканчылык Г) Адамдар колго үйрɵткɵн алгачкы үй жаныбары 4) ит Д) Алгачкы жамааттык коомдун ыдыраган мезгили 5)неолит
  • А) А-1, Б-2, В-3, Г-4, Д-5
  • Б) А-2, Б-1, В-3, Г-5, Д-4
  • В) А-1, Б-2, В-5, Г-4, Д-3
  • Г) А-2, Б-4, В-3, Г-5, Д-1
Вопрос 22

. Доорлорду хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла:

1) неолит доору       

2) Палеолит доору

3) Энеолит доору

4) Темир доору

5) Коло доору

6) Мезолит доору

Варианты ответов
  • А) 1, 2,3, 5, 6, 4
  • Б) 2, 6, 1, 3,5, 4
  • В)3, 4, 5, 6, 2, 1
  • Г) туура жооп жок
Вопрос 23

Сүйлɵмдү толуктагыла: Батыш илиминде андронов маданиятынын  ɵкүлдɵрү адата  арийлер деп аталат. Дал ошол легендарлуу  Аркаим шаарын куруп,  биринчи ________ ойлоп табышкан. Алардын маданиятынын издери  Сибирден Индияга  чейинки эбегейсиз зор аймактан кездешет.

Варианты ответов
  • А) Колону
  • Б) арабаны
  • В) кагазды
  • Г) темирди
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!