СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комбинаториканын элементтери

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Комбинаториканын элементтери»

Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин математика мугалими: Назгүл Каныбекова

Предмети: Алгебра

Классы: 8-класс


САБАКТЫН ТЕМАСЫ: КОМБИНАТОРИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ


Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Когнитивдик:

  • Окуучулар комбинация, комбинаторика деген түшүнүктөргө ээ болушат;

  • Орундаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштуруунун айырмачылыктарын билишет;

  • Комбинаториканын формулаларын пайдаланып мисал-маселелерди чыгара алышат;

8.4.2.36. Маселелерди чыгарууда комбинаториканын формулаларын колдоно алат

8.4.3.37. Математикалык жоболорду ырааттуу логикалык ой-жүгүртүүлөрдү жүргүзүү менен далилдейт жана аларды маселелерди чыгарууда колдонот. Өз оюн башкаларга далилдей алат

8.4.3.37. Практикалык ишмердүүлүк жана турмуш менен байланышкан маселелерди чыгара алат.


Жүрүм-турумдук:

Окуучулар практикалык ишмердүлүгүндө зарыл болгон математикалык билимдерге жана көндүмдөргө (тактыкка, ырааттуулукка) ээ болушат.

-Турмушта кездешүүчү маселерди формулаларды колдонуп чыгара алат;

-Көйгөйдүн берилишине жараша чыгаруу жолдорун сунуштайт;

Баалуулук:

Өз алдынчалуулук, сынчылдык, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, анализдей алышат.

-Топ менен иштей алат;

-Өз позициясын коргой алат же өз катасын моюнуна ала билет;

Cабактын тиби:

Жаны материалды өздөштүрүү

Сабактын формасы:

Сабак-эксперимент

Предмет аралык байланыш:

Экономика, информатика

Сабактын жабдылышы:

Проектор,  компьютер, экран, карточкалар

Сабактын ыкмасы:

Көйгөйгө багытталган окутуу (КБО)






















Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убакты

сы

Мугалимдин

ишмердүүлүгү

Окуучулардын иш-мердүүлүгү

1

Шыктандыруу


2-3 минут

Келгиле, 6 адам кол алышып учурашабыз жана канча кол алышуу болгонун санайбыз.

6 окуучу учурашканда канча кол алышуу болгондугун доскага жазат.

Мээ чабуулу:

Биз класста 6 окуучу кол алышып учурашса канчоо болоорун өз көзүбүз менен көрдүк. Эми ушундай эле 10 адам учурашса канча кол алышуу болоорун ойлонуп көргүлөчү.


Сабактын максатын окуучулар менен биргеликте талкуулап, бүгүн жогорудагыдай маселелерди кантип математикалык жол менен эсептөөгө болоорун үйрөнөрүбүздү айтат. Баалоо критерийлери менен тааныштырат.

Окуучулар кол алышып учурашышат жана алардын санын эсептешет.





Окуучулар ар кандай жол менен, кааласа дагы бир жолу тажрыйба жасап көрүп, 10 адамдын учурашуусун эсептеп чыгышат.

2

Топторго бөлүү


3 минут

Мугалим кагазга мышык, күчүк жана козу деген жазуусу бар кагаздарды таркатат.

Аларды бири-бирине сүйлөбөй, үн чыгарып гана бири-бирин табуусу керектигин айтат.


Окуучулар алган кагазын бири-бирине көргөзбөй бирок өз тобун үн чыгаруу аркылуу табышат.

3

Үй тапшырмасын текшерүү


4-мин

Мугалим үйгө берилген тапшырманы “Досуңдү текшер” оюну аркылуу текшерет. Ал үчүн алдын ала өзү даярдап алган жоопторду доскага илет же экранга чагылдырат.


Окуучулар бири-биринин тапшырмасын текшерет жана ар бир туура жоопко 2 ден балл коет

4

Окуучулардын билимин актуалдашты--руу

7-8 минут

Мугалим ортого көйгөй таштайт.

Көйгөй: 10 адам кафеге кирип орундуктарга сиз олтурунуз, жок сиз олтурунуз деп сыйлаша баштайт. Бири бойго карап олтуралы десе, экинчиси жашка карап олтуралы дейт. Аларды көргөн администратор “Азыр каалагандай олтура бергиле жана күндө ушул жерге келип ордунарды ар түрдүү кылып алмаштырып олтургула. Мүмкүн болгон бардык комбинацияны жасап бүтүп, кайра ушундай болуп олтуруу вариантына жеткенде мен силерге күндө бекер тамак бере баштайм” дейт.

Суроо: Алар канча күндөн кийин бекер тамак жей алышат?


Мугалим туура же туура эмес деп четке какпастан ар бир топтун жообун доскага жазат.


Мугалим таштаган көйгөйдүн үстүндө топтордо талкуу жүргүзүшөт жана белгиленген убакыт бүткөндөн кийин здөрүнүн жообун айтышат.

5

Жаңы теманы түшүндүрүү

15-20-минут

2-тапшырма:

9, 5, 3 цифраларын пайдаланып канча ар түрдүү 3 орундуу сан жазууга болот (бир цифра бир санда 2 жолу кайталанбашы зарыл)?


n элементтен турган орун алмаштыруу деп бардык элементтерди курамында кармаган жана элементтердин турган орду менен айырмаланган комбинацияларды айтабыз

формуласы менен эсептелет


3-тапшырма

A, B, C, D тамгаларын пайдаланып канча ар түрдүү 2 тамгадан турган сөз жазууга болот? (тамгалары кайталанбаган)

  • P.S. Математикалык сөз бул - эки же андан ашык тамгалардын комбинациясы.


n элементтен m элементти орундаштыруу деп элементтери же элементтеринин жайгашкан ирети боюнча айырмаланган комбинацияларды айтабыз

формуласы менен эсептелет.


4-тапшырма

Дүкөндө роза, пион, тюлпан, нарцисс жана астра гүлдөрү бар. Белекбек апасынын туулган күнүнө 3 даана, 3 түрдүү гүлдөн турган өзгөчө букет алууну чечти. Дүкөнчү канча ар түрдүү букетти ага сунуштай алат?

Окуучуларга гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн кагаздарды таркатып берет.

n элементтен m элементти топтоштуруу деп элементтеринин курамы менен айырмаланган комбинацияларды айтабыз

формуласы менен эсептелет



Окуучулар бул цифраларды пайдаланып мүмкүн болгон бардык сандарды жазып чыгышат.

8.4.2.36


Жогорку маселени формуланын жардамында чыгарышат жана тууралыгына ынанышат.







Эки тамгадан турган бардык сөздөрдү жазып чыгышат






3-тапшырманы формуланын жардамында дагы бир жолу текшеришет


8.4.3.37





Гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн кагаздардан букеттердин комбинациясын түзүшөт, б.а. мүмкүн болгон ар түрдүү букеттерди жасап чыгышат.


4-тапшырманын жообун формуланы пайдаланып дагы бир жолу текшеришет.

6

Бышыктоо

2-3-мин

Сабактын башындагы Кол алышуу жана Бекер тамак маселелерине кайтат.

10!=3 628 800 күн

10 миң жылдан кийин кафе бекер тамак берет дегенди билдирет.


Окуучулар формуланы кандай пайдаланса болорун айтышат

7

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Баалоо

2 мин

Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт.


Ар бир тапшырманы аткаруу учурунда топтогон баллдарынын суммасын чыгарышат.

8

Үй тапшырмасы

1 мин

1-топ: Орундаштыруунун мисалдарын чыгаруу;

2-топ: Орун алмаштыруунун мисалдарын чыгаруу;

3-топ: Топтоштуруунун мисалдарын чыгаруу;


Тапшырманы толук түшүнүшөт жана топ менен кеңешип көйгөйдү кандай чечүүнү ойлонушат.

9

Рефлексия

1-2-мин

Толук түшүндүм, (жашыл)

Анча түшүнбөдүм, (сары)

Таптакыр түшүнбөдүм (кызыл) деген кагаздарды окуучулардын санына жараша даярдап коет

Окуучулар класстан чыгып баратып өздөрүнүн сабактагы “абалын” ала чыгат. Эгерде жашыл карточкалар көбүрөөк алынып кетилген болсо, демек, сабак максатына жетти.



Үй тапшырмасы:

1. 1, 2, 3, 4 цифраларынан канча түрдүү төрт орундуу цифралары кайталанбаган сандарды жазууга болот?

2. Театрдын кассасында турган 50 адам канча түрдүү жол менен кезекке турса болот?

3. Автомобилдин номери 4 цифрадан жана 2 тамгадан турса канча түрдүү номер чыгарууга болот?

4. 5 орундуу түрдүү цифралуу канча сан бар?

5. Автомобилдин номери 4 цифра жана 2 тамгадан турса канча түрдүү номер чыгарууга болот?

6. Класста дежур болуу үчүн бир жумага 6 окуучу бөлүнгөн. Канча түрдүү жол менен кезекти уюштурууга болот?

7. Текчеге 8 китепти канча түрдүү жол менен жайгаштырууга болот?

8. 10 отургучка 7 адамды канча түрдүү жол менен отургузууга болот?

9. 14 предметтен дүйшөмбү күнгө 7 саатан турган расписаниени канча түрдүү жол менен түзүп чыгууга болот?

3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!