1 | Шыктандыруу | 2-3 минут | Келгиле, 6 адам кол алышып учурашабыз жана канча кол алышуу болгонун санайбыз. 6 окуучу учурашканда канча кол алышуу болгондугун доскага жазат. Мээ чабуулу: Биз класста 6 окуучу кол алышып учурашса канчоо болоорун өз көзүбүз менен көрдүк. Эми ушундай эле 10 адам учурашса канча кол алышуу болоорун ойлонуп көргүлөчү. Сабактын максатын окуучулар менен биргеликте талкуулап, бүгүн жогорудагыдай маселелерди кантип математикалык жол менен эсептөөгө болоорун үйрөнөрүбүздү айтат. Баалоо критерийлери менен тааныштырат. | Окуучулар кол алышып учурашышат жана алардын санын эсептешет. Окуучулар ар кандай жол менен, кааласа дагы бир жолу тажрыйба жасап көрүп, 10 адамдын учурашуусун эсептеп чыгышат. |
2 | Топторго бөлүү | 3 минут | Мугалим кагазга мышык, күчүк жана козу деген жазуусу бар кагаздарды таркатат. Аларды бири-бирине сүйлөбөй, үн чыгарып гана бири-бирин табуусу керектигин айтат. | Окуучулар алган кагазын бири-бирине көргөзбөй бирок өз тобун үн чыгаруу аркылуу табышат. |
4 | Окуучулардын билимин актуалдашты--руу | 7-8 минут | Мугалим ортого көйгөй таштайт. Көйгөй: 10 адам кафеге кирип орундуктарга сиз олтурунуз, жок сиз олтурунуз деп сыйлаша баштайт. Бири бойго карап олтуралы десе, экинчиси жашка карап олтуралы дейт. Аларды көргөн администратор “Азыр каалагандай олтура бергиле жана күндө ушул жерге келип ордунарды ар түрдүү кылып алмаштырып олтургула. Мүмкүн болгон бардык комбинацияны жасап бүтүп, кайра ушундай болуп олтуруу вариантына жеткенде мен силерге күндө бекер тамак бере баштайм” дейт. Суроо: Алар канча күндөн кийин бекер тамак жей алышат? Мугалим туура же туура эмес деп четке какпастан ар бир топтун жообун доскага жазат. | Мугалим таштаган көйгөйдүн үстүндө топтордо талкуу жүргүзүшөт жана белгиленген убакыт бүткөндөн кийин здөрүнүн жообун айтышат. |
5 | Жаңы теманы түшүндүрүү | 15-20-минут | 2-тапшырма: 9, 5, 3 цифраларын пайдаланып канча ар түрдүү 3 орундуу сан жазууга болот (бир цифра бир санда 2 жолу кайталанбашы зарыл)? n элементтен турган орун алмаштыруу деп бардык элементтерди курамында кармаган жана элементтердин турган орду менен айырмаланган комбинацияларды айтабыз формуласы менен эсептелет 3-тапшырма A, B, C, D тамгаларын пайдаланып канча ар түрдүү 2 тамгадан турган сөз жазууга болот? (тамгалары кайталанбаган) n элементтен m элементти орундаштыруу деп элементтери же элементтеринин жайгашкан ирети боюнча айырмаланган комбинацияларды айтабыз формуласы менен эсептелет. 4-тапшырма Дүкөндө роза, пион, тюлпан, нарцисс жана астра гүлдөрү бар. Белекбек апасынын туулган күнүнө 3 даана, 3 түрдүү гүлдөн турган өзгөчө букет алууну чечти. Дүкөнчү канча ар түрдүү букетти ага сунуштай алат? Окуучуларга гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн кагаздарды таркатып берет. n элементтен m элементти топтоштуруу деп элементтеринин курамы менен айырмаланган комбинацияларды айтабыз формуласы менен эсептелет | Окуучулар бул цифраларды пайдаланып мүмкүн болгон бардык сандарды жазып чыгышат. 8.4.2.36 Жогорку маселени формуланын жардамында чыгарышат жана тууралыгына ынанышат. Эки тамгадан турган бардык сөздөрдү жазып чыгышат 3-тапшырманы формуланын жардамында дагы бир жолу текшеришет 8.4.3.37 Гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн кагаздардан букеттердин комбинациясын түзүшөт, б.а. мүмкүн болгон ар түрдүү букеттерди жасап чыгышат. 4-тапшырманын жообун формуланы пайдаланып дагы бир жолу текшеришет. |
7 | Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Баалоо | 2 мин | Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт. | Ар бир тапшырманы аткаруу учурунда топтогон баллдарынын суммасын чыгарышат. |
8 | Үй тапшырмасы | 1 мин | 1-топ: Орундаштыруунун мисалдарын чыгаруу; 2-топ: Орун алмаштыруунун мисалдарын чыгаруу; 3-топ: Топтоштуруунун мисалдарын чыгаруу; | Тапшырманы толук түшүнүшөт жана топ менен кеңешип көйгөйдү кандай чечүүнү ойлонушат. |
9 | Рефлексия | 1-2-мин | Толук түшүндүм, (жашыл) Анча түшүнбөдүм, (сары) Таптакыр түшүнбөдүм (кызыл) деген кагаздарды окуучулардын санына жараша даярдап коет | Окуучулар класстан чыгып баратып өздөрүнүн сабактагы “абалын” ала чыгат. Эгерде жашыл карточкалар көбүрөөк алынып кетилген болсо, демек, сабак максатына жетти. |