СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Координаталык тегиздик.

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Координаталык тегиздик. 6 класс

Просмотр содержимого документа
«Координаталык тегиздик.»

Сабактын темасы: Координаталык тегиздик.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга координаталык тегиздик жөнүндө түшүнүк берүү. Чекиттердин координаталарын табууга же берилген координаты боюнча чекитти табууга үйрөтүү.

Өнүкүтүрүүчүлүк: Чекиттин координаталарын табууну турмуштук мисалдарда чагылдыруу менен координаталык тегиздик жана чекиттин координаталары жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү.

Тарбия берүүчүлүк: Математика предметине кызыктырып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, бири-биринин пикирин уга билүүгө жана сыйлоого, өз оюн айта билүүгө, тактыкка, тыкандыкка жана топто иштей билүүгө үйрөтүү.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Топтордо иштөө.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, плакаттар жана окуу куралдары.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу;

  • Саламдашуу;

  • Окуучулардын окуу куралдарын толуктоо;

  • Класстын санитардык-гигиеналык абалына көз салуу;

  • Үй тапшырмасын текшерүү;

  • Жаңы теманы түшүндүрүү.

Сабактын мазмуну:

Силер мурунку сабактарда чекитти түз сызыкта карап, аны бир сан аркылуу (координата) туюнтууну үйрөнгөнсүңөр. Эми чекитти тегиздикте жатат деп алып, аны да сандар менен туюнтууга мүмкүн экенине токтолобуз. Ал үчүн бири-бирине перпендикуляр болгон эки сан түз сызыгын колдонуу талапка ылайык.

Тегиздикте бири-бирине перпендикуляр болуп, О чекитинде кесилишүүчү эки түз сызык берилсин. Алырдын бири горизонталдуу түз сызык болуп, солдон оңду карай багытталган, ал эми экинчиси ага перпендикуляр (вертикаль) болуп, төмөндөн жогору карай багытталган деп эсептейли. О- эсептөө башталышы болуп, эки түз сызык боюнча бирдик кесиндилердин узундуктары бирдей алынсын. Анда эки түз сызык тең сан түз сызыктарын (окторун) аныктайт.


Горизонталдуу окту Ох аркылуу белгилеп, аны абцисса огу, ал эми вертикалдуу окту Оу огу аркылуу белгилеп, аны ордината огу деп атайбыз. Ох жана Оу октору координата октору, О чекити координаталар башталышы катарында кабыл алынат. Эгерде, координата октору, координаталар башталышы жана бирдик кесиндилер берилсе, анда тик бурчтуу координаталар системасы аныкталган деп айтабыз. Координаталар системасы берилген тегиздикти координаталык тегиздик деп аташат.

Координаталык тегиздикте ар кандай чекиттин абалын сандар аркылуу аныктоого болот, б.а. сандар аркылуу мүнөздөп жазууга болот. М чекитин алабыз. Ал чекиттен абцисса огуна (Ох) ордината огуна перпендикулярларын түшүрөбүз. А чекити Ох абцисса огунда жатып, координатасы 3 саны, В-Оу ордината огунда жатып, координатасы 4 саны болсун деп эсептейли. Анда 3 саны М чекитининабциссасы, 4 саны- ординатасы деп аталат. Бул эки сан бирге М чекитинин координаталары деп аталат да, М(3;4) түрүндө жазылат. Демек, чекитти тегиздикте координаталары менен жазганда, адегенде чекиттин өзүн, андан кийин биринчи абциссасын, экинчи ординатасын жазып, аларды кашааларга алып коюшат. М(3;4) деген жазууну : «М чекитинин абциссасы 3, ал эми ординатасы 4» деп окушат.

Жалпы учурда, абциссасы х саны, ординатасы у саны болгон М чекитин М(х;у) түрүндө белгилеп жазабыз.

Координата октору тегиздикти төрт бөлүккө бөлөт. Аларды чейректер деп аташат. Эгерде М чекити I чейректе жатса х0, у0 болот. II – xy0, III- xy IV-x0, y, болот.

Теманы түшүндүрүп берген соң плакатты колдонуп мисал келтирем. Плакатта: «Биздин айыл» деген аталыштагы көргөзмө-мисал бар. Координаталык тегиздикте жайгашкан «айылдагы» ар бир имараттын дарегин координаттар аркылуу беребиз. Мисалы, мектеп- (4;-3), ж.б.

Көнүгүү аткарууда классты эки топко бөлүп, ар бирине тапшырма берем. Алар төмөндөгүчө:

- Мен силерге суроо жазайын деп жатсам свет өчүп калып, тамгалар туш тарапка жазылып калды. Ушул тамгаларды берилген ирээтте координаталары боюнча таап жазсаңар суроо келип чыгат. Силер ал суроого жооп бергиле.

№1

(5;7) (-2;7) (-7;-4) (7;2) (-4;-6) (6;-4) (-4;-2) (-5;5)

(-10;-6) (-3;2) (9;6) (9;-2) (3;-4) (-9;7) (-1;-2) (-10;-2) (-7;4) (-10;-2) (5;1) (10;8)

(-10;2) (4;4) (2;-7) (-8;-7) (9;-6)

(2;-2) (-8;1) (2;6) (2;2) (-1;3)

2


(2;6) (-5;5) (3;-5) (-7;-4) (-10;-6) (6;-4) (-2;7) (4;4) (9;-2) (9;-6) (-3;2) (7;2)

(-9;7) (5;7) (2;-7) (-8;-7) (-7;4) (-8;1) (-1;-2) (2;2)

(10;7) (-1;3) (9;3) (-10;-2) (2;-2)

(9;6) (-4;-6) (-4;-2) (10;8) (5;1)


Жыйынтыктоо: Эмнени үйрөндүңөр? Кандай суроолор бар бүгүнкү тема боюнча? (окуучулар берген суроолорго жооп берүү).

Билимдерин баалоо: «5» алган окуучуга «калпак», «4» алган окуучуга «көөкөр», «3» алган окуучуга «оюу» беребиз.

Бышыктоо: Суроолор.

а) Координаталык тегиздик, координаталык система жөнүндө түшүнүк турмушубузда кереги тиеби, кайсы учурда?

б) С(-7;5) чекити кайсы чейректе жатат?

Үйгө тапшырма: № 607, 608, 609- көнүгүүлөрдү аткаруу.



2



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!