СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Бул — турак жайы. Элибиздин мүлкү.
Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, так эсепке жана тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган, көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.