СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепке чейинки билим берүү адистигин практикага жолдоо жана техникалык коопсуздуктар менен тааныштыруу

Создан: 10.06.2024 10:07

Педагогика жана тил илимдери кафедрасынын 050704 – Мектепке чейинки билим берүү адистигин практикага жолдоо жана техникалык коопсуздуктары менен тааныштыруу мезгилинде: сүрөттө ПТИ каф. башчысы Нурдинов Б.Ж., институттун практика жетекчиси Темиралиева Г.Т., ПТИ кафедрасынын улук окутуучу Калбердиева М.К.

Практиканттар үчүн эскертме

Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун орто кесиптик билим берү факультетинин педагогика жана тил илимдери кафедрасынын 050704 – Мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери үчүн даярдалган практика учурунда техникалык коопсуздук жана жашоо ишмердүлүгүнүн эрежелери тууралуу эскертме. Студент-практиканттын милдеттери: 1. Практика жетекчиси менен тыгыз байланышта болууга;

2. МЧББУнун мыйзамдуулугуна баш ийип бекитилген практика жетекчисинин көрсөтмөлөрүнөн чыкпоого;

3. Көчөдө жолду кесип өтүүдө жолдо жүрүүнүн эрежелерин катуу сактоого; 4. МЧББУга каттоодо автоунаага чыгып жатканда жана түшүп жатканда коопсуздук эрежелерин сактоого; 5. МЧББУда электр жарыктарын, электр точкаларын этияттык менен пайдаланууга; 6. МЧББУда техникалык окуу каражаттарын тарбиячынын көрсөтмөсү менен гана пайдаланууга; 7. МЧББУда жана ага жакын жайгашкан магазин кафелерден мөөнөтү өтүп кеткен же сактоо эрежелери сакталбаган жайда даярдалган тамак-аш азыктарынан жана кондитердик азыктардан уулануудан сак болууга; 8. Практика учурунда капысынан ооруп же кырсыктап калган учурда мектеп администрациясына, усулчу мугалимине алдын-ала эскертип коюуга; 9. МЧББУда педагогикалык этиканын нормаларын сактоого милдеттүү; 10. Ар кандай оорулардан сактанууда чараларын сактоого. Студент-практиканттарга төмөндөгүлөргө тыюу салынат: 1. МЧББУга ашыкча формада, модада тигилген кийимдерди кийинүүгө жана өтө кымбат баалуу жасалгаларды тагынып келүүгө; 2. МЧББУ кызматкерлери жана тарбияланып жаткан балдарды улутка, уруу-урууга бөлүүгө, аларды кызмат абалынан пайдаланып ар түрдүү жаман сөздөр менен басынтууга, кордоого жана жазалоого; 3.МЧББУга ок атуучу, мийиздүү курал, жарылуучу заттарды, от тутанттуучу, өрт коопсуздугун жаратуучу ар кандай буюмдарды жана химиялык заттарды алып келүүгө жана пайдаланууга; 4. Алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө жана аны колдонууга; 5. Уруксатсыз көңүл ачуу кечелерин уюштурууга жана катышууга катуу тыюу салынат. Практика жетекчиси ________________

ОУК