СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-март жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Токтомунун долбоору 2016-жылдын 23-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

23-06-2016 18:47

ДЕМИЛГЕЧИ: Жогорку Кеңештин депутаты Т.Икрамов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-85-06

Каттоо номери: № 6-17007/16 22.06.16

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

“5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө”

2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялоого байланыштуу жана кыргыз элинин улуттук баш кийиминин маанилүүлүгүн сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. 5-март жыл сайын Ак калпак күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) төмөндөгүлөр боюнча тиешелүү чараларды көрсүн:

-ушул токтомду ишке ашырууну;

-башка мамлекеттерден даяр баш кийимдерди – ак калпактарды алып келүүгө тыюу салуу;

2) жалпыга маалымдоо каражаттарында телерадио берүүлөрдү жана материалдарды жарыялоону уюштурсун.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына – акимдерине Ак калпак күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.

5. Ак калпак күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын.

6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна маалымкат-негиздеме

Ушул токтомдун долбоорунун максаты кыргыз элинин улуттук салтына колдоо көрсөтүү жана улуттук маданият үчүн сыймыктануу сезимдерин өркүндөтүү болуп саналат.

Бардыгына белгилүү болгондой, 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин демилгеси боюнча улуттук баш кийим – ак калпакты жайылтуу жана пропагандалоо боюнча иш-чаралар жандуу жүрүп жатат.

Кыргыз элинин улуттук баш кийими – ак калпак өзүнө терең улуттук философияны камтый тургандыгы шексиз. Бул эски кыргыз баш кийими бүгүнкү күнгө чейин республикада кеңири белгилүү.

XIX кылымда калпактарды тигүү аялдардын иши, ал эми аларды сатуу эркектерге тиешелүү болгон. Калпактарды даярдоого буйрутмачы жаш козунун бүтүндөй жүнүн өткөргөн жана ал акы төлөө катары алынган.

Калпакты төмөндү көздөй кеткен төрт кыйык кылып тигишкен. Кыйыктын капталдары тигилген эмес, бул тийген күндөн көздү коргоп, калпактын четтерин өйдө көтөрүүгө же төмөн түшүрүп кийип жүрүүгө ыңгайлуу болгон. Калпактын үстүн өзүнчө сабак менен кооздошкон.

Кыргыз калпактары ар кандай түрдөгү кездемелер менен кооздолуп, атактуу адамдардын калпактарынын төбөсү бийик, четтери кара баркыт менен кошуп тигилген.

Бүтүндөй дүйнө жүзүндө мындай баш кийимди бир гана кыргыздар кийишкен, ал тургай бир тууган казактар да аны бир нече өзгөртүп тигишкен. Кийизден жасалган калпактын өзгөчөлүүлүгү жана анын кайталангыстыгы ал өтө эле жөнөкөй жана жылдын суук мезгилдеринде жылуу жана ысык күндөрү салкын болгондугу менен ыңгайлуу баш кийим болуп саналат. Аны сырткы түрүн бузбай туруп бүктөп койсо да болот, күндө кийип жүрүүгө өтө ыңгайлуу келет. Калпактын ар бир элементи кайталангыс, анын сабагы дайыма алдыда болуп арчаны элестетет, ал эми арча – түбөлүктүүлүктү билдирет. Калпакты кооз кылып көрсөткөн ак кийиздеги оймо-чиймелер жөнүндө жүздөгөн уламыштарды айтса болот, анткени ар бир чиймесинин өз мааниси жана өз тарыхы бар.

Акыркы мезгилдерде, айрым адамдар калпакты мончого кийип алышкан бир катар терс учурлар байкала калат, бул алардын улуттук баш кийимди урматтабагандыгын билдирет.

Ал эми ишкер адамдар болсо сапатсыз синтетикалык материалдардан тигилген даяр калпактарды коңшу өлкөлөрдөн алып келип жатышат, демек бул чет өлкөлүк меймандар тарабынан чыныгы ак калпактын кандай болушуна тескери таасирин тийгизбей койбойт.

Мына ошондуктан даяр баш кийимдерди – ак калпактарды башка мамлекеттерден алып келүүгө тыюу салуу боюнча чараларды көрүү зарыл.

26.02.2020 11:34


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!