СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А. Эркебаевдин өмүр жолу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Абдыганы Эркебаев Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылында 1953-жылы 1-сентябрда туулган.

1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргѳн.

1976-жылы Москвадагы М.Горький атындагы дүйнѳлүк адабияттар институтунун стажёру, аспиранты болгон.

Эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКнын пропаганда жана маданий- массалык иштер бѳлүмүндѳ лектор болуп иштѳѳ менен баштаган.

1982-1985-жж.жана 1987-1988-жж. КЖПИде орус жана чет ѳлкѳлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучу болгон.

1985-жылдын «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары болгон.

1988-жылдан Кыргыз ССРинин ИАСынын Тил жана адабият институтунун директору,

1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,

1991-жылы КРнын Басма сѳз жана маалымат министри,

1992-жылы Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри,

1993-жылдан Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы,

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Ѳкүлдѳр жыйынынын депутаты,

1997-жылдан Жыйындын тѳрагасы болгон.

2000-жылдан КРнын ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын тѳрагасы болгон.

Кийинчерээк КРСУнун проректору болуп иштеди.

2012-жылдын 11-апрелинде Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп мыйзамда аныкталган тартипте шайланганга чейин дайындалды. Андан соң КР УИАсынын президенти болуп шайланып, бул кызматты 2017-жылдын апрелине чейин аркалап келди.

Үй-бүлѳсү:

Үй-бүлѳлүү. Ѳмүрлүк жубайы- Бурул Жаналиева. Кызы-Гүлайым, уулдары- Азат, Аскарбек.

Сыйлыктары:

А. Эркебаев – республиканын Ленин комсомолу жаштар сыйлыгынын жана Казакстандын Т. Айтбергенов атындагы алтын кѳпүрѳ сыйлыктарынын ээси.

Илимий жана адабий чыгармачылыгы.

Филология илимдеринин доктору, Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын академиги. 10 китептин жана адабият, искусство жана саясат боюнча 200дѳн ашык макалалардын, рецензиялардын автору.

22.12.2019 16:02


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!