СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элмирбек Иманалиев Студент кыз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Асыл жарым! Сабыр кылып тыңдагын, Билесиңби жүрөгүмдө ким барын? Ошол бирөө сенден жаман сыздатты, Андан бетер сен деп канча сыздадым.

Асыл жарым! Туталанбай тыңдагын, Азыр менин сенден кыйын кырдаалым. Ал да мени сенден жаман ыйлатты, Андан бетер сен деп канча ыйладым…

Азап коштоп алтын жаштык жылдарын, Аз жылынып, көп көргөнмүн ызгаарын. Эмикиси андан кыйын көрүнөт, Эңгиредим, жалгыздадым, муздадым…

Асыл жарым! Аяйсыңбы, аягын… Азап – азап азыр менин абалым. Экөөбүздөн жетим калган күндөргө, Ээр токумсуз, жайдак кетип барамын…

Эрк өзүңдө кечир мени, кечирбе, Эмне өзгөрмөк эзил мейли, эзилбе. Махабаттын ысык демин ким бермек, Махабаттан эрте калган жетимге?!.

Бирок баары андай эмес тыңдагын… Билесиңби көкүрөктө муң барын. Ошол муңум силер эмес, мен эмес. Сыздап чыккан, ыйлап чыккан ырларым!

*

Сен экөөбүз эки жээктей Өйүз-бүйүз жактагы Болгон менен ортобузда Көл толкундай баштады. Ак чардактар менден сага Сенден мага каттады. Сага арнап бир ыр жаздым, Өзүм окуп жүрүүгө. Ошол ырдан жан дүйнөмө Бир жылуулук кирүүдө. Жүрөгүмө катып алып Ошол аруу дүйнөнү, Сезимимде бир жаш кайың бүрдөдү. Сен жакшы түш көрдүн бекен, Мен ыр жазган түндөрү. Көрүшпөсөк мейли дейли, Андан оор бир жери- Кайра келбес асыл кездин Кайда калат издери? Мен ыйласам сенден башка Соорото алат ким мени? Али жашсыңАруузатсың, Студент кыз татына. Экзаменден башка түйшүк Түшө электир башыңа. Менден болсо- Турмуш катуу бороондоп, Туш тарапка чачууда. Тагдыр бурчук таштар менен атууда. Сенин гана мээримиңдин кубаты Жетет эле мунун баарын басууга.

29.06.2024 11:26


Рекомендуем курсы ПК и ПП