СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Чыгаан кинорежиссёр Динара Асанова жана анын чыгармачылыгы тууралуу Аким Кожоевдин адабий блогунан
Менин калп айтууга убактым жок.
Динара Асанова
Кырк эки жылдык кыска өмүрүндө, он жылдан ашпаган чыгармачылык жолунда искусствонун нукура үлгүлөрүн калтырып кеткен чыгаан кинорежиссёр Динара Асанованын талантына, анын адамдык нарк-насилине, бул өмүрдүн ар бир саатын кудум күйүп-жанып жашагандай жашап өткөнүнө таң калбай коё албайсың.
Дээрлик жыл сайын бирден тасма жаратуу (болгондо да кандай тасмаларды!) не деген жигерди, не деген кайрат-күчтү, не деген акыл-эсти, ой-кыялды талап кылат. Балким, маркум Динара эженин мындай ийгилигинин сыйкыры узакка түтөбөй, дүрт этип күйгөн дээринде чыгаар, акын Шандор Петефи айткандай, «чагылгандын огундай бир келип, бир кеткениндедир».
© 2020, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 172