СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Учурда биз күлүп жүрбөй күлгөнсүйбүз,
Күлкүбүздү тебелеп жүргөнсүйбүз.
Каадасы көп той-топурдан баш көтөрбөй,
Карын чоймой өмүрдү сүргөнсүйбүз.
Артка тартып кыргызды кыргызчылык,
Арсыздыкты моюнга илгенсийбиз.
Улут жүзү жалаң эле кийизде эмес,
Ак калпакты шаңкайтып кийиште эмес.
Башы бүтүн кыргыз элдин салтын чанып,
Башка элдин сөөлөтүн сүйүштө эмес.
Ата Журттун ажарына тийип болбойт,
Ала-Тоо биз сүйбөсөк бийик болбойт.
Адал оокат көтөрөт турмуш баркын,
Алга сүрөйт биримдик кыргыз калкын.
Болбосо эле кыргызга кыргыз душман,
Болочоктуу журт болот Кыргызстан.
Анткени алп тоолордун арасынан,
Атактуу Манас менен Чынгыз чыккан.
Бул жерге жаттын көзү тийбесе экен,
Кас душман тепсеп мында кирбесе экен.
Булагы ылайланбай, гүлү соолбой,
Тоо жыты бузулууну билбесе экен.
Ата Журт кыйындыкка кабылбасын,
Душманына эч качан чабылбасын.
Көз чаптырып, мөңгү баскан аскага,
Көшүлөмүн булут жаздык жаздана.
Бул жалганда бейишимсиң, Ата Журт,
Бергим келбейт, ташыңды да башкага.
Бакыт, тынчтык бирдей келип эми жуп,
Байырласын Мекениме берип кут.
Адилдиктен, адалдыктан айрылба,
Аман болгун касиеттүү Ата Журт.
Бакыт деген – бүтпөс таттуу үмүтүң,
Бакыт деген – ден соолукта жүрүшүң.
Адал эмгек, мээнет менен абийир таап,
Мекениңде жашап, өмүр сүрүшүң (Н. Алымбеков)
© 2021, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 188