© 2024, Дуванаева Эльмира Ташмурадовна 546
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Көптөгөн жапайы жаныбарлар, өзгөчө алардын ири өкүлдөрү эзелтен бери адам баласынын тиричилигинде орчундуу рольду ойногон. Илгерки кээ бир уруулар жалаң мергенчилик менен оокатын өткөргөндүгү жөнүндө жомоктордо,легендаларда айтылат. Турмуш кыйындап, жутка учурап, эл үчүн каат жылдарда мергенчилик жашоонун булагы болуп калган. Ошондой эле териси баалуу жаныбарларга аңчылык кылып, аң терилерин соода-сатыкка пайдалануу да кеңири тараган.Териси баалуу жаныбарлардын иштетилген терилеринен илгертеден бери кооз жана ыңгайлуу кийимдер тигилип келген. Кийинки мезгилде адам баласынын саны көбөйүп, куралдар улам жакшыртылды. Адам баласы кээ бир жаныбарлардын түрлөрүн тукум курут кылып коюу мүмкүнчүлүгүнө жетишти.Анын натыйжасында -жаныбарладын кээ бир түрлөрү сейрек учурап, азая баштады жана жок болуп кетүү коркунучу алдында калды.
Адам баласынын ар кандай чарба иш-аракетинин натыйжасында жаныбарлардын жашоо шарты өзгөрдү,айрым түрлөрүнө азык табуу кыйындады, кээ бир түрлөрдүн тукумдашынын шарты бузулду. Мисалы: жерди айдоо талаада тиричилигин өткөргөн жаныбырлардын экологиялык жайын бузду, чөптүн арасында уялаган канаттуулар балапан чыгара албай калышты ж.б.
Сейрек учурап бара жаткан жаныбарлар дүйнөлүк масштабда "Жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоонун эл аралык Кызыл китебине" катталат. Бул китепте катталган Кыргызстандын жаныбарлары -жейрен, илбирс,кызыл карышкыр, Мензбир сууру, боз эчки эмээр. Мурдагы СССРдин учурундагы мамлекеттик Кызыл китепке аркар,орто азия кундузу, тянь-шань күрөң аюусу, түркстан сүлөөсүнү, чаар күсөн кош эрин жарганат жана манул(мадыл) каттатылган.
Канаттуулардан ал Кызыл китепке ак-кажыр,ак төш көгүчкөн, балта жутар бүркүт, жыланчы куш, ителги кара кунас, кара шакылдак маңка каз, орок тумшук чулдук суу бүркут, тоодак чөл шумкары кирген.
© 2024, Дуванаева Эльмира Ташмурадовна 546