СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“Таза аба жана ден соолук”
Ден соолук биздин жашообуздагы эң биринчи байлыгыбыз болуп саналат.Ден соолук болсо адамдын жашоосу жакшы болуп, жашоо бир калыпта өз нугунда өтө берет. Бул дүйнөгө адам жаралгандан баштап ден соолукту сактоо өзүбүздүн колубузда экендигин ооруганда гана билебиз.
Өмүр өзү бизге түбөлүктүү сезилет. Жарык дүйнөгө келгенден кийин жаштыгыңдын жалындаган учурунда оору дегенди билбей жүрө беребиз.Ооруп калганда өзүбүз учурунда дарыланбай ооруну күчөтүп алабыз.Адамдар оорунун кесепетинен өз өмүрү менен коштошуп кеткен фактылар көп.Бирок оорунун алдын алып, аны өзүбүздүн аракетибиз менен жеңсек болот.Жылдан-жылга дүйнө жүзүндө оорулардын түрү көбөйүп, убагында дарыланбагандыктан оору күчөп,өнөкөт,айыккыс дартка өтүп кетүүдө.Күн сайын ооруканага келген адамдардын агымы уламдан-улам көбөйүп жаткандыгы зээниңди кейитпей койбойт.Ар бир адамдын оорунун алдын алуусуна жана аны айыктырууга мүмкүнчүлүгү бар.Ар дайым ден соолукка кам көрүп, туура тамактанып, таза суу колдонуп, таза абада жашасак ар кандай оорудан алыс болобуз.
Жашоодо биринчилерден болуп адам баласына эмне керек деген суроого баарыбыз эле билгендей чың ден соолук деп жооп беребиз.Эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдүн, айлана-чөйрөдө жашаган элдин ал-акыбалы, ден-соолугу чың болсо, анда адамдын бактылуу болуусу факт. Бирок, кантип ден соолукту чыңдоо же жараткан берген жашоону кантип бийик сактоо, жамандыктардан алыстоо маселеси бар.Азыркы учурда бар ооруну күчөткөн, жок ооруну пайда кылган миңдеген көйгөйлүү маселелер бар. Тамеки тартуу, алкоголь,гигиенаны сактабагандык, ошондой эле абанын булганышы. Адам таза аба менен дем алса, тамеки тартпаса, өздүк гигиенаны сактаса, анда ден соолугу жакшы болоору анык.
Абанын түрдүү газдардан улам кирдеши адамдын ден соолугуна таасир берет.Бир кубометр абанын 10 микрограммы булганыч болсо, адамдын өмүрү орто эсеп менен 9-11 жылга кыскарат.Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча жер шаарындагы калктын 80%ы белгиленген чектен ашык кирдеген аба менен дем алат.
Аба таза болсун, таза аба менен дем алайлы десек, дарактарды кыюуну азайтып,жаратылышка аяр мамиле жасайлы!
© 2020, Табалдыева Айнагул Шералиевна 3448