СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Телесабактардан кийин кайтарым байланышты кантип алсак болот?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайтарым байланыштын эки түрү бар: оозеки кайтарым байланыш жана жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш. Кайтарым байланыштын кайсы түрү колдонулбасын, мугалим натыйжалуу кайтарым байланыш берүү үчүн төмөнкүлөргө басым жасашы керек:

- окуучу ийгиликтүү аткарган нерселерди белгилеши керек;

- окуучу кайсы жерден катага жол берип жатканын көрсөтүшү керек;

- окуучу өз ишин андан ары жакшыртууга түрткү бере турган так сунуштарды бериши керек.

Мисалы, 7-класста «Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү» деген темадан кийин берилген көнүгүүдөгү байламталарды туура эмес бөлүштүгөн болсо, төмөндөгүдөй кайтарым байланыш берсе болот. «Байламталарды маанисине карай бөлүп жазууда аракетин жакшы, бирок ажыраткыч байламтаны байланыштыруучу байламта менен алмаштырып алгансыӊ, ажыраткыч байламталар кайсылар, байланыштыруучу байламталар кайсылар китептен оку»

Эгерде кайтарым байланыш жүргүзүүдө төмөнкү шарттар аткарылса, жакшы натыйжаларды алып келет:

- кайтарым байланыш дайыма берилип турса;

- кайтарым байланыш өз убагында берилсе;

- окуучу менен диалог жүргүзүп, аны шыктандырса ;

- окуучулар бири-бирине кайтарым байланыш берүү процессине тартылса;

- көлөмү кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ал эми кеп-кеңештер окуучуларга түшүнүктүү берилсе;

-иштердин сапатын жогорулатуу үчүн убакыт берилсе (оозеки жооптун же жазуу ишинин);

- кайрадан баалоо белгиленген убакытта жүргүзүлсө;

- ата-энелер кайтарым байланыштын ролун түшүнүп, балдарына берилген кеп-кеңештерге ылайык аракет кылууга жардам беришсе.

Кайтарым байланыштын каражаттарына төмөнкүлөр кирет :

- жазуу түрүндөгү комментарийлер;

- байкоо жүргүзүүлөр;

- чагылган сурамжылоолор;

- фронталдуу сурамжылоолор;

- суроолор;

- кайтарым байланыш күндөлүктөрү;

- өзүн-өзү көзөмөлдөө дептерлери жана башкалар.

23.04.2020 14:11


Рекомендуем курсы ПК и ПП