СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Урук жана уруктун курамы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эндоспермдин же туйулдуктун клеткаларында кандай азык заттардын запасы боло? Буудайдын тегирменге салынган буудайдын данынан ун алынаары белгилуу. Бул негизинен майдаланган эндосперм. Буудайдын унунан кичине алалы да, андан бир тоголок камыр жасайлы. Камырды марлиге ороп, стакандагы сууга жууйлу. Камырдан кандайдыр бир зат жуулуп чыккандыктан, стакандагы суу киргилденет. Бат эле марлиде чоюлган жабышкак масса калат- Бул клейковина же өсумдук белогу.

Стакандагы киргил сууга-2-3 тамчы йодду тамызып көрөбуз. Стакандагы суюктук көк тускө боелот. Крахмалга йодду таасир эткенде, көгөрөөрү бизге белгилүү. Демек, сууда крахмал бар. Боёлгон крахмал акырындык менен стакандын түбүнө чөгө баштайт.

Буу дайдын унунда бир аз май да бар.Бирок кун каманын, пахтанын жана башка көп өсүмдүктөрдүн уруктары майга айрыкча бай!

Белок, крахмал жана май- баардык өсүмдүктөрдүн уругунда болуучу органикалык заттар, бирок алар ар түрдүү өсүмдүктөрдүн уругунда ар кандай өлчөмдө болот. Буудайдын данында крахмал көп белок кыйла азыраак, май өтө аз. Маш буурчактын уругунда белок көп, кртахмал аз. Күн караманын уругунда май көп.

Адам баласы органикалык заттарды алыш үчүн өсүмдүктөрдү өстүрөт. Крахмалы жана белогу бар унду жана ак шакты алыш үчүн буудайды гана эмес, кара буудайды, арпаны, жүгөрүнү, сулуну, тарууну, күрүчтү өстүрүшөт. Белокко бай продуктуларды алыш үчүн буурчакты, төөбурчакты, сояны, маш буурчакты, жасмыкты себишет. Ал эми өсүмдүк майларын алыш үчүн күн караманы, пахтаны, кендирди, жер жангакты, сояны жана башка май өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.

Урукта органикалык заттан башка канрдай заттар бар? Бул суроого жооп табууга жөнөкөй тажрыйба жардам берет. Пробиркага буудайдын же башлка өсүмдүктү кургак уругун салгыла да, аны жай күйгөн отко ысыткыла. Бачым эле пробирканын боорунда суунун тамчылары пайда болот. Себеби үрөндөгү суу ысытканда бууланант. Пайда болгон буу пробирканын муздак бетине тийгенде муздайт да, айнекте суунун таамчылары пайда болот.

Ысытууну улантабыз. Урук көмүргө айланат да, пробиркада түтүн пайда болот. Бул оршганикалык заттардын: крахмалдын, белоктун жана майлардын күйүп жатканы. Органикалык заттар күйүп бүткөндөн кийин күл калат. Ал күйбөөчү минералдык заттардан турат.

УРУК

(100 г)

САНЫ

СУУ

ОРГАНИКАЛЫК ЗАТТАР.

Минер.

Зат (г)

Белок

Крахмал

Май

Буудай

13,4

12,3

69,4

2,0

1,9

Күн карама

6,7

26,3

16,4

44,3

6,3

Буурчак

11,2

27,6

55,0

2,3

3,7

Жер жаңгак

7,2

29,1

2,3

58,2

4,2

Мына ушунтип, үрөндүн составына органикалык жана минералдык заттар жана суу кирет. Ар түрдүү өсүмдүктөрдүн уруктарында суу, органикалык жана минералдык заттар ар түрдүү өлчөмдө болот.

Суу буудайдын уругунда күн караманынын уругуна караганда эки эсе көп. Органикалык заттар өсүмдүктордүн бардыгынын тен уругунда суу менен минералдык заттарга караганда бир кыйла көп.

01.02.2020 17:31


Рекомендуем курсы ПК и ПП