СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

География 1-курс

Нажмите, чтобы узнать подробности

АБА АГЫМЫ – тропосферада ж-а стратосферада жаралган, зор мейкиндикти ээлеген шамалдар системасы. Атмосферанын жалпы циркуляциясына кириши (циклондор, антициклондор, муссондор, пассаттар) же жергиликтүү мааниге ээ болушу (бриз, тоо-өрөөн шамалдары ж. б.) ыктымал.

АБА МАССАСЫ – абанын тропосферадагы зор массасы; өлчөмү б-ча материктер же океандарга теңдешкен, радиациялык ж-а жер бетинин бирдей шарттарында калыптанган, бирдей касиеттеги атмосферанын зор бөлүгү. Атмосферанын жалпы циркуляциясы б-ча бир тарапка жылып, жер бетинин аба-ырайынын режимин аныктайт. Аба массаларга арктикалык, антарктикалык, мелүүн алкактык, уюлдук, тропиктик, экваторлук деп бөлүнөт. Алардын ар бири (экватордуктан башкасы) жер бетиндеги алган орду б-ча деңиздик ж-а континенттик типтеги аба массаларынан айырмаланат.

АБА ЫРАЙЫ – белгилүү бир аймактагы атмосферанын алдыңкы катмарынын бир учурдагы абалы. Аба ырайы тынымсыз өзгөрүп турат. Аба ырайы атмосферанын алдыңкы катмарынын темп-расы, нымдуулугу, абанын басымы, жаан-чачын, шамал, туман ж. б. метеорологиялык кубулуштардын жыйындысы м-н аныкталат. Метеорологиялык кубулуштар болсо Күн нурунун жер бетинде таралыш законченемдүүлүктөрүнө байланыштуу. Аба ырайынын көп жылдык режими «климат» деп аталат. Адам баласы аба ырайын алдын ала билүүгө ар

дайым ынтызар болгон. Кээ бир адамдар Күндүн батышы же чыгышына, өсүмдүктөрдүн гүлдөрүнө, жаныбар, курт-кумурскалардын, канаттуулардын жүрүм-турумуна, айдын, жылдыздардын абалына байкоо жүргүзүп, аба ырайын алдын ала айтуу жөндөмүнө ээ болушкан. Кыргызда аларды «эсепчи» же «жайчы» деп аташкан.

Категория: География
29.05.2020 13:51


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!