СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ААЛАМ – өнүгүү процессинде формасыб-ча чексиз, ар түрдүү, мейкиндик ж-а убакыт жагынан чектелбеген бүткүл материялык дүйнө, түпсүз мейкиндик. Күн системасындагы Жер ж. б. планеталар 100 миллиарддан ашык жылдыздан турган Галактикага кирет. Ааламдын астрономиялык аспаптар м-н изилдөөгө мүмкүн болгон бөлүгү Метагалактика деп аталат. Ал бир нече миллиард Галактикадан турат. Эң жакын Галактикадан чыккан жарык нур Күн системасына жүз миң жылда араң жетет.
АБА – атмосфераны түзүүчү газдардын табигый аралашмасы. Жер бетине жакын кургак аба 78,084% азоттон, 20,946% кычкылтектен, 0,934% аргондон, 0,03% көмүр кычкыл газынан турат. Калган 0,003% неон, гелий, криптон, метан, суутек, ксенон, азоттун кычкылы, озон, аммиакка тиешелүү. Абада ар дайым суунун 0,2ден 3% чейин буулары кездешет. Андан башка, кеңдикке жараша
өсүмдүктөрдүн ж-а минералдык заттардын чаңдары болот. Аба массасынын 4/5 бөлүгү Жер бетине жакынкы тропосферада (0–18 км) топтолгон. Улам жогорулаган сайын аба суюлуп, жеңил газдар басымдуулук кылып, 1500–2000 км бийиктикте жоголот.
© 2020, Асилбек уулу Өмүрбек 258