СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кээ бир интерактивдүү методдорго мүнөздөмө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Концептуалдык карта. Концептуалдык карта– ойлорду элестетүүнүн жана байланыштыруунун жолу. Ал төмөндөгүдөй түзүлөт:

  1. Негизги ойду, идеяны барактын же класс тактанын ортосуна жазуу. Жазып жаткан учурда тексти оңдобостон жазуу керек.
  2. Байланыштарды табуу. Пайда болгон ойлордун ортосундагы байланышты көрсөтүү үчүн сызыктарды, түстөрдү, жебелерди, бутакчаларды колдонуп, сүрөттөр менен жасалгалоо. Байланыштарды жазууда негизги сөздөрдү баш тамга менен жазып, түшүндүрүу тексттерин майда тамгалар менен жазуу керек.

Кластер. Кластер түзүү – маалыматтардын, идеялардын жана суроолордун картасын түзүүнүн жол-жобосу жана когнитивдүү (таанып-билүүчүлүк) изилдөөгө негизделет. Бул методидеяларды табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсы бир нукка келтирип, курамдаштырууга, ажыртаууга жардам берет жана кайсы бир фактордун тегерегинде ойлорду чогултуунун технологиясы. Жалпысынан бул изилдөө процесси болуп эсептелет.

Кластерге бөлүү – ойломдун вариативдүүлүгүн, үйрөнүлүп жаткан түшүнүктүн (кубулуштун, окуянын) байланышын өнүктүрүүчү педагогикалык метод. Ал окуучуларга кайсы бир тема боюнча эркин жана ачык ойлонууга жардам берет. Белгилүү бир теманы жаңыдан үйрөнө баштаганда клдонуу максатка ылайыктуу болот. Анткени, ал ойломдун стимулу катарында колдонулат жана идеялар үчүн өзөк катарында кызмат кылат. Кластерге бөлүү өтө жеңил жана эсте оңой сакталат. Кластер түзүүнүн ырааты:

  1. Кластык досканын же чоң актай кагаздын так ортосуна негизги сөздү же сүйлөмдү жазыңыз.
  2. Сиздин оюңузча мына ушул тема менен байланыштуу сөздөрдү же сүйлөмдөрдү жазыңыз.
  3. Түшүнүктөр менен идеялардын ортосуна дал келген байланышты тактап, жазыңыз.

Башыңызга эмне келсе ошонун баарын жазыңыз. Берилген убакыт бүткүчө, жазуу ишин токтотпоңуз, эгерде сиздин башыңызга идеялар келбей калса, жаңы идеялар келгиче кагаз бетине сүрөт тарта туруңуз.

  1. Мүмкүн болушунча көбүрөөк байланыштарды түзүүгө аракеттенип, идеялардын санын ченебеңиз.

Тизмелерди түзүү. Тизмелерди түзүү методу ойлорду, сүрөттөөлөрдү топтоо же кайсы – бир концепциянын аныктамалары катарында колдонулушу мүмкүн. Тизмени түзүүдө окуучулардан бир нерсеге аныктама же сүрөттөмө берүүчү сөздөрдү атап өтүү талап кылынат. Бул жумушту окуучулар бүтүшөрү менен, тизмени топтук же ачык талкууларды жүргүзүү үчүн колдонсо болот. Мисалы, окуучулардан жер титрөөнү сүрөттөөчү же аныктоочу 5-7 сөздү же фразаны атоону суранып, окуучуларды тизмелерди кичи топтордо талкуулоого же баардыгы макул болгон жооптун бир вариантын тандоо үчүн чогулуп, чечимдерди кабыл алуусу керек.

Эки бөлүктүү күндөлүк. Эки бөлүктүү көндөлүк класстагы талкууга даярдык көрүү процессинде окуучулар тарабынан окулган макалаларды жана башка ресурстарды белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Окуучулар окуу үчүн берилген материалдарды окушат жана алар боюнча ой жүгүртүшөт. Окуучулар эки бөлүктүү күндөлүктү даярдашат. Ал кантип жасалат: дептердин бети узатасынан так экиге бөлүнөт, сол жагына цитаталар, маанилүү учурлар, кызыктуу фразалар ж.б. жазылат, оң жагына окуучу окулган материал боюнча жалпы жонунан же белгилүү бир тематика боюнча өзүнүн комментарийлерин жазат.

Жупташкан аннотациялар. Окуучулар экиден болуп, кайсы бир макалага, китептин бөлүмүнө, мазмунуна сереп салышат же аларды окуп-үйрөнүшөт. Жазган аннотациялары менен аламашышат. Окуучулар урунттуу учурларын талкуулашат, окшош жана окшош эмес ой-пикирлерди, идеяларды издешет. Окуучулар биргеликте макаланы, главаны же концепцияны корутундулоочу айкаштырылган аннотация даярдашат.

Чыгуу картасы.Бул метод сабакты аяктагандан кийин кайтарым байланыш алуу үчүн колдонулат. Кайтарым байланышты жүргүзүүдө окуучуларга болжолдуу төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылса болот: Силер үчүн бүгүнкү сабактын эмнелер маанилүү жана пайдалуу болду? Эмнеге үйрөндүңөр? Кандай суроолор пайда болду? Дагы эменелерди билгиңер келет? Суроолорго жооп берүүгө бир минута убакыт берип, ал жоопторду чогултуп алуу керек. Чыгуу карталарын сабакта пайдалануу окуучулардын окуу материалын өздөштүрүү деңгээлин аныктоого жарадам берет жана келээрки сабакты пландаштырууда эске алууга шарт түзөт.

«Тең-теңине» методу. Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

  1. Мугалим кайсы бир суроо боюнча кыска (10-15 минуталык) лекция өткөрөт.
  2. Окуучулар жекече иштешет, берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.
  3. Окуучулар өздөрү тарабынан берилген суроолор баарына жооп берүүгө мажбур эмес. Бул тапшырма окуучуларды талкууланып жаткан темага тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга мажбурлоо үчүн түзүлгөн.
  4. Окуучулар колдон келишинче көбүрөөк суроолорду колдонуулары керек.

Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир окуучу талкуу үчүн суроосун сунуштайт. Суроолордун кээ бир үлгүлөрү төмөндөгүдөй болушу мүмкүн: тексттин негизги идеясы эмнеде? Түшүндүрүңүз? Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар? окшоштугу кайсы? Кантип колдоно алам? Күчтүү жана начар жактары кайсыар? Эң жакшы кайсынысы болуп саналат жана эмнеликтен?

Проблеманы жөнөт. «Проблеманы жөнөт» методу топтордо материалды талкуулоодо жана сереп салууда же тематикалык маалыматка тиешеси бар проблеманын мүмкүн болгон чечилишинде колдонууга болот.

  1. Топтун ар бир мүчөсү проблеманы таап, аны карточкага жазат. Андан кийин топтун башка мүчөлөрүнө суроо коёт.
  2. Эгерде берилген суроонун жообу туурасында топтун бардык мүчөлөрү бир пикирде болушса, анда жооп карточканын арткы бетине жазылат. Эгерде жоопко бирдиктүү пикир жок болсо, анда жооп боюнча келишүү үчүн ал кайрадан каралат.
  3. Топтун мүчөлөрү карточканын суроо жазылган тарабын «С» тамгасы менен, ал эми жооп жазылган бөлүгүн «Ж» тамгасы менен белгилешет.
  4. Ар бир топ суроолор жазылган карточканы башка топко жөнөтөт.
  5. Топтун ар бир мүчөсү суроолор топтомунан бир суроону алат да аны топтун алдында окуп берет. Биринчи суроо окулган соң, топтогулар аны талкуулай башташат. Эгерде жооп даяр болсо, жоопторду салыштыруу максатында жана карточкадагы жооп менен макулдугун же макул эместигин билдирүү үчүн карточканы аңтарып коюшат. Эгер алар биринчи топтун жообу менен макул болушпаса, анда ошол жерге альтернатива катарында өздөрүнүн жообун жазышат.
  6. Жогоруда берилген процедураны кайталоо менен экинчи топ суроолордун топтомундагы карточкалардын ар бир суроосун карап чыгып, жооп берет.
  7. Суроолор жазылган карточкалар каалоолору боюнча үчүнчү, төртүнчү же бешинчи топко берилиши ыктымал.
  8. Карточкалар кайрадан биринчи топко берилет. Жөнөтүп жаткан топ кайсы суроону болбосун талкуулап, тактап берет.

Акыл чабуулу. Акыл чабуулу – бул идеяларды иштеп чыгуучу жана проблемаларды чечүүчү адамдар тобуна эсептелген процедуралардын спецификалык жыйнамы. Класста акыл чабуулун жүргүзүү проблемаларды чечүүнүн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди түзүүнүн жана мүмкүн болгон суроо-жоопторду аныктоонун ыкмаларынын бири болуп саналат. Акыл чабуулу төмөндөгүдөй этаптар менен өткөрүлөт:

  1. Сабактын башталышына чейин кароого коюлуучу суроолорду даярдоо.
  2. Талкууга коюлуучу суроону доскага жазып, окуучулардын алдына суроолорду коюу. Жооп берүүгө убакыт берилиш керек.
  3. Доскага төмөнкү эрежелерди жазып, окуучуларга маалымдоо:
  • сындабагыла жана баалабагыла;
  • туура эмес жооптор болбойт;
  • идеялар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы;
  • башка адамдардын идеяларын кабыл алабыз ж.б.

4. Доскада жазылган ойлор каралып, ар бир идеянын жыйынтыгы же натыйжасы кандай болоорун ойлонуп, тизмедеги керек эмес идеяларды сызуу же өчүрүү менен тандоо.

Категориялык сереп.Бул стратегия окуучуларга акыл чабуулу учурунда пайда болгон идеяларды уюштурууга мүмкүндүк берет жана аларды терең түшүнүүгө негиз жаратат. Категория – кайсы бир белгилеринин жалпылыгы боюнча бириккен предметтединр, кубулуштадынр, фактылардын тобу. Маалыматты категорияларга бөлүштүрүүнүн бирдиктүү, туура жол-жобосу жок. Бир топтогу категорияларды бөлүштүрүү экинчисиндеги бөлүштүрүүдөн айырмаланат. Кандай жумуш болбосун, салыштырып, өзгөчөлөнтүп көрсөткөнгө болбойт. Биринчиден, бул топтук эгоизмди жаратат. Экинчиден, окуучулар өздөрү баа бере алышат.

Алдын-ала даярдалган категорияларыңызды бергенге болбойт. Окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү максатка ылайык. Категориялык серептерди түзүү акыркы жыйынтык катары эмес, процесс катары кабыл алыш керек. Бул методду сабактын башталышында да, аяк ченинде да колдонууга болот.

Ал төмөндөгүдөй аткарылат:

1. Топто «акыл чабуулун» жүргүзүү жана берилген тема боюнча бардык идеяларды жазып чыгуу.

2. Алынган маалыматты кайсы бир белгилердин негизинде бириктире алган жалпы идеялардын категорияларын табуу.

3. Актай кагазга же доскага категорияларды жазып чыуу. Акыл чабуулунун натыйжасында алынган идеяларды, маалыматтарды ылайыктуу категорияларга бөлүштүрүү.

4. Бөлүштүрүү учурунда окуучулар кайсы бир категориянын аталышын өзгөртө алышат. Жаңы категориялардын пайда болуусу мүмкүн.

ОТБС методу (ойлон, талкуула, бөлүш, салыштыр). Бул метод топтордогу ойлорду чогултууга, маалыматтар менен алмашууга шарт түзүп 4 этаптан турат: 1.Кандайдыр бир теманын алкагында идеяларды, ойлорду табуу; 2. Жуптарда ойлор менен алмашып, жеке өзүнүн тизмесин толуктоо; 3.4-6 кишиден турган топтордо талкуулоо; 4. Жыйынтыктоо этабында – бардык ойлорду, пикирлерди чогултуу жана жоопторду салыштыруу. Ар топтук иштин жыйынтыктарынын презентациясы. Тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү аткарууда белгиленген убакытты сактоо. Айтылган пикирлер бири-биринен айырмаланып, кайталанбастан талкууланбай жалпы тизмеге киргизилет.

Пикирлерди, жоопторду ранжирлөө методу. Метод таанып-билүү ишмердүулүктү активдештирүү менен жоопторду табууга жана өзүнүн катасын көрүүгө жардам берет. Ал төмөндөгүдөй этаптарды өз ичине камтыйт: окуучулар 4-5 тен болуп топторго бөлүнүшүп, кандайдыр бир теманын алкагында пикирлердин жана жооптордун жыйындысын алышат. Ал жооптордун тизмесин «макул», «макул эмесмин», «тактоолор керек» деген колонкага бөлүштүрүшөт. Топтордун иштеринин жыйынтыгы талданып таблицаларга оңдотуу, түзөтүүлөр киргизилет.

Дебат жана «аквариум».Бул метод окуучулар бири-бирин сырттан баалап, алардын маектешүүсүнө байкоо жүргүзүү менен башкалардын ойлоруна болгон мамилесин көрүүгө жана жооптордун аргументтүүлүгүн баалаганга жардам берет. Бул методду колдонууда биринчи кезекте майда топтордо дискуссияны алып бара турган окуучуну тандоо керек. Ал эми калган окуучулар көрүүчү ролун аткарышат.

Оюн технологиялары. Оюн технологиялары кандайдыр бир тажрыйбаны үйрөнүүгө жана жаратууга багытталган шарттагы кырдаалды активдештирүүгө түрткү берүүчү окуу ишмердүүлүгү болуп эсептелет.Окуу процессинде ролдошко оюндарды пайдаланууда окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсү, ой чабыты өнүгөт. Оюн технологияларын өткөрүү үчүн проблеманы тандап, оюнду өткөрүүнүн планын так түзүп, ролдорду бөлүштүрүп жана анын эрежелерин түшүндүрүү керек

Категория: Всем учителям
13.01.2020 19:30


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!