СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компетенттуулук деген эмне?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мектепте маалыматтык жана байланыш технологияларын окутууда окуучулар өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат.

Компетенттүүлүк – (лат. ылайык келүү, шайкештик) – адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик) билим, билгичтик жана ишмердүүлүк ыкмаларынын ар кандай элементтерин өз алдынча колдоно билүү жөндөмдүүлүгү.

Өзөктүү компетенттүүлүктөр конкреттүү предметтин мазмунунда калыптанып, ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билимдин натыйжалары болуп эсептелет. Өзөктүү компетенттүүлүктөр көп функциялуулулугу менен айырмаланат.

Адам тарабынан жеке инсандык жана кесиптик чөйрөдө (маалымат булактары, башка кишилер же кишилердин тобу, кишинин инсандык сапаттары жана жеке мүмкүнчүлүктөрү) колдонулган булактардын категориялары боюнча караганда, өзөктүү компетенттүүлүктөрдүн катарына төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:

маалыматтык компетенттүүлүк – ишмердүүлүктү пландоо жана аткаруу үчүн, жана далилдүү жыйынтыктарды чыгаруу үчүн маалыматтарды колдонууга болгон даярдык. Маалымат менен иштөө шыгын талап кылат. Мисалы: жетпеген маалыматты максаттуу издөө, өзүнчө фрагменттерди салыштыруу, анализдөө, гипотезаларды коюу ж.б. Бул компетенттүүлүк кишинин критикалык мааниге ээ маалыматтарга таянып, туура чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет;

социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк − өзүнүн умтулууларын башка адамдардын, социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштыра билүүгө, көз караштардын ар түрдүүлүгүн моюнга алуунун, башка адамдардын баалуулуктарын (диний, этникалык, кесиптик, жеке инсандык) сыйлоонун негизинде зарыл учурда өзүнүн жеке көз караштарынын айрымдарынан кайтууга даяр болуу. Диалог учурунда зарыл маалыматты ала билүүгө, аны оозеки жана жазуу түрүндө баяндоого даяр болуу. Ресурстарды башка адамдардын жана социалдык институттардын пайдалануусуна мүмкүндүк берүү.

өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү – маалыматтардагы, окуу жана турмуштук жагдайлардагы карама-каршылыктарды көрө билүү жана аларды түрдүү ыкмаларды колдонуп өз алдынча же башкалар менен биргеликте чече билүү, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алуу.

Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин аныктоого негиз катары окуучунун өз алдынча иш-аракет кылуусунун деңгээли жана маселелерди чечүүдө колдонулган ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн татаалдыгы алынат.

Өзөктүү компетенттүүлүктөрдүн калыптанышын 3 деңгээлде кароого болот:

1) биринчи деңгээл (репродуктивдүү) окуучулардын үлгү (иш-аракетти аткарууга коюлган алгоритм) боюнча багыт алуу билгичтиги менен мүнөздөлөт;

2) экинчи деңгээл (продуктивдүү) түзүлүшү боюнча жөнөкөй ишмердүүлүктү аткаруу жана өздөштүрүллгөн ишмердүүлүк алгоритмин башка кырдаалдарда колдоно билүү жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт;

3) үчүнчү деңгээл (креативдүү) түзүлүшү боюнча татаал ишмердүүлүктү өз алдынча элементтерди кошуп аткаруу, ага негиз берүү жана байланыш технологияларын колдонуу жөндөмдүүлүктөрү менен мүнөздөлөт

12.01.2020 08:05


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!