СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз эли колдонгон жазуулар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз эли колдонгон жазуулар.

Yнсүз тыбыштардын жумшарышы жана үнсүз тыбыштардын ээрчишүүсү.

Текстке чейинки тапшырмалар

1. Кыргыз эли кандай жазууларды колдонгон?

2. Кыргыз эли колдонгон жазуулар Кыргызстандын кайсы жерлеринде кездешет?

3. Тексттен түгөйлүү үнсүздөрдүн алдын сызгыла. М: (б-п, г-к, з-с, д-т, в-ф, ж-ч)

Кыргыздар азыркы кезде колдонуп жүргөн алфавитке чейин бир катар башка жазууларды пайдаланып келген. Кыргыз оозеки тили менен кошо кыргыз жазма тили да пайда болгону бизге белгилүү. Кыргыз тили тарыхый узак мезгилди басып өткөн. Байыркы кыргыздар биздин заманга чейинки доордо эле тарыхта белгилүү болгондой Орхон-Энесай жазуусун пайдаланышкан.

Орхон-Энесай жазуусу түрк тилинде сүйлөгөн элдердин жазма эстеликтери. Бул байыркы жазуу негизинен чоң-чоң таштарга, асканын жылмакай беттерине жана кой таштарга чегилген. Мындан тышкары буюмдардын беттерине жазылгандары да белгилүү. Алардын басымдуу көпчүлүгү Хакасия, Төбө, Алтай, Монголия, Или жана Кыргызстандын аймагынан табылган. Адегенде ташка чиймеленген бул табышмактуу жазуулар жөнүндөгү алгачкы 1721-1722-жылдары Түштүк Сибирге келген даниялык натуралист Д.Мессершмидт жана швед офицери Ф.Стерленберг тарабынан берилген. Алар Энесай өрөөнүнөн таштарга, күзгүнүн сыныктарына жазылган эстеликтерди табышкан.

10-кылымдын аягында кыргыздар Орхон-Энесай жазмасынан уйгур жазмасына өткөн.

Араб алфавитин кыргыздар революцияга чейин 1924-1928-жылдардын аралыгында колдонушкан. 1924-жылы Орто Азиядагы элдердин улуттук чек арасы бөлүнүп, Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Ушул жылдарда араб алфавитине өзгөртүүлөр киргизилип, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык алфавиттин составына айрым тамгалар (э,ү) кошумчаланган, кээ бир артык баш тамгалар чыгарылган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин күн санап өсүшүн канаатандыра алган эмес. Кемчиликтери төмөнкүдөй:

1. Араб алфавитинин составында үндүү тамгалар,айрыкча ичке үндүүлөр жетишсиз болгон;

2. Бир эле тамга сөз башында, сөз ортосунда, сөз аягында ар түрдүү жазылган;

3. Араб алфавитинин оңдон солго карай жазылышы жазууну кыйындаткан;

4. Алфавиттин составындагы 24 тамга кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнүн толук тейлей алган эмес жана башка. Кыргыздар латын алфавитин 1928-1940-жылдардын аралыгында колдонушкан. Араб алфавити сыяктуу эле латын алфавитинин составындагы айрым тамгалардын жетишсиздигинен 1928-жылы кыбачы белгиси чыгарылып, ө, ү, ӊ, х, ф, в тамгалары киргизилген. 1930-жылы баш тамгалар, 1938-жылы орус тилинен кирген сөздөрдү тура жазуу үчүн Z (ж) тамгасы кабыл алынган. Латын алфавитинин төмөндөгүдөй кемчиликтери болгон.

1. Латын алфавити орус тилинен өздөштүрүлгөн жаны сөздөрдү, саясий-коомдук терминдердин тура жазылышын камсыз кыла алган эмес;

2. Бир эле сөз орус тилинде да,кыргыз тилинде да ар башка жазылган: sovet-совет, sovhoz-совхоз жана башка;

3. Бир эле республикада 2 алфавиттин (латын, орус) колдонулушу басма сөз иштерине кыйынчылык келтирген жана башка.

Орус алфавитин 1941-жылдан бери колдонуп келе жатабыз. 1940-жылдын декабрында эмгекчилердин каалолорун толук эске алып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Сессиясы латын алфавитинен орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаны алфавитке өтүүнү чечти. Орус алфавитиндеги бардык тамгалар кабыл алынып, анын тамгаларынын окулушундагы жалпы эрежелери сакталган.

Текстен кийинки тапшырмалар.

1. Жазуунун пайда болушунун зарылчылыгы, себептери эмнеде?

2. Араб алфавитинен латынга, латын алфавитинен орус алфавитине өтүүнүн негизги себептери эмнеде?

3. Төмөнкү берилген сөз айкаштарын пайдаланып, байланыштуу текст түзгүлө.

Оозеки тил, узак мезгил, таш эстеликтери, ислам дини, кат тааныган, араб жазуусу, баш тамга, маданиятын үйрөнүү.

4. Топко бөлүнгүлө. Ар бир топ бир үнсүз менен башталган сөздөрдү кураштырып, биринчи мугалимиңерге кат жазгыла.

29.12.2019 15:01


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!