СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Легендарлуу акындар: Асан Кайгы, Кет Буканын өмүрү жана чыгармачылыктары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Легендарлуу акындар: Асан Кайгы, Кет Буканын өмүрү жана чыгармачылыктары

Текстке чейинки тапшырма

1. Легендарлуу акындарды билесиңерби?

2. Тоого-ташка илинип,

Туман байкуш кантти экен?

Орду муздап отун жок,

Очок байкуш кантти экен? – деген ыр саптар кайсы акынга таандык?

Руханий маданият, маданияттын жаралышы акындар, таланттуу чыгармачыл инсандар аркылуу ишке ашырылат. Элибизде аты аңызга айланып, уламыштарда айтылып жүргөн, Ч.Валихановдун сөзү менен айтканда «көчмөн элдердин философу» Асан Кайгы (XIV), Толубай Сынчы (XIV), ырчы, комузчу Кет Бука (XIII), Токтогул ырчы (XIV), Санчы Сынчы (XVI-XVII) сыяктуу легендарлуу ырчы, комузчу, сынчылар өткөн. Булардын чыгармачылыгы Жаныбек хандын, Чынгыз хандын, Тимурдун (Темирлан), андан бери Кудаяр хандын доору менен байланышта айтылат.

Кет Бука. XIII кылымда, Чынгызхандын жортуулу мезгилинде жашаган улуу ырчы жана улуу комузчу. Анын ысмы түрк элдеринин ичинде кеңири белгилүү болгон. Акындын кайсы жылы өлгөндүгү белгисиз.

Айгандын (Чыңгыз хан) баласы өлгөндө хандын каарынан коркуп, эч ким даап айта албай коёт. Ошондо Кет Бука ырчы угузган дешет.

Туу куйругу бир кучак, Ала-Тоо кулап, пас болуп,

Тулпар качты, Айганым. Бел бөксөрдү, Айганым.

Туурунан бошонуп, Берекелүү нур качып,

Шумкар качты, Айганым. Эл бөксөрдү, Айганым.

Алтын така, күмүш мык Төрөлөрдүн уругунан

Дулдул качты, Айганым. Төл бөксөрдү, Айганым.

Алтын туур ордунан Агын дайра соолуп,

Туйгун качты, Айганым Көл бөксөрдү, Айганым.

Алтын ордо багынан Кара жандан таптатты

Булбул качты, Айганым. Ынак көчтү, Айганым.

Деңиз толкуп чайпалып, Касиеттүү башкача

Көл бөксөрдү, Айганым. Чырак өчтү, Айганым.

Терек түптөн жулунуп,

Жер бөксөрдү, Айганым.

Муңканган комуз күүсүнөн табышмактуу ырдын сөзүнөн баласынын өлгөнүн Айган түшүнүп:

Кет-кет, Кет Бук Кара жанды кашайткан,

Кеби суук ит Бука. Чырың курусун, Кет Бука.

Карап турган кашымда Атайы келген алдыма

Кашың да курусун, ит Бука. Ишиң курусун, Кет Бука.

Күү менен сүйлөгөн Комуз чертип жоруган

Сөзүң курусун, ит Бука. Түшүң курусун Кет Бука -

Комуз чертип ырдаган, деп ыйлап отуруп калган экен.

Ырың курусун, ит Бука.

Асан Кайгы – ойчул, сынчы жана акын адам болгон. Ысмы түрк элдерине небактан белгилүү. Кыргыз элинин уламыш, фольклорунун маалыматында XIV-XV кылымдын аралыгында жашаган. Асан Кайгы жөнүндөгү аңыз эл ичинде аябай тараган. Өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн, Асан Кайгы аталган. Ал жөнүндө айрым түрк (каракалпак, казак) элдеринде да айтылат. Асан Кайгы элдин камын ойлоп, бир туугандарына болсун, хандарга болсун, эзилген калкка боору ооруп, жалтанбай түз, бетке айткан. Ал жер безип, оюндагыдай конушту, адамга сыйлуу, малга жайлуу жер таппай, кайгыда жүрүп каза тапкан. Уламада анын кабыры Ысык-Көлдүн боюнда делет.

Бул дүйнөдө не карып, Улук адил болбосо,

Ак калалуу боз карып, Убара болот эл карып.

Айталбаган сөз карып, Жакшыларга айтпасаң,

Замандашы болбосо, Алтын каухар сөз карып.

Карыя болор тез карып. Айтып жүрөм ар кимге

Кадырын жеңе билбесе, Аңгеме кылып мен карып.

Бойго жеткен кыз карып. Эмилдин (Эдилдин) башы кыр болот,

Эл жакалай конбосо, Эрикпей айтсам ыр болот.

Бетегелүү бел карып, Жалтаңдын башы зоо болот,

Каз-өрдөгү болбосо, Жаман менен дос болсоң,

Айдың чалкар көл карып. Акыры бир күн доо болот.

Мурадын таап албаса,

Кемел да болсо уул карып.

Сөздүк:

уламыш - бирөөнөн экинчисине, улам кийинкисине өткөн сөз, имиш – имиш. Уккан нерсени ооздон оозго айтуу.

даап айта албоо - 1. Коркуу, үрөйү учуу. 2. Уялуу, сыйлоо.

туурунан бошонуу - 1. Алгыр куштарды кондуруучу жыгачтан жасалган атайын отургуч. 2. Орун алып, жай алуучу жери, барар жери, конушу. 3. өт. Негиз, таяныч, түп.

дулдул - тулпар, аргымак, буудан. Жылкыдан чыккан арып-ачпас жана күлүк мал.

карып - 1. Тентиген, элинен ажыраган. 2. өт. Кедей, бечара, байкуш. 3. өт. Адам жаны, тирүү адам (алсыз адам маанисинде).

Ырды толуктагыла.

«Чымчып алар жүнү жок, жылан байкуш кантти экен?»

Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгы кайгырып айткан экен.

Куйругу ……, жалы ……

Кумда туулуп, чөлдө өскөн

………. байкуш ……… …….?

…………… алар жүнү …….

Чыңырарга үнү ……,

Боорунда буту ……,

………. байкуш ……. …….?

Алган даны ……

Баккан малы ……

Мал багарга алы ……

Көзү-башын көгөртүп,

……. байкуш……. …….?

…………… көтөрүп

…………. шор тумшук

……… …. байкуш …… …….?

Тексттен кийинки тапшырмалар:

1-тапшырма. Азыркы күндө Асан Кайгы окшогон адамдар барбы?

2-тапшырма. Асан Кайгы деген ат өтмө маанисинде колдонулуп жүрөт, анын кандай сапаттары бар?

3-тапшырма. Кет Буканын ырынан кандай өзгөчөлүктү байкадыңар?

21.03.2020 08:28


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!