СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Абшыр-Сай өзөнүндө жайгашкан шаркыратма Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 1500 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте орун алган. Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-15 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат.
Шаркыратмадан анча алыс эмес жерде мөлтүр кашка суусу бар Котур-Булак жайгашкан. Анын суусунун дарылык касиети бар экени айтылып келет.
Байыркы уламыштарга караганда бул жерде мурда суу эмес сүт акчу. Илгери-илгери дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип келет. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган. Ошентсе да бул жер азыркы күнгө чейин ыйык деп эсептелип, келген кишилер абдан көп.
© 2020, Маткасымова Буажар Аширбаевна 1363