СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч. Айтматовго таазим

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айтматовдун чыгармачылыгына таазим!

Айтматовдун дүйнөсүнө баш багалы,

Жазуучулук өнөрүнө көз салалы:

Каармандары карапайым инсандар,

Адамдык касиети бийик жандар.

Чыңгыздын сүрөткердик таланты бар,

Башкалардан айырмалуу сапаты бар.

Адамдагы улуулукту таба билип,

Тарыхый каармандарды тапканы бар.

Танабай, Толгонайды дүйнө таанып,

Адам деген улуу атка, баага татып.

Чыңгыздын көрөгөчтүк сапаты артык,

Кечээгини сөзгө тартып көркөмдөп,

Бүгүн менен калып калбай сөзмөрлөп,

Эртеңкини тээ алыстан көрө билип.

Адамды гана башкы каарман деп албайт,

Жаныбарды ал каармандан кем карабайт.

Жердин бети адамга гана арналбайт,

Тирүү жандын бүт баарына багышталат.

Табиятта боло турган кыямат,

Жаныбардын, адамдын да жанын алат.

Бугу эне жаш баланы сактап калат,

Табият адамзатка кучак жаят.

Ташчайнардан Акбараны айрып салып,

Адамзаттын мыкаачылыгын жарыялайт.

Биз – адамзат, табияттан көз-каранды деп,

Чыңгыздын чыгармалары баяндалат.

Жазуучунун насаатчылык урааны бар,

Жети атаңды билип жүр – дегенди ал

Дөнөнбай Ак куштун чакырыгы

Чыгарма аркылуу берген ал – жаңырыгы

Аты суук, өзү суук согуш доору,

Жазуучунун калеминде өзгөчө орун.

Кырылып канча адамдар жанын берген,

Салгылашуу ээлебеди анын ойун.

Тылдагы трагедияны айтып берген,

Кайгы, муңун көркөмдөп жазып кеткен.

Шекер менен башталып тоого өтүп,

Казакстандан Орусияга чейин жетип,

Москвадан Германияга созолонуп,

Океандан космоско учуп келип,

Ааламдагы бүт аймактар оболонуп,

Планетардык масштабды камтып кетип.

Жомок менен чындык турмуш жарышып,

Цивилизациялар өзгөргөнүн туюндурду.

Технология революциясы орун алып,

Адам бойдон калууга ал чакырды

Өзгөчө жалындаган дагы тема

Улуу сезим, аруу сезим камтылган.

Адамды адам кылган бийик сезим

Махабат темасына багыштаган

Сүйүүгө арнап чыгармалар жаратты

Аруу сезимдин бийиктигин таратты

Ильяз – Асель сыяктуулар сүйүүсүнүн

Тунуктугун, тазалыгын ал айтты.

Сүйүү десе, адамды эле сүйүү эмес,

Жашоону, табиятты сүйүү керек.

Өмүрдү, сулуулукту сүйүү белес,

Кереметтүү чыгармалар болду белек.

Негизги басымды анын жасаганы,

Тирүүлүктү сактап калып, улаганы.

Ак түстү кара түстөн айырмалап,

Күн менен түндү дагы тең салмактап,

Жан дүйнө, адеп-ахлак, наркты сактап,

Аман калуу – чыгарманын финалы.

Жан дүйнө көр дүйнөдөн бийик деп,

“Адам бол”, “Ушак айтпа”, “уурдаба” деп,

Осуяттар, чакырыктар – негизги кеп,

Кулагыңа коңгуроо чаламын деп.

Чыгармасы Чыңгыздын кереметтүү,

Академик, жөн адамга жеткиликтүү,

“Кыргыз” деген улут барбы деп сурасаң,

“Чыңгыз” деп угушубуз ишенимдүү.

Толстой, Шекспирден кийин турган,

Окуумдуулук – Чыңгыздын баркы экен,

Жүз жылда дүйнө эли таанып турган,

Кереметтүү, чыгаан инсаныбыз болгон экен!

Нурматова Майрамгул Нарбековна

ЖАМУ, ЖАК, математик.

24.02.2020 10:01


Рекомендуем курсы ПК и ПП